Кудай сактай кө-өр! Бүгүнкү саясий кырдаал же эми эмне кылуу керек? КР ЖКнын экс-депутаты, медицина илимдеринин доктору, белгилүү оппозиционер Т.Балтабаев менен "Ачык саясаттын" маеги. А.С. Ташполот мырза, учурда Кыргызстандын мамлекеттик саясаты, андагы орчундуу маселелер деп эмнелерди эсептейсиз? - Өлкөдөгү жалпы саясий кырдаал өз ара тыгыз байланышкан ички жана тышкы саясаттын күзгүсү. Түшүнүктүү болсун үчүн ар бирин өзүнчө талдап көргөнүбүз дурус. Кыргызстанга алыс-жакын жайгашкан чоң-кичине мамлекеттердин кызыкчылыгына байланышкан геосаясий жагдай да көп нерселерди аныктайт. А.С. Анда бир-бирден талдап көрбөйлүбү?... Сөздүн башын мамлекет жетекчисинин акыркы саясий жүрүштөрүнөн баштасак? - Оболу, биздин маектин негизги максатын аныктап алсак. Кыргызстандын ичинде жана анын айланасында болуп жаткан окуялар эмнеден кабар берет, кайсы максатка жетүүнүн аракети деген суроолорго жооп тапсак, бүгүнкү кырдаал кандай өнүгүшү мүмкүн, алдыда бизди эмнелер күтөөрүн божомолдосок болот деп ойлойм. Жаңы жылдан кийин президентибиз "жылан чакпай, жылкы теппей" туруп эле күтүүсүздөн элге эмес, улутка кайрылуу жасап- "мен улуттун атасы болгум келет, баарыңарга тең мамиле кылам, оппозициянын да жакшы сунуштарын кабыл алам, жаңы өнүгүү стратегиясын түзүүнү секретариатыма тапшырдым" сыяктуу "ачылыштарды" жасап, элди таң калтырган. Эл эмес, саясатчылар да анын бул кадамын түшүнбөй, бүшүркөгөн. Көп узабай эле Кукебиз Москвага барып, орустардын кысымы менен 150 миллион доллар аренда акысын төлөп турайын деген Америка жана башка өлкөлөрдүн авиабазасын "Кыргызстандан айдап чыгам" деп бүткүл дүйнөгө жар салып жиберди (Сэм байкебизди "акчага зыкым экен" деген шылтоо менен). Ошол эле убакта, Канттагы өзүнчө турган килейген авиабазаны ээлеп, Ысык Көлдө торпедо сыноочу полигонду колдонуп, бир тыйын бербей келаткан "старший братка" көз жумуп койгонунун сыры эмнеде? Андан кийин, "ыз-пыз" дегиче, өзүнүн бакма маалымат каражат өкүлдөрүнө алдын-ала даярдалган суроолорун таратып, Эшимкановдун "кара жашигинен" эки саат пресс-конференция берип жиберди. Натыйжада, Кукебиздин Жаңы жылда жасап жаткан жаңы, түшүнүксүз кадамдарынын сыры ачылды- мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындап, ага азыркы "журт атасы" сөзсүз катышып, кыргыздарды дагы беш жылга ( мүмкүн түбөлүккө) "бактылуу кылууну" чечиптир. Ушул жагдайдан караганда Бакиевдин жаңы жылдык чоң реклама менен шөкөттөлгөн массалык кадр алмаштыруу кадамдары да түшүнүктүү болуп чыгат. Анын максаты - өлкөнүн социалдык- экономикалык маселелерин чечүү же элдин жашоо деңгээлин көтөрүү эмес, алдыдагы Президенттик шайлоодо жаңы чиновниктердин колу менен "чок кармоо". Дагы бир чоң саясий реклама - орустардан келе турган эки миллиард доллар карызды элге аңыз кылуу. Карыздын куну - кыргыздын суусуна орустар кожоюн болуп калмакчы. Өзбек-орус-кыргыз үчилтигинде орустар өзбек газына кызыкдар, а өзбектер орустар аркылуу кыргыз суусун каалагандай пайдаланмак. Бакиев болсо орустардын пулуна муктаж - аны чачып күркүрөтө шайлоо өткөрүп, орус акчаларына кыргыз шайлоочуларынын добушун сатып алууну көздөөдө. А.