Шибегени капка катууга болобу?

Исмаил ИСАКОВ:
"Кабилова арманын айтып аябай ыйлаган"
- Уулуңуз Руслан жөнүндө унутуп кеттиңиз.
- Ооба, азыркы күндө Америкада иштеп жаткан уулум Руслан мага карата кылмыш иштери козголгондон кийин Коргоо министрлигинин катарынан кетүүнү чечкен. Коргоо министри болуп иштеген атасына, армия генералына кылмыш иши козголуп жатса, анын ал кызматты андан ары аркалоого моралдык укугу бар беле? Ошондуктан, уулум узакка ойлонбостон эле, кызматынан кетүү жөнүндө рапортун жолдогон. Ал өзү юрист болгондуктан, менден кеңеш деле сурабайт. Кызыгы, анын жазган рапортун тиешелүү жетекчилер карабай жатат. Анткени, уулум рапортун электрондук почта аркылуу жөнөтүптүр. Булардын ою боюнча Руслан өз колу менен рапорт жазып, колун коюп, начальнигине алып барып, тапшырышы керек экен. Бул деген түркөйлүктүн белгиси. Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан элчиликтерибиз менен консулдуктарыбыздын баарысы, өкмөт менен электрондук почта аркылуу кат алышып, кат жазышып турат. Бул жөнүндө жазылган мыйзам дагы бар. Эптеп эле уулумду бул жакка чакыртып, кылмыш ишине байлап койгонго аракеттенишүүдө. Азыркы бийлик менин уулумду Коргоо министрлигинен кетиргенден мурда, бул жакка келтиргенге кызыкдар болуп жатат. Балам келгенде деле мени коргош үчүн ар дайым жанымда болмок. Кокусунан бирөөлөр кол көтөрүп калса балам карап турмак беле, албетте, "ответин" берет. Анан эмне болот? Иш козголот. Азыркы бийлик оппозициячыларга эчтеке таппагандан кийин, алардын тууган-туушкандары аркылуу ар тараптуу кысымга алып жатканы көнүмүш адатка айланып калбадыбы. Руслан келсе чагым уюштурушу мүмкүн, келбесе "качып кетти" кыязында жаманатты кылышат.
- Өзүңүзгө козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө органдарына сурак берип жатасызбы?
- Албетте. Ал иштердин аягына чыгыш үчүн, мурунку Башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен мурунку спикер Мукар Чолпонбаевди адвокат кылып жалдагам. Мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин эмес, мыйзамды сыйлаган инсан катары, Башкы прокуратура кызматкерлери чакырган кездерде барып, өзүмдүн далилдүү документтеримди көргөзүп жатам. Адвокаттарым менен андан башка дагы аракеттерди көрүп жатабыз. Өткөндө аскер прокуратурасына чакыртканынан барсам, "Фрунзе-1" аймагында жайгашкан аба күчтөрүнүн мекемесине жакын жерден казылып алынган трубалар жөнүндө сурап киришти. Кыязы, дагы бир кылмыш ишин ачканы жатышса керек. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, азыр бийлик Коргоо министрлигинен мага окшоп ак иштеген адамдарды айдап жатышат. Коргоо министрлигинин каржы башкармасынын начальнигин жумуштан бошотушуптур. Анткени, ал адам чындыкты жактап, мага каршы көргөзмө бербей койгонун уктум. Ошол кезде менин кол алдымда иштеген бир топ кызматкерлерге, "силер эмне "туура" деп айтасыңар, "туура эмес" деп айтпайсыңарбы" кыязында кысым көргөзүлүп, куугунтуктоо башталыптыр.
- Эми мен Сизге бир ыңгайсыз суроону узатып көрөйүн. Сиз Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп турган кезиңизде, Кыргызстандан качкан БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова менен жолуккан экенсиз. Аны Сизге, азыркы катчы Адахам Мадумаров алып келген дешет. Бул жөнүндө эмне айта аласыз?
