С о т

Укмуштуунун төөсү жорго
Өз чечимин өзү бузган сот аке
Кыргыз эли эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта өлкөдө сот адилеттигин камсыз кылуу максатында аларга "кол тийбестик" статусу ыйгарылган. Бирок, ошого карабай соттор дале болсо акчага азгырылып, адилетсиз чечим чыгаргандарын улантып, элдин аларга нааразылыгы улам көбөйүп баратат.Кара-Буура райондук сотунун төрагасы Медет Чокоевдун үстүнөн жазылган нааразылык кат редакциябызга келген ошондой көптөгөн каттардын бири.

"Сындын арты чыр" болоорун баарыбыз жакшы билебиз. Өлкөдө бийлик бутактарына сын айткандар же өз укугун мыйзам чегинде коргоого аракет кылгандар ошол эле бийлик өкүлдөрү тарабынан "бузуку" аталышы, тымызын же ачык кысым көрүшү, куугунтукталышы катардагы көрүнүш болуп калды. Ушундай кырдаалга дуушар болгон Кара-Буура районунун Бакыян айылынын тургуну Аскарбек Мырзабеков биздин редакцияга кайрылды.
А.Мырзабековдун укук коргоо органдарынын "каарына" калуусу- анын жабылып калган ишти "өз алдынча изилдөөгө" алышы, ачыкка чыгарышына байланыштуу болду. Буга Бакыян айылынын тургуну Чотон Мырзабековдун 2002-жылы 10-августта уурдалган 15 коюнун чатагы себепкер болот. Ичпей-жебей багып отурган малын уурдаткандар райондук ички иштер бөлүмүнөн тарта областтык ИИБга, областтык прокуратурага чейин кайрылат. Областтык жана райондук ИИМдин кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам мал уурдаган Самат Эгизбаевдин күнөөсү далилденсе да, күбөлөр жетиштүү санда болсо да, мал уурдалган короодон Ч.Солтобаевдин наамындагы аскердик билети табылган күнү эле тергөөчүгө өткөрүлүп берилсе да жабырлануучулардын далили жокко чыгарылып жатканы таң калычтуу. Ал тургай, биринчи ирет ачылган кылмыш иштин документтерин "жоготуп алышып", бир күн майын куйдуруп, машина менен айылдарды кыдырып, тамак-ашын ичип туруп, "өзүңөр көрдүңөр, уурдалган малыңар табылган жок" деп ишти жаап коюшканы мыйзамга сыябы?.
Нааразы болгон бир тууган Мырзабековдор 2004-жылы областтын прокурорунун орун басары Б.Сыргаковго адилеттик издеп барышса, ал "убакыт өтүп кетиптир, уурулардын бети ачылбайт. Даттанбагыла!"-деп узатып койгону кызык. Кылмыш ишинин ачылышына убакыт жолтоо болот деген түшүнүктү прокурордун орун басары Бакыт Сыргаков кайсы өлкөнүн кылмыш-процессуалдык Кодексинен алды экен?
Ошентип өзүнүн жана агасынын жарандык укугун коргоп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылган А. Мырзабеков "Дело №", "Аалам", "Агым" гезит беттерине ушул окуялардын чоо-жайын кенен баяндаган материалдарын жарыялайт.Иштин чоо-жайы коомчулукка жарыя болгондон кийин да -2004-жылы Медет Чокоевдин төрагалыгында күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жетиштүүлүгүнө карабай сот С. Эгизбаевди актап чыгат. Нааразы болгон ага-инилер жогорку инстанцияларга кайрылышып, натыйжада С. Эгизбаевке кайра кылмыш иши козголот. Эми ишти Талас шаардык сотунун судьясы К. Жапакбаев карап, ал да айыпкерди актоо менен тергөөчүгө "ишти туура эмес тергеген" деген жекече аныктама чыгарат.
Соттордун абийирин талпакка жайган иш эртеси болот. Кара-Буура райондук соту да, Талас шаардык соту да актап жиберген С.Эгизбаевдин абийири ойгондубу, же Кудайдан корктубу айтор атасы, апасы менен эртеси мойнуна курун илип, 15 койду уурдагандыгын мойнуна алган тил катын жазып берет. Ушул ишти жабууда тийиштүү адамдарды "ыраазы" кылам деп жүрүп, өзү да "ыштансыз" калганын тил катта жазган. Талас областтык соту жаңы жагдайдын ачылгандыгынан улам С.Эгизбаевдин ишин кайра карап, беш жылга шарттуу эркинен ажыратат.
Бир гана өкүнүчтүүсү- соттордун адилетсиздигине ыза болгон Чокон Мырзабеков Кыргызстанда чындыкка жетүүгө болоорун билбей жүрүп катуу ооруга чалдыгып, дүйнөдөн өттү. Ал "милийсаң да, прокуроруң да, сотуң да кылмышкерлер менен үзөңгүлөш"- деген көз карашын өзү менен кошо көрүнө ала кетти. Кээде жалгандан чындыкка жетүү үчүн бир өмүр да аздык калат турбайбы…
"Өтөөр иш өттү"-болуп, бул маселе кайра козголмок деле эмес. Бирок, А.Мырзабеков карыянын өз укугун коргой алгандыгы, адилеттик үчүн акыр-аягына чейин күрөшкөндүгү айрым укук сакчыларынын беделине доо кетирип, алар карыяга кекенген түрү бардай.
