"А ч ы к с а я с а т" т а й м с

Жаңы акча жарыкка чыгат

Март айынан баштап Кыргызстанда 5 миң сомдук кагаз акчалар жүгүртүлүүгө коё берилет. Жаңы акча бакнотторун Франциянын "Обертур" фирмасы басып чыгарган. Кыргызстандагы эң чоң акча бирдигине белгилүү киноактер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү түшүрүлгөн. Улуттук банкыбыздын билдиргенине караганда, ушул жылдын экинчи кварталында 20, 50, 100 сомдук акча бирдиктери жаңы үлгүдөгү акча бирдиктери менен алмаштырылат. Ал эми, 2010-жылдан баштап 200, 500, 1000 сомдуктар алмаштырылат. 5 миң сомдук акчаларды жүгүртүүгө коё берүү чечими мындан 9 жыл мурда бекитилген. Ошондон бери бул акча бирдиги даярдоонун үстүндө иштеп келишиптир. Жаңы акча бирдиги акыркы технологиялык ыкмалар менен жасалып, ага "СПАРК" коргонуу ыкмалары киргизилген. Азырынча, мындай коргонуу Кытайдын жана Казакстандын акча бирдиктеринде гана колдонулат.

Майрам күн менен кайран күн


Кечээ Кыргызстан мекенчилердин майрамын сайрандап жатканда, ингуштардын "Вайнах" коомдук бирикмеси И.Сталиндин чечен менен ингуштарды сүргүнгө айдаганынын 65 жылдыгын белгилешип, шейит кеткендерге куран окутуп, эскерүү кечесин өткөрүштү. Эсиңиздерге сала кетсек, 1944-жылдын 23-февралында И.Сталиндин көрсөтмөсү менен Чечен-Ингуш АССРи жоюлуп, 387 миңге чукул чечендер менен 91 миңге чукул ингуштар Кыргызстан менен Казакстанга мажбурлоо жолу менен көчүрүлгөн. И.Сталиндин мындай адилетсиз саясатына бир гана чечен, ингуштар эмес, карачайлар, черкестер, немецтер дагы кабылышкан. Чеченстандын бир кездеги президенти Джохар Дудаев Кыргызстанда төрөлүп өскөнүн жана президент кезинде Кыргызстанга атайы келип кеткенин билип алганыңыздар оң.

Конгантиевдин командасы утту

Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Баш байгеге "ВАЗ-2107" автомашинасы сайылып, бул мелдешке 13 команда ат салышкан. Төрт күн бою өткөрүлгөн оюндун жыйынтыгында, Ички иштер министрлигинин "Бөрүлү" командасы биринчи орунга чыгып, баш байгеге коюлган автоунааны жана кубокту утуп алды. Экинчи орунду алган ИИМдин МАИ башкармалыгынын командасы 150 миң сомго татыктуу болсо, үчүнчү орунду алган Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын командасы 100 миң сомду бөктөрүп кетишкен. Эркектердин майрамына карата өткөрүлгөн эрендердин эр оюну кызыктуу өткөнү менен, көкбөрүчүлөрдүн көпчүлүгү "кызыл шапкечендер" эмес болуп калды. Көкбөрүдөн көңүлүн ачкан Молдомуса Ташболотович өзүнүн командасын "Бөрүлү" дебей эле, "Динамо" деп койсо туура болмок. Анан да, кызыктуу оюнда "нештатный сотрудниктер" эмес, жалаң "кызыл шапкечендер" чабышса, кызыктуу болмок беле? Каада-салтты кастарлаганыңыз жакшы, катарларын карап коюңуз.

Абдуллах Гюль
Кыргызстанга келмей болду
Өткөн жумада Түркиянын энергетика жана отун ресурстар министри Мехмет Хельми Гюлер Кыргызстанга келип кеткен. Түркиянын министрин ажобуз кабыл алган учурда, ушул жылдын май айында Түркиянын президенти Абдуллах Гюль мырза Кыргызстанга расмий сапары менен келе турганы белгилүү болду. Акаевдин убагында Кыргызстанга байма-бай каттап турган Түркиянын өкмөт жана мамлекет башчылары, Бакиев бийлик башына келген төрт жылдан бери расмий сапары менен келе элек болчу. Абдуллах мырза Кыргызстанга боло турган иш сапарында Ата Бейиттеги Айтматовдун мүрзөсүнө барып, куран түшүрөт деген ушакты эшиттик. Ошол жерден Түрк президенти биздикилерден "Айтматовдун наамына эмнелерди бердиңер?"-деп сурап калса, "орус драма театры менен "дубовый паркка" бердик" - дешсе, Айтматовду аябай ардактаган Абдуллах мырза, эмне сөз айтаарын элестетип көргүлө? Абдуллахтын Кыргызстанга келээри, Адахамдын, "Бакиевдин ант берүү аземине Путин келет" дегениндей болбосо болду.

