А з и л - ч ы н ы а р а л а ш

Адамбыз да акыры, адамбыз да…
Акыйкаттык жок жерде заман кыска.
Байлык десе баш сайган бийлик бизди

Айландырып баратат жалаңкычка - деп, төкмө акын Жеңишбек Токтобеков ырдагандай, бизди "жалаңкычка" айланткан мурдагы бийликтин айрым өкүлдөрү тууралуу азыркынын Асанкайгысы Насыр Турдугулов минтип айтыптыр:
Аскар Акаевге

Илимге акыл чакты эле,
Илимпоз жактан жакты эле.
Ириирин билсе, аттиң ай,
Илимде жүрсө жакшы эле.
"Ажо бол кыргыз элге" - деп,
Айтматов багын ачты эле.
Коркпостон сомду кийирип,
Герб менен туубуз илинип,
Акылы бир аз билинип,
Арбытып жолду басты эле.
Интернет жагын көбөйтүп,
Ийнеден көздү тапты эле.
"Манас 1000" атын чыгарып,
"Мааникер" минип чапты эле.
Жанында жайнап жүргөндөр,
Жакын беле, кас беле?
Чыкебизге ишенип,
Чет элден досту тапты эле.
Кымындай шекти билдирбей,
Кумтөрдөн алтын казды эле.
Ырбатып улам жараны,
Ырысын журттун чачты эле.
Үч жолу шайлоо өткөрүп,
Үч жолу минген такты эле.
Үтүк көз кытай мактаса,
Үзөңгү куушту сатты эле.
Акыйкат айтса сулатып,
Аксынын элин атты эле.
Шайлоонун шайтан ойнунан,
Шашылыш күнү батты эле.
Манастын жери бүткөнсүп,
Москва көздөй качты эле.

Алыста жүргөн бак бекен?
Ал жакта эмне тапты экен?
Арамдан келген акчага,
Айлантып эмне сатты экен?
Антсе да, жерин сагынып,
Акаев байкуш кантти экен?

Майрам Акаевага

Канайым болуп макталган,
Кандыкты кошо аткарган.
Үрүстөм шериң болсо да,
Үйүңдө жатып башкарган.
"Мээримдүү болом" - дегендер,
"Мээримге" келип катталган.
Балдарга боор ачытып,
Байларды кысып акча алган.
Кетемин деген Аскарды,
Кетирбей бийлик - капкандан.
Тапичке менен күйөөсүн,
Тартпаган башка чапкандан.
Бакытка көзү магдырап,
Байлыкты тапкан "асмандан".
Өзгөртүп жүзүн чет жерде,
Өңүнө алтын чапталган.
Кулкуну тойбой он беш жыл,
Кузгундан катуу сактанган.
Күтпөгөн жерден алдырып,
Күмүштөй көздөн жаш тамган.
Убалын тартып ажонун,
Урматы кетти баркталган.
Укмуштай кылган иши көп,
Уялам кээсин айткандан...

Буйругун кимге айтты экен?
Бултуңдап кимди чапты экен?
Кагазда элге сын тагып,
Канчалап китеп жазды экен?
Бабасы кыргыз эмеспи,
Байкуш Майрам кантти экен?

Болот Жанузаковго

Жер битиндей жай баскан,
Жери да болчу хан жактан.
Оппозицияга асылып,
Акыйкат менен кармашкан.
Кытмыр карап кылтыңдап,
КТРден тилин сайраткан.
Чындыкты айтпай ажого,
Чынжырлап колун байлаткан.
Митингге чыккан келиндин,
Митедей канын сордуруп,
Милиция менен арбаткан.
Аймончок кызын жоготуп,
Аркардай көзүн жайнаткан.
Чыйралып эл деп иш кылбай,
Чымчыктай мээсин чаң баскан.
Бактысыз Болот акыры,
Багытын таппай жар баскан.
"Асылдар" кайып болгон соң
"Ардактуу" бийлик алмашкан.
"Акаев алтын" - деп жүрүп,
Айрылды жеген каймактан.
Тай күлүк Жанузаковго,
Тарых да айтар бар дастан.

Байлыкты канча басты экен?
Бар болсо кайда катты экен?
Билинбей кеткен адамды,
Бир эстеп коюу жакшы экен.
Бактылуу күндөр эми жок,
Байкуш Болот кантти экен?


Кубанычбек Жумалиевге

Бөлөкчө сыйга тойду окшойт,
Бөксөргөн сүйүү толду окшойт.
Аксылык сулуу жигитке,
Айланып бакыт конду окшойт.
Оболоп бийик Ак үйгө,
Орношу ошол болду окшойт.
Обозгер болуп ишенген,
Ордосу ошол болду окшойт.
Ош-Бишкек жолун бүтүрүп,
Оңдоосу ошол болду окшойт.
Кол сунуп ажо агайы,
Колдоосу ошол болду окшойт.
Тойгондон кийин түйшөлтүп,
Толгошу ошол болду окшойт.
Бой тумар сындуу перини,
Болжошу ошол болду окшойт.
Белгилүү ырчы Роза,
Бийликтен тапкан акыры,
Олжосу ошол болду окшойт.
Жумалиев Кубаныч,
Жүрөктөш жактан жолдуу окшойт.

