Ачык сөз Эгер сизге бүгүн ушундай мүмкүнчүлүк берилсе, кимди кызматтан кетирип, же алмаштырат элеңиз? Мирослов Ниязов: Бүгүнкү бийликти толугу менен өзгөртмөкмүн. Себеби, Жогорку Кеңеште дагы, Ак үйдө дагы ыплас жол менен бийликке келгендер отурат. Конституциялык сот мыйзамдуу иштеп жатабы?! Жок! Азыр бизде эл үчүн иштеген бир да бийлик бутагы жок. Бизге күчтүү, акылы ордунда, башы менен жер казып иштеген, экономикабызды көтөрө турган мамлекеттик ишмерлер керек. Башкы максат - бийликти көтөрүп чабуу эмес, бийликтин жасап жаткан ыплас иштеринен элди, жерди сактап калуу. Бийликти алмаштырып, жаңы күчтөрдү алып келүү керек. "Акаевди кетирсек эле баарын жыргатабыз"- дегендер азыр элди Акаевдин учурундагыдан да жаман баткакка батырып салышты. Бийликтегилер "эркин мамлекетпиз"-деп кайталагандан тажашпайт. Кыргыз мамлекети эркин эмес, коңшу мамлекеттерге чөгөлөгөн, эң кедей, көз каранды мамлекет экенин ким тана алат? 550000 кыргыз жарандары Россияда иштеп жүрүшөт. Алар Кыргызстанга жылына 1 миллиард доллардан ашык акча жиберишет. Андан сырткары, канчалаган кыргыздар чет өлкөлүктөргө малай болуп, жан багып жүрүшөт. Ошону көрүп туруп, анан кантип "эркин мамлекетпиз"-деп мактана алабыз? Ошол себептен, кыргыз элине чындап эркиндикти алып келе турган, экономикабызды көтөрө турган кадрлар керек. Кален Сыдыкова: Бүгүнкү күндө коррупцияга, паракорлукка жол салып, ал тургай өздөрү белчесинен батып жаткан чиновниктерди кызматтарынан токтоосуз кетирет элем. Аларды экинчи мамлекеттик кызматка жолотмок эмесмин. Бийликте иши таза эмес адамдар иштеп турганда, өлкөбүздүн абалы алдыга жылууга, өнүгүүгө мүмкүн эмес. Тилекке каршы андай чиновниктер жогорку жана ортоңку звенолордо толтура. Азимбек Бекназаров: Менде бийлик болсо азыркы бийликти түп-тамыры менен алмаштырмакмын. Бийликке өзүм эле эмес, командам менен келмекмин. Таза, ак иштей турган кадрларды тандамакмын. Бийликке бир гана оппозиция мүчөлөрүн эле эмес, бийликте жүргөн менен,билимдүү, күчтүү кадрлар бар, ошолорду алып чыкмакмын. Азыр билимдүү, таза, ак иштеген кадрлардын баары басылып калды. Мен ошолорго жардам бермекмин. Турсунбек Акун: Мен бийликти да, оппозицияны да калыс карайм. Бийликте турган чиновниктерибиздин көңүл оорутарлык иштери көп. Бирок, менин кызматым ошол, жакшы менен да, жаман менен да иштешишим керек. Канчалык кемчилигин, катачылыгын көрүп турсам да, күлө карап, кучакташып сүйлөшөм. Менин милдетим- акыйкат болуу. Мен бирөө менен дос же душман болбошум керек. Айла жок иштешип, аралашып эле жүрөбүз. Айла жок, эмне кылайын? Айла жок. Ред. "Айля-вю" Турсунбек Мырза! Саламат Садыкова: "Тигини алмакмын же муну жоготмокмун"- деген туура эмес го. Бирок, ошондой болсо эң биринчи, чиновниктердин арасында тазалыкты, адилеттикти, калыстыкты орнотмокмун. Маданиятыбыздын деңгээлин көтөрмөкмүн. Азыр бизде маданият деген артта калды. Баары эле бийликти карашат. Бүгүнкү чиновниктер адам экенин унутуп калышты.