Т а г д ы р

Кыргызга кандай Байдылда керек?
"Ачык саясат" гезитинин редактору
Бабырбек Жээнбековго

Байдылда Сарногоевдин үй бүлөсүнөн

КАТ

Урматтуу Бабырбек мырза!

Сиздин гезитиңизге акын Анатай Өмүркановдун "Байдыкем жөнүндө кыскача баян" же "салам сага Сарногойдун коргону" макаласы көптөн бери жарыяланып келет. Аталган баянында автор Байдылда Сарногоев тууралуу туура эмес маалыматтарга жол берип, биздин үй бүлөгө моралдык зыян алып келүүдө.
Анатай Өмүркановдун биздин атабыз тууралуу жазып жатканы күтүлгөн эле иш болчу. Биздин үйгө келип-кетип жүргөнүндө ал максатын айткан, ишеним артып макул болгонбуз. Болгону, жазылып бүткөндө бир каратып коюну суранганбыз, айтканына туруп, жазганын таштап кеткен. Биз окуп чыгып, айрым жерлерине оңдоо-түздөө киргизип, аягына кол коюп, алып кетишин күтүп калганбыз. Ал же кайрылып келбей, же жарыялаганы жатам деп билдирбей туруп, сиздердин гезитке өз вариантын чыгарып жиберди. Башы жакшы жазылганы менен, кийинки уландыларында өзү каршылашып калган акындарды биздин атабыздын атына жамынып жамандап жиберген. Нааразыланган апабыз телефон чалып: "Иним, туура эмес жазып жатасың, үйгө келип кетчи. Биз оңдоп койгон вариантты алып кетчи" десе, "Макаланы чыгарбайм" деп убада берген. Чыныгы сөз баккан адам болсо, мындай жорукка барбашы керек эле да. Айласын табар деп, Бабырбек мырза, сизге билдирсек, "Таласта жүрөм, макул, сүйлөшөм" дегенсиз. Бирок ал сүйлөшүүдөн кийин дагы эле чыгып жатат.
Бабырбек мырза! Макаласы менен үй бүлө намысын, укугун тебелеп жаткан автор менен бир айылдан экениңизди жакшы билебиз. Бирок, "Кол ийрисине тартат" мамиле менен башка баалуулуктарды жокко чыгарып койгон болбойт го . Адам катары биздин арызыбызга кулак салып коюңуз: биздин атабызды билип-билбей жаза бергениңер адамгерчиликке жатпайт. "Көзү өткөн адамдын коргоп алары жок" деген ниетте болсоңуздар, чоң жаңылышасыздар. Жайында тынч жатсын. Атабызды үй бүлөсү билгендей эч ким билбейт, биле да албайт. Андыктан, мындан ары чынынан жалганы көп макаланын жарыяланышына каршы экенибизди билдиребиз.
Бабырбек мырза! Жогорку жазылган суроо-талаптарга жооп берүүңүздү өтүнөбүз.