С. Эмне учун Бакиевди мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоого барат деп ойлойсуз? - Себеби, ал дагы бир жарым жыл бийлик башында отурса, кырдаал башкарууга мүмкүн болбогон абалга жетет. Ал өлкөнү талкалап, жетерине жеткирип койду. Кыргызстанды оңой албастыгын өзү деле билет. Өнүктүрүү тургай, кризиске каршы туруу программасы жок. 2005-жылдан бери түзө албаган өнүгүү программасын теле-шоу боюнча адис секретариаты бир айдын ичинде Бакиевке түзүп берет имиш. Фантазиясына баракелде! Экинчиси жана анын корккону- эл менен оппозиция бир муштум болуп, нааразычылык акциялары бүтүндөй өлкө боюнча жалбырттап кетүүсү. Анда шайлоо-пайлоосу жок эле тактыны бошотууга мажбур болот. Күздө деле Бакиевди эл шайлабайт. Жек көргөн адамга ким өз добушун берсин? Мен эмне үчүн "жек көргөн" деп ишенимдүү айтып жатам. "Дизель.элкат.кж" деген сайтта жүргүзүлүп жаткан сурамжылоого 2000 ден ашык адам катышып, "Бакиевди колдойсуңбу" деген суроого 6% "ооба", 75% "жок", 19% "билбейм" деп жооп беришкен. Убакыт өткөн сайын бул тенденция күчөп, Бакиев үчүн терс жакка өзгөрөт. Ошондуктан, ал шайлоону тездетип, жыйынтыгын бурмалап, мандатын жаңылап алганга шашылып жатат. Бакиев үчүн дагы бир жагымдуу жагдай: эл азырынча үйүндө отуруп алып бийликти "шыбаганы" менен, биригип алып көчөгө чыкканга, мыйзамдуу талаптарын ачык айтканга быша электей, а оппозициябыз болсо тамсилдегидей... А.С. Өзүңүз деле оппозициянын ичинде журбөйсүзбү- "көзүңүз менен көрүп, териңиз менен сезип" дегендей...? Оболу, "оппозиция" дегендин өзүн түшүнүп албайлыбы. Биздикилер "оппозиция" десе эле "бийлик талашуу" деп түшүнүшөт. Азыркы майталканда отуруп, "тойгончо жеп, өлгөнчө карганган" ууру бийликтин расмий идеологиясы да элдин аң-сезимин так ушундай калыптандырганга аракеттенет. Чындыгында, оппозиция дегенибиз элдин байлыгын коруган корукчу. Ууруларды кармаганга күчү жетпесе да коңгуроо кагып элди ойготуп турат. Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо оппозициянын опол тоодой эмгеги мына ушунда. Анысы үчүн эч ким аларга акы төлөбөйт. Тескерисинче, бийлик токмоктойт, камайт, атып деле салат. Анысы аз келгенсип, үй-бүлө, тууган-уруктары куугунтукталат, кызматтарынан айдалат. Жалпылап айтканда-оппозицияда жүрүп позициясынан тайбагандар - адилетсиздикке каршы күрөшкө баш байлаган азаматтар. Өнүккөн өлкөлөрдө оппозиция менен элдин кызыкчылыгы толук шайкеш келип, алар дайыма бир пикирде болушат. Караңгы, саясий тажрыйбасы төмөн элдерде "хан бизди жыргатат" - деген аң-сезим күчтүү. Мына, кыргыздар экинчи "хандын" "жыргалын" көрүп, 21-кылымда тезек терип калды. Ушул маселелерди оппозицияга бириккен эр-азаматтар көтөрүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатпайбызбы. Албетте, оппозициянын арасында баары эле сонун деп айткандан алысмын - катталып коюп, анда-санда "тусовкаларга" катышып, жүзүн ачыкка чыгарбай жүргөндөр да жок эмес. А.С. Жогоруда оппозициянын табияты жөнүндө айттыңыз. Ал эми Кыргыз оппозициясынын ахвалы, ишмердиги, келечеги жөнүндө эмне айталасыз? - Өткөнгө туура баа бербесек, бүгүнкү күндүн, эртеңкинин багытын туура алалбайбыз. Багытыбыз туура болбосо, келечегибиз күмөн болуп калат. Бакиев бийлигине оппозициянын активдүүлүгүнүн туу чокусу 2006-жылдын ноябрь айына туура келди. Себеби, элдик нааразычылыктын толкунунда күтүлбөгөн жерден бийликти мыйзамсыз ээлеген Бакиев революциянын талабын жана шайлоодо берген убадаларын аткармак тургай, элдин кызыкчылыгын тебелей баштаганын түшүнгөн эл оппозицияны колдоп көчөгө чыккан. Элдин кубаттуу жаңы толкунунан чочулаган Бакиев оппозиция сунуштаган конституцияга кол коюп, нааразычылык акциясына чыккан элди тараткандан кийин, арадан ай өткөрбөй "Алга, Кыргызстандын" депутаттарын опузалап жатып, декабрь конституциясын кабыл алдырды. Бул деген ачыктан-ачык эле, кыргызча айтканда, "элиңди да, оппозицияңды да уруп ойнобойм. Билгениңерди жасап алгыла"-деген