Бийликтин даамын… искейин

Кара- Кужурдагы "кашаны" ким бышырган?
Нарын районундагы Лахол айылынын тургуну Моңолдор Сатыбалдиев редакцияга кирип келээри менен эле "Кыргызстанда мыйзам сактаган, элдин үнүн уккан бийлик калбай калган тура" деп омуроолоп баштады. Алып жүргөн документтерин барактасак, 2000-жылдын жай мезгилинен бери Нарын райондук акимчиликтен баштап өлкө Президентине чейин арызданган каттар, аларга берилген жооптор. Документтеринин бирден нускасын алып, өзүнөн интервьюну үн тасмага жазып калдык. Нарын районундагы Лахол, Жер-Көчкү айылдарынын 300дөн ашуун чамалаш түтүн элинин бийликке нааразылыгы жөндүүбү-жөнсүзбү, окуп көргүлө. Балким арыздангандар ушунча элдин атына жамынып, жалган жалаа жаап жатышкан болсо, Тянь-Шань асыл тукум заводдун директорунун, ал тараптагы адистердин да үнүн айылга барып укканга да даярбыз.

ЭЛДИН НААРАЗЫЛЫГЫ ЭМНЕДЕН ЧЫКТЫ?
Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Лахол айылынын аксакалдар соту 2004-жылдын 22-сентябрында заседание өткөрүп, ага айыл өкмөт башчысы Рахат Эсенканов, асыл тукум заводунун директору Салыбек Чолуев чакырылганына карабастан негедир келишкен эмес. Аксакалдар соту 41 үй-бүлөнүн арызын караган.
2001-жылдын 23-апрелдеги жана 2002-жылдын 4-апрелдеги Нарын райондук акимчилигинин чыгарган буйруктарынын негизинде Лахол, Жер-Көчкү айылдарынын элине 485 га жер үлүшкө берилет. Бирок үлүшкө ээ болгон менчик ээлери жолдун алыстыгына байланыштуу ал жерлерди өздөштүрө албастыгынан кооптонушуп, эки тараптуу келишим түзбөстөн эле жерлерин айыл өкмөтүнө ижарага берип коюшат. Ошентип айыл өкмөтү жер ээлеринин жер салыктарын, соцфондго чегерүүлөрдү да өз мойнуна алган. Ал эми 2004-жылы 15-апрелде айыл өкмөтү менен заводдун жетекчиси эл менен макулдашпай туруп №5-келишим түзүшөт да элдин үлүшүндөгү жерлерден 63 га аянтын арендага карматышат.
Бирок жерге толук ээ болгон айыл өкмөтү да, арендага алгандар да соцфонд, жер салыгы сыяктуу милдеттүү мамлекеттик төлөмдөрдү төлөшпөй, же үлүш ээлерине түшүмдөн бөлүшпөй коюшат. Ошентип пенсияга чыгуу учуру келген адамдар жогорку төлөмдөрдү өз чөнтөктөрүнөн төлөөгө мажбур болуп пенсияга чыгышат.
Аксакалдар соту Корбулак участкасындагы 63 га жерди жең ичинен келишим түзүп, ижарага берип жибергендигин иликтеп берүүнү райондук бийликтен, укук коргоо органдарынан суранышат. Ижарага берилген 63 га аянт кимдердин үлүшүнө таандык экендигин аныктоону 6 адамдан турган комиссияга, соцфонд жана жер салыгын төлөп берүүнү ижарачыга милдеттендиришет.
Аксакалдар сотунун жыйынына "эл үчүн" деп иштеп жүргөн 2 жетекчи катышып, маселени ошол жерде эле ак айтып, неге калыс чечип беришкен жок? (эгерде жасап жаткан иштери түз болсо). Бирок айылдагы бийлик деле борбордогу бийликтин дал өзү окшойт. Элде эмне күнөө? "Акыйкаттык бардыр, мыйзамда башкача жазылып турбайбы" деген үмүт менен адилеттик издеп башташат.
РАЙОН - АЙЫЛ
ӨКМӨТҮНҮН "КРЫШАСЫ"
Кара Кужур айыл Кеңешинин эли Тянь-Шань асыл тукум мал заводунун директору С.Чолуевдин "мамлекеттин мүлкүн өзү каалагандай пайдаланып, сатканын сатып, каршы пикир айткан адамдарды жумуштан кетирип, коркутуп, коомчулуктун мүлкүн өзүнө сиңирип жашаган адамга айлангандыгын, А.Кыдыралиевдин уулу Нурбекти ат менен омуроолотуп, колун сындырып койгондугундугу" боюнча алгач райондук, андан кийин областтык прокуратурага, башка бийлик өкүлдөрүнө арыз жолдошот. Алардан адилеттик болбогондон кийин башкы прокуратурага, өкмөткө, парламентке чейин кайрылышат. Бирок, алардан да эч майнап чыкпай, "бардыгы коррупцияланышып, С.Чолуевди актоого өтүшкөндүгүн" көрүшкөн соң аларда бир гана арга калган.

