"Ачык саясат" гезитинин редакциясына

Биздин Сизге арыз жазып кайрылуубузга МАБ №6 га жетекчи болуп келген Арыпбеков Мелистин өз кызмат абалынан одоно пайдаланып, чекеге чыккан кетпес чыйкан болуп, конуштардагы көйгөйлөрдү түшүнбөй, карапайым элди кагып - силкип, жашагандыгы тууралуу справка бербей, эч кимди көзүнө илбей, өзүм билемдик кылык - жоругу менен коркутуп-үркүткөндүгү себеп болуп отурат. Жетекчилик кызматка келгени тургундар менен таанышкан да жок. Анткени, карапайым эл аны жетекчи эмес эле арызчы, ар кимди сөккөн богооз, эл менен чогуу иштеше албаган, көкүрөк көтөрүп эч кимди көзүнө илбеген, иштеди аты гана бар бирөө катары биле баштадык. Канча жылдан бери конуштарда туруктуу жашап келишкен тургундар жашагандыгы тууралуу справка алуу үчүн жол киресине карабай араң келишсе да, ала албай кыйналышат. Алардын ичинде убактылуу жумушсуздар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, инвалиддер да бар. МАБ №6 нын кабинетинде Арыпбеков Мелистин кан досу Муратов Жолдубайдын (ОсОО "Назардын" кызматкери) кызы "мусордун үч жылга чейинки акчасын алдын ала төлөбөсөңөр, справка берилбейт" деп элди зар какшатып, кары жашка карабай заарын чачып олтурат. Мусордун акчасын 50 сомго көтөрдү. Бул кайсы документтин негизинде жана кайсы мыйзамга ылайык болушу мүмкүн? Ушунун баарын билип туруп эмне үчүн аким унчукпайт? Бул боюнча кагаз жүзүндө мэрияга, акимчиликке бир нече жолу кайрылганбыз. Ал кайрылууга мэриядан да, акимчиликтен да кабагым-кашым деген киши болбоду. Муратов Жолдубайдын кызы справка алганга жолтоо болгонго кандай акысы бар? МАБ № 6 түзүлгөнгө чейин мындай проблемаларсыз эле керектүү справкаларыбызды өз жерлерибизден алчубуз. Мелис мыйзамды бузуп, Муратов Жолдубайды табелге жазып, мунун атына чыккан айлыкты өзү алып жатат. Эки жактан айлык алгандай Жолдубайдын төрт кол, төрт буту бар беле? (Ушуну жакшылап тактасаңар).Арыпбеков Мелис ал тургай өзү менен иштешкендерди да киши катары көрбөй келет. Көк-Жар конушунун эл менен биргеликте иштеп келишкен Күздөбаева Эльмира №20 кв, Алыбаева Венера №16 кв, Акматова Айна №19 кв, Кыдыралиева Эльмира №16 кв, Рысалиева Айнура №18 кв ж.б. август айынан баштап айлык акы албай бекер иштеп келе жатышат. Арыпбек уулунан айлык акы жөнүндө сурасак эле "Силер эмнени иштеп кыйратып койдуңар эле? Кайдагы айлык, экинчи менден айлык деп сурачу болбогула"- дейт. Аз келгенсип милицияга "мобул катынды камап салгыла" деп бакырып, адамдык укугубузду тебелеп - тепсейт. Анын дагы бир бетсиздиги - биздин ордубузга биз такыр көрбөгөн, тааныбаган кишилерди иштейт деп жазып, акчаларын өзү чөнтөгүнө салат. "Мага десеңер акимге, мэрге, ал тургай президентке чейин баргыла. Эч ким мени козгой албайт. Билип жүргүлө, мен Кыргыз Республикасынын ИИМ министри Конгантиевдин кеңешчисимин, менден акча сурачу болсоңор түрмөдө чирийсиңер, мени менен абайлап сүйлөшкүлө" деп кыйкырат. Арыпбековдун эч кимди көзүнө илбей калгандыгынын дагы бир ачык далили катары мисалга келтирсек: Кыргыз элинин жүзү, улуу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун баласы Элдарды көчө шыпыргыч деп жаздырып айлыгын өзү алып жүрөт. "Биз таң калып улуу адамдын баласы да ушундай жумушта иштейби" десек "керек болсо мен бул баланы Муратов Жолдубайга кошуп мусор чыгартып коём, уктуңарбы?!" дейт.
Конуштарга берилген гуманитардык жардамды да өзү билгендей, өң таанышча чечет. Складдан 15 коробканы кечинде көргөнбүз, эртең менен эрте барсак жок болуп чыкты. "Бардык соода түйүндөрүнөн, кум-шагыл, көмүр саткандардан салык түрүндө акча жыйнап, мага алып келгиле, ошондо силерден коркуп, сыйлап калышат" деп бизге буйрук берет. "Конушта кимдин үйүндө баня, швея, соода түйүндөрү бар, ошолордун баарынын тизмесин алып келип бергиле. Мага келип турушсун, аларга салык салып турам. Жогору жактан текшерүүчүлөр келгенде ошолорду сыйлайм, менде акча дайыма болуп туруш керек" дейт. Азыркы убакта жумушсуздук күчөп, эл кыйналып турган заманда Арыпбеков Мелистин өзүм билемдик кылып чыгарган мыйзамы элдин нааразычылыгына алып келди.
Жетекчи катары конуштар үчүн кандай пайдалуу иш кылдыңыз? -деп сурасак "мен эч кандай иш кылбайм жана кылгым да келбейт. Билген жериңерге баргыла, мага Салиев (аким) эч нерсе кыла албайт, ал менден коркот, мени ал шайлаган эмес. Керек болсо аны да алып таштайм" деп жооп берди. Иштин көзүн билбеген, конуштардагы көйгөйлөрдү түшүнбөгөн адамдын жетекчилик кызматка келиши жөнөкөй элдин кыжырын кайнатты. Мунун кылык-жоругу чектен ашып кетти. Иштеди аты бар жек көрүмчүнүн кызматта турушу эл толкунуна алып келип калды.
Сиздерден суранарыбыз: жетекчилик кызматка татыксыз, эл менен тил табыша албаган, аялдарды согуп-сагып басынткан, өзүн король сезген немени кылмыш жоопкерчилигине тартууга жардам берсеңиздер.

