"Бакиевге кошомат кылгандар, ойлонгула"

"Ачык саясатка" ачык кат
Урматтуу редакциянын кызматкерлери!
Силерге өзөктү өрттөгөн ой-санааларым менен кайрылып олтурам. Бүгүн пенсияга 10-15 сом кошуп, базар баасын көтөрүп, бардыгын кымбаттатып, түшкөн кирешелерди ж.б. байлыктарды, чиновниктер өз менчигине оодарып жанталашууда. Ал эми мамлекет башчыбыз түшпөс хан болууну көздөп, акчага алданган ач көз, билимдүү дөөпайларды айланасына топтоп алды.. Мамлекеттик кызматкерлерди шапке которгондой которууда. Ал эми карапайым калктын жарыгын өчүрүп, көмүрүн кымбаттатып, сасыган сормо саздай саясатын жүргүзүүдө.
Калыстыктан тайып, өзү билген тайкы, чала намазын окуп, иштей турган азаматтарга бут тосуп, аларды капканга түшүрүш үчүн ар кандай амалдарды ойлоп тапкан "Ак үй" шайтандын уюгуна айланып баратат.
Биз кыргыздар "койго окшош"- десе арданабыз. Эгер койго окшош болбосок, качанкыга чейин "кош"- деп айдаган жакка баса беребиз?
Намысыңарды унутуп, Бакиевдин үй-бүлөсү, тууган, жек-жааттарына көз каранды болуп иштеп жүрө бересиңерби, кыргыздын кыраандары? Же кыргыз журтун башкара турган билимдүү азаматтар жокпу?
- Билем, жок эмес, толтура!!! Эң тыңын тандап, хан шайлап алып элдин жашоосун оңдогон ак жолго түшпөйсүңөрбү?
Баш көтөргөн азаматтарды атып, жоготуп, уурдап жаткан "гестапаларды" көзөмөлгө алып, тыйбайсыңарбы?
Кызарган байлыкка көз артпай, үйлөрдү, жерлерди алган селди токтотууга дамба курсаңар боло… Керектүү ишканаларды ишке киргизип, иши жок каңгып жүргөндөрдү, темселеп таштандыларды аңтарган селсаяктарды ишке тартып, тартипке чакырып, тарбия берген күн болобу?
Бакиевге кошомат кылгандар, ойлонгула. Бир канча каражат менен бүткөн мекемелерди талкалап, көңтөрүш чыгарып, кан төкпөй, Бакиевдин чириген ур токмогунан коркпой, өзүмчүл буйругун аткарбай койгула. Билимдүү чоңдор көрөгөч, сезимдүү, кайрымдуу болуш керек да.
Албетте, "күч бирдикте"- дегендей, ынтымактуу болсоңор бардыгы аткарылат!!!
"Бакиев сый-сыпаты менен пенсияга чыгып, менчиктеген жерине түрдүү жашылчаларды айдап, эмгектенсин… Ак эмгегинен түшкөн киреше байлыктарын пайдаланып, кулак жаны тынч жашай берсин"
- деп караңгыда карайлаган, пенсия алып жарыбаган карыя байбиченин ачык каты аяктайт.