Эми А.Мырзабековдун үстүнө "кара булут үйрүлдү". Күнөө коюуга башка себеп таппай калышкандан кийин салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Кара-Буура районунун башкармалыгынын жетекчиси А.Жайнаков райондук сотко "Аскарбек Мырзабеков 2006-жыл үчүн 2372 сом жер салыгын төлөгөн эмес" - деп доо арыз берет. Бул иш Аскарбек аксакалдын "эски таанышы" М.Чокоев тарабынан каралат да, "тез арада төлөнсүн" деп, ардагердин пенсиясын бергизбей (арест) коюшат. Тажрыйбалуу сот Медет Чокоев салык төлөнгөн же төлөнбөгөндүгүн тактабастан, ардагердин өзүн чакырбастан эле "2372 сом өндүрүлсүн" - деген чечимди кантип чыгарып салды экен? Салыктар жана жыйымдар боюнча райондук башкармалыктын бул доо арызы кимдин кызыкчылыгын көздөгөн?-деген суроо пайда болот. Себеби, "күнөөкөр" А.Мырзабеков 2006-жылы март айында эле жер салыгына 2080 сом төлөгөндүгүн (№26- накладная) далилдеп отурат. Аргасы алты кеткен сот айла жок мурдагы өзү чыгарган чечимди эми өзү жокко чыгарууга мажбур болот.
"Соттордо адилеттик жок" дегендин эң сонун далили мына сиздерге! Мал уурдалганы чын болуп турса, ага кимдер катышканы белгилүү болуп турса, короонун ичине алардын биринин аскер билети түшүп калганы чын болуп турса да сот С.Эгизбаевди "сүттөн таза" кылып чыгарып койбодубу. Анысы аз келгенсип жер салыгы төлөнгөндүгүн текшербей туруп эле сот "эмгек ардагери А.Мырзабековдун пенсиясы берилбесин" деп тыюу салганы эмнеси? Мыкты адвокат жалдап, соттун ошол чечиминин көчүрмөсүн сот адилеттиги боюнча Кеңешке тапшырышканда М.Чокоевге сөгүш же эскертүү берилмек. Тийиштүү кишилер менен жакшылап сүйлөшпөсө балким иштен алынып жаткандардын тизмесине да кошулуп калышы толук ыктымал эле.
Бул маселенин юридикалык жагы. Ал эми салыкты төлөгөндүгүн далилдөөгө кеткен убакыт, ал боюнча күйүп-бышуу, ойлонуу, пенсиясын алалбай калуу кары адамга канчалык сокку, канчалык ыза… Мындай нерселерди сотко берсе "моралдык компенсация" деген түшүнүнүк менен аныкталаарын судья М.Чокоев жакшы билет. Алар үчүн компенсация төлөп берүү талабын коюуга Мырзабеков карыянын толук укугу бар. Уурдалып кеткен 15 кою үчүн 4жылга жакын тарткан азап-тозогу үчүн, чыгарган туура эмес чечимдери үчүн сот карыядан кечирим сурап койду бекен? Ай, Кудай билет? Кыргызстанда туура эмес чыгарган чечимдери, өкүмдөрү үчүн кечирим сураган соттор бар экенин уга элекмин. Ишти чала караган, тергеген "укук коргоочулардын" кимиси жазага кириптер болду? Ардагер А.Мырзабеков бул боюнча эми деле тийиштүү мекемелерге арыздана берсе болот.
Ошентип, кой уурдаган С.Эгизбаев укук коргоочуларды "тойгузам, алардын оозун басам" - деп бүт быдырын бере берип, өзү "ыштансыз" калса, коюн уурдаткан А. Мырзабеков адилеттик издеп жүрүп короткон чыгашасын эмне үчүн укук коргоочулардан, сот кызматкерлеринен өндүрүүгө болбосун?
Албетте, бул биздин аргасыздан жасаган ой жүгүртүүбүз. Өкүмдү же чечимди туура чыгара албаган сот кызматкерлери жазага кириптер болбосо, бизде "сот адилеттүүлүгү" жөнүндө сөз козгоо мүмкүн эмес.
Жылдызай Израилова
"Ачык саясат"




Кушбак Тезекбаев:
"Президенттин иниси кордукту көрсөтүп жатат" ө
Ош губернаторунун мурдагы биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев аны түрмөдөн бошотпой койгон сот чечиминин артында өлкө башчысынын бир тууган иниси, Президентке караштуу мамлекеттик кайтаруу кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев турат деп жар салууда.

- Кушбак мырза, адегенде сураарыбыз, саламатчылыгыңыз кандай?
