К.Исаев менен С.Эшалиевде канчадан жумуртка бар
ЖУРТТУ "ЖУМУРТКА БИЙЛИК" БУЗДУ
Сиздердин газетанын №9-санына жарыяланган Т.Усубалиев баш болгон 23 аксакалыбыздын президент К.Бакиевге жолдогон Кайрылуусун окуган кыргыз жарандарынын бирөөсү ыраазы болсо, кээ бирөөлөрү "атаганат, дагы жеткиликтүү айтылбай калыптыр" деген ар кандай ойлор айтылууда. Элибизде калыс карылар бар экендигине маңдай жарыла кубангың келет.
Азыркы бийликтегилер арасында бир орундан экинчи орунга көтөрүлүш үчүн намысын саткан, президенттин айланасында түлкүдөй жойлоп, колтугуна киргендер көп. Алар элди экиге бөлүп, эки тарапты бири-бирине тукуруп, саясий абалды өтө курчутушту. Бакиевге жагып, отурган креслосунан айрылып калбаштын улам жаңы амалын издеп таап жатышат. Бийликти курч сындап, баш көтөрүп келаткан кыргыздын колу таза, ниеттери ак жигиттерине биринин артынан бирине кылмыш иш козготуп, жетишип калганын каматып, жетишпей калгандарын өлкөдөн кууп жатат. Ал эле эмес, кыргыз калкынын урмат-сыйына ээ болгон жигиттерибиздин баскан-турганына чейин чектөө коюшуп, өздөрү коңулда котур таштын көлөкөсүндө Бакиевди жаманатты кылып, күлүп жүрүшөт.
Андайлар өлкөнүн азыркы абалын, элдин ахыбалын ойлошкон жок. Күн санап өсүп жаткан кымбатчылык, өзгөчө айылдардагы жарыктын эпсиз өчүрүлүшү, энергиянын өз баасынан бир топ кымбаттыгы-айтор өлкөдөгү сан жеткис кыйынчылыктардын баарына жеке К.Бакиев өзү күнөөлүү эмес, керек болсо ал билбейт. Мунун баарысын кылып, кыл жип менен бууп, өлкөдөгү саясий абалды курчутуп, бычак мизине алып келген- президенттин айлана-чөйрөсүндө жүргөндөр. Оппозиция менен бийлик ажырым тартып турганда оппозиция тарапты эле жарга такабай, бийлик тараптагылар да кандай иш менен алек болуп жатканын иликтеп, бийлик өкүлдөрүн да, өзгөчө бөйрөктөн шыйрак чыгаргандарды, бозо саткан мас катындарга жумуртка берип ураалаткан, креслосун жумуртка менен сактайм дегендерди жоопко тартыш керек. Кыргыз элинин намысына доо кетирген, жумуртка менен куралданган түптүк, таластык "эрлерди" жоопко тартыш керек эле. Алар уялбай-этпей кайсыл беттери менен эл аралап жүрүшөт? Булар күндөрдүн бир күнүндө жумурткага, тукумга зар болоор. Жумуртка -азык, баалуу тамак. Жумуртка - урук, тукум билгенге. Жумуртка менен адамдарды урдурткандардын урук-тукумуна доо, запкы кетип, кесири тийбес бекен? Ушундайлар азыркы бийликти "жумуртка" атка кондуруп салышты. Эми алар тарыхта атттары өчпөй "жумуртка баш" боюнча калышат.
Ушулардан улам айткым келет: дагы кеч болуп кете электе бүгүнкү бийлик, ошол губернатор, акимдеринин кылык-жоруктары үчүн оппозиция лидерлеринен кечирим сурап, жогорку деңгээлде дискуссия жолу менен сүйлөшүүлөрдү чукул арада уюштурушсун. Болбосо бийлик менен элдин ортосундагы ажырым-жарака күндөн күнгө күч алып кете берсе аягы аянычтуу болуп кетпесин?