эле аракет болчу. Анан барып, 2007-жылдын апрелиндеги Куловтун авантюрасы кыргыз оппозициясы үчүн тарыхтагы белгилүү поп Гапондун ролун ойноп - оппозициянын далысына канжар урду. 2007-жылдын декабрындагы кезексиз (Бакиевтин баардык эле кадамдары кезексиз жана күтүүсүз болуп жатпайбы) парламенттик шайлоодо эл кансырап турган оппозиция үчүн добушун берсе да, Бакиев бийлиги шайлоонун жыйынтыгын каалагандай бурмалап, шашылыш түрдө көчөдөн чогулткан (Бакиев башында турган) "Ак жол" партиясынын "жеңиши" менен аяктады. Акыркы кездерде, Бакиевде "элди коркутуп, оппозицияны зордуктай берсе боло берет экен" деген жаңылыш пикир пайда болду. Элге жек көрүндү болгонун сезген жок. Бакиевдин акылы, инсандык аракеттери өлкөнү өнүктүрүүгө, демократиялык коомду курууга багытталбастан, өзүнүн үй-бүлөсүнүн, ини, балдарынын жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекет, өлкө кызыкчылыктарын, байлыктарын будамайлоого жумшалды. Элди кейитип, көңүлүн кайт кылган көрүнүш - оппозиция лидерлеринин арасынан да өз кызыкчылыктары үчүн Бакиевдин "тегирменине" суу куйгандардын чыгышы болду. Алар ким экенин баарыбыз жакшы билебиз. Мындай адамдар "Бакиев менен оппозициянын ортосунда позитивдүү кызматташууну камсыз кылам, көпүрө болом" - деген ширмага жамынышат. Бирок, алардын бири да эл кызыкчылыгы үчүн активдүү иш кыла албайт. Саткындарга Бакиев өзү да ишеним көрсөтпөйт. Алар эмне Бакиевдин коррупцияланган, бандиттик бийлигинин багытын демократия чыйырына буруп бериптирби?. Диктатурага көпүрө болгон "азаматтарга" мезгил өз баасын берет. А.С. Эмки сөз учурдагы оппозиция менен бийликтин мамилеси жөнүндө болсун? - Оппозициялык күчтөр Бириккен элдик кыймыл (БЭК) түзүп, негизги максаты катары реформаны Бакиевсиз жүргүзүүнү чечкен. Себеби, бул адам 4 жылдан бери бир да сөзүндө турган жок. Реформанын өзөгү - жеке адамдын башкаруусуна ылайыкталган бийлик системасын жок кылуу. Бул максатка жетүүнүн мыйзамдуу эки жолу бар. Биринчиси-Кыргызстандын эли активдүү көтөрүлүп, Бакиевдин өз арызы менен кызматтан кетүүсүн талап кылуу. Экинчиси-Президенттик шайлоодо Бакиевке экинчи мөөнөткө шайланууга ишеним көрсөтпөө. Оппозициянын жана элдин бул багыттарда ачык иш алып баруусуна толук конституциялык укугу бар. Бирок, иш жүзүндө Бакиев өзүнө баш ийген мамлекеттик органдарды өз кызыкчылыгы үчүн кыянаттык менен пайдаланып, оппозициянын активисттерине административдик жана кылмыш иштерин козготуп, коркутуп, камап, жашаган жеринен сыртка чыкканга, эл менен жолугушканга тыйуу салып, зордукчул саясат жүргүзүп жатат. Элге альтернативтүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк бербей, Конституцияны одоно бузуп отурат. Мындай саясаттын башында Конституциянын гаранты өзү отурганын эл билбейби? Билет. Оппозицияны ооздуктоого мамлекеттик күч органдарынан башка дагы бийликтин акырынан жем жеген чиновниктер, абийирин жоготкон катындардан түзүлгөн ОБОНдор, бийлик менен коюн-колтук алышкан уюшкан кылмышкерлер дүйнөсүнүн боевиктери активдүү тартылып, алар Бакиевдердин үй-бүлөлүк бийлигин коргошуп өз элине, өз улутуна, өз Ата мекенине кыянаттык жасап атышат. Ачыгын айтканда, Бакиев баш көтөргөн элди, эл өкүлдөрү болгон оппозицияны коркутуп-үркүтүп, күч колдонууга, камоого өттү, башкача айтканда өз элине карата ачык террор жарыялады. А.