ПРЕЗИДЕНТКЕ ИШЕНГЕН ЭЛДЕ ЭМНЕ АЙЫП…
"Кантсе да президентибиз, ханыбыз. Хандын сөзү өлгөнчө өзү өлөт да. Анын сөзү да, иши да эки болбойт" деп, ата-бабадан келаткан акылман кепке ишенишип, район менен областтан адилеттик таппаган эки айылдын эли эми акыркы үмүт деп өлкө президенти К.Бакиевге кат жөнөтүшөт. Президентке ишенген элде эмне айып… Айылдагы адилетсиздикти район түзөп койбосо, райондун алы келбесе областтык бийлик түздөй албаса, аргасы кеткен эл президентке ишенди да. Бирок арызды кайра эле "каргалар" териштирип, жоопту 6.12.2005-жылы айыл чарба министринин орун басары Б.Байтемиров жөнөтөт. Ал жоопто да… "карга карганын көзүн чокубаган" ыкмада болгон.
"Ишенген кожобуз ушулар болсо" деп иренжишкен Кара -Кужур айылдык Кеңештин депутаттары былык-чылыктарды иликтөөгө өздөрү киришип, 2006-жылы 13-февралдагы сессиясында талкуулашат. Алардын айтымында, асыл тукум мал заводдун директору Салыбек Чолуев 2001-жылдан бери элге бөлүнгөн үлүш жерди айдатып, бирок жер ээлерине ижара акысын бербей келет. 2005-жылы салыкка 34.119 сом төгүлгөн, бирок 2002-2005-жылдарга соцфондго төгүлчү акчалардын жыты да жок. Чарбадагы мал үлүшкө берилген эмес. С.Чолуев Корбулак участкасынан 113 га жерди айдап, түшүм алып жүргөндүгү анык.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз мындай иштерди өз көздөрү менен көрүп-билип жүргөн депутаттар айыл чарба министрлигине караганда алда канча калыс чечим кабыл алышат: "Чарбада көп жыл иштеген адамдардын акчалай үлүшү берилсин, 2001-жылдан бери арендага алган жердин салыгын, соцфондго карызын заводдун директору С.Чолуев жана кооперативдин жетекчиси Б.Абдыгазиева төлөп берсин" деп талап коюшат. Бирок С.Чолуев айылдык Кеңештин бул чечимин чыпалагына да теңебей, чиркей чакканчалык да көрбөй коет.

