Кары калп айтпайт, калыс сүйлөйт.


Көкүрөк толо бук

же булак көзүн ким ачат?

Урматтуу "Ачык саясат" гезитинин редактору жана анын жамааты!

Бүгүнкүдөй оор күндө чүнчүп бараткан элге "Чү" деп дем берген демилгеңерди айтпасам калыстыкка жатпас.

Албетте, "демократия аралчасы" деп айтылган кеп акыйкатсыз болуп турганына мен эле эмес, бүткүл эл жана чогула калган менин айылымдын чалдары да кейийт.

Ошондой болсо да, баарына кайыл болуп, кара жанды ар - намыска байлап, чындыкты, калыстыкты көтөрүп, турмуш дөңгөчүнө шынаа болуп кирип, элге дөңгөч ичин көргөзгөнгө аракетиңер зор экенине кубанып турамын...

Түшүндүк, бийлик бүгүн элди басмырлап, "жаман айгыр энесине тап" болуп эл көзүнө чычала сайып ойноп турганын айткыңар келип турат. Эл качан ойгонот, качан ойлонот? - деп чыйпыйыңар чыгып турат.

Эл деген дайрадан да терең. Ыргыткан ташың анын түбүнө жеткиче өтө көп убакыт керек. Ошондой болсо да эл ойгоноор, эл ойлоноор, эл козголоор убакыт аз калды. Муну мен эмес, мезгил, убакыт тажрыйбасы өзү теңдеп турат. Ошого силер себепчи болуп жатасыңар. Жашырганда не, биз эле эмес чиновниктер да мурда "Алиби", "Де-фактону" кубалап жүрүп, таап окучу элек, бүгүн "Ачык саясат" деп, силердин гезитти окучу болдук. Мунун себеби, тузу жок бышкан тамак сымал, бардык окулчу нерселер силердин гезитсиз даамсыздай сезилет. Бар болгула. Кабыргасы кайышып сыздап турган элге силер калканыч куралы жана угуучу куралы, көрүүчү көзү болуп турасыңар...

Мен өзүм силердин гезитти подшивкалап окуйм. Кайсыл саны керек болсо таап берем. Себеби, чындык жана ак сөз жерде калбайт эмеспи. Элге да бүгүн дал ушул керек болуп турат...

Менин таң калганым, эмне үчүн аксакал жазуучуларыбыз, интеллигенттерибиз, дегеле адабият майданындагылар түз жана калыс сөздөрүн айтып, жазып чыкпай жатышат? Ушундай демилгени эмнеге колдобой жатышат? Кимден коркушат? Калыстыгыңды акыры бир күнү айтышың керек да. Же алар колдорунан калемин тартып алып, оозунан сөзүн жулуп алат деп коркушабы? Түшүнбөйм.

Менин бирин экин макалаларымды, "тойс" ич күйдүлөрүмдү жарыялап турбасаңар, жарылып кетчүдөймүн. Себеби, айтайын деген көйгөйлөрүм көп.

... Элиме, жериме күйүп, мен да жүрөгүм менен ыйлап турамын. Аргам түгөнүп турат. Ошол үчүн бугумду чыгарганга силер гана көмөкчү боло аласыңар деп ойлойм...



Азимкан Маделиев

Кыргызстан элдеринин ар намысын жана абийирин коргоо комитетинин кеңешчиси.

Чүй областы , Сокулук району



Редакциядан:

Элибиз "карысы бардын, ырысы бар" деп койчу беле? Кудайга шүгүр, ырыстуу карыларыбыз бар экен арабызда. Жашырганда эмне, он сегиз жылдык тарыхыбызда "дүжүр чалдар" дүркүрөп эле "өсүп" чыкпадыбы, бийлик "селитра" чачкан "парниктерден".

Бирок, "чындык" десе чыркырап, "элим" десе эт-бетинен кетип, калк арасында калдайып турган, кийинки муундарга калкагар аска-зоо болуп берчү карыларыбыздын төмөндө жазгандарына бир көз жүгүртүп көрөлүчү.