- Бул ушак эмес, бул чындык. Окуя мындай болгон. Мага Адахам Кимсанбаевич телефон чалган. "Исмаил байке, Кыргызстандын коопсуздугуна тиешелүү бир орчундуу маселе болуп жатат, жолугушпайлыбы"-деп. Мен Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп тургандан кийин, ал маселеге кайрылбай коюуга мүмкүн эмес болчу. Анан Адахамга айттым, "болуптур, жолугушалы. Каерден?"-деп. Ал мага парктан жолугушууну сунуштады. Анан мен: "Ал жерден экөөбүздү көргөн кишилер эмне дейт? Андан көрө кел, Үсөн аканын "Дан азыгынан" жолугалы" дедим. Адахам макул болду. Биз Үсөн ака экөөбүз бара калдык, ал мурунку Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Курбанов деген жигит менен келди. Адахамга, "бул жигитти эмне ээрчитип жүрөсүң?"-десем кийин айтам кыязында унчукпай койду. Ошол Курбанов папкесинен бир кагазды сууруп чыгып, мага сунду. Мен аларга, "очким жок жакшы көрбөйм, өзүңөр окуп бергиле" десем, шашпай окуп беришти. Ал кагаз Кабилованын мурда оппозиция жарыялаган кайрылуусу экен. Үсөн ака ошол жерден, "Исмаил Исакович, мен бул маселеге аралашпай эле коёюн, эгер билинип калса менден көрүшөт, "сен уюштурдуң" дешип. Андан көрө өзүңүз эле чече бериңиз"-деп, чыгып кетти. Мен Адахам менен Курбановго айттым, "кайрылууну Кабилова өзү жазган болсо, мен ал киши менен жолугушум керек"-деп. Курбанов ошол жерден Кабилова менен телефон аркылуу байланышып, саат үчтө менин кабинетимден жолукмай болдук. Саат үчтө келем деген Клара саат беште келди. Үсөн Сыдыкович сүйлөшүп койсо керек "Исмаилге бара бер" деп. Клара айым келгенде эле баштады, "Исмаил Исакович, башка адам чакырса бармак эмесмин, мен Сизди сыйлагандыктан келдим. Ушундай болуп кетти, эми эмне кылайын?"-деп. Арманын айтып аябай ыйлады. Кайрылууда болгон сөздөрдүн баарысын төкпөй-чачпай далилдеп берди. "Мен үч күндүн бери үйгө түнөбөй качып жүрөм, президенттин баласы өлтүрөм деп жатса, иниси Жаныш сүйлөшкүсү келбей жатса, эмне кылышым керек?"-деп шолоктойт. Аны сооротуп, "кой, карындашым, мындайлар боло берет, мен дагы мындайлардын далайын башымдан өткөргөм. Менден эмне жардам сурайсың?" десем, ошол кайрылууну ажого жеткирип берүүмдү суранды. Кетип бара жатып, "кайрылууну аудио-видео кассеталарга түшүрүп койдум, атамды эптеп качырып жибердим, буларың мени өлтүрүп коюшу мүмкүн" деди. Клараны узатып коюп, ажого жолугуу үчүн кабылдамасына бардым. Секретаршасы айтып калды, "эки киши кирип кетти эле, алар чыккыча күтө туруңуз, мен айтып коём"-деп. Ошол жерде отура бердим, отура бердим, кыскасы кечке чейин кезек күттүм. Анан эле Досбол Нур уулун чакыртып калыптыр. Мен кирип бараткан Досболго айттым, "ажого айтып коюңузчу, мени кабыл алып койсун, көп деле убакытын албайм"-деп. Досбол мага кайрылып, "эмне вопросуң бар эле?" дейт. "Аны сизге айта албайм, өз сөзүм менен жеткиришим керек" десем, кирип кетти. Көп өтпөй ажобуз телефон чалып калды, "эмне сурооңуз бар эле?" деп. Мен ал кишиге, "БШКнын төрайымы боюнча кирейин дегем" десем, "аны эмне секрет кылып жатасың?, эртең киресиң" деп койду. Ошол бойдон эртеси кечке күтүп, президентке кире алган жокмун. Бир күн өткөндөн кийин кайра телефон чалып калды, "кириңиз" деп. Анан, ажого кирип, алдына Кабилованын кайрылуусун коюп, "ушул маселеге көбүрөөк көңүл буруп, чечип коюңуз" деп айттым. Курманбек Салиевич мага рахматын билдирип, Клараны ошол күнү саат үчтө кабыл алаарын айткан. Андан ары эмне болгонун билбейм.
Бул операциянын башында президенттин жакындары турса да, кийин бул иш боюнча бизди күнөөлөп чыгышты. Өздөрү уюштурган кара пиарды бизге которо салып, өкмөттүк гезиттер аркылуу аябай жамандатты.
- Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы кызматынан кетишиңизге Кабиловага болгон камкордугуңуз себеп болуп жүрбөсүн?