" Көк-Жар" конушунун кварталдык жетекчилери:
Кыдыралиева Эльмира Өмүрбековна
ж/м Көк-Жар, Тоң көчөсү №36.
Рысалиева Айнур Күмүшбековна
ж/м Көк-Жар, Керемет көчөсү №3.

Редакцияга түшкөн ушул каттын изи менен "Көк-Жар" жаңы конушуна барып, "башкы каарман" Мелис Арыпбекти таппадык. Катты жазгандар болсо төмөндөгүдөй кошумча маалымат беришти:




"ПАРАШЮТ МЕНЕН ТҮШКӨН мелис Арыпбек"
Айнур Рысалиева:
Айтматовдун баласын кварталдык техник дегенин укканымда бул бир жакшы кызмат болсо керек деп ойлогом. Акимиятка атайын барып "кварталдык техник кандай жумуш аткарат" деп акимден сурасам: "Ой, ал деген эң ыплас жумуш, силер аны көрбөйсүңөр" дейт. "Кечирип коюңуз, ошондой ыплас жумушта Айтматовдун баласы иштейби?" десем, Салиев кыпкызыл болуп кетип, унчукпай калды. Биз анын минтип кыйпычыктаганынан улам Мелис менен өз ич ара былгыган иштери бар болуш керек деп ойлоп калдык. Бир жолу Мелистин өзүнөн да "Айтматов Элдар кандайча ушул жерге келип иштеп калды?" - десек: "Мен атасы менен жакшы болчумун. Чыңгыз ага каза болгондон кийин өз баламдай болуп калган." деп жооп берди. "Мисалы, мен бул жумушка иштебейт болчумун. Анткени, мен өз баркымды түшүргүм келбейт. Ал бала атасынын ордун билип туруп эмне үчүн ушундайга барды" десем, "керек болсо мен ал баланы Жолдубайга кошуп мусор чыгартып коём" деп ошондо жооп берген.
Анын элге айбандык менен кылган мамилесин акимге үч жолку арыз аркылуу билдирдик.
Үчүнчүсүндө, "Мелис менен квартал жетекчилерин беттештирип, беш айдан берки албаган айлыгыңардын маселесин чечип берем," деген. Күткөн күн келип, чогулуш да болду. Аким, биз, Мелис болуп үч тарап жолугуштук. Андан мурдараак эле бапылдап аткан аким Арыпбековдун жанында кыргыйга тептирген бөдөнөдөй болуп отуруп калды. Тескерисинче, аким Мелистен калчылдап атпайбы. Чогулуштун аягында "эми сени бул аялдар менен жараштырайын" деп жайдаңдамыш этти. Ушинтип, акимден да эч кандай жыйынтык болгон жок. Мелис болсо: "милицияңарды, башкаңарды да талкалайм. Керек болсо, итке окшотуп кууп чыксам да өзүм билем",- деп төшүн каккылайт.
Бир жолу акимге кайра - кайра суроо берип "бул кишини ким алып келген?" десек: "чоң комиссиянын элегинен өткөн кадр да бул" деп оозубузду ачырды. Ушул кыйчалыш заманда нечен билимдүү ишкерлер жумушсуз жүрсө, эмне үчүн ушундай татыксыз адам кызматта жүрөт? Бул өзү кокусунан эле парашют менен түшүп калган киши. Биз бул боюнча калбайбыз. Аягына чейин күрөшөбүз.