Сүйбөгөн жүрөк таш бекен?
Сүйүүнүн жолу ак бекен?
Революция болгондо,
Роза не деп айтты экен?
Кантсе да кейийм, кээде ойлоп,
Кубаныч байкуш кантти экен?

Осмонакун
Ибраимовго

От жанар ишти тездеткен,
Ордого учуп тез жеткен,
Оппозицияны көргөндө,
Опурулуп эскерткен.
"Осмонакун - опуза"
Ордолуу журтка кеп кеткен.
Олжолуу гений өңдөнүп,
Ойчулдар менен кездешкен.
Орусча сүйлөй баштаса,
Океан тилден шек санап,
Отурган элдер "селт" эткен.
Оңбосун билип Ак үйдүн,
Олчойто жазып арызын,
Олтурган жерден тез кеткен.
"Ортодо элдик казнадан,
Оңбогондой жеп кеткен".
Калпы, чынын ким билсин,
Кыргызга, бирок, кеп кеткен,
Ошого алган Джип окшойт,
Ойт берип калат Бишкектен.
Ойгонуп үнүн катты эчен,
Окурмандарга жазды эчен,
Оройлук мезгил кетсе да,
Олтуруп үйдө катчы экен.
Оомат жок сөөмөй кезеген,
Осокең байкуш кантти экен?

Эсен
Топоевге

Бир күнүң болот жалган күн,
Бир күнүң болот майрам күн.
Айрыкча эстен кетелек,
Аскерлер добуш салган күн.
Беш, алты сакал ок атса,
Баткенге чейин барган күн.
Ыштанын булгап "чиндүүлөр",
Ыңгайсыз болуп калган күн.
Тоолукка тоодой күч беле,
Топоев жүргөн кайран күн?
Акыйкат беле, калп беле,
Алгачкы аскер генерал,
Акаевден алган күн?
Анданда эсте калды окшойт,
Ата журтун чанган күн.
"Ишенген кожоң сууга акса",
Ит менен издеп таппайсың,
Атаны кокуй арман күн.

Күн чыгып, кайра батты эчен,
Көрүнбөйт, не иш тапты экен?
Куралдуу күчкө генерал,
Куралын кайда катты экен?
Толкундап турар күндөр жок,
Топоев байкуш кантти экен?

Токтош Айтикеевага

Токтошту айтыш кымбат бу,
Ток курсак балдар сыйлашчу.
Каалаган оюн жеткирип,
"Канайым" менен бир басчу.
КТРге кылып башчылык,
Кырданып ичке сыр катчу.
"А муну кимдер угат?" деп,
"Айтышты" бербей кууратчу.
Армандуу, комуз уга албай,
Айылдын баарын ыйлатты.
Бердирип "даңка-дүңктөрдү",
"Киргиздин" баарын жыргатты.
Ак үйгө барып акыры,
Акаев менен сырдашчу.
Аялдан кеңеш алгандын,
Акылын толук кир басты.
Өткөргөн мезгил өттү ээ,
Өйдөдөн карап үн катчу.

Бийликтин жолу кайчы экен,
Бийлигиң жалган жарчы экен.
Тоготпой жүргөн айымдын,
Токтогон жери кайсы экен?
Тополоң бүттү, дайын жок,
Токтош байкуш кантти экен?

Кеңешбек Дүйшөбаевге

Аянбай чуркаар күлүктүр,
Ак үйдү катуу сүйүптүр.
Акаевдин түшүнө,
Арыстан болуп кириптир.
Агасы катуу ишенсе,
А кезде орду бийиктир.
Алаамат болуп кетерин,
Арман күн, кайдан билиптир?
Ажобуз качып кеткен соң,
Ажолук үчүн күрөштү,
Айтор аман-эсен жүрүптүр.
Билгендер "кыйын киши"-дейт.
Бир кезде тизгин кармаган,
Бир эле күндүк министр.

Бийлигиң балдай таттуу экен,
Бир күндүк кээде чарктуу экен.
Көпчүлүккө көрүнбөй,
Көңүлүн кантип ачты экен?
Кеңеше турган ажо жок,
Кеңешбек байкуш кантти экен?

Тойчубек Касымовго

Эр жеткен аты Тойчубек,
Эл койгон аты Жолчубек.
Ээ го деп акыл эсине,
Көргөзсөк дагы көзүнө,
Көрмөксөн болду чындыкты.
Болгону Ак үй - Эл үчүн,
Болалбай койду көпүрө.
Короздой сулуу жүрчү эле,
Кош колун коюп төшүнө.
Жолго деп акча жыйнады,
Жоон топ элди кыйнады.
Жомокту кошуп сөзүнө,
Жол салган менен Ак үйгө,
Жол салбай калды өзүнө.

Кымбаттуу болуш бакты экен,
Классташ андан жакшы экен,
Жоголду Майрам артынан,
Жол салып кимге жатты экен?
Тойдон жок же жолдон жок,
Тойчубек байкуш кантти экен?