Равшан Жээнбеков:
Бакиев бул кадамга аргасы куругандан барды
АКШнын Колумбия университетинде окуган баяндамасынан кыскартылып алынды..

11-февралда журналисттер менен болгон пресс-конференциясында президент К.Бакиев өлкөдөгү саясий кырдаалга баа берип, "Кыргызстанда саясий туруктуулук өкүм сүрүүдө" деп белгилептир. Далил катары 2007-жылдын апрель айынан бери республикада эч кандай нааразычылык митингдеринин болбогондугун келтирип, натыйжада өлкөбүздүн экономика жаатында ири ийгиликтерге жетишкендигин көптөгөн эл аралык байкоочулар жар салып жатышкандыгын, ошондуктан өз талапкерлигин экинчи президенттик мөөнөткө көрсөтөрүн билдириптир.
Ошол эле убакта, көз карандысыз кыргыз саясат изилдөөчүсү С.Абдылдаев президенттин саясий жана экономикалык кырдаалга берген баасына макул эместигин мындайча билдирет: "Экономика тармагында бийлик жалаң жеңилүүлөргө дуушар болуп, оркойгон катачылыктарды кетирүүдө".
"Экономисттердин эсеби боюнча - деп улантат өз сөзүн С.Абдылдаев - 2009-жылдын жаз-жай айларында өлкөнүн саясий-социалдык абалын колдон чыгарбай кармап туруу үчүн 300 миллиондон 500 миллионго чейин каражат талап кылынат".
Президенттин өлкөдөгү саясий кырдаалга берген баасы менен макул эместигин курамына Кыргызстандын көптөгөн оппозициялык партиялары менен чыгаан саясатчылары кирген Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров да билдирген. БЭКтин алдына койгон максаты - президент Бакиевдин өз эрки менен кызматтан кетиши, үй-бүлөлүк башкарууну жоюу жана өлкөнүн саясий системасын өзгөртүү.
А.Бекназаров өз сөзүндө мындай дейт: "мамлекет азыр социалдык-экономикалык жана саясий кризистин кучагында. Андан чыгуу үчүн биз үй-бүлөлүк башкаруу системасын жок кылуубуз керек. Анпесек, бир үй-бүлөнүн ордуна экинчи бир үй-бүлө келе берет".
К.Бакиев Президенттик кызматка мындан төрт жылдай мурда, "жоогазын революциясы" аталган жалпы жарандык нааразычылык акцияларынын толкунунда келген. Ал мезгилде ага миллиондогон адамдар ишеним артып, келечек үмүттөрүн байлаган. Тилекке каршы...
Бүгүнкү Бакиев - кыргызстандыктардын колдоосунан кол жууп калган адам. Эгерде "жоогазын революциясы" учурунда аны өлкөнүн 60-70 пайыз эли колдоп берсе, бүгүн изилдөөлөр көрсөткөндөй аны элдин 20 пайызынын колдоосу да арсар.
"Жоогазын революциясын" бирге жасашкан пикирлештери Бакиевди азыр революция идеяларын сатып, өлкөнү системалык кризиске батыргандыгы үчүн күнөөлөп, оппозиция тарабына өтүп отурушат.
Бүгүн бийликти эңшерилген экономика, энергетикалык кризис, социалдык көйгөйлөр, анан дагы, күч алган оппозиция туш тарабынан кысмакка алууда.
Бул абалдан, эч болбосо ушул жаз менен жай айларынан аман-эсен чыгып, шайлоо алдында калкты тынчтандырып кармап туруу үчүн Бакиев бийлигине тез арада каражат табуу көйгөйү кошулду. Эл аралык кризистик топтун эксперттери өздөрүнүн 2008-жылдагы отчетунда жазгандай "Эгер президент Курманбек Бакиев коррупция, экономикалык кризис сыяктуу өлкөнүн өтө маанилүү проблемаларын чече албаса, Кыргызстандагы сыртынан беймарал көрүнгөн кырдаал заматта курчуп кетиши мүмкүн". Мындай шартта К.Бакиевдин Россия жетекчилигине курун мойнуна салынып баруудан башка аргасы калбай калган.