Замир КАРЫБЕКОВ,
Жумгал району




Аким Сатымкулов же эжигейдей эзилген завод
Бүтпөгөн кант завод
Манас атабыз касиеттүү Талас жергесин бекер мекендебептир. Бул касиеттүү жерде айыл чарба өсүмдүгүнүн бардык түрү түшүмдүү, экологиялык тазалыгы менен барктуу. Сөзүм бекер болбосун, Таластын өйдө жагындагы картошкасын, ылдыйкы райондордогу төө буурчагын, чегарага жакын райондогу калемпир, кант кызылчасын айтсам жетиштүү болоор. Бул дубанда айыл-чарба продукциясын иштетүүгө А. Акаевдин да , К. Бакиевдин да убагында көңүл бурулбай, мурда курулган заводдор талкаланып жок болуп баратат.
Таласта бир нерсени куруп баштаса, 10 жылдап бүтпөйт. Сөзүм куру болбосун, Бакай-Ата районундагы бүтпөй келе жаткан мини кант заводун мисал кылсам болот. Бүгүнкү күндө 19-20 млн. сом сарпталса да, завод 10 жылдан бери иштебейт. Заводдун жабдуулары Венгриядан алынып келинген, баасы 1 млн. 408 миң доллар. Бул 1998-жылдагы баасы.Завод Талас областы үчүн өтө эле ылайыктуу, суткалык электроэнергияны чыгымдашы 140 квт. Бүгүнкү күндө энергетика чөйрөсүндө кыйынчылыктар болуп жатканда, аны иштетүү өтө ыңгайлуу, пайдалуу экендиги ачык көрүнөт. Суткасына 50 тонна кант кызылчасын, 400 литр спиртти иштетип чыгара алат.
Бул завод алгач айыл чарба министерствосунун, андан кийин Кыргыз Алкопром, кийинчерээк департаменттин көзөмөлүндө болуп, ага 20 млн. сом жумшалса да ишке киргизилген эмес. "Элдин жашоосун оңдойбуз, дыйкандарга, айыл чарбасына көңүл бурабыз"- деген ураанды быйыл, 2009-жылы көрүп отурабыз, төө буурчак 30-35 сомдон ашкан жок. Кайда былтыркы 60-62 сомдон алынган төө буурчак? Аттиң, бийлик элге эмес, өзүнө-өзү кызмат кылып калды, анан кантип мини-завод иштесин?
Завод дагы 1-2 жыл турса өзүнөн өзү жок болоору шексиз. Бул кичи завод 3 айдын ичинде бүтүрүлүп, иштетүүгө берилиши керек эле. Эгер ал 1999-жылдан баштап иштесе, Таласта жылына 20 миң тонна кант кызылчасы иштетилип турмак. 10 жылда канча кумшекер, спирт мамлекетке жана дыйканга пайда келтирмек. Бүгүнкү күндө Таластын кызылчасы канттуулугу боюнча Кыргызстанда биринчи орунда турат, 17-18пайыз. Муну билген коңшулаш Казакстандын айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөрү көз артып келишет, биз болсо "собака на сене" болуп отурабыз.
Эл унута элек, 2007-жылы республикалык маанидеги Асанов Элмир башында турган комиссия заводду "довести до конца, завод соответствует требованиям"-деп чечим кабыл алып кеткен. Азыр завод директору Эргешбаев Жусуп эмне кылып жүрөт? Бакай - Ата районунун азыркы акими К.Сатымкулов 18 млн. сомго суу куйду эле, Эргешбаев 1,5 млн. сомду эптептир. Бул акчалар кайда сарпталды? Заводдо эмне үчүн жылыш жок?
10 жыл мурда курула баштаган кичи завод ишке киргизилсе, кеч да болсо келечекте өрөөнүбүздө өстүрүлгөн кант кызылчасы иштетилип, азык-түлүк коопсуздугуна аздыр-көптүр салым кошулмак…
Д. Акжолов,
"Ачык саясат"





Таз кейпиңден чыксаң боло, кыргыз тил.
Там-туң басып кетер күнүң кайда экен?
Кыргыз тили тууралуу өкүнүч
Касиеттүү кыргыз тилинде адам баласынын кайгы-муңун, кубанычын кара сөз менен айтса да, ыр менен ырдаса да таң атып, кеч кирбейт.
Саякбай, Жеңижок, Токтогул, Тоголок Молдо, Алымкул, Осмонкул, Муса, Атай, Ашыралы, Эстебес, Тууганбайдай залкарлардын ырдаган ырларын укканда, ар бир акыл парасаты бар кыргыз баласынын жүрөгүндө улуу сезим пайда болбой койбойт.
