Адилет министрлиги адилеттиктен качабы?

Зубов менен Маматалиев эмнеге кабарчыдан качышат?
Эсиңиздерде болсо, 2006-жылдын апрелинде Рысбек Акматбаев Ак үйдүн алдында иниси Т.Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу көлдүктөрдүн нааразычылык акциясын уюштурган эле. Ошол кезде Акматбаевдин жакын адамы, карачай диаспорасынын лидери Исмаил Кочкаров анын бирден бир ишеничтүү адамы катары жанында жүргөн. Ал гана эмес, ошол кыйчалыш кырдаалда Рыспек мамлекет башчысы К. Бакиев менен ар кандай сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгү жөнүндөгү кептер коомчулукта бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Ошол сүйлөшүүлөрдүн жана Рыспектин бардык башка иштеринин жашыруун сырларын Исмаил Кочкаров билген деген сөз бар.

2006-жылдын май айында Рыспекти атып кеткенден кийин, анын ишенимдүү адамдарынын баары жок кылынып, Кочкаров гана калган. Ал "Кыргыз долбоор" акционердик коомунун 70% акциясын менчиктештирип алган деген күнөө менен 2006-жылы февраль айында айыпталган. Эң кызыгы, "Кыргыз долбоордун" кожоюну Т.Мамытов Рыспек тирүү кезинде унчукпастан, ал өлгөндөн кийин Исмаилдин үстүнөн арыз жазгандыгы болуп отурат. Көп өтпөй, укук коргоо кызматкерлери тарабынан Кочкаров камакка алынып, 2007-жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан алты жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту И.Кочкаровдун арызын карап, КР КЖКнын 170-171-беренелеринин негизинде жаза мөөнөтү тогуз жылга көтөрүлгөн. 14-январда №8-колонияга жиберилип, ал жактан 18-январда киши колдуу болуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү коомчулукка жарыяланган. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акундун "Зубов коомчулукка жалган маалымат берген" деген мазмундагы билдирүүсү гезитибиздин өткөн сандарынын биринде жарык көргөн. Биз дагы Исмаил Кочкаровдун табышмактуу өлүмүнө журналисттик иликтөө баштаганбыз. Бирок, биздин баштаган ишибизге тоскоол болуп, бут тоскондор чыгууда.
Алгач Бишкек шаардык сотунун кеңсесине баш багып, төрага Марат Султановду сөзгө тарттык.
- Марат мырза, айтсаңыз, шаардык сот өкүмдүн аткарылышына көзөмөл кылабы?
- Негизи, экинчи инстанциядагы сот өкүмдүн аткарылышын көзөмөл жүргүзбөйт. Бул биринчи инстанциядагы райондук соттун компетенциясына кирет.
- Жабырлануучу Т.Мамытов өкүмдүн көчүрмөсүн сиздерден кандайча алган?
- 14- январда Т.Мамытов биздин сотко "Сот болуп жатканда алты жылга кестиби, же тогуз жылгабы, толук укпай калдым. Мага өкүмдүн көчүрмөсүн берсеңер"-деп кайрылганы тууралуу И.Кочкаровдун ишин караган судья келип мага айткан. Өкүмдүн түпкү нускасы кол менен жазылгандыктан, компьютерде терилип жаткан. "Даяр боло элек" десек, "Өкүмдүн баяндоочу жана жүйөөлөштүрүүчү бөлүгүнүн кереги деле жок, корутунду гана бөлүгүн берип турсаңар" дегенинен, корутунду бөлүгүн бергенбиз.
- Бул кылганыңар мыйзамга туура келеби?
- Мыйзамда өкүмдүн корутунду бөлүгүн берүүгө болбойт деген жок. Биринчиден, ал жабырлануучу. Экинчиден, анын укугу бузулуп жатат. Жабырлануучу ал өкүмдү эмне кылат, кайда алып барат- биз ага жооп бербейбиз.
СИЗОго өкүм шаардык сот тарабынан жиберилди беле? Сиздер жабырлануучуга берген өкүмдүн көчүрмөсү СИЗОго кантип барып калды?