Эльмира Кыдыралиева:
Мелис Арыпбек уулунун МАБ №6 га жетекчи болуп келгенине 6 айдын жүзү болду. Бирок, "Көк-Жар" кичи конушу үчүн ийненин көзүндөй иш аткарган жок. Менин оюмча, бу киши отурган креслосунда кандай жумуштардын бүткөрүлөрүнө өзүнүн да акылы жетпейт окшойт. Жер тамда жашоо-тиричилик өткөргөндөрдүн социалдык көйгөйлөрүн түшүнбөйт. Анткени "байкебиз" жаркыраган көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат эмеспи. Аталган аймактардагы эл ташып, күнүмдүк нанын таап жеген таксисттерди кубалайт. Ал эми эл өткөн тротуарды тороп көмүр, цемент саткандарга уруксат берген. Өзү алардан жең ичинен акча алат деп уктук. Мусорго ар бир үйдөн 50 сомдон (ал үйдө канча адам шаардык каттоодо экендиги эске алынбастан) чогултат. Такташтырып сурасак 9 сом 50 тыйындан гана төлөшүбүз керек экен.
Мелис Арыпбек уулунун үстүнөн МВД га алтымыштай арыз түшүптүр. Үчүнчү февраль күнү полковник Атагазиев Орозбек "королдун" күбөлүгүн (Конгантиевдин кеңешчисимин деген) биздин көз алдыбызда алган. Бирок, ошол эле күнү түштөн кийин Жолдубай Муратовдун кызы менен бир жигит чатакташа кетсе, экинчи күбөлүгүн көрсөтүп ал жигитти каматтырып салыптыр. Ошондон улам биз, эки күбөлүк жасатып алып, пайдаланып жүргөн го деген ойдо калдык.
Ал эми айлык жөнүндө сөз кылсак: "айлык эмес алты тамга да бербейм. Чыгып кеткиле!" деп кубалап чыккан.

Сатыбалды Тилебаев:
(Аксакалдар сотунан)
"Көк-Жар" менен "Туңгучтун" ортосундагы бош жерге Чыңгыз Айтматовдун атын беребиз деп, баласы Элдарды алдап, боз үй тиктиртип, жылкы сойдурган. Ошо менен баланы табелге киргизип койгон.
Анан чогулуш болгон жерде эле "Мен МАБ га башчы болуп иштегим келген эмес, Ысыккөлдө эс алып жүрсөм мага телефон чалып, баары жалдырап чакырышкан. Ошон үчүн эле иштеп жатам. Болбосо иштейин деген оюм да жок,"- деп күпүлдөп жүрөт.
А.Бакирова.
"Ачык саясат"

Редакциядан:

Бул айтылгандар боюнча редакция өз иликтөөсүн баштап, МВД жетекчилигин, Октябрь районунун акимин, МАБ №6нын башчысы Арыпбек уулу Мелистин өзүн жана башка кызыкдар адамдарды сөзгө чакырабыз.