С. Бакиев менен оппозициянын таржымалы түшүнүктүү болуп калды окшойт. Эл жөнүндө эмне айткыңыз келет? - Элге төмөндөгүдөй деп кайрылгым келет. "Эй, кыргыздар! Кыргызстандын бардык атуулдары! Бүгүн Бакиев жана анын үй-бүлөсү Кыргызстандын Акаев сатканга үлгүрбөй калган бардык мүлктөрүн сатып бүтүп, эми көзгө басар стратегиялык байлыктарын сатыкка коюп, "кой, токтот"- дегендерди четинен каматып жатса, бийликтин оппозиция менен элге каршы өнөктөшү болуп чиновниктердин армиясы, уятсыз катындардын батальону жана кылмыш дүйнөсүнүн боевиктери экени ачыкка чыгып отурса да, эмне үчүн өзүңөрдүн калыс сөзүңөрдү айтып чыгып, өлкөнүн чыккынчыларын ордуна койгонго жарабайсыңар? Бүгүн дарыянын бир жагында оппозиция, экинчи жагында Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги, арамтамак чиновниктери, аларды колдогон ОБОН, дүжүрлөр, кылмыш дүйнөсүнөн тартылган күчтөр туруп жатышат. Оппозиция өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн тепки жеп, теңсиз күрөш жүргүзүп жатса, калың элдин калыс үнү угулбай жатканы өкүндүрөт. Бүгүн ким кимдер менен бирге экени, кимдер кимдердин кызыкчылыгын коргоп жаткандыгы Түптөгү, Таластагы окуялардан, ар кандай шайлоолордон ачык көрүнүүдө, бийликтин, элдин, оппозициянын анык жүзү ачылууда. Келтирилген мисалдар жана фактылар Бакиев башында турган бүгүнкү бийлик эл тарапта эмес экендигин даана далилдейт. Президенттин жана аны коргогон команданын кызыкчылыгы элдин мүдөөсүнө караманча каршы. Ошондуктан, эл өз сөзүн - Бакиевди колдойбу же БЭК тарабындабы, ачык айта турган убакыт келди. А.С. Калыстык көксөгөн карапайым калк оппозицияны колдоп берери турган иш. Эгерде эл жапатырмак көтөрүлүп, нааразычылык акцияларына чыкса Бакиев бийлиги кандай иш-аракеттерге барышы мүмкүн? - Эл а-бу деп бир чечимге келгиче Бакиев мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, момураган момун шайлоочулардын добушун каалагандай калчап, экинчи мөөнөткө отуруп калууну пландап жатат. Анан ал "оппозициямын" дегендердин атканын атат, сатылганын сатып алып, өзүнө ыңгайлуу дүжүр "оппозиция" тузөт, элдин мойнуна моюнтурук илип, терген тезегине чейин салык салып, түбөлүк хан болуп калат. А.С. Кудай сактай көр. Анчалыкка эл өзү деле жеткирбес.! Андан көрө, кантип эл менен оппозиция бир жээкке чогулуп, бирдиктүү аракет жасай алат, ошону айтыңызчы, жүрөктү түшүрбөй. - Эл ар убактан бир убак оппозициянын алдына биригүү жана бир лидер тандап алуу талабын коюп келген. Биригүүгө жетиштик. Бирок, бүгүнкү оппозиция бир лидер тандап алууга жарабай турат. Лидер болчу адамдардын жеке кызыкчылыктары ойноп кетип жатат. Эгерде оппозиция бир лидерди тандап, "бир жеңден кол, бир жакадан баш" чыгарбаса бийликтен дагы жеңилет. Мындай шартта Эл жаңы улуттук лидерди өзү тандаганы лаазым. Элдин тилегин, мүдөөсүн чагылдырган элдик гезит катары "Ачык саясат" ушул маселенин үстүндө иштеп, лидер маселесин элдик талкууга алып чыксаңар жакшы болот эле. Элдик лидерди эл өзү тандап алсын. Экинчи маселе - Эл шайлоодо берген өз добуштарын коргоп калууга даяр болсун. Антпесе, жогоруда айтылган Бакиевдик күчтөр элдин эркин жана өлкөнүн байлыгын толук "прихватизациялап" алат. Үчүнчү маселе - Бакиевдин парламенти жакында тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоодо ыплас технологияны колдонууга толук жол ачты - паспорт жана анын каттоосу талап кылынбайт, добуш берээрде бармакка маркировка жасалбайт, кошумча тизмелер каалагандай түзүлөт. Кыскасы, "өлүү жандар" менен "каруселщиктер" каалагандай Бакиевке "добуш" беришет. Элге айтаарым - сак болгула, өлкөнүн тагдыры, өзүңөрдүн тагдырыңар коркунучта! Бакиевдик үй-бүлөлүк бийликке эл менен оппозиция биргелешип бүгүн каршы турбаса эртең кеч болуп калат. Маектешкен Б. Жээнбеков |