Өткөн жуманын этегинде айтылуу акыныбыз Байдылда Сарногоевдин байбичеси Зина жеңебиз кызы Карлыгачты ээрчитип алып редакцияга келишиптир. Максаттары бирөө - биздин "Ачык саясатка" сандан-санга жарыяланып келаткан Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүркановдун "Байдыкем жөнүндө кыскача баян же салам сага Сарногойдун коргону" аттуу эссесин (мен ал чыгарманы ошондой кабылдагам) гезит бетине басууну мындан ары токтотуу экен.
Бул чыгарма бир топтон бери үзүндү-үзүндү боолуп жарыяланып, Байдыкебиздин өмүр баяны, атуулдук ар-намысты козгогон, азыркы күнгө чейин ышкыңды ойготуп, ооздон-оозго өтүп, жүрөктөн-жүрөккө жеткен ырлары жөнүндө акындык өзгөчө бир эргүү менен жазылган чыгарма катары бааланып, көптөгөн окурмандарыбызга алына баштаган.
Анан эле, 17-январь күнү кечке жуук, мен Таласта иш менен жүргөнүмдө Зина жеңебиз телефон шыңгыратып, бул чыгарманын ушул турушунда элге жетүүсүнө каршы болуп, гезит бетине басуубузду токтотууну суранган. Мен иштин чоо-жайын түшүнбөгөндүктөн жана ошол убакта сот залында отургандыктан Бишкекке кайтып келген соң маселени чечүүгө, эгерде ыңгайсыз жагдайларды жаратуучу жерлери болсо гезитке басууну токтотууга сөз бергем.
Келерим менен биринчи кезекте "... Сарногойдун коргонун" дагы бир ирет окуп чыктым. Бирок, кабатыр боло турган "туура эмес нерселерин" таппадым. Тескерисинче, акын акын жөнүндө агынан жарылып, керек болсо учурунда "төөбастыга" да алынган айтылуу "Ак калпак" жыйнагы тууралуу өзгөлөрдөн өзгөчөлөнгөн, Байдыкемдин акындык баатырдыгын даңазалаган астейдил көз карашына, чынымды айтсам, ыраазы да болдум. Ошол себептен "Байдыкем жөнүндө... баян"... окурмандарга кетип да, жетип да жаткан. Анан эле Зина жеңем менен Карлыгач карындашымдын редакцияга келиши, жогорудагы кат...
Жеңем да, карындашым да "баянды" "макала" деп алышыптыр. Андай болсо, албетте, автор кетирген так эместиктери, "Байдылда Сарногоев тууралуу туура эмес маалыматтарга жол берип, (анын) үй-бүлөсүнө моралдык зыян" алып келгендиги, "өзү каршылашып калган акындарды" Байдыкебиздин "атына жамынып жамандап жибергендиги", "үй-бүлө намысын, укугун тебелеп" жаткандыгы үчүн мыйзам алдында да, эл алдында да, адамкерчилик алдында да жооп берүүгө тийиш.
А эгерде акын Анатай Өмүркановдун бул туундусу көркөм чыгарма болсочу? Анын жөн эле гезиттик "макала" эместигин баарыбыз эле көрүп турбайбызбы. Анда, башка бирөөнүн автордук укугун бузуп, анын көркөм чыгармасына "оңдоо-түздөө" киргизүүгө биздин укугубуз барбы? Түзүк, бул окуяда автор өзү дагы "Байдыкем жөнүндө баянды" анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карап чыгууга бергендигин танбайт. Бирок, ал автордук укугун берген жок да. Ошондуктан, "сен мындай жазбай, тигиндей жаз" деп автордун эркин бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына бурууга болобу?
Мынча болду, Зина жеңебиз менен Карлыгач карындашыбыз келип кеткенден кийин автор менен болгон териштирүүнүн жөн жайын окурмандардын деле билип койгону оң.
А. Өмүрканов ишке келээри менен катты окутуп:
- Оңдоо-түзөө киргизип, аягына кол койгон айрым жерлери эмне жөнүндө эле? Жеңебиз менен карындашыбыз таарынычын билдирип келип кетишти го? - десем,
- Ооба, - деп мойнуна алды автор. - Ортобузда сөз болгону ырас. Зина жеңем мага "Байдылданы көчөдөгү эле алкаш кылып коюпсуң?" - деди. Тамашага чалып: "народный акын аталбай, народный алкаш атандым" - деп Байдыкем өзү жазып жатпайбы" - десем ал катуулап кетти. "Жанагы Алтынга (үчүнчү аялы жөнүндө сөз болуп жатат) арналган бөлүмдү алып сал. Мен чийип, кыскартып койдум - деди. "Байдыкем ал аялды алганын ага кызыккан элдин баары эле билет да" - десем, "Билбейт. Ошол бөлүмдү кыскартып койдум. Чыгармаңды алып кет"- деди жеңем. Бирок, мен кол жазмамды Зина жеңемден алган жокмун. Менде ксерокөчүрмөсү бар. Алтын жеңебиз жөнүндө Зина жеңебиздин айткандары менин диктофонумда толук жазылуу. Өзүм билемдик кылып бир да штрих, бир да эпизод кошконум жок.
А. Өмүркановдун айтуусу боюнча деле, чыгарманы окуп чыккан менин жеке пикирим боюнча да Байдыкемдин татыктуу өмүр жолундагы бул ирмемдер "туура эмес маалыматка" айланып, "үй-бүлө намысын, укугун тебелоеп", "моралдык зыян" алып келбейт. Мыйзам боюнча, моралдык зыян чындыкка шайкеш келбеген маалыматтарды таратуудан улам келтирилет.
Байдыкебиздин байбичеси менен кызынын айткандарын туура көрсөк, аны дүкөндөрдөгү "манекендей" жасап-түзөп, төргө өткөрүшүбүз керек окшойт. Бирок, Байдыкең өзү ошондой "төргө" макул болуп отуруп береби?
Себеби, "Байдылданын батальонунун" бир топ "ардактуу жоокерлери", анын ичинде Төлөгөн Мамеев агабыз баш болуп, арабызда эле жүрбөйбү. "Байдылданын таш коргонун" айланчыктап, ал киши менен бир стакан шарап кагышып ичкенди "бакыт" деп сезген менин канчалаган курсташтарым жүрүшөт көздөрүн жылтыратып, прокурор, сот болуп.
Кыргыз кыргыз болуп турганда, анын жүрөгүнүн төрүндө отуруучу Сарногоевге жасалма "төр" керекпи?
Дагы бир маанилүү жагдай - Байдылда Сарногоевдин турмуш жолунан Алтын жеңебизди чийип салууга кимдин укугу, кимдин акысы бар?
Байбичеси Зина жеңебиздинби?
Кызы Карлыгач карындашыбыздынбы?
Уулу Баяс инибиздинби?
Жадагалса, бир кезде кыргыздын таланттуу, чыгаан уулдарынан түзүлгөн "батальонго" командир кылып өзү дайындаган тагдырың да, турмушуң да бүгүн "жамансары" акынды өз бетинен чийип салууга алсыз болуп калбадыбы.
Кыргыздын алп акыны Алыкул Осмонов бекеринен "Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм" деп агынан жарылып, орустун улуу акыны Сергей Есенин жөн жеринен "менин өмүр баяным-ырларымда" деп "кабактарды" чаңдатып жүрбөсө керек. "Ичет"-десе орустар Есенинди баалабай койбойт беле? Тескерисинче, ал жөнүндө кайра-кайра сериялуу кинолорду тартып жатышпайбы.
Же, "Айтматовдун айымдары" дегенден улуу Чыкебиздин абройу пастай түштүбү?
Андай болсо, кечээки алп акыныбыз Байдылда Сарногоевди периште кылып көрсөтүп тарыхты да, өзүбүздү да алдоонун, бурмалоонун кажети барбы? Андан ким, кантип утат? "Бизге тирүүсүндө кандай күйүп, кандай жүргөн Байдылда болсо, так ошондой Байдылданы бергиле. Бизге жасалма эмес, тирүү Байдылда керек" - дегендерге эмне деп айтабыз?
Бүгүн биз акын Анатай Өмүркановдун акын Байдылда Сарногоев жөнүндөгү омоктуу ой-толгоолорун гезит бетине жарыя кылууну маркумдун эң жакын адамдарынын талабы боюнча токтотууга мажбурбуз. "Кол ийрисине тарткандай" болбосун.
Бирок, эртең Өмүркановдукунан башка өңүттө, башка максатта дагы бир чыгарма жаралса Зина жеңебиз менен Карлыгач карындашыбыз кантишээр экен? Ага дагы "оңдоо-түзөө киргизебиз" дешеби?
Бабырбек Жээнбеков




