"Отун - олжо, суу - кордук"

Коңшулардын мүдөөсү, Кыргызстандын "күнөөсү"...
Азыркы күндө Борбор Азиядагы "бир боор элдердин" ортосунда карама-каршылыктар күч алууда. Бул тирешүүлөрдүн түпкү себеби суу ресурстарын пайдалануу маселесинен келип чыгууда. Табигый байлыктын бири болгон сууну сатуу боюнча талаш-тартыштар акырында бул региондо ар түрдүү сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына алып келүү коркунучун курч мүнөзгө жеткирип койду көрүнөт. Ошону менен катар, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн коңшулар менен тең ата сүйлөшө албагандыгы, массалык маалымат каражаттарынын ушул орчундуу темага кайдыгер мамилеси - Өзбекстандын биздин өлкөгө түрдүү дооматтарды коюшуна гана шарт түзбөстөн, эл аралык масштабда айыпташына да жол ачып отурат.

Бул пикирибизди далилдөө максатында жакында Ашхабадда болуп өткөн суу ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо багытында эл аралык конференцияны белгилесек болот. Өзбекстандын маалымат агентстволору биздин өлкөгө каршы "пиар акциясында" Кыргызстан менен Тажикстан Аму жана Сыр дарыяларына жаңы гидротехникалык курулуштарды баштагандыгы Өзбекстандын президентинин айыптоолору Франция, Германия, Италия тарабынан колдоого алынган. Ошентип "акыйкаттык жеңип чыгып", мындай иш-аракеттерге "жол берилбей тургандыгын", Кыргызстандын суу чарба проектисинин эл аралык нормага туура келбегендигин, ушундан улам "Арал деңизинин бассейнинде экологиялык кырдаал курч мүнөзгө жеткендигин" тынымсыз жарыялап жатканын жашырууга болбойт.
Менимче, бул конференцияга Кыргызстандан деле бирди?жарым делегаттар барса керек. Бирок, ошол конференцияга катышкан биздин өкүлдөрүбүз Өзбекстандын президентинин койгон айыптоолоруна өздөрүнүн каршы пикирин айтканы же айтпаганы белгисиз. Ал гана эмес, мамлекеттик маалымат агентчилиги деле "майда маселе" болгондугу үчүн "маани бербеген" көрүнөт. Ушундан улам, биздин өлкөнүн эли бул багытта маалымат албай калып жатса, коңшуларыбыз ойлонуп чыгарылган аргументтерди кеңири колдонуп, элементардык этиканы да сактабай жаткандыгын эркин "24 KG" маалымат агентчилиги билдирип отурат.
Ачык айтсак, эзелтеден эле Борбор Азияда "алакандай жер, жырым суу" үчүн айыгышкан күрөш жүрүп келген. Суунун башында ким болсо, анын ошол аймакка үстөмдүгү орногон. Өзбек президенти И.Каримов ушул тарыхый чындыкты өзгөдөн мурда Өзбекстандын элдик оозеки адабияттарынан, азыркы жазуучуларынын чыгармаларынан окуп көрсө болмок. Айрыкча, Садриддин Айнинин чыгармаларын же дүйнөгө таанымал Кожо Насреддиндин жоруктарын окуса, Кыргызстандын көтөргөн суу боюнча маселесинин жүйөөлүү экендигин мойнуна алмак.
Өзбекстан Кыргыз Республикасын "1992-жылдагы Европа өлкөлөрүнүн Хельсинки конвенциясы кабыл алган чечимдерди аткарбайт"- деп күнөөлөп, Кыргызстандагы сууларды "транс чек аралык суу" катары таанууну талап кылып келүүдө. Ал эми биздин өлкөдө суу жетиштүү болгону менен, түшүмдүү жерлерде нымдуулукту сактоо үчүн сугат иштерин жүргүзүү зарылдыгы ар качан ачык айтылып келет. Ошону менен катар, Кыргызстан Хельсинки конвенциясына кошулбагандыгын, алардын талаптарын аткарууга милдеттүү эместигин, ар бир эгемен мамлекет андай маселелерди өзүнүн улуттук кызыкчылыгына жараша өзү чечээрин Өзбекстан кантип эле билбей калсын!