Өлкөнү башкарууга жөндөмсүздүк, демократиялык институттардын чабалдыгы, үй-бүлөлүк бийлик жана коррупция Кыргызстанды жарга такап, курч саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды жараткандыгы талашсыз. Мына ушул абалдан чыгуу максатында Бакиевдин өкмөтү бириккен күчтөрдүн "Ганси" авиабазасын Кыргызстандан чыгаруу убадасы менен Россияга акча сурап, тилемчилик кылууга барып отурат.
Менин көз карашым боюнча, мындан тышкары, көп аналитиктер менен саясат изилдөөчүлөр байкоо салбаган дагы эки маанилүү жагдай бар.
Биринчиси - Америка Кошмо Штаттары колдоо көрсөтүп келген сөз эркиндиги, адам укугу, коомдук жана саясий институттар сыяктуу демократиялык баалуулуктар Бакиевдин нагыз диктаторго айланып, кыргыз мамлекетин балдары менен инилеринин жайытына айлантуусуна кандайдыр бир деңгээлде тоскоол болуп келди. Жаратылышынан демократиялык баалулуктарды жактырбаган Бакиевдин бул багыттагы АКШнын иш-аракеттерине салкын мамилеси да ошондон. АКШ өкмөтү тарабынан каржыланып, Кыргызстандын калкы үчүн эң бир калыс жана жеткиликтүү маалыматтардын булагына айланган "Азаттык" үналгысынын жабылышы да анын ачык-айкын далили.
Сөз арасында айта кетчү дагы бир нерсе - Бакиевди бийликке алып келген "жоогазын революциясы" учурунда Кыргызстандын алыскы райондоруна калыс маалымат жеткирүүдө "Азаттык" үналгысы эбегейсиз зор роль ойногон. Буга ыраазылык билдирүүнүн ордуна Бакиев минтип радиостанцияны жаптырып отурат.
Көңүл буруп койчу дагы бир жагдай - "Азаттыкты" жаап жатып Бакиев аны түзүүчүлөрдүн көңүл-көйүн байкап көрөйүн деп ойлогону да талашсыз. Тилекке каршы, америкалыктар ага солгун мамиле жасап коюшту. Менин терең ишенимимде, эгер АКШ демократиялык процесстерди өрчүтүү боюнча активдүү позициясын ачык-айкын көрсөткөндө, бүгүнкү кыргыз-америкалык мамилелер башкача нукта өнүгүүсү мүмкүн болчу. Ошолорду байкаган соң К.Бакиев экинчи кадамга барып, Манастагы авиабазаны жаптырып отурат.
Экинчиден, К.Бакиев Россия жетекчилигинин саясий колдоосуна муктаж. Себеби, жакынкы келечекте президенттик шайлоолор күтүлүүдө. Жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, ал ар кандай мыйзам бузууларга барбай койбойт. Андан тышкары, ага айрым саясатчыларды аренадан кетирүү, армияны демонстранттарга каршы колдонуу, эң негизгиси - өзүнүн президенттик өмүрү бүткөндөн кийинки тагдырын да ойлоо керек. Ушул өңүттөн алып караганда ага демократиялык баалуулуктар деп жар салган Америка эмес, коңшу турган Россия алда канча маанилүү.
Мына ушул үч фактор Бакиевдин өкмөтүнө Манастагы авиабазаны жабууга негиз болуп бергендигине мен бөркүмдөй эле ишенип турам. Мындан бир гана жыйынтык чыгарууга болот: Кыргызстандын президенти өз максатына жетүү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгын курал катары пайдаланды, башкача айтканда өзү отурган тактыны авиабазага айырбаштады.
