Спорт дүйнөсүндө
Футбол
"Спартакчылар" Астанада…
Орусиялык футболдун карт бөрүлөрү, атактуу Егор Титов менен Андрей Тихоновдордун астаналык "темир жолчулардын" катарын толуктандыгы жөнүндөгү кабар миңдеген орусиялык футбол күйөрмандарын кайгыга салса, миңдеген казакстандыктарды зор кубанычка бөлөдү.
"Карыса да бир койлук алы бар" демекчи, орустардын сыймыгы болгон атактуу "Спартакта" ар кайсы мезгилдерде капитандык милдетти аткарып келишкен Егор Титов менен Андрей Тихоновдун орусиялык гана эмес, дүйнөлүк футбол тарыхында орчундуу орду бар экендигин, футболдук зор чеберчиликтерин, дегеле алардын футбол дүйнөсүндөгү ээлеген ордун эске алсак, орустардын мынчалык күйүнгөнүн, казактардын ошончо сүйүнгөнүн түшүнүү анча деле оорчулукту туудурбаса керек.
Бул жаңылык канчалык сенсациялуу, канчалык күтүлбөстүк болбосун орусиялык чыгаан футболчулардын Астананын "Локомотив" командасынын курамын толукташы-дагы деле көпчүлүк үчүн табышмак бойдон калууда.
Акыркы мезгилдерде "Химкинин" намысын коргоп келген 33 жаштагы Егор Титов менен 38 жаштагы "Крылья Советовдун" чабуулчусу Андрей Тихонов казактардан жылына 500 миң доллар маяна алуу менен Казакстандын футбол тарыхында эң көп айлык алган футболчулардан болуп калышты.
Айтмакчы, Орусиялык бул эки жылдыз үчүн жылына 1 миллион долларын садага чапкан астаналык "Локомотивдин" президенти Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин кичүү күйөө баласы, Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин экс-келини Алия Назарбаеванын өмүрлүк жолдошу Данияр Хасенов аттуу жигит экендигин көпчүлүк биле бербесе керек.
"Казакстандын футболун дүйнөлүк деңгээлге көтөрөм"- максаты бар Данияр Хасенов да убагында алматылык "Кайраттын" кубаттуу чабуулчуларынын бири болгон. Бүгүнкү күндө ал өзү ээлик кылган Астананын "Локомотивинде" президенттик гана кызматты аркалабастан, башкы оюнчуларынын бири да болуп эсептелет.
Кайнатасынын колдоосу мененби, же өзүнүн жеке дараметиби, айтор Данияр Хасенов түзүлгөнүнө бир эле айдай убакыт болгон өзүнүн "Локомотив" командасына Титов менен Тихоновдон тышкары дагы бир нече миң деген долларды чапчыган кызылдай акчага Орусиянын премьер-лигасында самаралык "Крылья Советовдун", кийинчирээк москвалык "Динамонун" курамында ойноп келген нигериялык коргоочу Патрик Овиени да тартууну көздөөдө.
Мындан тышкары, кан достор Егор Титов, Андрей Тихоновдор менен кошо астаналык 90-жылдары ошол эле "Спартакта" чабуулчулук мыкты таланты менен таанылган, акыркы мезгилдерде москвалык "Химкиде" машыктыруучулук менен алектенип келген Сергей Юран да бул клубга машыктыруучулук кызматка орношту.
Ушул жылдын башында "Алма-Ата" жана "Мегаспорт" аттуу аты-жыты белгисиз командалардын биригүүсүнөн пайда болгон Астананын "Локомотив" командасы жогорудагыдай жылдыздуу курамы менен 2009-2010-жылкы футболдук сезондо Казакстандын чемпионатынын көркүнө көрк кошуп, казак туугандарыбыздын моокумун кандырган мыкты мелдештерди тартуулары айтпаса да түшүнүктүү болсо керек.
Астаналыктардын эң "жылдыздуу" оюнчусу Егор Титов өз сөзүндө жаңы клубдагы негизги максаттарынын бири-Казакстандагы бардык мелдештерде жеңүү менен Европа Лигасынын (УЕФА кубогунун жаңы аталышы) негизги торчосуна түшүү экендигин белгилеп өткөн.
Демек, атактуу бул футболчулардын Казакстанга келип ойноп жатышынын өзү эле Казакстан футболунун өнүгүү деңгээли бир топ эле алдыга кеткендигинен кабар берип турат.

Хиддинк менен Аршавиндин алгачкы оюндары
Өткөн жумада Англия чемпионатынын 26-турундагы кезектеги беттештерде "Челсинин" жаңы "атасы", Орусиянын башкы машыктыруучусу Гус Хиддинк менен "Арсеналдын" курамына жаңы кошулган "экс-зенитчи" Андрей Аршавиндер англиялыктарга эң алгачкы оюндарын тартуулашты.
Гус Хиддинктин башкаруусунда алгачкы жолу оюн талаасына чыгышкан лондондук "аристократтар" "Астон Вилла" командасын 1:0 эсебинде утуп алууга жетишти.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Хиддинк: "Жаңы шарт, жаңы кырдаалда колго тийген бул жеңиш мен үчүн өтө маанилүү. Негизинен биз күйөрмандарыбыз үчүн көрктүү, атаандаштарыбыз үчүн өтө кооптуу оюн көрсөттүк. Бул жеңиш акыркылардан эмес экендигине терең ишенем"-деген оюн билдирген.
Ал эми "Арсеналдын" катарынан орун тапкан Аршавин "Зениттеги" эрдиктерин "Эмирэйтс" оюн талаасында кайталоого канчалык аракет кылбасын, "Арсенал"-"Сандерленд" беттешинде эсеп тактасы ачылган жок.
Дээрлик бир айдан ашык убакыттан бери каршылаштарынын дарбазасын "жыртууга" болгон аракеттери текке кетип, катары менен төрт оюнду "кургак" аякташкан "канонирлер" үчүн азыркы учурда Аршавиндин голдуу аракеттери "аба менен суудай" керек болуп турган кези.
Эрнис БАЛБАКОВ
"Ачык саясат"