Өзбекстандын Кыргызстандагы ар бир булакты транс чек аралык суу катары таанууну талап кылышынын түпкү сырын калкыбыз билбейт. Бийлик бул терминдин маанисин элге жеткирүүнү ойлоп койбогондугу өкүнүчтүү. Чынында, бул талап аткарылса, анда Кыргызстандагы ар бир булакка чейин коңшу өлкөлөр көзөмөл жасап калаары шексиз. Демек, сууга бай Кыргызстан менен Тажикстан Хельсинки жана Нью-Йорк конвенцияларына кошулбагандыгы үчүн гана өз сууларына өзү ээ болуп отурат. Аны товар катары сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрү, эл аралык масштабда ар бир өлкө өзүнүн аймагынан чыккан сууга ээлик кылуу үчүн атайын мамлекеттик программа менен иштей тургандыгы көңүлдүн борборунда болууга тийиш.
Коңшуларыбыздын дагы бир дооматына кайрылалы. "Гидротехникалык жабдууларды курууда кылымдар бою калыптанган суунун агуу режими жана көлөмү өзгөрүлбөстүгүнө кепилдик берүүнү" талап кылышууда. Ал эми дүйнөдө мындай курулуштар суу топтоо багытын гана көздөбөй тургандыгын белгилөө керек. Деги эле, табигый кубулуштар кылымдар бою өзгөрбөс касиетке ээ болобу? Ал эми Аму жана Сыр дарыялардын акыркы 60 жыл аралыгында радикалдуу өзгөрүүлөрүн көрүп?билип туруп, коңшу мамлекеттердин "кепилдик" берүүнү талап кылышы, бери болгондо жөн эле зордук эмеспи?...
Биздин өлкөгө коюлган күнөөлөрдүн эң орчундуусу да, опурталдуусу да Арал деңизинин соолуп баратышы жана экологиялык катастрофа деңгээлине жетиши менен айкалыштырылышы десек апырткандык болбос. Мисалы, Сыр дарыя бассейниндеги Кыргыз Республикасынын сугат аянты болгону 400 миң гектарды гана түзөт. Ал эми Токтогул, Папан суу сактагычтарында чогултулган суулар дээрлик Өзбекстандын айдоо талааларын сугарууга жумшалат. Атап айтканда, Кыргызстанга караганда Өзбекстан бул сууну 10 эсе көп пайдаланат. Бул төгүндөлгүс фактыларга таянсак, Арал деңизинин соолушуна биздин өлкө эмес, Өзбекстан себептер болгондугун Ашхабаддагы конференциянын катышуучулары эске албагандыгы таң каларлык көрүнүш эмеспи? Чынында, Борбордук Азияда "жол берүүгө мүмкүн болбогон экологиялык жаңы коркунуч" маселеси Арал деңизин сактап калууга багытталбастан, Өзбекстандын пахта талааларына бекер сууну каалагандай колдонууну камсыз кылууну көздөгөндүгү менен байланышпасын?
Арал деңизинин азыркы катастрофалык абалына гидроресурстарга бай Кыргызстан менен Тажикстанды күнөөлөө жөн гана акылга сыйбаган жомок. Сыр дарыянын негизги суусу болжол менен Өзбекстандын 4 миллионго жакын айдоо аңыздарына, Аму дарыясынын суусу Кара-Кум каналына бурулуп кетээрин дагы бир ирет эске салсак артыкбаш болбос. Бет тырмаачылыктын да чеги болууга тийиш. Буга бийлик мамлекеттик масштабда маани берип, эл аралык масштабда эгемендүү өлкө катары өз суубузду коңшу өлкөлөргө товар катары сатуу укугуна ээ болушубуз зарыл.
Эмне үчүн Европадагы Швейцария өз аймагындагы суулары башка өлкөлөргө товар катары сатат? А неге бул маселеге келгенде Кыргызстан мындай укуктан четте калууга тийиш? Маселе ушунда болуп жүрбөсүн? Ашхабад конференциясына катышкан жана Өзбекстанды колдогон Европанын айрым мамлекеттеринин бул калпыс мамилеси эмнеге негизделген?