Бурулча Шадыканова
Бишкек шаары





  Өзүбүздү өзүбүз бүгүн колдобосок,

Эртең кеч болуп калат.
Кедей Алыбек уулу (Хан Ата) же унутта калган тарых алптары
Алыбек уулу Кедей Шабдандын замандашы болгон. Шабдандай, Курманжан даткадай орус падышасынан чин алган (полковник) же бизче айтканда жарым паша Хан Ата болбогондо, Нарындын бир капшыты кошуна мамлекеттерге өтүп кетмек.
Азыркы Жумгал районунун Миң-Булак айылында Хан Атанын күмбөзү бар. Эл оозунда, "Хан Ата"- деп айтылат. Күмбөздүн көлөмү: узун, туурасы 6-7 метр, бийиктиги 7-8 м.. Дубалдын калыңдыгы 80-90 см. Күмбөздүн кыштарына, шыбагына чейин эчкинин майы кошулуп салыныптыр. Анткени, эчкинин майы кошулган топурак эзилбейт экен. Ич жагы цементке, гипске окшогон нерсе менен шыбалыптыр. Мурда арабча жазуулары да болгон. Шыбагы урап түшкөндө жазуулары да кошо түшүп калгандай. 1934-1938-жылдары В.Озмитель деген окумуштуу изилдеп кеткени бар. Окумуштуунун колу менен жазылган жазуулар азыркы күнгө чейин күмбөздүн ичинде сакталуу турат.
Ал бекеринен Хан Ата аталган жок. Ак падыша анын эмгегин баалап, чин берген. Эмне үчүн мындай кишилер унутта калыш керек? Унутта калтырганыбызды тарых кечиреби? Эгер ушундай кишилер унутта кала берсе, анда кыргыздын тарыхына шек саноолор пайда болуп, кыргыз элинин келечегине доо кетээр. Өзүбүздү өзүбүз колдобосок, чет элден келгендер колдомок беле? Колдомок турсун, өздөрүнүкүн таңуулап жатышпайбы. Эмне үчүн Хан Атанын наамы эч жерге, эч нерсеге ыйгарылган эмес? Нарын аймагы демилге көтөрүп чыкса, бүт кыргыз эли колдоп кетээрине ишенем.
Азыр көйрөңдөр пайда болбодубу, "Тиги манап, бу бийдин тукумунанбыз"- деп бойлорун көтөрүп, бөйрөктөн-шыйрак чыгарышып "Аш көп болсо, каада көп" -дегендей, малдарын булоолонто союп, кааданы көбөйтүүдө. Ата-бабаларына, "бата кылабыз"- деп арак куюп, аты-жыты билинбегендерге деле көчө наамын ыйгарып жатышпайбы. Эмне үчүн Хан Атанын атын бир көчөгө арнасак же бир айылга ысымын ыйгарсак, эстелик тургузсак, күмбөзүн мазар кылып сыйынсак болбойт? Болот. Башка элдердин тарыхына, маданиятына кулдук уруп, баскан издерин жалап-жуктап калабыз. Өзүбүздүн тарыхка келгенде эле безгектенип калмай адатыбыз бар.
Өзүбүздү - өзүбүз коргоо сезимибизди ойготуп, ар кандай эксперименттерге туруштук бербесек жалаң эле тарыхтан эмес, элден, жерден, тилден жана башка көп нерселерден айрылып калышыбыз мүмкүн. Биз мектептерде, ЖОЖда окутуп жаткан тарых китептердин көпчүлүгү башка мамлекеттердики, башка элдердики же баш-аламан болуп чыгып жатат. Тарыхыбызды бүгүн колдоого албасак, эртең - бүрсүгүнү ата - бабаларыбыздын баскан жолдорунун баары унутта калат.

Сыныбек Алпамыш уулу
Жумгал району
Нарын облусу




  Калыстыгыбыз кайда?