Аял, аял

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Үйдүн куту, апакеси балаңдын.

"Жаман" - дебей, "жакшы" дедим баарысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката
Кекээрлебей, кечирип кой анысын.

Аял, аял..., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеткен назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Өлүм парз го, өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

"Сопу" болдум карганда

Кой кайтарып көп жүрүп,
Кой жыттандым бир кезде.
Уй кайтарып көп жүрдүм,
Уй жыттанып бир кезде.
Арак ичип акшыңдап,
Уу жыттандым бир кезде.

Уй да, кой да жыттанган,
Урмат экен, барк экен.
Арак, вино жыттанган,
Адамдардын арты экен.
Бир күн оору, бир күн соо
Бүтүн эмес, жарты экен.

"Ак молдонун" айынан,
Аңгек, жарга такалдым.
Көрбөй жарык дүйнөнү
Көздүү туруп кашайдым.
Элдик акын атанбай
"Элдик алкаш" атандым.

Көп ырымды гүлдөтчү
Көп жылдарым кур кетти.
Түз жолумдан адашып,
Тумшугума суу жетти.
"Эсиңе кел, Баке" - деп
Эми турмуш үйрөттү.

Өмүр өтүп арманда...
Окшоп жүрүп айбанга,
"Соолуктурчу жайым" жок
Сопу болдум карганда.
Таазим кылып жүрөмүн
Таттуу тамак, айранга.