Сөзүмдүн аягында төмөнкүлөрдү баса белгилеп кетким келет:
Биринчиден, К.Бакиев менен бир келишимге келүү мүмкүн эмес. Себеби, ал үчүн келишим, пикирлеш, өнөктөш деген түшүнүктөр, ал эмес аларың АКШ же Россия сыяктуу ири державалар болсо дагы, тыйынга арзыбаган нерсе. Менин айткандарымды Манастагы авиабазанын, "жоогазын революциясындагы" пикирлештердин жана "Азаттык" үналгысынын мисалында өзүңөр жүйөөлөп көргүлө.
Экинчиден, К.Бакиев бийлиги коррупцияга баш-оту менен кирип кеткен, андан чыгууга күчү жетпейт. Андыктан, АКШ авиабазаны кармап калуу үчүн, Орусия чыгаруу үчүн канчалык акча төлөбөсүн, анын көпчүлүк бөлүгү жетер жерине жетпей, ортодон уурдалып жок болот.





  Александр Кули:

"Ганси" аскерий базасын
жабуунун артында маселе көп
Кыргызстанга Орусиядан болобу же АКШдан болобу каржылык жардам гана керек болчу. Орусия Кыргызстанга ошондой жардамды сунуш кылды. Америкалык базанын тагдыры каржылык керектөөнүн айынан ушундай чечилүүдө. Орусия Кыргызстанга каражат берип гана чектелбестен, бул чөлкөмдө АКШнын турушуна да бөгөт коюуда. Муну менен Орусия АКШга өтө чоң белги берди, деп билдирди "Азаттыкка" берген маегинде Колумбия Университетинин профессору Александр Кули.

Александр Кули (Alexander Cooley) - саясий илимдердин доктору, Колумбия Университетинин алдындагы Барнард колледжинин профессору, "Ачык Коом" институнун изилдөөчүсү, АКШнын тышкы аскерий базалары жана Шанхай Кызматташтык Уюму тууралуу изилдөө менен алектенген америкалык саналуу серепчилердин бири.
- Айдын башында Кыргызстандын расмий бийлиги "Ганси" аскер базасын чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай бир тараптуу чукул чечимге эмне себеп болду деп ойлойсуз?
- Менин оюмча мунун үч негизги себеби бар. Биринчиси, учурда кыргыз өкмөтү акчадан кысталып турат. Ал каражат оболу улуттук экономиканы колдоого, ички төлөмдөрдү жүргүзүүгө керек. Отун-кубат жактан алганда бул кыш жергиликтүү калк үчүн катаал болууда. Ал эми ошол акча каражатын Орусия сунуштап, кыргыз тарап ага макул болду.
2 миллиард АКШ доллары узак мөөнөттүк насыя катары Кыргызстандын келечектеги суу-кубат тармагына, 150 миллион доллар акча учурдагы экономикага колдоо ирээтинде убада кылынды. Ал эми америкалык тарап болсо келишим боюнча "Ганси" аба майданын пайдаланганы үчүн жылына 150 миллион доллар төлөөрү каралган, бирок анын ичинен 80 миллиону гана акча түрүндө берилсе, калган каражат гуманитардык жардам, демократияны колдоо иретинде берилет.
Экинчи себеп - бул Кыргызстандын ички саясатын чыңдоо. Президент Бакиев өлкөнүн көз карансыздыгын сактоого, өлкө ичиндеги биримдикти кармап турууга көңүл буруп, тышкы саясатты өзгөртүп жатканы менен байланыштырууга болот. Буга жазга чукул саясий оппозициянын жандануусу дагы түрткү болуп жаткандай сезилет.
Үчүнчү себеп - АКШдагы бийликтин алмашуусу. Жаңы президент Барак Обама тышкы саясатта Ооганстанды артыкчылык катары белгиледи. Мындан улам, кыргыз тарап Ооганстан АКШ үчүн артыкчылык болгондон кийин "Ганси" аба майданында турган учак-жабдыктарга төлөнө турган каражатын көбөйтүүнү көздөдү. Ошол эле учурда, орустар дагы АКШнын жаңы жетекчилигин сыноодон өткөрүп, Борбор Азия чөлкөмүндө кимдин таасири күчтүү экенин, аларга да тиешелүү көңүл бурулушун кездешүүдө.
