Бириң терек, бириң тал, президент болчу кимиң бар?

Жагымсыз жаз айы же даталуу март айы
Ажобуздун экинчи мөөнөткө барары тууралуу ачык айтканын өткөн жуманын өзөктүү маселесине айланды. "Айтыла турган сөз эле айтылып кетти өзү эле" дегендей, көптөн бери көмүскө сырга айланган сөз, акыры ачыкка чыкты. Арийне, ажобуз бул сөздү акыры айтмак.

Бирок, экономикабыз эпкиндеп, саясатыбыз "сары тумоого" чалдыгып турганда, ушул сөздү айтууга негиз бар беле? Жыл жаңыргандан бери жайнаган жарлыктар, кабатташкан кайрылуулар чыкканын эске алсак, ажобуз аябай активдүү аракеттерди көрө баштаганына күбө болобуз. Өзүнүн мүчөлүү жылында өз алдынча саясат жасайын дедиби, айтор, өгүзчө иштеп берген Садыркуловду саясаттан узатты. Жай чилдесинде "жаңгак чатагы" менен жалпайта чабылган Адахамдын, "лоторея чатагы" менен Мэрликтен алынган Даниярдын кайрадан ажого жакын баргандары себеп болсо керек, акыркы кездерде Акүйдө алмашуулар көп болду. Эл башчыбыздын экинчи мөөнөткө өтүп кетишине эки дос кепилдигин бергенби, айтор, ажобуз алдыдагы кыйынчылыктарга карабай туруп, ачык сөзүн айтууга аргасыз болду. Экинчиден, Орусиядан келе турган олчойгон жардам ордо башчысынын ой баскан чечимин тездетип жиберсе керек. Ажобуз го ачык оюн ортого салды, а карапайым калкыбыз кандай кабыл алды? Кеп ошондо.
Азыркы кырдаал менен мындан төрт жыл мурунку кырдаалды, азыркы Бакиев менен төрт жыл мурунку Бакиевди салыштыруу дегеле мүмкүн эмес. "Бакиев-Кулов" тандеми үчүн берилген 88 пайыз добуштун баарысы аларга тиешелүү эмес. Көпчүлүгү Акаевдин адилетсиз саясатынан кутулуу үчүн берилген добуш экенин эсиңерден чыгара көрбөгүлө. Калган добуштарды экиге бөлүп көргүлөчү? Болбогон сан чыгат. Андыктан, азыркы күндө элибиз алдыга умтулуу үчүн эмес, адилетсиз бийликтен кутулуу үчүн добуштарын беришет десек чындыкка шайкеш келчүдөй болуп турат.
Азыркы бийлик мурунку бийликтин мураскери гана болбостон, саясат улантуучусу да болгонун куралсыз көз менен эле көрүүгө болот. Акүйдүн "абройлуу" адамдары болушкан Адахам менен Даниярдан башкасынын баары "Акаевдин куйруктары" экенин эч ким тана албаса керек. Акаевдин кадрлары аздык кылгансып, Айдардын досторунун баарысы Акүйгө үймөлөктөшүп алышкан. Балкыбеков, Чудинов, Ширшов сыяктуу аттан түшкүс "олигархтар" убагында Айдарды айланчыктап жүргөнүн кимдер билишпейт? Андыктан, алдыдагы шайлоолор мурунку шайлоолордон айырмаланбайт десек болот. Ошол кезде "кутулдук" дешип кубанып добуш беришкендер, азыркы күндө "тутулдук" дешип туталанып отурушканын ойго салып кереги деле жок. Алданып калганыбызды бир эле биз эмес, тезек терген Тезекбай деле билип калды. Демек, ажобуздун ачык сөзү коомчулук тарабынан колдоого алынышы арсар. Нааразычылыктар болсо күн өткөн сайын күч алууда.
Ал ортодо, ажобузду мөөнөтүнөн мурда кетиребиз деген оппозициячылдар, шалдырай түшкөндөй. Демейде, ажонун сөзү Акүйдөн чыга электе ак-карасын ажыратып жибергендер, бул жолу талканга какагандай унчугушпайт. Ажобуз өзүнө атандаштыкка чыга тургандар бирөө-экөө эмес, көп экенин бекеринен айткан жок. Ал киши оппозиция бир лидердин тегерегинде бириге албай жатканын жакшы билип турат. БЭКтин түзүлүшү-оппозициянын бир лагерге бириккенин билдиргени менен, бир лидерге таяна электигин тастыктап койду. Кыргыз оппозиция лидерлеринин баарысынын амбициялары күч, баарысы ажолукка аттанганга ашыгып турушат. Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев, Кубат Байболов, Равшан Жеенбеков, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Бакыт Бешимов, Аликбек Жекшенкулов сыяктуу баарысы бычакка сап болчу жигиттер чогулган. Президенттик орун жалгыз экенин жакшы билишет. Анда эмне үчүн бир лидерге бириге алышпайт? "Кимиңер улуттук лидер болосуңар?"-десең, "убагы келгенде көрөбүз"-дешет.
Айтор, ажобуз экинчи мөөнөткө даярдыктарды көрө баштаса, оппозиция биринчи мөөнөтүнүн этегине чыгарбайбыз аракетинде. "Март айына чейин биздин концепциянын кабыл алсын"-деген оппозиция талабы күчүндө. "Өлбөгөн жанга жаз келет" дегендей, оппозиция белгилеген март айы жакындап калды. Кыргыз тарыхында март айы өзгөчө мүнөзгө ээ.
Анткени, 2000-жылдын 14-мартында "Карабуура", 2002-жылдын 17-мартында "Аксы", 2005-жылдын 24-мартында "Ыңкылап" синдромдору пайда болгон. Аялдардын жана жалпы мусулмандардын жаңы жылы да ушул айда. Бекназаров менен Кулов ушул айда камакка алынса, Акаев бийликтен кеткен, Бакиев бийликке жеткен күн дагы ушул айда болгон. Март айы жакындаган сайын, бийлик майрамга, оппозиция майданга даярданууда. Эмне болоор экен?

