С а я с а т

Көңүлдөгү кыжаалат же көктөмдөгү саясат
Жамгыр жана тандыр
"Өлбөгөн жанга жаз келет" дегендей, жарыктын жалпы өчүрүлүшүнөн жадаган элибиз, эптеп-септеп кыштан чыгышты. Караңыгылыкка кадыресе көнүп калган калкыбызга кудайдын боору оорудубу, айтор, быйылкы кыш айлары жылдагыдан жылуу өтүүдө. "Кыш кыштай, кыз кыздай болуш керек" дегенибиз менен, быйылкы кыштын жылуу болгону Балкыбеков үчүн эле эмес, баарыбыз үчүн жакшы болду. Былтыркыга салыштырмалуу кардын жаашы калыңыраак болгону менен, тез эле эрип кетип жатты. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү түбүнө түшүп кетпей турганын, тоолордогу кардын эришинен көрсөк болот. Күндүн жылуусу, жаздын эрте келиши, эртеңки күндөрү бир топ оорчулуктарды алып келиши мүмкүн. Тоолорубуздагы кар-мөңгүлөр калбай калса, жаз айларында жамгыр аз болсо, суу тартыш болуп, былтыркы жылдагы таз кейпибизге келбейбиз деп ким кепилдик бере алат? Андыктан, кыштан кыйналбай чыкканыбызга кубанбай, жаздын жаанчыл болушун тилешибиз керек. Былтыркы жылдагы кургакчылыктын кесепетинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү төмөндөп кеткенин эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Жаздын эрте келишин жакшылыктын жышааны катары кабыл албай, күтүүсүздүктүн жышааны катары кабыл алганыңыздар оң. Асыресе, "жаз жамгырлуу, күз тандырлуу болсун" деп туралы.

Бийлик жана кредит
Кыштын жылуу болгону, кыргыз бийлиги үчүн оңтойлуу болду. Жазындагы оппозициянын акцияларынан корккон бийлик, коалициялык күчтөрдүн "Манас" аэропортундагы аскердик базасын Орусиянын олчойгон кредитине алмаштырууга кол койду. Бир тараптуу чечимди бир айдын ичинде "мыйзамдаштыра" салып, Кремлдин кредитин күтүп жаткан кези. Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы жаңы келишимди кыргыз парламенти алеки саатта жактыра салганы менен, Орусиянын парламенти азырынча карай элек. Жалпак тил менен айтканда, кыргыз бийлиги "атыла элек аюунун терисин" бөлүштүрүп салды десек болот. Камбарата ГЭСтеринин курулушуна берилчү Орусиянын насыя каражаты келе электе эле, коопсуздугунан корккон кошуна мамлекеттер чыр чыгарууда. Кыргызстанда курулчу ГЭСтер кошуна Казакстан менен Өзбекстанга кедергисин тийгизери бештен белгилүү болгондуктан. Алар азыртан эле "атакага" өтүштү. Орусиянын "ойномо" саясатынан келип чыккан кредит, Орто Азия өлкөлөрүнүн жаңы жаңжалына алып бараары бышык. Ошондуктан, Орусиянын олчойгон кредитине ооз көптүрө бергенибиз эртелик кылат. Айтылган акча каражаттары келбей калышы дагы мүмкүн. Ага болбой эле урдуртуп жатышат, улуттук банкыбызга түшүп калгансып.

Бакиев жана оппозиция
Орусиянын келе элек кредити себеп болдубу же ачыгын айтыш керек болдубу, айтор, ажобуз экинчи мөөнөткө бара турганын "балп" эткизди. Бакиевдин "балп" эткени, атаандаштарын "шалк" эткизди. "Баксысы" жок же башчысы жок кыргыз оппозициясы ажонун мындай билдирүүсүн күтпөсө керек, айтор, нокдаунга кабылган боксердун кейпинде. "Биринчи мөөнөтүнүн этегине жеткирбейбиз" дегендери, "экинчи мөөнөткө барам" деп жатса, эңгиребегенде эмне болмок эле? Бакиев мындай билдирүүсү менен тактикалык жактан утушка ээ болду, бирок, стратегиялык жактан уттуруп койду. Биринчиден, экинчи мөөнөт тууралуу ажобуздун айтканы Орусиянын насыясы менен Американын базасына байланышып калды. Экинчиден, энергетикалык жана экономикалык кризистин кучагында турган элибиз үчүн эл башчынын экинчи мөөнөт тууралуу айтканы, союл менен башка чапкандай эле болду. Кыргыз президентинин кыжырга тийген билдирүүсүн, кыргыз оппозиция лидерлеринин бири да өз кызыкчылыктарына пайдалана алган жок. Пайдаланмак турсун, майдаланып кетишти. Атургай, оппозициячыл СДПК партиясы экинчи мөөнөт тууралуу Конституциялык сотко арыз бермей болуп калышкан. Айтор, ажобуздун күтүлбөгөн билдирүүсү оппозициянын алдыдагы аракеттеринин ашмалтайын чыгарып отурат. Бири, "биздин бир талап орундалды, биз дагы алдыдагы шайлоолорго даярданабыз" десе, экинчиси, "март айларында акцияларды уюштурабыз"-деп калды.