- Өкүм экинчи инстанцияда бекитилгенден баштап күчүнө кирет. Өкүмдүн корутунду бөлүгү СИЗОго кандай болуп жеткенин билбейбиз. Бизден жиберилген эмес. СИЗОго өкүмдүн толук варианты расмий түрдө райондук сот тарабынан барат.
- Шаардык соттон райондук сотко өкүмдүн толук вариантын качан жибердиңер эле?
- Өкүмдүн толук вариантын кылмыш иштин материалынын ичине тиркеп, "сот бүттү, иш каралды, өкүмүңөрдү өзгөрттүк, биз чыгарган мыйзам күчүнө кирди, аткарылышын көзөмөлдөгүлө" деп райондук сотко 20-январда жөнөттүк. Райондук сот КПКнын негизинде билдирүү жазып, "кылмыш иш шаардык соттон келди, мыйзам күчүнө кирди, эми колонияга этап кылгыла, колонияга кеткендиги тууралуу далил катты бизге кайра бергиле" дегенде гана өкүм аткарылды болуп эсептелет да, архивге кетет. Мына ушул тартипте райондук соттон СИЗОго өкүм 22-январда барган. 19-январда гезиттерден, интернеттен И.Кочкаровдун өлгөнүн окуп, өзүбүз таң калдык. Кандай болуп кеткенин да билбей калдык.
Бүгүнкү күнү так ошол шаардык сот тарабынан берилген өкүмдүн корутундусун бетине кармашып, СИЗОнун жетекчиси М.Маматалиев менен адилет министринин орун басары С.Зубов "бизде тартип бузуу болгон эмес" деп актанып отурушат. Ал эми ошол эле жабырлануучуну Акыйкатчы тарабынан түзүлгөн комиссия суракка алганда, "өкүмдү алып, СИЗОнун терезесинен ыргытып койгом" дегени канчалык деңгээлде чындыкка коошот? Эмне дегенде, биринчиден СИЗОнун кичинекей терезеси ачык турбайт. Терезенин ары жагында дайыма бир кызматкер отурат. Такылдатып жатып араң ачтырасың. Буга мен өзүм СИЗОнун жетекчиси М.Маматалиевге бир нече жолу барып, же кире албай же сүйлөшө албай жүрүп күбө болдум.
Экинчиден, 12-январда Бишкек шаардык соту тарабынан И.Кочкаровдун иши каралып, сот процесси жүрсө, эртеси 13-январда СИЗОдо ГУИНдин адамдарды колонияларга бөлүштүрүп, жөнөтүү комиссиясы өткөн. Ал эми өкүмдүн корутунду бөлүгү СИЗОго 14-январда эртең менен барган. Демек, комиссия бөлүштүрүүнү өкүмү жок эле жүргүзгөн. Анан кантип С.Зубов карандай калпты айтып, "СИЗОдо тартип бузуу болгон жок, бардыгы мыйзамдын негизинде жүргүзүлгөн"-деп жатат? Дагы бир кызыгы комиссиянын курамындагы беш адамдын экөөсү гана катышкан. СИЗОнун жетекчиси М.Маматалиев өзү да катышкан эмес. Бул жерде өтө чоң мыйзам бузуу болгондугу даана көрүнүп турат. Аны М.Маматалиев менен С.Зубов жашырган күндө деле документтер тастыктап турат.
М.Маматалиевге барсак киргизбей, "адилет министрлигинен, ГУИНден уруксат алып келгиле" дегени, андан соң официалдуу түрдө кат жүзүндө суроолор менен кайрылсак эч жооп болбогону, телефон чалсак, "Ачык саясат" гезити экинчи бул жерге чалбагыла" деп орой сүйлөгөнү, С.Зубовдун биз менен жолугуп, сүйлөшүүдөн баш тартып, керек болсо адилет министри Н.Турсункуловдун "СИЗОго кирүүгө уруксат кагазы берилсин" деген буйругуна түздөн-түз бут тоскону-"кыңыр иш кырк жылдан кийин билинээринен" кабар берип турган жокпу? Күнөөлөрү жок болсо кабарчы менен жолугушуудан, коомчулукка ачык маалымат бергенден эмнеге качышат? Бул жерде таза эмес иштердин учу кылтыйып турганын алар өздөрүнүн кылган мамилелери аркылуу айгинелеп жатышкан жокпу? Алар менен телефондон сүйлөшүп жатканда ар бир сөз диктофонго жазылып жатты.