Көзү менен денесин май басып калды. Айрыкча, акыркы он жыл ичиндеги жетекчилер, өздөрүн өлбөчүдөй сезишет окшойт. Бийлик үнүбүздү укпайт. Биринчи кезекте мен ушундай ыплас иштерди жок кылмакмын. Айсулуу ЭСЕН кызы, "Ачык саясат" Парламентке "табак тартабыз" АМАН ЭЛЕ БОЛ, "АК ЖОЛ" же президенттин "көсөмдүгүнүн" далилдери Жакында КТРдин "Ала Тоо" программасы салык Кодексинин кезектеги ашмалтайларынын дагы бирин эркин экономикалык аймактардын ишин муунтуп баштагандыгын шардана кылды. Президент бир кезде өкмөт башчылыкка кулагынан тартып чыгып, бирок кашайып ишти тарталбай койгондуктан "башка ишке өткөн" Азимбек Исабеков азыр Бишкек эркин экономикалык аймагынын(ЭЭА) башчысы катары Кодекстин чийки экендигин, жакын арада 2-3 миң жумушчу кыскарып, мамлекеттик казына бир нече миллион сом кирешесиз калаарын Жогорку Кеңеште безилдеди. Анын айтымында, ЭЭА жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алынган, алар ошол мыйзам менен гана иштеши керек. Бирок ,жаңы Кодекс ал мыйзамды тебелеп-тепсеп таштаган. Кодекстин бул катасын президент К.Бакиев жергиликтүү журналисттер менен 11-февралда өткөн жолугушуусунда өзү да моюнга алды: "…Бирок мен ойлойм, анча-мынча кемчиликтер өтүп кетти бул жерде… Бир жерден мына мен… сразы эле көзгө көрүнө турган бир кемчилик чыгып калды, бул мына СЭЗ боюнча.СЭЗ боюнча өзүнүн мыйзамы бар.СЭЗдин аймагында иштеп аткан өнөр жай, ишкерлердин бардыгы ушул закондун негизинде иштеш керек. А Кодеске жазылып калган башкача.Бул жерде мен ойлойм, туура, кемчилик кетти." (Стенографиялык отчет боюнча- ред.) Бирок, президенттин чындыкка аягына чейин тике карай албагандыгы таң калычтуу.Салык Кодексинин мындай каталарын тез аранын ичинде кайра оңдоп чыксын дегендин ордуна минтип жатпайбы: "Бирок, жок дегенде бир квартал иштеш керек да… Бир квартал иштеп, жыйынтыкты көрүп, кай жерде провал болду, эмне себептен ошондой төмөндөп кетти,кай жерде туура эмес болуп калыптыр,иштеп- иштебей эле бир ай өттү… Ошондуктан мен ойлойм, муну ызы-чуу кылбай эле бир квартал жок дегенде, бир квартал иштеп, андан кийин анализ кылып, анан толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.Бирок мен ойлойм, буга дагы убакыт бар, мен ойлойм, муну караш керек…" (Стенографиялык отчеттон.) Салык Кодекси боюнча буга чейин нааразылыктарын кийим тигүү цехтеринин кызматкерлери,айыл жана чакан шаарлардагы сауна ээлери, патент менен иштеп жатышкан ишкерлер, оюн-зоок жайларынын кожоюндары айтышкан. "Ак жолчулар" аларга таратылган кандай гана документ, мыйзам, токтом, чечим болобу- тартылган табактай сезишет окшойт: талкууламыш этип, кагаздарга үңүлгөн болушат, эски депутаттардан бир-экөөсү кайчы пикир айтышса, алардын "оозун Ошту караткыдай" бир-эки реплика айтылат, анан Айтибай акасинин жол башчылыгында жапырт кол көтөрүп, кабыл алып жиберишет. Салык Кодекси ушундай чийки мыйзамдардын жападан жалгыз үлгүсү эмес. "Ак жолчу" парламент 2008-жылы "КРда телерадио берүүлөр жөнүндө" мыйзамды да кабыл алышкан. Кызыктуусу-ошол мыйзамды иштеп чыккандардын бири да теле радио эмне экендигин жакындан билбеген "ак жолчулар". Ветврачтар адамдарга операция жасагандай эле кеп болуп жатат. Же, ал мыйзам жазылып бүттү болуп, долбоор кезинде тийиштүү мекемелерге, адистерге, эксперттерге жөнөтүлүп койсочу? Анан, ошол мыйзам "ураа-ураа" менен жарык дүйнөгө келгенден 2-3 ай өтүп-өтпөй оңдоп-түзөтүүлөргө туш болду. ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов баш болгон депутаттар аргасы жок ал мыйзамдын дээрлик бүт беренелерин кайра карап, оңдоп чыгууга мажбур болушту. "Ак жолчулар" жакында коргоо министрлигинин сунушу боюнча "КРнын жарандарынын жалпыга милдеттүү аскердик милдеттери,аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндөгү" мыйзамды кабыл алгандыгы да кооптонууларды жарата баштады. Бул мыйзамда коргоо министрлигинин куралдуу күчтөрүн коомдук тартипти сактоодо укук коргоо органдарына жардам көрсөтүү үчүн пайдаланса боло тургандыгы жөнүндө норма киргизилген.Бул КРнын Баш мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна каршы келет. Анда "КРнын Куралдуу Күчтөрүн мамлекет ичиндеги саясий маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат" деп жазылган. 70 "ак жолчунун" ичинде Баш мыйзамды бир-эки жолу көз жүгүртүп койгону жок экен да, тобоо? Ошентип, өз элинин эркиндиктери менен укуктарын тебелеп, тынч мүнөздө өтүүчү демонстрация, митинг, жүрүштөргө аскер күчтөрүн аралаштырып, шарты келсе ок менен коркутуп-үркүтүп бейпил турмуш кургусу келет окшойт, бийликтин. "Ак жолчулардын" кай жоругун айтып жан кейители. "Депутат болдук" дешип эдиреңдеп барышкан алгачкы мезгилде кайсынысы кабинет, кайсынысы жыйын залы экенин билбеген "ак жолчулар" басма сөз жыйыны өтө турган залга кирип алышкан жоруктарын бизден башка гезиттердин бардыгы жазып чыгышкан. "Мыйзам жазат" деген депутаттар компьютер менен добуш бере алышпай, ишти иритип жатканда ошондогу спикер Мадумаров баарын жекирип, окуучуларча кол көтөртүп добуш бердирткени өзүнчө "хохма." Анан ушундай "сабаттуу" депутаттардан өлкө президенти, ал кол койгондон кийин шайлоо укуктарын ооздорунан жулдуруп отуруп калган шордуу кыргыз эли "сабаттуу", 2-3 айда кайра жазууга туура келе турган мыйзамдарды алып, кайра-кайра оңдоо киргизип отура берет да. …Адамдын купулуна толбогон, эптеп эле ысык жаны бар шөмтүрөп-сөлдүрөгөн бирөө бир ишти жөндөп бүтүрө албаса кутман карыларыбыз жазасын "Кудай өзү берсин" дегенчелик кылып "аман эле бол" деп коюшат. Анын сыңарындай, бир эле күндө пайда боло калган "Ак жол" деген "жел козу партия" шайлоочулардан эмес, принципсиз Борбордук шайлоо комиссиясынан "жел козу" "добуштарга" ээ боло калып, анан парламентте өздөрүнө окшогон "жел козу" мыйзамдарды жамыратып, мына эми, "үзүрүн" ишкерлер, чакан жана орто бизнес катмары, коом, жалпы эл "көрүп жатат". "Ак жолчулардын" залакасы минтип элге, өндүрүшкө, чарба иштерине тийбей, аны бир күндө "төрөтүп салган" атасы менен апасынын өз кара баштарына эле көрүнсө болот эле. Машакбай РАХМАНКУЛОВ, "Ачык саясат" |