Соттор менен эксперттер
эсимди оодарды
Бишкектин четиндеги Чоң-Арык шаарчасынын Кожобергенов көчөсүндөгү № 149-үйдө жашаган апам Р.Чыналиева 1919-ж. туулган. Ушул эле көчөдө жанаша үйдө жашаган уулу мага 15-август 2005-жылы өз ыктыяры менен үйүн нотариус аркылуу "дарение" -белек кылып өткөзүп берген. Ошондон көп өтпөй бир тууган карындаштарым К.Эркинбаева-Чоң-Арык шаарчасынын Ынтымак айылынан, А.Байсабаева-Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынан, К.Базаркулова- Бишкектин Арча-Бешик айылынан -Бишкектин Ленин райондук сотуна "дарениени" жок кылыш үчүн "апабыз акыл-эсинен кеткен, өзүнө жооп бере албайт" деп судья Албановага арызданышат. Аны угуп, мен каршы - "встречный" арыз жазсам, судья Албанова аны албай, жарандык укугумду тебеледи.Үй ээси апамды сотко чакырбай туруп эле психиатриялык экспертизага жиберет. Апам психический оору менен ооруган эмес. Учетто жок. Биринчи СПЭ (судебно-психиатрическая экспертиза-ред.) 2.09.05. өттү. Л.Е.Шестакова башында туруп, Г.Д.Абдиева, К.А. Эрмегалиев экспертиза өткөрүштү. Сопсоо, акыл-эсинде турган апамды "недееспособная" деп корутунду чыгарышты. Ушунун негизинде сот апамды сотко киргизбей туруп, тетири чечим чыгарган. 7-декабрь 2005-жылы К.А.Доспаева башында турган И.В.Горшковская, Ж.К.Калыбекова курамына кирген шаар соту да апамды сотко киргизбей коюшту да, алдыңкыларды негиз кылып, тетири чечим чыгарды. Чыркырап Жогорку Сотко арыздансам, ал жакта Л.В.Гутниченко, С.М.Крицкой, Д.С.Кульматовалар да тетири чечим чыгарышты.
Аргам түгөнүп, 2005-жылы декабрь айында апамдын суроосу боюнча КТРдин "Адилет" программасын чакырып, апамды телеге тарттырдык. Бул видеотасмада апам акыл-эси менен эле журналисттин үйдү белекке берүү, турмуш-тиричилик, ж.б. суроолоруна туура жооп берген.
Ошентип, кассеталарымды көтөрүп алып, "жаңы ачылган жагдай" деп Ленин райондук сотуна экинчи жолу кайрылдым. Судья Курманова 2006-жылы 26-сентябрда сот учурунда кассетаны койдурду, көрдү, бирок мурдагы чечимдерди эске алдыбы, тетири чечим чыгарып койду. Шаар соту да, Жогорку Сот да мурдагылардын негизинде туура эмес чечим чыгарышты. Апам болсо 2006-жылы 4-февралда бир да сотко катышпай, өз пикирин айталбай жүрүп кайтыш болуп кетти.
Кийин жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп Ленин райондук сотунан судья Мельникова ишти 3-жолу карап, ал да кассетаны көргөн жок, бирок ал психиатрларга төмөнкү суроо менен жолдомо жиберди: "В момент завещание была ли она недееспособной?" Буга психиатрическийдин 9.10.2008-ж. берген жообу төмөнкүдөй: "биз завещаниенин алдында экспертиза жүргүзгөнбүз, ал недееспособная болчу." Психиатриялык биринчи экспертиза 2005-жылдын 9-сентябрында өтсө, булар каяктан жүрүп 2005-жылдын июль айында экспертиза өткөрүшөт? Апам өлөр-өлгөнчө менин колумда жүрсө, булар менин кайсы апама, каяктан экспертиза өткөрүшөт? Же апамдын көлөкөсүнө экспертиза дайындашкан? Күйүп кетесиң да! Мына, биздин сот системабыздын, психиатриялык системабыздын иштеши! Мына, биздин бүтүндөй системабыздын абалы? Тың чыкма саясатчыларды, дипломаттарды, чекисттерди, адвокаттарды, укук коргоочуларды эмне үчүн эле псих ооруканаларга жаткыра салышат десе, көрсө ал жакта жалган ооруга чалдыктырып коюш иттей оңой тура. Ал эми бир жазылган документти оңош өтө кыйын экен.
Таң калычтуусу-үйдү белекке берүү боюнча психиатрическийдин акыркы экспертизасында лингвисттердин ичинен 7 киши акыл-эсинде десе, 3 киши "особое мнение" деп каршы чыккан. Ошентип 7 кишинин калыс пикирине түкүрүп коюшуп, 3 кишиники боюнча "недееспособная" деп чечим чыгарып салышты.
Мен соттор менен психиатрлардын мурдагы былык-чылыктарын сөз кылбайын. Дарение боюнча 7 киши акыл-эсинде, 3 киши недееспособная дегени боюнча Минздрав териштирип бере алабы? Мына, кассета менде турат. Эң негизгиси, ушул суроого психиатрическийден өткөзгөн эксперттер менен судьялар жооп берсинчи.
Ч.К.ЧЫНАЛИЕВ
Бишкек шаары, Чоң-Арык шаарчасы