Рыскелди МОМБЕКОВ





Президенттин экинчи мөөнөткө баруу тууралуу билдирүүсүн кандай кабыл алдыңыз?
Азимбек Бекназаров,
БЭКтин штаб башчысы:
- Баш мыйзам боюнча президенттин экинчи мөөнөткө барганга укугу бар. Президенттин айланасындагы кошоматчылар эл шайлоого барса да, барбаса да 99 пайыз добуш менен өткөрүп коюшаары бешиктеги балага да белгилүү. Ошону билген президентибиз апкаарыбай эле "президенттик шайлоого катышам" деп айтып жатат да. Эгер чындап эле эл учурдагы президенттин экинчи мөөнөтүн каалабай турса, Бириккен Элдик кыймылга кошулуп өз нааразычылыктарын билдирсе болот.

Мирослав Ниязов,
коопсуздук кеңешинин экс - катчысы
- Президент "экинчи мөөнөткө барам"- деп "балп" эттиргенине караганда өлкөдөгү кырдаал тууралуу таптакыр кабардар эмес окшойт. Социалдык - экономикалык жактан Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн эң жакырларынын тизмесине кирээрин да унутуп калса керек. Эгемендүү мамлекет аталганыбыз менен башка мамлекеттер менен тең ата боло албай, финансылык жактан да-йыма кошуна өлкөлөргө көз каранды болуп келүүдөбүз. Мындай президент менен экинчи мөөнөткө элдин баргысы келбейт. Тескерисинче, эл кыжырданып жатат.

Мукар Чолпонбаев,
экс-депутат:
- Президент бүгүнкү күнгө чейин бийлигин мыкчып олтуруп, Кыргызстанды өтө төмөн деңгээлге жеткирди. Ички саясатты жөнгө салууга жөндөмү жетпей койду. Тышкы саясат жөнүндө ооз ачпай эле коеюн. Кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн коюлган максаттар ишке ашпай калды. Эгер Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө бара турган болсо, өлкөбүз мындан жаман акыбалга туш болоору шексиз.
Ошондуктан, кыргыздын чыгаан уул-кыздары президентти экинчи мөөнткө жеткирбеш керек.
Азиза Абдрасулова,
укук коргоочу:
- Конституция боюнча президенттин экинчи мөөнткө барууга укугу бар. Анткени, мен эки Конституциянын тең жоболору кабыл алынып жатканда Конституциялык кеңештин мүчөсү болчумун. Ошондо, бир мөөнөттүн ичинде "эптеп эле жеп-ичип калсам"- деген аракеттин үстүндө болот деген ойго жетеленип, эли үчүн иштей турган жакшы президент үчүн эки мөөнөттү колдогонбуз.
Бирок, эл кандай колдоору башка кеп. Ал эми шайлоодо административдик ресурстар колдонулбай, президетке да, оппозиция тараптан коюлган талапкерлерге да бирдей шартта шайлоо ачык-айкын өтөбү, кеп ошондо. Мен таза шайлоо өтөөрүнө ишенбейм. Себеби, 1996-жылдын 21-октябрындагы, 2007 - жылдын 16-декабрындагы Парламенттик шайлоо, өткөн жылдагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордон соң, Кыргызтан үчүн таза шайлоо жөнүндө кыялданууга да мүмкүн эмес экенин түшүнүп калбадыкпы.

Советбек Жамалдинов,
"Асаба" партиясынын төрагасы:
- Президент экинчи мөөнөткө бараарын ачык айтты. Менин көз карашымда, барбай эле койсо туура болмок. Бүгүнкү система менен алдыдагы президенттик шайлоо фальсификация жагынан мурдагы шайлоолордон ашса ашат, кем калбайт. Ага азыртадан катуу даярдыктар көрүлүүдө. Эгерде учурдагы президент экинчи жолу шайланса, элдин эле шору. Анткени, күндөн-күнгө оорлоп бараткан жашоо-шартыбыз мындан да төмөндөшү мүмкүн.

Гүлниза МОЛДОКУЛОВА
"Ачык саясат"