Макалалары дебейли, вулкандай атылууга даяр ички чыңалуулары жетер-чегине жетип турган Наби атабыз менен Азимкан атабыз, Зууракан апабызды жалпы бир нерсе бири-бирине байлап турганын сезүү кыйын эмес. Ал ата конушубуз Ала-Тоону сүйүү сезими. Ушундай адамдарды чөгөлөтүүгө, алган багытынан кайтарууга мүмкүнбү?

Кудай баарыбызга ушундай көкжалдыкты берсин!








 "Бөрүлөргө" насаат


"Сатмай" саясат

Айта берсең арман көп, а айтпай-дебей коюшка аргам жок. Жүрөгүң муздап, жүлүнүң сыздап, көзүң көрүп турса көөдөндөгү муң-зарды кайда батырасың? Ушул күнгө дейре жаманыбыз жашырылып келүүдө, ал жамандыктын ажаандары жетилип, бизди алкымдан алар кез да жакын калды окшойт. Күчтүүбүз алсызды жыгып, бирибизди бирибиз жардан түртүп, акылдуубуз акылсызды алдап, дагы канча күн кечирет экенбиз?

Аалам чегинде кыргыздай улуу, кыргыздай кыраан, кайратман, акылман, улуу элдер жокко эсе. Айтканы акыл болгон актаңдай акындар, чер жазар чечендер, күн - түнү тынбай айткан манасчылар кыргыздан башка кайсы элде бар? Кыргыз эли алысты көрө билген көрөгөч, душманын да өздөй көргөн мээрман, улут үчүн жанын берген баатыр, эр жүрөк эл эмес беле? Деги кайда бара жатабыз? Карылардан барк кетти, кичүүлөрдөн нарк кетти, баарыбыз көр оокаттын артынан көчөлөп тентип жүрөбүз. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо унутулду, уят-сыйытты жыйыштырып, келечектин эртеңки тукум улаар кыз-келиндери сойку болду, эр-азаматтар ууру, кески болду. Бул үчүн кимди алкымдан алып, кимди күнөөлөйсүң? Эгер бийлик шалаакы саясат жүргүзбөгөндө мындай болбойт беле? "Казка теңелип, карганын буту сынды".

Бирдиктүү улуттук идеология кана? Качанга чейин бирөөнүн оозун карайбыз? Кыргыз кыргыз деген багыт менен кетсек болбойт беле?

Өткөндү айткым да келбейт. А бул бийликчи? Эмнени кыйратып, эмнени өзгөрттү? Бул бийлик да өткөн бийликтин таз кейпин кийген: акылга жарды, адамдыктан алыс, акты карага бүркөп, жакшылыкты жанынан алыс кубалап, өз жолун арамдыктын асма көпүрөсүнөн, жамандыктын тайгак белинен издеген, өзүнөн алысты көрө албаган, көөдөнү куру, көңүлү бузук көр мамыттын "көсөмдөрүнөн" "Ала Тоо кыргыз жеримдин да, ак калпак кыргыз элимдин да" үмүт оту өчүп барат. Бүгүн биз күйбөсөк, биз күрөшпөсөк, албетте, сырттан келген башка улуттар жерибизди басып, элибизди кул кылып алары талашсыз чындык.

"Сатмай" саясаттын айынан, башканы айтпаганда да, жер сорусу "Каркыра" жетим баладай сыздап казактарга кетти. Берметтей тунук Ысык -Көлүбүздү башка улуттар каалагандай бийлеп, жаратылыш байлыктарыбызды кимдер тепсеп, кимдер алып жатканы менен бирибиздин да ишибиз болбой жатат. Суунун башында туруп суусуз, электр жарыгы жок калуу эмне деген шерменделик? Журттан уялып, Кудайдан корксоңор боло!!! Эл үчүн, улут үчүн күйгөн эл башы мындай кадамга барат беле? Албетте жок. Касиеттүү Ала Тоо - кыргыз жери - бабалардын бизге калтырган улуу мурасы, акыл керээзи. Аны бөтөн элге сатуу, бөтөн элге тепсетүү жеткен акмактык, абийирсиздик. Кыргызды кыргыз бойдон сактап, келечек муунга татыктуу калтыруу ар бирибиздин атуулдук парзыбыз. Бизден кийинки кыргыз урпактары кыйынчылык тартып, азап чекпес үчүн бүгүн ойлонолу. "Кеңешип кескен бармак оорубайт", акыл калчап түшүнөлү улуу кыргыз элим!!! "Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат". Мен да күйгөнүмдөн айтып жатам. Сөзүмдү төрт сап ыр менен жыйынтыктасам:

Өзгөлөрдүн өрүшүнө суктанбастан,

Өнүгөлү биз дагы, өнүгөлү.

