Б и р ү з ү м к а б а р л а р

Кадырбек кандайча министр болгон?

Жаңы дайындалган Тышкы иштер министрибиз Кадырбек Сарбаевдин кандайча бул кызматка келип калганы тууралуу ушактар укмуш чыгууда. Акыркы кездерде Кытайда иштеген бул жигиттин министрлик кызматына келишине, ажонун бир тууган иниси Адыл Бакиевдин тиешеси бар дешет. Айрымдардын айтканына караганда, Кытайдан келген меламин уну жөнүндөгү чатактарды Кадырбек мырза жакшы билгендиктен, ооз басырык үчүн Акүйгө алып келишкен дешет. Ажонун иниси Адыл мырза акыркы жылдары Кытайда иштегенин эсиңиздерден чыгарбагыла. Белгилүү партиялык жана коомдук ишмер таластык Субанбердиевдин жээни, кытай тилинде эркин сүйлөгөн Кадырбек Сарбаев тууралуу ушактарды изилдеп жатабыз. Көрсө, бул жигиттин кылбаганы жок экен. Так что, кызыктар али алдыда. Андыктан, "Ачык саясатты" аңдап тургула.

Мурат кетсе, Марат бар

Ажобуздун жаңы жарлыгына ылайык, Жалал-Абад облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп Бекбоев Турдуназир дайындалды. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Жаныш Курбанов өткөн жумада жарлык менен "жайдакталган". 2002-жылдагы "Аксы коогалаңына" активдүү катышкан Жаныш мырзанын эмне себептен ээрден шыпырылганы белгисиз. Ошондой эле, ажонун жаңы жарлыктары менен Коргоо министринин биричи орун басары Бейшенов Мурат кызматынан кетирилип, ордуна Марат Кенжисариев отургузулду. Кемин районунун акими Тилек Сабыров кызматынан бошотулуп, ордуна Кубаныч Айтбаев дайындалды. Чоңдордун көйнөктөрү алмашканча, "чор тамандардын" көйгөйү алмашса жакшы болбойт беле?

Баекова баатырдык кылдыбы?

Парламент спикеринин орун басары Чолпон Баекова америкалыктардын аскердик базасы тууралуу "балп" этти. Айымдын айтымында, америкалыктардын аскердик базасы келген күндөн баштап Кыргызстанга коркунуч туудуруп келиптир. Алардан түшкөн акчаны санагысы келбеген вице-спикер, кыргыз мыйзамы менен кыргыз жери америкалыктардын миллиондогон долларынан кымбат тураарын кыйытыптыр. Баракелде, Баекова эже! Эгер ошол айткандарыңыз чын болсо, Каркыра казактарга кетип жатканда кайда элеңиз? Үзөңгү-Кууш Кытайга узап жатканда, үн катып койсоңуз болбойт беле? Күйүүчү май төгүлгөн Чүйдүн жерине күйгөнүңүз чын болсо, цианид төгүлгөн Көлдүн жерине көңүлүңүздү качан бурасыз? Ушуларга убагында унчупай койгондон кийин, азыркы айткандарыңыз кайда калаарын билип алганыңыз оң.

Кыргыздын лампочкасы, Кытайдын свечасы

Мамлекеттик мүлк комитетинин арызын караган Жалал-Абад райондор аралык соту, Майлы-Суу электролампочкалар заводун банкрот деп тапты. Аталган ишкана "Кыргызгазга" 34.3 миллион, "Кыргызнефтогазга" 14.1 миллион, "Жалал-Абадэлектрого" 5.3 миллион сом, ишканада иштеген жумушчуларга 45.5 миллион сом карыз болуп калыптыр. Майлуу-сүттүү Майлы-Суу заводунун банкрот болушуна ким күнөөлүү? Жарды калкыбыз лампочка ордуна свеча алып жатышса, алар банкрот болбогондо ким банкрот болмок эле? Акаевдин убагындагы 5 сомдук свеча 12 сомго чыкканын, 20 сомдук лампочка 15 сомго түшкөнүн кимден жашырабыз? "Баланча заводду, түкүнчө фабриканы ишке киргиздик"-деп мактангандар, Майлы-Суу заводунун токтоп калганына эмне айтышаар экен? Ага болбой эле мактай беришет, "акжолтой башчы болду"-деп.

Бешимов Венага эмнеге барбай калды?

ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Венадагы жылдык сессиясына катыша турган кыргыз парламентинин депутаттары барбай калышты. Аталган сессияга кыргыз парламентиндеги үч фракциянын жетекчилери(Б.Бешимов, А.Турсунбаев, И.Масалиев) барышмак. Бирок, Австриядагы сессияга баруудан "Ак жол" жана "Коммунисттер" фракциясынын лидерлери расмий түрдө баш тартышкандыктан, СДПК фракциясынын лидери Бакыт Бешимов барбай калган. Кыргыз депутаттарынын барбай калышын спикер Айтибай Тагаевдин пресс катчысы Авланбек Джумабаев, "Ак жол" фракциясынын лидери алмаштырылганына байланыштырган. Чындыгында, бул жөн гана шылтоо экени көрүнүп турат. ЕККУнун бул сессиясында, Кыргызстандагы америкалыктардын аскердик базасынын кетирилиши тууралуу сөз болбой коюшу мүмкүн эмес болчу. Кыязы, ошондон коркушту окшойт. Австриядагы сессияда сөз сүйлөөгө даярданган Бакыт мырза, эми ЕККУнун парламенттик ассамблесына расмий түрдө кайрылмай болду.

Бактыбек мандатын тапшырды

"Ак жол" фракциясынын депутаты Бактыбек Иманалиев депутаттык ишмердигин токтотту. Анын мындай чечимге келишине, мындан үч ай мурун Кыргызстан профсоюздар федерациясынын башчылыгына шайланышы себеп болуптур. Ушуну менен бир жылдын ичинде ар кандай себептер менен "Ак жол" фракциясынын 7 депутаты мандаттарын тапшырышкан болот. Мындай темп менен кетип отурушса, парламент мөөнөтүнүн аягына чейин "Ак жолдун" тизмеси түгөнүп калчудай. Айрым такталбаган маалыматтарга таянсак, ажобуз азыркы парламентти таркатып, жаңы шайлоолорду дайындаганы жатыптыр. Болочок парламенттин 40 мандаты аймактарга, 50 мандаты партияларга таандык болот экен. Парламенттин тагдыры 14-апрелде чечилет имиш. Балким, Бактыбек мырза билгенинен кетип жаткан чыгар. Ким билет?