Ал сезимдин күчтүүлүгү эмнеде? Ал каны - жаныбыздан бүткөн эне тилибизге сыймыктануу. Кыргыз мамлекети азаттыка чыккандан бери деле кыргыз тили кыйшык жолдон чыга албай, кыйналып-кысталуудан арылбады. "Бут тосуп келгендердин шиши эми толду окшойт" - дейин десең, дагы деле баягы таз кейпи.
Тилди өнүктүрүү үчүн, биринчи кезекте, Илимдер Академиясындагы кыргыз тили институтунда кыргыз тилинен - башка тилдерге которуп берүү үчүн котормочу адистер олтуруш керек эле. Чоң - кичине ар кандай эмгектерди кыргызчага жана башка тилдерге так которуп турса, акча да түшмөк, тил да өнүкмөк. Президенттин бир эле буйругу менен бардык мекемелерди кыргыз тилине өткөрсө болмок. Эгер чындап эне тилине күйгөн инсан болсо, биринчи кезекте Укук коргоо тармагындагы, сот системасындагы иш кагаздар кыргыз тилине өтүүгө тийиш.
Алимжан Мусаев
Бишкек шаары





Улуулукка таазим!
ЧЫҢГЫЗДЫН ЭСТЕЛИГИН ТАЛАСТЫН БОРБОРУНА…
Акаевдин заманында айрым область жетекчилеринин, губернаторлордун өзүнчө бир "хоббиси" болоор эле. Алар барган жеринде жол куруп, "Жолчубек" атка консо, бири бий-болуштардын урпактарынан акча чогултуп, эстелик куруп кирээр эле. Ошондой губернаторлордун бири Темирбек Акматалиев Талас шаарынын чок ортосунан орун алган мурдагы К.Маркс атындагы, азыркы К.Нуржанов алллеясына бий, датка, баатыр,акын- жазуучулардын эстелигин тургузуп кирди. Бирок, эстеликтер эч кандай курулуш эрежелери сакталбастан, кыргызча эле, чуңкур казылып, цемент куюлуп туруп калды. Ошентип курулган эстеликтер бир жыл өтпөй кыйшайып, айрымдарын түртүп койсоң кулай турган абалга жетип калган. Баарынан кызыгы - ушул эле аллеяда мындан 50-60 жыл мурда орнотулган Лениндин эстелигинин жерпайы бүгүнкү күнгө чейин эч бир калыбынан жазбай турат. Т.Акматалиев ушул эстеликти да алдырып, ордуна улуу Манас бабабыздыкы дедиртип, өзү мурда иштеп келген Ала Букадан "архитекторлор менен скульпторлорду" чогултуп бир айкелди орнотуп салды. Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов чыны менен элим-жерим деп күйгөн азамат жетекчи экен. Ошол кыйшайып, кулап бараткан эстеликтерди алардын урпактары менен акылдашып, аллеяга бөбөктөр үчүн кооз эс алуучу жай курдурду. Ал жерге шаар тургундары небере-чөбөрөлөрүн ээрчитип келишип, өткөндөн кеп салышып, ал эми бөбөктөр селкинчектерге ойношуп, дегеле керемет жайга айланып калды.
Биз, Талас шаарынын Манас көчөсүнүн жашоочулары, К.Нуржанов атындагы аллеядагы бош турган Лениндин, кийин Манас атабыздын эстелигинин пайдубалына кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөгө белгилүү залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулса деген тилегибиз бар. Жаш жеткинчектер, жаңы үйлөнгөн жубайлар жазуучунун эстелигинин алдында аруу тилектерин билдирип, таазим кылып, батасын алышса… Чыңгыз агабыздай адам кылымда бир гана жаралат эмеспи! Чыңгыз Айтматовго канча эстелик тургузулса да, көптүк кылбайт. Биздин бул оюбузду бүт Талас эли колдойт деген пикирдебиз. Эл шайлоо, референдум учурунда эле керек эмес болсо керек.
Алтынбек Шербахунов,
Талас шаарынын Манас көчөсүнүн жашоочуларынын атынан.