"Ханды Кудай ураарда, өз элине кас болот" Патенттин баасы, чоң балээнин башы Адатта башка мамлекеттер жер жүзүн бирдей каптаган дүйнөлүк каржы капсалаңынын каарынан өз элин колдон келишинче коргоп калууга болгон аракетин жумшаса, биздин өлкөдө бардыгы теңирден тескери жасалууда. Ойку-кайкы иш жүргүзгөн бүгүнкү кыргыз бийлигинин өз элине каршы саясатынын ачык мисалы катары, миңдеген ишкерлерибиздин ишине тоскоол болгон жаңы Салык Кодексинин кабыл алынышын көрсөтсөк болот. Ал көпчүлүк мекендештерибиздин түн уйкусун төрткө бөлүп, түйшүгүнө түйшүк арттырып отурат. Чуулгандуу маселеге айланган жаңы Салык Кодекси ордо калаабыздын чок ортосунда жайгашкан айтылуу Ош базарындагы майда ишкерлердин иштерине кандай пайдасын же зыянын тийгизээрин өз ооздорунан уксак: Таалайбек Сатиев: - Жаңы жылга чейин 350 сомдун тегерегиндеги акчага патент алчубуз. Азыр миң сомдон ашып кетиптир. Соода болсо мурдагыдай эмес, дээрлик жокко эсе десек болот. Патенттен тышкары, соода орду үчүн бир күндө 315 сом төлөйм. Базарда олтурсак эле акчага туйтунуп атышат деп ойлойт окшойт чоңдор. Болбосо, эсеп-чотту туура жүргүзүп, анан патенттин баасын көтөрүшпөйбү. Базарда бала-чакасын эптеп багып жаткандар толтура. Бул өкмөт элин ойлобой калды го. Диларом Ормонова: - Эртеден кечке соода аз, жөн эле олтуруп калдык. Түшкөн кирешебиз менен эсептешкен киши жок. Патенттин баасын өз ойлоруна келгендей 2-3 эсе көтөрүп коюшту, билерман чиновниктерибиз. Мурда 650 сом төлөчүмүн. Эми "1000 сомдон төлөйсүңөр"-деп жатышат. Андан тышкары, атайын сакталуучу жайга күнүнө 70 сом төлөйбүз. Акыркы үч айда биз базар үчүн гана иштеп жатабыз. Күнүгө ичкен-жегенибиз, орун үчүн төлөгөн акчабыз, базардын ар кандай майда-чүйдө муктаждыктарын жапкандан кийинки акчаларыбызды эсептесек, өзүбүзгө эч нерсе калбайт экен. Жада калса, даараткана да күн сайын кымбаттап баратат. Мурда эки сом, андан кийин 4 сом болсо, эртеңден баштап 5 сом болот деп жатышат. Эгер ооруп калып, же башка шарттар болуп базарга чыкпай калсак, орундун акчасын баары бир толук төлөйбүз. Патентке 1000 сом төлөй албасак, салык чогулткан кишинин чөнтөгүнө 500 сом салып беришибиз керек экен. Азыр эле "эртең төлөбөсөң бир халатыңды көтөрүп кетем"- деп оопузалап кетти. Мындай системанын кимге кереги бар? Көрсө, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн карапайым эл кыйнала берет турбайбы. Алтынай Ташбаева: - Январь-февраль айларында жылда эле соода жок, "мертвый сезон" болот. Бирок, өткөн жылдарда бул мезгилде мынчалык кыйналган эмеспиз. Быйыл жылдагыдан өзгөчө, катаал, оор ай болду. Жада калса турган ордубузга төлөй албай, соодасын токтотуп кайгондор четтен чыгууда. Былтыр патентти кымбаттады десек, быйыл андан да эки эсеге көтөрүштү. Ошентип, тапканыбыздын дээрлик 90 пайызы орунга, күзөтчүлөргө, салыкка кетсе, бала-чакабызды кантип багабыз? Мисалы, мен үч студент баламды окутайын деп мектепти таштап, соодага өткөм. Эми, минтип соодабыздын да "соодасы" бүтүп атат. Эми эмне кылабыз? Биз төлөп жүргөн салыкты инспекторлор ортодон өөнөп кетпей, мамлекеттин казынасына туура