Сатып, жутуп бардыгын жоготпостон,

Алкымды тый, кыргыздын "бөрүлөрү".



Султан Бешкуртка,

Бишкек шаары.










  Кыз Сайкалдын саламы


Катарыма ким кошулат?

Саламатсыңарбы, Алланын мээриминен жаралган кагылайын калкым.

Кыргыз кандай калк эле. Меймандостугу, кең пейилдүүлүгү, баатырдыгы, улуулугу менен ааламдагы элдерден айырмаланып турчу эле го! Ааламды алты айлансак да өз Ата-Мекенибиздей жер таба албайбыз го чиркин!

Бүгүн биз эмне болуп, ким болуп баратабыз? Өз жерибизге, өз кенибизге, өз суубузга өзүбүздү ээ кылбай, саткын бийлик болгон ырыскыбызды сатып бүттү. Кыздарыбыз денесин, уулдарыбыз күчүн, карыларыбыз ыйманын сатканын кыргыз тарыхы качан билчү эле? Өз өлкөсүндө туруп кайырчы, малай болуу кыргыздын маңдайына качан жазылды эле? Акаев баштап, Бакиев уланткан саясат бизди мына ушул күнгө алып келди.

Буга ким күнөлүү? Албетте, колунан байлык чогултуудан башка эч нерсе келбеген бийлик, анын кошоматчылары күнөөлүү. Өз элине корчоңдоп өкүм сөйлөгөнү менен бөлөк элдин бийлик башчыларынын алдында бийлеп берүүгө да даяр экенин сыналгыдан көрүп эле жүрбөйлүбү.

Бөлөк элдердин алдында биз эмне үчүн бөйпөңдөйбүз? Суубузду өзбектерге, жарыгыбызды казактарга, кендерибизди дагы ар кимдерге тарттырып ийип отурабыз. Арабызда эмне, ак сүйлөгөн аксакалдар, баласын түз жолго салчу энелер, "элим үчүн чеп болом"- деген жигиттер жок калганбы? Оппозициядагы он чакты балабызды карап олтура беребизби? Же Ала-Тообуз, Ыссык-Көлүбүз, жаратылышка бай жерибиз ошолорго эле керекпи? Же каалайсыңарбы кыргыз малай болушун, кыргыз тентишин, кыргыз ыйлашын. Эртеңки неберелерибизге эмне деген жомокту айтып беребиз? Ой, ойгонбойлубу кыргыздар! Күндөн-күнгө кеч болуп баратпайбы.

Араңарда эркектер жок калса, мен аял башым менен, ар бир сөөгүмдү барскан менен жанчыса дагы, чымындай жаным калганча элим, элим, элим деп туруп берүүгө, керек болсо өлүп берүүгө да даярмын.

Барсыңарбы, менин катарымды толуктай тургандар?

Эй, кыргыз сен тазасың, сен ыйыксың! Мен ишенем, биз чындыкка жетебиз. Бирок, канткенде? Ар бир киши элим дегенде.

Эртең кеч болуп калат. Эртең менен туруп, өзүңдүн ажатканаңа паспортсуз кире албай калба. Анда кыйкырган кыйкырыгыңды да эч ким укпайт. Эрте жарыкта "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы". Сасык-сусуктардан арылалы.

Кыргыз же сатылат, же тарыхка тамга басат. Ошол кез келди. Арабызда элин саткандарга орун жок.

Зууракан Чакырова,

Талас областы,

Бакай-Ата району








  А-уу, Айдаралиев, барсыңбы айланайын?