ЭлТРге Шакиев барды

Президентибиздин мурунку пресс катчысы Нурланбек Шакиев "ЭлТР" коомдук телерадиоберүү компаниясынын башкы жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жаңы кызмат аздык кылгансып, ажобуз дагы бир жарлыгы менен өзүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып дайындады. Акыркы күндөрү ажобуз кызматынан кетирилгендердин көпчүлүгүн кеңешчи кылып эле дайындап жатат. Жок дегенде бир жолу өзүнүн кеңешчилеринин баарысын чогултуп, кеңешме өткөрүп койсо болмок. Канча кеңешчилери бар экенин санап албасак да, карап алат элек. Үсөн Сыдыковдун кеңешчиликтен кеткенин гана билбесек, калгандарынан кабарыбыз жок. "Койчу көп болсо кой арам өлөт" дечү эле, ажонун жайнаган кеңешчилери эмне кылып жүргөндөрүн ким билет? Баса, ажонун дагы бир жарлыгы менен Арстанбаев Мирлан Түркиянын Стамбул шаарындагы КР Башкы консулу болуп дайындалды. Айтор, жаңы жылдан бери жаңылыктар менен жарлыктар эле жайнап кетти. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт эмеспи. Андыктан, Акүйдөгүлөрдүн алмашканынын кимге зарылчылыгы бар дейсиң?

Чудиновдун "чудолору"


Өкмөт башчыбыз Игорь Чудинов өткөн жумада Кыргызстандагы банкирлердин баарысын чогултуп, чоң жыйын өткөрдү. Банкирлердин чогулушуна каржы министрибиз Марат Султанов менен Улуттук Банктын орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев катышышты. Дүйнөлүк каржы кризисинен кооптонгон өкмөт башчыбыз банкирлердин ишкерлерге кредит берүү жагын суранган. Игорь мырзанын айтымында, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 40 пайызын орто жана чакан бизнес өкүлдөрү берет экен. Андыктан аларды колдоо керек экендигин кыйыткан. Берилген кредиттер тиешелүү жерлерге жетпей калып жатканын өкмөт башчыбыз өзгөчө белгилеген. Андан көрө, өкмөт башчыбыз банкирлерден канча үстөк менен берип жатканын сураса болмок. "Айыл банкы" дыйкандарга кредитти 22 пайыз менен берип жатыптыр.Ким ишенет? Анан дагы апыртышыптыр, "убагында төлөсө 10 пайызын кайрып беребиз"-дешип. Ошондо жылдык үстөмдүгү 12 пайыз болуп калат экен. 40 пайыз менен кредит ала албай жүргөндөрдү өкмөт башчыбыз билээр бекен? Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын маалыматына таянсак, былтыркы жылы кыргыз банкирлери 1.8 миллиард сом таза киреше алышыптыр. Кызыгы, "дүйнөлүк каржы кризиси Кыргызстанга кымындай дагы кедергисин тийгизбейт" деген өкмөтүбүз, эмне себептен банкирлерден жардам сурап калышты. Орусиянын келе турган акчасы каякта? Чудиновдун "чудолоруна" түшүнүп болбойт.

"Ганси" Трабзонго көчүшү мүмкүн

Түп орду менен көчүп кетүүсүнө 176 күн калган терроризмге каршы бириккен коалициялык күчтөрдүн "Манас" аэропортундагы "Ганси" аскердик базасы Түркиянын Трабзон шаарына көчүрүлүшү мүмкүн экен. Мындай маалыматты Түркиянын "Ени Шафак" гезити жазып чыккан. "Эгерде америкалыктардын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон сүйлөшүүлөрү оң жыйынтык бербесе, америкалыктар Түркияга кайрылышы мүмкүн"-дейт, Түркиянын бийликчил басылмасы. Американын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Девид Петрэус жакынкы күндөрү Түркияга расмий сапары менен барганы жатканын, ушул эле гезит ачыкка чыгарды. Эсиңиздерге сала кетсек, аталган америкалык генерал жакында гана Өзбекстанда болуп, президент Каримов менен жолугушуп кеткен. Ал эми, январь айынын аягында Кыргызстанга келген учурунда, генералды биздин президентибиз Курманбек Салиевич кабыл албай койгон. Түркия америкалыктарга "аткез" бере албайт. Анткени, ал дагы НАТОнун курамында. Экинчиден, Түркиянын Инджирлик шаарында америкалыктардын дагы бир базасы жайгашкан. "Бир сом берип кетире албай, миң сом берип келтире албай койдум" дегендей болуп калбайбызбы?

Мыйшык мыйзамдын автору ким?

Сапырылган сары жалбырактын кейпинде калган жаңы Салык кодексине кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ажобуз өкмөткө өзгөчө тапшырма берди. "Жок дегенде бир квартал иштесин, анан көрөлү" деген ажобуздун мындай күтүлбөгөн кадамына, 30 бейөкмөт уюмунун ажого жазган кайрылуусу себеп болсо керек. "Акжолчулар" аксак атка мингизген бул Салык кодекси ушуну менен үчүнчү жолу "ремонттолуп" жатат. Жарабаган жаңы Салык кодексинин автору ким экени азыркыга чейин белгисиз. Ажобуз өткөндө өзү айтып жатпайбы, "мен бул мыйзам долбоорунун авторлоруна аз жерден сыйлык берип коё таштагам"-деп. Салык төлөгөндөрдү жөн эле коёлу, салыкчылардын өздөрү түшүнбөгөн бул мыйзам долбоорунун кимге кереги бар эле? Аталган мыйзам долбоорунун авторун административдик эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. Аталган мыйзам күчүнө киргенден бери канча китеп басылып чыгарылды, демек, мамлекетибиз материалдык чыгымга учурады. Канча деген ишкерлер чыгашага учурады. Канча мыйзамсыз салык чогултулду? Артык кылам деп, тыртык кылган автордун аты-жөнүн Ахматбек мырза айтып койсо, жакшы болбойт беле?