- Ошко келгенден бери аябай чоң кордукту, кырсыктарды көрдүм, ден-соолугуман ажырадым. Кант көбөйүп кетип ден-соолугум начарлап кетти, же тамак сиңбейт, же бир жерим кесилсе, ал сакайбайт. Акыбалым оор. Көрүнөйүн десем, 700-800 адамга бир врачыбыз бар, ал жетишпейт. Бир нерсе десем, бул киши саясаттын адамы экен деп коркот, качат.
- Өкүмгө макул эместигиңизди такай билдирип келатасыз. Деги максатсыз бөлүштүрлүлгөн деп көрсөтүлгөн гуманитардык жардамга Сиздин канчалык деңгээлде тиешеңиз бар эле?
- Бул гуманитардык жардамды Москва шаарынын мэри Лужковдон биз өзүбүз сүйлөшүп алып келгенбиз. Ал өкмөттүкү да, президенттик администрацияныкы да эмес. Ал келген маалда мен Пекинде болгом. Сен төрага экенсиң, жооп бересиң деп камап салышты.
- Мыйзамсыз иштерге аралашкан катары айыпталган коллегаңыз, Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин каржы жана чарба бөлүмүнүн мурдагы башчысы Саиткасым Жээнбеков Жалал-Абатта сот залынан бошотулбадыбы. Айрым гезиттер жазгандай, материалдык жоопкерчилик ошол жигиттин мойнунда беле?
- Сот 3 айга созулду. 19 томдун бир бетинде Тезекбаев бирөөдөн 10 сом алды деген жери жок. 360 кишини сураганда Тезекбаев мамлекетке да, элге да зыян келтирген эмес деп жазып берген. Сотто бир дагы далил болгон жок. Сот кылмыш кылынган жерде жасалыш керек. Булар менин укугумду тебелешти. Жээнбеков ушул күнгө чейин сайраңдап жүрөт, мойнунда мындан тышкары дагы 6 млн. бар. Материалдык жоопкерчилик менде эмес, 31-статья менен бошонуп кетти Жээнбеков, мени менен жүргөн.
- Оштогу акыркы сотто айттыңыз да. Өкүмдө көрсөтүлгөндөй, мамлекетке келтирилген зыяндан Саиткасым Жээнбеков экөөлөп чогуу кутулалы деп. Бирок прокурор "Жээнбековду аралаштырбаңыз, 750 миң сом төлөнмөйүнчө бошотулбайсыз!" деген талапты койбодубу. Сиз дале көгөрүп жаткандайсыз. Балким, бир билгениңиз бардыр?
- Өзүмө жаздырып багып алган 4 жашар уулум бар, аялым 2 топтогу инвалид. Шаарда, башка жерде сатып азыр бере кое турган үйүм жок. Айылдагы үйүм азыр гезитке берилип, сатыкка коюлду. Эгер сатылса төлөйм. Августта ушул жерден 5 жыл алган бала чыгып кетти. Мени менен отургандар 3-7 жылдан срогу толбой, 21 жыл алгандар автоматтык түрдө бошоп кетип атат. Мага баары бир болуп калды. Мен миң дисциплина кармап, канымды аябай мамлекет үчүн патриот болсом деле мени аягыдай эч ким жок экен.
- Былтыр бир катар массалык маалымат каражаттары Сиздин коомчулукка кайрылууңузду басышпадыбы. Анда: "Эгерде, абакта менин өмүрүмө кокус балта чабылса, аны президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевден көргүлө! Себеби, анын колунан ар кандай арам иштер келээрине көзүм толук жетип калды" деп жазган элеңиз. Оштогу абактын жетекчилиги Сизди ачык колдогонуна карабай түрмөдөн бошошуңуздун кечеңдетилип жатышында саясат барбы?
- Бүгүнкү күнгө чейин башкы прокурор ишимди алып кетип 2 ай кармады, Бишкектен ГУИН алып кетип бир ай санады. Мен бүгүнкүгө чейин мыйзамды сыйлап чыдап келдим, эч жакка кайрылганым да жок, оорусам да ичиме салдым. Президенттин инисине каяша сүйлөп койдум эле, ушул кордукту көрсөтүп атат.
- Сиз жаткан абактын жетечилиги Ош облустук сотуна кайрылууга ниеттенүүдө. Кокус анда да өтүнүч канаттандырылбаса, кийинки кадамыңыз кандай болмокчу?
- Мен патриот болгом. Ошондо төңкөрүш деп камалып кеткенибизде атылат элек, же 25 жылдан алат элек, аны бардыгы жакшы билет. Революцияны жалаң фанаттар кылдык эле, акмактар күнүн көрүп жатат. Эгерде ушундай өч алуулар, бут тосуулар боло бере турган болсо, сот адилеттүүлүгү, чындык болбосо, дагы бир шылтоо таап мени узартса, ачкачылык жарыялап, өлүп берип кутулам.
- Кушбак мырза, эмне дейли, аман болуңуз!
Алишер Токсонбаев
"Азаттык"