Келише албайбыз

Болуп жаткан, боло турган жана болуп өткөн, былык менен чылыктарды ачык, так, өз учурунда калайык калкка, карапайым элге жеткизип, бизге окшогон алыскы тоо аймактарында жашаган карапайым элдин, заманыбыздын катаал жана татаал турмушта жашап, кыйналып, кысталып жатканын туура, өз учурунда баса белгилеп жазган "Ачык саясат" гезитинин эмгек жамаатына жана гезиттин каарман, кара кылды как жарган калыс редакторуна, ошондой эле редакциянын жамаатына рахмат айтуу менен иштерине ийгилик, өздөрүнө ден соолук каалап, мен, Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн жашоочусу, 73 жаштагы карыя Алтымышбаев Набий төмөнкүлөрдү билдирем.

Элибиздин, журтубуздун башына кыйынчылык түшкөндө эл башкарган башчыларыбыз калкты алдап, өз көмөчтөрүнө күл тартып, ата-бабадан бери сактап-барктап келе жаткан жерди сатып, байлыкты чачып жатканын ачык, так айтып жана жазып жаткан силерди куугунтуктап, үстүңөрдөн иш козгогон айрым кошоматчы бийлик ээлери менен Талас элинин кары-жаштары келише албайбыз. Буга карата менин айтайын дегеним 16, 17, 18-февраль айында "Ата мекен" партиясынын лидерлери барып элибизди ынтымактуулукка, ыймандуулукка, биримдикке, абийирдүүлүккө, ызаттуулукка, журтубуздун, ата-бабабыздын мурасын көздүн карегиндей сактап, президентибиз баштаган алдым жуттумдарга жол бербей туура туруп, калыс болууга үндөгөнү үчүн Талас областынын губернатору Текебаевди жана аны менен бирге жүргөн, эл камын жеген жигиттерибизди кандай гана ушактатып, жаман атты кылууга аракет жасашты. Биз Талас элинин карапайым калкы губернатор Бейшенбеков Болотбектин элди экиге бөлүп, бийликти-бир тарап, элди-эки тарап кылып президентке жакшы көрүнүүгө аракет жасаганын катуу айыптайбыз жана анысын креслосунан кол жууп калбоого жасаган жан далбасы деп түшүнөбүз. Баса, "кезеги келгенде айта кетпесе, сөздүн атасы өлөт"-дейт эмеспи. Бейшенбеков Болотбек ким өзү? Аның эл кыдырып айылдын, элдин турмушу менен таанышмак тургай, келгенине 2 жыл болсо да биздин Оро айыл өкмөтүнө бир да кыдырып келген эмес. Кыскасы, эл аны, ал элди тааныбайт, айлап жылдап мээнет кылып, эптеп жыйнаган төө буурчактын баасын өтө төмөн түшүртүп жиберген. Маселен, Искендер Айдаралиев сатып алуучу фирмалар менен сүйлөшүп, 1 кг "Лопатканын" баасын 57 сомго чейин жеткирсе, Болотбек Бейшенбеков "30 сомдон ашпайсыңар. Жогору жактын буйругу ушундай"- деп, фирмаларга арзан баада алууга шарт түзүп берген. 60-70 км жол басып барып губернаторго кире албайсың. Эшиктин кире беришинен 4-кабатка чейин милицияларды кароол кылып тизип койгон. Биздин Талас элинин ыйманы бүтүн, берекеси мол, тийбегенге тийбейт. Бирок, эл үчүн күйүп-бышып, эл камын жеген эр-азаматтарга тоскоолдук кылып, куугунтукка ала турган болсо, алар менен жан аябай, чындык үчүн күрөшүүгө дайым даяр. Сөзүмдүн акырында, заманыбызды кымкуут, чакчелекей, будуң чаң кылып, чөөчө жабылып, бөрүчө талагандарга, анча-мынча тыйынга ар-намысын саткандарга, амалкөйлүк менен Ак үйдөгү мафияларга жаккандарга, элдин, журттун келечегин ойлобогон, жерин сатып, байлыгын чачкан акмактарга наалат демекчимин.

Н. Алтымышбаев,

Талас областы,

1-май айылы