Кыргызга кыргыз душманбы же акыры айтылуучу ачуу чындык
Уруу болуп улутка бириге албай, берекелүү кенге бай өз жерибизде, өз элибизде бөлөктөргө кор болуп жүрөбүз. Эмнеге өзгөдөн алдыда боло албайбыз? Кыргызстан баарыбыздын үйүбүз эмес, кыргыздардын үйү.
Совет доорунда Столыпиндин көрсөтмөсү менен орустар көчүп келишип, кыргыздын талаа-түзүнө, шар аккан суу бойлоруна отурукташып, А тамгасынан Я тамгасына чейин, 316 жер - сууга өз аттарын коюп алышкан. Кыргыздар болсо тоо этегине сүрүлүп, дыйканчылыктан алыстай берген.
Ошентип, СССР империясы курулуп, Россиянын колониялык саясаты бөлөкчө түр менен уланды. Кыргызстанды орустар башкарып, кыргыз жетекчилери Ваговдун көзүн карап, анын көлөкөсүндө көз каранды фигура болуп беришти. Андан соң I секретарь кыргыз, экинчиси обкомдон райкомго чейин орус улутунан, бир да обкомдун секретары же бир министр Москвасыз дайындалбады. Биринчи секретарларды "тизгиниңди тарта чөйрөңө жараша болуп, чейинден чыкпаңыз"- дегенсип турушпады беле. Муну Усубалиев жакшы билет го. Завод-фабрика курулса орусча аталып, жетекчиси Москвадан дайындалып, инженер, техниктер кошо келишип, кезексиз квартира, чоң маяна алышты. Жумушка ири алды орус тилдүүлөр илинип, кыргыз короонун сыртында короо шыпыргыч болбоду беле. Завод-фабрикадан чыгарылган продукция СССР аймагына жөнөтүлүп, биз мал семиртип этин, кой багып жүнүн кыркып жууп жөнөтүп турбадыкпы.
Ырас, ченемдүү өлчөмдө билим алдык, айыл чарбасына ылайыкташкан агроном, мугалим, врач сыяктуу. Ал эми бөлөк тармактардан орто жана кесиптик деңгээлде ушуга чейин жоктойбуз.
Мен врач катары квалификациямды жогорулатуу үчүн Ленинградда, Москвада, Иркутскиде окудум. Эгер биз Англияга колония болсок, Лондон, Манчестерде деле окумакпыз. Биз ошол акыбалыбызга ыраазы болуп жүрдүк.
Эмки сөз кыргызга кыргыз душманбы? Мына ушул туурасында болсун. Азыр да кыргызга кыргыз жан тартпайт. Анарбай Орозовду өзбек улутундагы Кадыржан Батыров: "Сени өзүңдүн кыргызыңа төшүңдү тыттырам"- деп аялы менен түрмөгө олтургузбадыбы. Анткени, Батыровдун акчасы көп, кыргыз сотун сатып алса болот. 24-февраль 2007-жылы МАИ кызматкери Нурбекти, кореец улутундагы жигит "Мени токтотосуң" - деп бетке сокту. "Ит кутурса ээсин кабат"- деген ушул. Кыргыз деп акыл-эсин, күч-кубатын жумшап, "бөлөк элден жогору болсо"- деген Исхак Раззаковду кыргыз жетекчилери жабыла жамандап, Хрушевко кошоматтанып кызматтан алдырышкан. Ошентип, асыл, акылман кыргызды кыргыз кордогон.
Кыргыздын кыргызга душмандыгы ушул эмеспи. СССР империясы кулап, эгемендүү болдук деп эйфорияга батып эрээркедик. Аскар Акаевди жакшы тилек, жарым ырыс менен президенттикке шайлап, жакшы ойлорду айттык. Ал эми Акаевдин өзүнөн кийинки ишенген экинчи адамы Кузнецов болду. Россиянын гегомониясы орной берди, биз ага ылайыкташтык.
Кузнецов байып алып, теңсинбей Москвага кете берди. Жакшы деп Силаевди отургуздук эле, моокуму канганча ойноп, "интригансыңар"- деп, ал да жолуна түштү.
Бакиевдин заманында да кыргыз кырылып калгансып, Чудинов келди өкмөт башына. Учурда майлуу-сүттүү кызматтарда орус улутундагы кызматкерлер көп. Өзүбүздүн билимдүү, акылдуу улан-кыздарыбыз Казакстанда, Россияда тентип, улутчулдардан бычак жеп, кор болуп жүрүшөт. Андан ары Европа, алыскы АКШга чейин кетишти. Жоголуунун жолунда азайып баратсак, чиновниктерибиз ресторан, сауна, казинодо тайраңдап жүрөт. Жарды өлкөнүн эркелери аталган депутаттарыбыз бирден "Тойота" тээп маашырланышат. Калган кыргыздар кул базарда, сойкулар көчөдө. Ал эми бийликтегилерге бары бир "Бириң өлүп, бириң кал" сыяктуу.
Бизди ушундай кыйноо, караңгы турмушка кимдер жеткирди? Усубалиев, Акаев, Жумагулов, Чынгышев, Жумалиев, Кулов, Бакиев. Буларды улуттун кызыкчылыгын саткан үчүн, элдин менчигин менчиктеп алгандары үчүн, элди экиге бөлүп, тилибизди тангандары үчүн "эл душмандары"- атап, булардан маданияттуу түрдө, кансыз революция жасап кутулсак. Бийликке "Элим- жерим"- деп ак жүрөгү менен иштей турган азаматтар келсе.
Өнөктөшүбүз Россия жөнүндө да айта кетпесем болбос. Кана, канча гуманитардык жардам берди? 190 миллион мойнубузга илгенин билем. Кендерибизди казып, уусун 100 жылга калтырды. Ага компенсация төлөштүбү? Жок. Ысык-Көлдө торпеда сынаганы 900 га жерди ээлейт. Канттагы авиабазасына аскер окутса, акы алат. Биз эмне унчукпайбыз, кандай күнөөбүз бар?
Ал эми алыскы АКШ, Германия, Жапония мамлекеттеринен канча жеңилдетилген кредиттер берилди. "ГАНСИ авиа базасына 20, кээде 80 миллион доллар жылына төлөйт экен" деп айтылып жүрөт. Анда эмне биз акмакчылык кылып, АКШга асылып "кет"- деп жатабыз. Калыстыгыбыз кайда?
Биз толук көз карандысыз саясат жүргүзүп, бардык кошуналар менен бирдей мамиледе болобуз десек калыстыктан тайбайлы.
Көп жашап, көптү көргөн 85 жаштагы кары адамдын айтар сөзү, ойлогон оюу ушул болду.

Жунуш Өмүралиев ,
Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тургуну