Адилет министринин орун басары С.Зубов мырза!
Эгер сиз биздин суроолорубузга бетме-бет жолугуп, жооп берүүдөн баш тартсаңыз, сизге берилчү суроолорубузду гезит бетинен окуп, ойлонуп көрүңүз демекчибиз..
1. Соттолгон адамды СИЗОдон колонияга которуу эрежелери кайсы нормативдик-укуктук актынын негизинде ишке ашырылат?
2. И.Кочкаровду которууда мыйзам эрежелери бузулдубу же бузулган жокпу?
3. СИЗОдогу иштерди сиз көзөмөлдөйсүзбү же башка орун басарбы?
4. КР Акыйкатчысы тарабынан билдирилген эскертүүгө эмне үчүн көңүл бөлгөн жоксуз?
5. Сизге И.Кочкаров тууралуу тиешелүү адамдардан эч кандай буйрук болгон эмес беле?
Бул суроолорго коомчулук үчүн жооп берип койсоңуз. Жана дагы, "И.Кочкаров колониянын эрежелерин аткарбай койгондуктан, кылмышкер Базарбаев менен өз ара пикир келишпестиктери болгондуктан кол салуу болгон" - деп айтылган сөздөрүңүздү негиздеп бере аласызбы?
Биринчиден, И.Кочкаров кылмышкер Базарбаев менен мурдатан байланышы болгудай мурда соттолгон эмес эле да. Экинчиден, колониянын эрежелерин аткарбай койгон дегенди тактап берсеңиз.
2009-жылдын 3-февралында "Ачык саясат" гезитинин №8-санына жарыяланган маегинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун "Зубов коомчулукка жалган маалымат берген"-деп тастыктап, Бишкек шаардык сотунун И.Кочкаров тууралуу токтому 12-январь 2009-жылда кабыл алынгандыгын, 13-январда шаардык СИЗОдо комиссия өткөндүгүн, ал Кочкаровду №8-колонияга соттун өкүмүсүз эле этап кылып жөнөткөндүгүн билдирген. Акыйкатчынын айткандары Бишкек шаардык сотунун төрагасы М.Султановдун билдирүүсү менен да ырасталат. №1-СИЗО жетекчиси М.Маматалиев мырза, биз сизге официалдуу кат аркылуу суроолор менен кайрылганбыз. Тилекке каршы, сизден жооп болбоду. Көпчүлүктү кызыктырган ошол суроолор төмөндөгүлөр:
1. 13-январь, 17-январь жана 20-январда И.Кочкаровдун үстүнөн чыгарылган өкүмдү алуу үчүн шаардык сотко кайсы инспектор барган, ал инспекторду ал жакка ким жиберген?
2. СИЗО ушул өкүмдү алууга эмне себептен мынчалык кызыкдар болгон?
3. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту И.Кочкаровдун өкүмүн №1-СИЗОго расмий түрдө 22-январда жөнөтсө, СИЗОнун комиссиясы кайсы өкүмдүн негизинде ишти карап, 13-январда И.Кочкаровду №8-колонияга жөнөтүү чечимин кабыл алган?
4. Комиссия курамында кимдер бар эле, 13-январда кимдер катышкан?
5. СИЗО жетекчилигинин И.Кочкаровду №8-колонияга тез жөнөтүү аракети эмне менен түшүндүрүлөт?
6. Соттолуучу И.Кочкаровдун "эгер мени №8-колонияга которсоңор менин өмүрүмө реалдуу коркунуч бар" деген билдирүүсү жана Акыйкатчынын ушул билдирүү боюнча Сизге берген эскертүүлөрү эмне үчүн эске алынган эмес?

(Уландысы 5 - бетте)