- Ушул жерден бир нерсени эсиңерге сала кетүүнү туура көрүп отурам. 2007-жылы Коргоо министрлиги тууралуу жаңы мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал мыйзам парламент тарабынан жактырылган. Ошол мыйзамда көрсөтүлгөн көп нерселерге мен каршылык көргөзүп, макулдугумду бербей койгом. Тескерисинче, "Куралдуу Күчтөрдү нааразычылык акцияларына тартууга жол берилбейт" деген беренени киргиздиргем. Армия кызматкерлери өзгөчө маалда гана, өзгөчө обьектилерди коргоого ала алат. Мыйзам боюнча, мамлекеттик телерадио компанияны жана банктарды кайтарууга алууга укуктуу. Ошон үчүн, апрель митингдеринде улуттук телеканалды куралдуу күчтөр кайтарууга алышкан. Менин мындай каршылыгымды ошол эле күнү президентке жеткирип барышыптыр. "Көрдүңүзбү, Сиз ишенген Исмаилдин кылып жатканын" дешип. Ал кездердеги аракеттеримди азыркы күнү анализдеп көрсөм, оң сүйлөгөн сөздөрүмө ошондо эле ор казылса керек. Жанагы мен жактырбай койгон мыйзам долбоору эми жактырылып жаткандан кийин, көмүскө саясаттын көшөгө артындагы оюндары ачыкка чыгып калып жатпайбы! Көрсө, көп нерсени кошоматчы-катчылары эле чечип коюшат турбайбы.
- Исмаил Исакович, менимче, Сиз Азимбекке арачага түшкөндөн кийин эле, ажобуздун Сизге болгон мамилеси өзгөргөн окшойт. Буга эмне дейсиз?
- Азимбек Анаркуловичти кызматынан кетирген убакта мен ачык эле айтып чыккам, "андай болсо баарыбыз кетели"-деп. Бирок, Азикең өзү болбой койгон. "Баарыбыз кетсек эмне болот? Андан көрө силер иштеп тургула" кыязында. Балким, ошол кезде "кожоюн" мага таарынып калгандыр. Мен муну айта албайм.
- Азыркы мыйзам долбоорун ким иштеп чыкты?
- Мыйзамдын автору азыркы Коргоо министрлиги экен. Ал мыйзамды жазып, парламент аркылуу кабылдап алгандан кийин, эми баштары катып отурушат. Анткени, аталган мыйзам долбоору биринчиден, чийки болуп калган, экинчиден, Башкы мыйзамыбызга карама-каршы келет. Куралдуу күчтөрдүн ички саясатка аралашышы, Баш мыйзамыбыздын 9- беренесинин 2 - жана 3- пунктарына карама-каршы келип жатпайбы.
Жамачыланган жаңы мыйзам долбоорунун дагы бир катачылыгы- жалпы аскердик милдет жөнүндөгү бөлүгү. Бизде алтернативалык кызмат деген бар. Андай кызматка чакырылгандар мамлекетке акча которуп беришет. Эми ошол кызматты үч жылга узартып коюшуптур. Мындайча айтканда, үч жыл бою акча төлөп турсун дегендик. Аскердик кызмат менен альтернативалык кызмат өтөгөндөрдүн кызыкчылыгы бирдей болбой калган. Алтернативалык кызмат өтөгөн адамдын жогорку билими болуп, бир ай атайын курста окуса, ага офицердик наам ыйгарылат экен. Бир айда ал жигит эмнени үйрөнөт? Автомат аткандыбы же окопко жаткандыбы? Алтернативалык кызматка кимдер чакырылат? Жетишпеген үй бүлөлөрдүн балдары. Алар иштеп тапкан айлыгынын 20 пайызын которуп беришет. Бирок, кийин ал балдар милицияга же каржы полициясына иштей албайт. Анткени, ал аскердик милдетти эмес, алтернативалык кызматты аткарган болуп калат. Жалпысынан алганда, жактырылган жаңы мыйзам Коргоо министрлигин акча табуучу мекемеге айлантып койгон.
- Азыркы Коргоо министри Бакыт Калыев мурда эмне кызматтарда иштеди эле?
- 90-жылдардын аягында мен Коргоо министринин орун басары болчумун. Ошол кезде биздин министрликтин өзүнүн спецназы түзүлгөн. Ошол спецназдын командири орус улутундагы жигит эле, азыр Америкада иштеп жатат. Анан, агездеги министрим Мырзакан Субанов бир күнү айтып калды, "Исмаил Исакович, спецназдын орун басарлыгына кыргыз улутунан бир жакшы жигит таппайсызбы?"-деп. Мен министрдин тапшырмасын Калмурат Садиевге жүктөдүм. Анан эле ал айтып калды, "Жалал-Абадда бир жакшы жигит бар, өзү афганец, спортсмен, көптөн бери бош жүрөт"-деп. Ошентип, Бакыт Калыев Коргоо министрлигине келген. Көп өтпөй эле азыркы ажобуз Чүйгө губернатор болуп которулуп кетип, Бакытты өзүнө чакырыптыр. Ошол бойдон Бакыт ажо менен чогуу жүрүп калды.
Жакшы маек болду, чоң рахмат, ишиңизге ийгилик.
- Бүгүнкү күндөгү ачуу чындыкты бурмалабай, жулмалабай ачык жазган, "Ачык саясат" гезитине ийгилик каалайм. Сиздерге дагы рахмат.
Маектешкен
Рыскелди МОМБЕКОВ
"Ачык саясат"