Бул маселеге алар жооп бере алар бекен? Маселе мына ушунда болуп отурбайбы...
Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат."




Көп түкүрсө, көл болот
Жардамга муктаж жаш кыздар
Урматтуу мекендештер,
Биздин Фонд Сиздердин жардамыңыздар менен көптөгөн оорукчан балдарыбызга татаал операция жасоого керек болгон акча каражатына көмөк көрсөтүп, 13 жылдын ичинде 225 балага жардам бердик.
Кыргызстандыктардын өзгөчөлүгү даанышмандык, боорукерлик, колунда жок, жардамга муктаж болгон адамга өз учурунда жардам бере алгандыгында. Мына ушундай биздин элибиздин жана мекендештердин улуу касиети болгондуктан Республикабызда кандай кыйынчылыктар болбосун, элибиз бири-бирин колдоп алдыга умтулуп, аздан болсо дагы жетишкендиктерге жетишип келе жатабыз.
Адам баласы канчалык прогресске жеткен сайын, өтө татаал оорулар пайда болууда. Мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөр балдарын оорудан сактап кала алса, аттиң колунда жок үй-бүлөлөр, көп учурда балдарынын өмүрүнө-өмүр кошо алышбай боздоп-сыздап калып жатышат…
Биздин Фонд тез аранын ичинде 5 баланы Москвадагы дүйнөлүк дэңгээлдеги аброю бар татаал операцияларды жасай алган клиникаларга жөнөтүшүбүз зарыл болууда.
Ошолордун ичинде биринчи иретте Абдуманапова Айтунук - 11 жашта ( 241610 руб), Абылкасым кызы Бурул 8 жашта (8500 долл.), ал эми Ким Акылай - 3 жашта ( 8000 долл). Ушул кичинекей кыздарыбызга тез арада жүрөгүнө операция жасаш керек, ансыз болбойт… Ар бирибизде бала бар , баарыбыз бала деп жашап келебиз. Келгиле урматтуу замандаштар, айрыкча колунда бар атуулдар көмөк көрсөтөлү, биздин Айчүрөктөй болгон, жашоодон үмүт үзбөй, туптунук көздөрү менен улууларды карап, жардам күткөн кыздарыбызга жардамыбызды аябайлы.
" Көп түкүрсө - көл болот" - дейт кыргызда, Элден айланса болот, биздин оорукчан балдарды дайыма жөнөкөй Эл колдоп келген, биздин Фонд Сиздерге гана таянат, ишенет жана дайыма жардам күтөт.
Биздин реквизиттер:
р/с 1030220003115180
БИК 103002
в Первомайский ФОАО "КБ Кыргызстан"
Алуучу :
Курманжан Датка фонду
Төлөөнүн багыты:
Ооруган балдар үчүн
Тел: (0312) 620355; 666821;
сот: (0772) 320452; (0555) 043800

Р.С. Кичинекей кыздарыбыздан жардамын аябаган, төмөнкү мекендештерибизге биз сыйлаган "Ачык Саясат" гезит бетинен ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Балдарыңыздардын өмүрү узун болуп, Кыргызстандын, эли-жери үчүн кызмат өтөгөн чыгаан уул-кыздардан болушсун.
1. ЗАО "БТА" банктын коллективине ( бир күндүк маянасын топтошкон) - 10933 сом Бишкек шаары;
2. Лян Жанна Вальеровнага
- 8000 сом Бишкек шаары;
3. Кайназаровага ( аты жөнү жазылбаптыр) -10000 сом Ош шары;
4. Кыдырбаев Марат Жакшылыковичке- 4000 сом Бишкек шаары.
Гезитти окуган ар-бир атуул Айтунуктун, Бурулдун жана Акылайдын өмүрү үчүн колунан келген жардамын аябайт деген үмүт менен, элибизге бейкутчулук, ынтымак, аманчылык каалап, балдарыңыздар дайыма Сиздерге бир гана жакшы маанай тартуулашсын деген тилек айтуу менен,
Курманжан Датка фонду