Редакциядан:
Там талашуу бир туугандардын ортосунда жүрүп жаткан соң, кайчы пикирлерди жарыялоо эрежесине ылайык, Ч.Чыналиевдин карындаштарынын пикирлерин да жарыялоого даярбыз. Балким, соттук териштирүү адилеттикти аныктай албай жатса, "Ачык саясаттын" ортомчулугу бир туугандарды бир ынтымакка алып келээр.




Кыргыз Республикасынын
1-вице-премьер министри,
"Риом-авто" жоопкерчилиги чектелген коомунун
уюштуруучусу
Бабанов Өмүрбек мырзага.
Урматтуу
Өмүрбек иним!
2008-жылдын 22-декабрынын түнүндө сизге караштуу "Риом-авто" базарында (мурдагы "Азамат" автобазары) менин "Хондай-Соната", мамлекеттик номери B 29 49 I, автомашинам күйүп, эч нерсеге жарабай калды.
Ал машинаны мага 2008-жылдын июнь айында Түштүк Кореяда иштеп жүргөн кызым жөнөткөм.
21-декабрь күнү сатайын деген ой менен машинаны "Риом-авто" базарына менин тапшырмам менен уулум айдап барып киргизген. Карабасып, уулумдун токтотуучу жайга акчасы болбой, кароолчулардан дүмүрчөк албай, акчаны эртең менен бермей болуп, машинанын ачкычын кароолчу Калдарга таштап кетиптир. Токтотуучу жайга машинаны Калдар менен Данияр айдап киргизишкен экен.
22-декабрь күнү эртең менен уулум Жумабай машина базарга келсе менин машинамдын сөлөкөтү эле калыптыр. Ошондон бери өзүңө жолуга албайм. Жакындан бери 1-вице-премьер болуп, өкмөткө отуруп калдың. Жолугууга мүмкүн болбогондон кийин өтүнүчүмдү "Ачык саясат" гезити аркылуу билдирип коёюн деп чечтим.
Азыркы күндө фирмаңдын директору Мирлан Жээнчороев деген жээниң деп угам. Аның бизди жанына жолотчудай эмес, машинамдын акчасын төлөп бермек тургай.
Ошол себептен өзүңө кайрылууга аргасыз болдум. Колумда соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун адиси чыгарып берген № 16267/15- корутунду бар. Анда "на момент пожара задняя левая дверь автомобиля была открыта, пожар происходил при активном газообмене на открытой площадке, был поздно обнаружен, пожаротушение происходило на последней стадии пожара"-деп жазылыптыр. Башкача айтканда, машинаны ачып, ичинде эмне кылып отурганы белгисиз кароолчулар ал күйүп бүткүчө кайда, эмнени карап жүргөнү белгисиз.
"Ачык саясаттын" 10-февралдагы санында жээниңиз М. Жээнчороев маек куруп, баламды "биздеги эрежелерди бузуп, талон албастан машинасын таштап кеткен". "Машинасын автобазарга кандайдыр бир башка жолдор менен киргизген. Эмне болуп, кантип киргизгенин биз билген жокпуз"- деп жанын жептир.
"Башка жолдор" менен киргидей машина учак эмес да. Талон алынбай, ошол түнкү туруу акысы төлөнбөгөнү менен, машинанын ачкычы кароолчу Калдарда болуп, эксперттин корутундусу боюнча анын арткы сол эшиги ачылып калып жатпайбы. Жээнчороев жээниңиз андан көрө ошонун "кандай жолдор менен" ачылып калганын иликтесе болмок экен. Же "талону жок, таштап кеткен машинаны ачып, ичине даң сала берсе болот"- деп кароолчуларына уруксат бергенби?
Кандай болгон күндө да, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин талабынын негизинде түнкү күзөттө туруп, менин машинамды "канабайрам" кылган кароолчулар үчүн "Риом-авто" жоопкерчилиги чектелген коому жооп берерин жээниң Жээнчороевге эскертип койсоң. Антпесең, аның сот алдына баргандан деле таюу тартчудай эмес. Же, сотторду сатып аларына ишенип отурабы? Өзүң териштирип көрчү. Талас элине жаманаттысы Жээнчороевге эмес, сага эле тиет.