Кыргызстан Элдик Революциялык Кыймылынын
Б И Л Д И Р Ү Ү С Ү
1. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Россияга кезектеги расмий сапар менен барып келгенден кийин экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого катыша тургандыгын жарыялады. Анын Россиянын жетекчилигинин колдоосуна ээ болгону, албетте, Кыргызстандын көз карандысыздыгына доо кетирет. Москвадагы КР менен РФ ортосундагы эки миллиард доллар тууралуу кол коюлган келишимди да так ушул контексте кароо керек.
Кыргызстан Акаевдин башкаруу учурунда эки миллирд долларга карыз болуп калган. Эми К.Бакиев тышкы карызды көбөйтүү коркунучтуу экенин өзү бир канча ирет айтканына карабай, калемди бир шилтөө менен мамлекеттин тышкы карызын эки эселентип салды.
Бул коркунуч КР менен РФ ортосундагы келишим түрүндө чыныгы күчүнө кирип, мунун натыйжасында элдин башкы стратегиялык байлыгы болгон өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстары Россиянын көзөмөлүнө өтөт. Ал учурда Кыргызстан өзүнүн суу-энергетикалык байлыгын башкаруу көз карандысыздыгынан ажырап, Москва төбөлдөрүнө баш ийген вассалдык көз каранды мамлекетке айланат.
Келечегинде атажурттун гидроэнергетика жана суу ресурс системалары биздин элге кол жеткис болуп калышы мүмкүн.
Мына ушул тагдыр чечкен себептерден Кыргызстан Элдик Революциялык Кыймылы КР менен РФнын ортосундагы митайым келишимге каршы чыгып, бул Кыргызстандын саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын жоготууга алып келе тургандыгын эскертет.
2. К.Бакиев Москвага барып келгенден кийин өзүнүн экинчи мөнөткө калуу максатын ишке ашыруу үчүн шайлоо алдындагы үгүт-насыят иштерин тездетип, күчтөөдө.
Ал үчүн бардык арамза ыкмалар: калп, алдоо, коомдун аң-сезимине жана туюмуна көз боемолор колдонулууда. Азыркы учурда тоталитардык диктатурага айланып бараткан үй-бүлөлүк, кландык бийлик жеке бийлик кылып турган учурда Кыргызстанда президенттик жана парламенттик шайлоолор демократиялык жол менен, адилет өтүшү мүмкүн эместигин бир эле Кыргызстандын эли эмес, бардык эл аралык коомчулук билет.
Бакиев экинчи мөөнөткө бардык шайлоону фальсификациялоо менен, элдин эркин, мамлекеттик бийликти басып алуу жолу менен калышы мүмкүн.
Ошондуктан, КЭРК мындан ары президенттик жана парламенттик шайлоолор К.Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык бийлиги жок кылынгандан кийин гана өткөрүлүшү мүмкүн деп билдирет.
3. Кыргызстанда жайгашкан терроризмге каршы Эл аралык коалициянын аскеринин чыгарылышы биздин өлкөдөгү улуу державалардын кызыкчылыктарынын стратегиялык балансын Россиянын пайдасына ылайык бузат. Бул эми Москванын өзүм билемдик басымы менен болуп жатканы айдан ачык. К.Бакиевдин "Ганси" авиабазасын чыгаруу боюнча келтирген далилдери шоона эшпеген сөз.
Бүгүн биз, авиабазанын кийинки тагдыры тууралуу АКШ менен РФнын Кыргызстандын сыртынан тон бычып, саясий соодалашып жатканын байкап турабыз. КЭРК мындан ары Эл аралык коалициянын авиабазасы жана Канттагы Россиянын авиабазасы бир учурда чыгарылышы керек деп эсептейт.
4. Кыргызстандын бардыгына - өлүү-тирүүңө карабай жаңы киргизилип жаткан салыктары (кыймылсыз мүлккө, жайыттарга, айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө, ж.б.) ансыз да эптеп күн көрүп жаткан элди биротоло жакырчылыкка жеткирет. Салык салымы биринчи кезекте элдин эң жакыр бөлүгүнө, анын ичинде айыл жашоочуларынын мойнуна жүктөлөт.
5. Алда качан өз доорун жашап бүткөн үй-бүлөлүк - кландык диктатураны кандай гана болбосун сактап калууга болгон аракеттер Кыргызстандын Президентин жана мамлекеттик жетекчилерин демократияга жана элге каршы саясий куугунтуктоонун ар кандай форма, түрлөрүн эбегейсиз күч алдыруусуна алып келет. Бүгүнкү саясий куугунтуктоо - тездик менен оппозиция өкүлдөрүн жана бүгүнкү бийлик системасына нааразы болуп, андан кутулууга аракеттенгендерди ырайымсыз жазалоого айланып баратат. Саясий көз карашта кылмышка кириптер болуп жаткан оппозиция лидерлери И.Исаков, Э.Каптагаев, И.Кадырбеков, Р.Жээнбеков, Э.Булекбаев, А.Жекшенкуловдун, А.Бекназаровдун балдары жана туугандары болсо, Э.Байсалов, Р.Жээнбеков, У.Осмонов, Х.Мажиева ж.б. чет элге баш паанек издеп кетүүгө аргасыз болушкан. Административдик жоопкерчиликке Кыргызстан Элдик Революциялык Кыймылы, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев тартылышкан.
Көптөгөн бейөкмөт уюмдардын лидерлери көп жолу кармалышкан жана мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылышкан. Алардын ичинде Т.Исмаилова, С.Аргынбаев, М.Кулешов бар.
Саясий куугунтукка журналисттер коллективдери да кириптер болушкан. "Де-Факто", "Алиби" гезиттери жабылган. "Азаттык" радиосунун берүү убактысы кесилген. Өлкөдө көз карандысыз телевидение жок. Көптөгөн журналисттер өмүрүнө коркунуч келгендиктен чет элге чыгып кетишкен.
Оппозициянын өзгөчө принципиалдуу лидерлери болгон А.Бекназаровдун, И.Исаковдун ж.б. өмүрүн кыйып, жок кылуу боюнча атайын кызматтарга жана криминалитетке тапшырма берилгендиги тууралуу маалыматтар бар.
Эгерде, оппозиционерлерге, алардын балдарына, урук-туугандарына кол салынып, күч колдонулса, Кыргызстан Элдик Революциялык Кыймылы мунун бардыгы Президент К.Бакиевдин жеке тапшырмасы менен аткарылды деп эсептейт.

КЭРКтин Улуттук кеңеши