- Сиз сөзүңүздүн башында кыргыз тарапка чукул каражат керек болду деп айтып кеттиңиз. АКШ каражат жагынан колдоо көрсөтө алат беле?
- Жөнөкөй тил менен aйтканда, албетте, болмок. Бирок ошол эле АКШнын узактан бери калыптанган расмий саясаты буга жол бербейт. Каражат коопсуздук, гуманитардык жаатта ошол база турган тарап менен кызматташуу үчүн төлөнөт. АКШ аскердик базаны эле кармап туруу максатында эч бир өлкөгө каражат төлөбөйт. Ошол эле учурда, ал төлөмдөр кайсы бир жерде көбүрөөк болсо, анда башка базалар жайгашкан өлкөлөр дагы төлөмдөрдү көтөрүүнү талап кылаары шексиз. Бул абдан талаш-тартыштуу маселе.
Албетте, АКШ чоң, кубаттуу өлкө. Ошондой болсо дагы аскердик базалар үчүн кыргыз тарап талап кылган сыяктуу жүздөгөн миллион доллар төлөөгө эч кандай жол берилбейт. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылса, ал "АКШ Кыргызстанда дагы кандай багыттагы программаларды ишке ашырууга жардам көрсөтө алат?" - деген мүнөздө гана болушу мумкун. Бул женил-желпи акча берип жаткан орусиялыктарга салыштырганда АКШ үчүн абдан олуттуу маселе.
Базаны жабуу тууралуу маселени Президент Бакиевдин Москвада жар салышынын артында көп маселелер жатат. Бир аз күтө турсак, жагдайды толук түшүнөбүз.
- Эгер "Ганси" аба майданынан аскердик база чыгарылса кайсы өлкөгө жайгашуусу мүмкүн?
- Бул АКШ үчүн өтө урунттуу учур. Америкалыктардын көп деле мүмкүнчүлүктөрү жок. Казактар менен НАТОнун күчтөрүн колдоо жаатында сүйлөшүүлөр болгону белгилүү. Бул бир шарт. Дагы бир мүмкүнчүлүк НАТО күчтөрү кеңири колдонгон Түркмөнстандын "Мары" аскердик базасы. Албетте, мындай учурда Түркмөнстан менен бир катар саясий маселелердин үстүндө иш жүргүзүлүүсү зарыл. Дагы бир мүмкүн болгон шарт кайрадан Өзбекстанга баруу. Бирок, кандай гана жагдай болбосун, кандайдыр бир саясий маселелерди чечүү талап кылынат.
Орусия дагы буга таасир этчү факторлордун бири, ал америкалык базаны кабыл алууга макулдук берген кайсы гана өлкөгө болбосун басым жасашы мүмкүн. Ушул сыяктуу бир топ чиелешкен маселелердин үстүндө узак сүйлөшүүлөр талап кылынат. Ошого байланыштуу, америкалык тарап эң оболу "Ганси" аба майданында калуу учун мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн баарын жүргүзөт.
- Профессор Кули, "Ганси" аскерий базасынын тагдырын Орусия өз колуна алды, эми америкалык тарап сүйлөшүүлөрдү расмий Кремль менен жүргүзө баштайт деген маалыматтар айтылууда. Буга кандай карайсыз?
- Менин баамымда, Орусиялыктар бул маселеде олуттуу орун ээлегени көрүнүп турат. Кыргызстанга Орусиядан болобу же АКШдан болобу, каржылык жардам гана керек болчу. Орусия Кыргызстанга зарыл жардамды сунуш кылды. Америкалык базанын тагдыры каржылык керектөөнүн айынан ушундай чечилүүдө. Орусия Кыргызстанга каражат берип гана чектелбестен бул чөлкөмдө АКШнын турушуна да бөгөт коюуда. Муну менен Орусия АКШга өтө чоң белги берди.

Гүлайым Ашакеева
"Азаттык"