СДПК жана шайлоо
Эл башчыбыздын экинчи мөөнөт тууралуу жарыясын гана күтүп жаткансып, СДПКчылар алдыдагы шайлоолорго аракет көрө баштады. Партия лидери Алмазбек Атамбаев ар кандай "себептер" менен БЭКтин жыйындарына катышпай жүрсө, калгандары качып калышты. Өткөн парламенттик шайлоолордон кантип өтүп кеткени табышмак бойдон калган бул партия, акыркы кездерде эмнегедир "кара саясатка" аралашып кеткендей көрүнөт. Партиянын бир кездеги активдүү мүчөсү Өмүрбек Бабанов бийликке кетсе, Байсалов Батыштан башпаанек сурап кетти. Рахат Ирсалиев парламенттен кетсе, Руслан Шаботоев дайынсыз жоголуп кетти. Ушундай жоготууларга учураганына карабай, бул партиянын ажолук шайлоолорго аттанганы кызык. Парламенттеги фракция депутаттарынын "Ганси" боюнча бир пикирге келе албаганы, алардын арасындагы ынтымактын жоктугунан кабар берет. "Жалгыз дарак бак болбойт" дегендей, жалгыз бир партия оппозиция болгону менен, азыркы бийликке атаандаш боло албайт. Андыктан, бул партиянын алдыдагы ажолук оюндарга ашыкканын акылга сыйбаган иш катары кабыл алсак болот.

"Ак жол" жана арам ой
Ушул учурда "Ак жол" партиясы уюштурушкан партиялык конференциялар жөнүндө макала эмес, китеп жазсаң дагы болчудай. Болгондо да, укмуштай сонун китеп жазылчуудай. Бүгүнкү күндө республиканын бардык район, облустарында бул партиянын конференциялары өтүп жатат. Кандай өтүп жаткандарын аким, губернаторлор жогору жакка кантип жеткизип жатканын билбесем да, билгенимди силер менен бөлүшөйүн. Партиянын мүчөлөрүн чогулта албагандан кийин, арагасыз мугалимдер менен медиктерди чогултуп өткөрүп жатканын баарыбыз жакшы билчү элек. Эми окуучулардын ата-энелерин чогултуп өткөргөнүнө эмне дейсиң? Өткөндө бир аяшымды мектептеги ата-энелердин чогулушуна чакыртып, түз эле райондогу клубга алып барып киргизишиптир. Милиция менен эшикти кайтартып, "Акжолдун" партконференциясын өткөрүшүптүр. Аны дагы кечинде телевизордон көргөзүп жатышат, "укмуштай өттү" кыязында. Аны көргөн досум аялынан сураптыр, "Сени бир күндө эле "Ак жолго" өткөрүп коюштубу? Мага бир жылдан бери жалдырап жүрүшөт"-деп. Анда аяшым айтыптыр, "Ошо "Акжолуң" менен жерге кир, үч саатта үшүп өлүп кала таштадык"-деп. Таластагы "акжолчулардын" чогулуштарынын биринде, залдын көпчүлүгү "атамекенчилер" болуп чыгыптыр. Өткөндө Көлдүн координатору айтып жатпайбы: "бизде партиянын 10 миң мүчөсү бар"-деп. Көлдүн 200 айылынын ар биринде 50 дөн мугалим, медиктер(бюджетниктер) болсо, ошол эле сан чыгат экен. "Мойнунан байлаган ит ууга жарабасын" эске алсак, зордоп өткөрүлгөн партконференциялар эмнеге жарамак? Партиянын "атасы" Курманбек Салиевич аким, губернаторлорунун ушундай уятсыз иштерин билет болду бекен? "Ак жолдун" азыркы конференцияларына караганда, "Алга Кыргызстандын" конференциялары аз да болсо акыйкат өтчү эле.

Укук жана укурук
Ажобуздун "оппозиция менен сүйлөшүүгө даярмын" деген сөзү, азыркыга чейин абада калкып турат. Ал ортодо, оппозицияга болгон куугунтук күндөн-күнгө курчуп баратат. Бакиевге кызмат кылган төрт экс-министрлер(И.Кадырбеков, И.Исаков, А.Жекшенкулов, Р.Жеенбеков) куугунтуктун кучагында калды. Алардын баарысына ачылган кылмыш иштери алар кызматынын кеткенден кийин пайда болгонун айтсак, саясий куугунтук жөнүндө актанып деле кереги жок. Кыйын болушса, кызматта иштеп турганда кылтакка илишсе болмок. Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи, "жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" деген. Кызыгы, бүгүнкү куугунтукка кабылгандардын көпчүлүгү Бакиевке баш-оту менен берилип иштегендер болчу. Акаевди "жеп-ичип кетти" кыязында айыптаган азыркы ажобуз, анын бир дагы кадрын камата алган жок. Аларга козголгон 100 дөн ашык кылмыш иштери кыскартылып отуруп, азыркы күндө сотко болгону 10 чактысы өткөрүлүптүр. Эми эмне дейсиңер? Коомчулуктан кабар алып турайын деп, коомдук палата түздү эле. Кана иштегени? Оппозиция менен сүйлөшүүгө даярмын деп, аттуу-баштуу аксакалдардан айттырды эле. Кана сүйлөшкөнү? Нарында, Кочкордо, Алайда, Таласта эл козголгону жатканын атайын кызматтар ажобузга жеткириштиби же тескери кетириштиби? Укуктун бузулушу, куугунтуктун курчушу, азыркы бийликтин ансыз дагы калбай бараткан кадыр-баркын таза эле какшытып салаары анык. Бийлик менен оппозициянын жазгы эрөөлү жагымсыз окуяларга алып барышы мүмкүн. Күн жылыганы менен, көңүл жылыбай турат.
Рыскелди Момбеков