"ЭМИ АКЫЙКАТЧЫГА КАЙРЫЛЫП КӨРӨЛҮЧҮ"
Президенттен да үмүтү үзүлүп, карайлаган эл эми Акыйкатчынын Нарын областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылышат. Чатакка Акыйкатчы аралашып, иш бир аз жылган болот. Республикалык прокуратура областтык прокуратурага "текшерип, жообун бергиле" деп буйрук берет. Областтык прокуратура болсо 4.09.2006-ж. № 11/67-06 сандуу жооп катында "…С.Чолуевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан мыйзамдын чегинде кылмыш иш козгоодон баш тартылгандыгын" билдирет. Мындай жоопко нааразы болгон эл 6.08. 2007-ж. ЖКнын төрага орун басары Т.Сарпашевге кат жолдошот. Катты Жогорку Кеңеш башкы прокуратурага жолдоп, КРнын башкы прокурорунун орун басары А.Нефоросных 7.09.2007-ж. № 11/1-356-05 катында ЖКнын төрага орун басары Т.Сарпашевге жооп берет. Ошол жооптон үзүндү мындай:
"2007-жылдын 1-сентябрына карата асыл тукум мал заводу жер салыгы үчүн 34100 сом, соцфондго 19600 сом төлөгөн. Бирок, асыл тукум мал заводу жер салыгын толук төлөбөй, бүгүнкү күнгө 184800 сом карыз экендиги текшерүүдө аныкталды. Бул жагдай боюнча мал заводунун жетекчисине прокуратура тарабынан эскертүү киргизилди.
Мындан сырткары КРнын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай министрлигинин 2001-жылдын 28-апрелиндеги 634-токтомунун негизинде Тянь-Шань мамлекеттик асыл тукум мал заводун менчиктештирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2001-жылдын 20-октябрындагы 8-токтому менен Лахол айылынын тургундарына 260,1 миң сомдук, Жер-Көчкү айылынын тургундарына 190,1 миң сомдук үлүш бөлүнгөн. Азыркы учурда жогорудагы үлүштү бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугу текшерилүүдө".
Эң соңку текшерүүдөн бери (7.09.2007) ошентип бир жылдан ашып кетсе да, Кара-Кужурда бышырылган "каша" кашайып дале калемпир-тузу өтүшүп кеткен ботко бойдон экен. Ошондон берки көйгөй ушул күнгө чейин оң чечилбей жатканына нааразы болуп, "Кыргызстанда адилеттик барбы" деп чындык издеген адамдардын акыркы үмүтү "Ачык саясат" гезити болуп, бизге кайрылганы да ушундан окшойт. "Салыбек Чолуев эмне, эл душманы эмес го, же пайгамбардын колун кармаптырбы?" деп айылдыктарды азилге тартсак, "анын ишенгени депутат Аскар Салымбеков имиш" дешет. "Анда депутатка да кайрылып, "кашадан" ооз тийип көрүңүз да жардам бериңиз деп көрбөйсүңөрбү" деп кеңеш айттык. Ардагерлер "Ак жолдун" депутатына да жолугалы деп чыгып кетишти.
Лахолдук эмгек ардагери Моңолдор Сатыбалдиев, тиш врачы Дамира Сулайманова, Жер-Көчкүдөн эмгек ардагерлери Айдарбек Кыдыралиев, Асек Абдыкалыков биздин мындан кийинки журналисттик иликтөөлөрүбүзгө жардам берүүгө ынтызар адамдардан болушту. Чарбанын койлорун багып жүрүп алды 40 миң, арты 20-30 миң сомдон моюндарына карыз илинген чабандар Абдылдаев, Култашыров, Матаев, Шоңкоев ж.б. да Кара-Кужурда бышырылган "кашаны" "Ачык саясат" иликтеп жазышына кызыктар экен.

К.Молдокулов




Зубов менен Маматалиев эмнеге кабарчыдан качышат?
Биз Адилет министри Н.Турсункуловдон официалдуу түрдө С.Зубов менен жолугушуу уюштурууну жана СИЗОго, ГУИНге кирүүгө уруксат берүүсүн суранган элек. Министр мырза СИЗО менен ГУИНге кирүүгө уруксат кагазын даярдоону өзүнүн кызматкери Таалай Искаковичке тапшырган. С.Зубов биздин суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартканы аз келгенсип, Таалай Искакович даярдаган пропускага кол койбой койгону эмнени каңкуулайт?
Мындан бир гана жыйынтык келип чыгууда: акыйкат министринин биринчи орун басары С.Зубов мырза да, СИЗОнун жетекчиси М.Маматалиев мырза да И.Кочкаровдун табышмактуу өлүмүнүн сырларынын ачыкка чыгуусуна караманча каршы. Күнөөлүү адамдардын мыйзамдуу жоопко тартылуусуна кызыкдар эмес. Андай болсо, адам тагдыры тапшырылган кызматтарда бул адамдар эмне үчүн отурууга тийиш?
И.Кочкаровдун жубайы Зухра айым менен телефон аркылуу байланышканыбызда, Акыйкатчы Турсунбек Акундун айткандары туура экендигин, жесирге кимдир бирөөлөр телефон чалышып, ашыкча маалымат берсе балдары менен көчөдө калаарын эскертишкенин, балдарын коргоо үчүн эч нерсе айта албасын жана ошондой эле Кыргызстанда акыйкаттык жок экендигин айтып, биз менен жолугушуудан баш тартты. Албетте, Зухра айымды да түшүнсө болот. Атасынын убалынан коркпогондор анын балдарынын убалынан коркоору күмөн. Министрдин орун басары С.Зубовдун айтканына караганда, бул иш атайын прокуратурада каралып, тергөө жүрүүдө. Журналисттик изилдөөбүздү биз да улантабыз. Себеби, соттолгон И.Кочкаровдун дагы жашоого укугу болгон. Аны бир топ мыйзам бузуулар менен №8-колонияга атайын кызыкдар болгон адамдар алып барышкандыгы ачык эле көрүнүп турат. Алар кимдер? Тергөө ушул суроонун жообун таба алабы?

Назгүл Мамытова
"Ачык саясат"