Урматтуу
Өмүрбек мырза!
Машинам 1995-жылы чыгарылган. Кореядан келгенине 6 эле ай болгон. Илгери үмүт менен 5 миң долларга сатсамбы деп сенин базарыңа киргизгем, кароолчуларың ушинтип "же иттен жок, же ит байлаган жиптен жок" кылып, мени Бишкекте сандалтып койду.
Ушул ишти тезирээк карап, менин кайрылуумду оң жагына чечип берет го деген үмүт менен таластык тууганың,
Манас Кабылбеков
Бакай-Ата району,
Өзгөрүш айылы.





Жалал-Абад областтык ИИБнын начальниги, милициянын генерал-майору К.А.Киязовго

"Ачык саясат" газетасынын башкы редактору Б.Жээнбековго
КУУДУЛ ЖОГОЛДУ, КӨРДҮҢӨРБҮ?
2008-жылдын июль-сентябрь айларында пародист Жаныбек Аттокуров менен гастролубузду Жалал-Абаддан баштап, Өзгөн, Кара-Кулжада уланттык.Мен администратор элем. Ж.Аттокуров "эртең эле кутулам" деп ишенимиме кирип, 5800 сомумду,"машинамды ремонттон чыгарып алайын" деп 2 алтын шакегимди күрөөканага коюп 5 миң сом, бардыгы 10800 сом акчамды алдап алып, ушул күнгө чейин бербей жүрөт. Мындан тышкары, биз менен чогуу иштеген Кундуз Эрматованын 5500 сомдук италиялык алтын чынжырчасын алган. Угушубузга караганда, аны базарга алпарып, 3300 сомго сатып жибериптир. Бизде ырдап жүргөн ырчы кызыбыз Гүлиса Бекболотовадан 2440 сом, дагы бир ырчыбыз Элиза Алымкуловадан 2000 сом алдап алып бербей коюптур.Ал ошондой эле Ош, Өзгөн маршртуттарында каттаган таксисттер: какырлык Камчыбектен 600 сом, мырзакелик Тобокелден 500 сом, өзгөндүк Таалайбектен 900 сом, оштук Аман деген музыканттан 2500 сом, ОшМУнун медицина факультетинде окуган, кызыл-кыялык Динара Туубатовадан 5000 сомун алдап алып, качып жүрүптүр.
Жалал-Абад шаарынын Красин көчөсүнүн №4 үйүнүн тургуну Каримжан Раджаповдун Д 07-01 А номерлүү РАФ автомашинасын 25 миң сомго баалап, 5000 сомун берип, "калган 20 миңин бир жумадан кийин берем" деп, алты айдан бери изин жашырып жүрүптүр. Бакыт Турсункулов деген инсандан да 12000 сом алып бербей коюптур.
Тизмени узарта берсек болот эле, бирок гезит окурмандардын өздөрүнө да мүмкүнчүлүк берели. Себеби, угушубузча, Жаныбек Аттокуров алдабаган Кыргызстанда белгилүү инсандар калбаптыр. "Милицияга арыз берем" десем, "алардын колунан эч нерсе келбейт, алар менин коллегаларым, өздөрү ортодо жеп коюшат. Мен мурда Молдомуса Конгантиевдин шоферу болуп иштегем,Муса акенин атын укканда эле милийсаларың с… коюшат" деди. Кимде ким Жаныбек Аттокуров менен иштешүүнү ойлонуштурган болсо, этият болушса. Мынча акчаны эмне кылып жатат десек, бул эргулуң бир жумада Оштогу бир казиного эле 49000 сом уттуруп жибериптир.
К.Эргешбаева,
Д.Туубатова
К.Эрматова,
Э.Алымкулова
К.Раджапов
Ош шаары