жеткирсе, мүмкүн минтип кымбаттатпайт беле деп да ойлойм. Патентти көтөрбөй эле, ошол 600 сомду мамлекеттин казынасына толугу менен төгүп турса оң болмок. Коррупциянын тамыры кыркылмайын, салыкты миң эсе көтөрсө да мамлекеттин казынасы эч качан толбойт. Аскат Раимкулов: - Мен турган ордума 1500 сом төлөйм, андан тышкары патентке 1000 сом, күзөткө 450 сом төлөйм. Андан артканы эптеп ооокатыма жетет. Иштегениме көп жыл болду. "Өз кардарларым бар" - дегендей. Бирок, базар дегениң ар кандай да. Айрымдар сооданы жаңы баштаган болот же самын-сумун, майда-чүйдө менен олтургандар, үстүнө 1-2 сом эле кошуп сатышат. Алардан кыйраткан деле киреше түшпөйт да. Көпчүлүгү контейнерлерди ижарага алып иштетишет. Бир-эки ай иштеп эле, банкрот болуп жабылып калгандар көбөйө баштады. Людмила Ивановна: - Калп айтпасам, Кыргызстанда 70 пайыз эл соода-сатык менен жан сактайт болуш керек. Мамлекетибиз элин жогорку айлык акы төлөп бере турган жумуш менен камсыз кыла албагандан кийин, өз оокатын өзү эптеп кылып жаткан элди кыйнап, мамлекеттик казынаны толтурабыз дегендери уят эле иш. Биздин маңдай тер, таман акыбыз менен тапкан акчаларыбыз кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшпөй, толугу менен мамлекетке түшөөрүнө да көзүм жетпейт. Эмитен эле жең ичинен сүйлөшүп, 1000 сом патент сатып алгандын ордуна 500 сом кармата бергендер четинен чыгып жатат. Ошентип, баягы эле жегич-ичкичтердин күнү тууду. Шарипа Акназарова: - Патенттин баасын кымбаттатып салышты эле, базар баасы да четинен жогорулап баратат. Мамлекет мындан эмне утту? Чиновниктерге чымын чаккандай да болгон жок. Айланып келип эле жону катуу жөнөкөй адамдарга кошумча түйшүктү жаратууда. Мурда паттенттин баасы 400 сом болсо, азыр 1200 сомго чыгарышты. Мындан тышкары да ар кандай төлөмдөр бар. Соода да мурдагыдай эмес. Кыскасы, абалыбыз жакшы эмес. Жамиля Матисакова: - Буга чейин патентке 1100 сом төлөсөк, азыр 1800 сом төлөй турган болуп калдык. Албетте, мындай сумма кичи ишкерлердин ишине терс таасирин тийгизээри турган иш. Ушундай дүйнөлүк кризистин учурунда биздин мамлекет башчыларыбыз элдин жагдайына жараша иш кылса болмок. Патенттин баасын көтөрүшсө да, кичи ишкерлерге сокку болбогондой кылып, акырындык менен көтөрүшсө бүгүнкүдөй оор абалга кептелбейт элек. Башка мамлекеттерде дүйнөлүк кризис маалында кыйналып-кысталып калбасын деп өз элине кам көрүп, салыктарын көбөйтмөк турсун арзандатып бергенге аракет кылып жатышса, бизде бардыгы тескерисинче болуп жатат. Кандай болгон күндө да салыктардын мынчалык асмандап кетиши көпчүлүк кыргызстандык ишкерлер үчүн өтө эле оор сокку болду. Эгер, ушунчалык эле көтөрүш керек болуп жатса, кризис өтүп кеткен соң, 2010-жылы деле көтөрсө болмок. Кайда шашышты, билбейм. Жанара Кыдыргычева: - Патенттин баасы 500 сомго көтөрүлдү. Мындан тышкары, ордубуз үчүн күнүгө 55 сом, сактоо камерасына айына миң сомго чейин, араба үчүн күнүгө 150-200 сом төлөйбүз. Салыктын мынчалык деңгээлде кымбаттап кетиши жакыр элди андан да жаман оор жашоого түртүүдө. Гульниза Молдокулова, Эрнис Балбаков, "Ачык саясат" |