Чоң талаштын ээси - Камбар-Ата ГЭСи

Карыздар - эгемендүүлүктүн "кепинине" айланбайбы?
Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатындагы кош жүздүүлүк мамлекет башчысы К. Бакиевдин Россияга жасаган расмий иш сапарында ачык көрүндү. Бүгүнкү бийлик ээлери мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдө жагынуучулук жолду тандап алганын баарыбыз теледен көрүп турдук. Атап айтканда, Казакстанга жасалган президенттин иш сапарында 4 пансионатка кошулуп Каркыра тартууга кетсе, Россиядагы расмий жолугушууда "өкмөт "Ганси" учак базасын өлкөдөн чыгарууга чечим" даярдагандыгын "сүйүнчүлөп", анын өтөөсүнө 2 миллиард доллар кредит алууга "тилемчилик" жасалып отурат.

Эгемендүүлүктөн - жагымпоздукка
Мына ушунун өзү эле өлкөбүздүн тышкы саясаты да кыйроо жолуна түшкөндөй таасир калтырат. Россияга карата бул жагымпоздук элибиздин эптеп жеткен эгемендүүлүгүнө доо гана келтирбестен, кайрадан жергебизге орустардын ар тараптуу үстөмдүгүн жүргүзүүгө ыңгайлуу шарт түзгөнүн моюнга алуу керек.Өкмөттүк жалпыга маалымдоо каражаттары президент К. Бакиевдин Россиядан 2 миллиард доллар алып келгенин "анын алысты болжогон акылмандуулугуна, аяр саясатчылыгына" байланыштыруусу да, бийликтин чындыктан канчалык деңгээлде четтеп калганын ачык көргөзөт. Бул карызга алынган каражаттар калкыбыз үчүн канчалык кымбатка тураарын ойлобогондугу үчүн азыркы бийлик келечек алдында жооп бере тургандыгын алдын ала эле айтып коюшубуз керек окшойт.
Мындай ачуу тыянак чыгаруунун себептерин аныктап, айрым аргументтерди келтирели. Өлкөбүздүн белчесинен карызга батышына эмне себеп болгонун Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да, мамлекет башчысы да жүйөөлүү далилдер менен жооп берүү мүмкүнчүлүктөрүнөн эчак эле ажырап калган. Алардын ар кандай актануулары кайрадан өздөрүн туңгуюкка кептейт. Мунун өзү элдин бийликке болгон ишенимин (эгер ишеними болсо) дагы кескин төмөндөтөт. Илгери, "капитализм өз көрүн өзү казат"-деп Маркс айткандай, экономикалык жана саясий чоң жаңылыштыктары менен бүгүнкү бийлик да "өз жайын өзү даярдап" жаткан сыяктанат.

Ээси жок энергетика
"Энергетикалык ресурстардын чыныгы ээси жок, Өкмөт чыгаан менеджер боло албай жатат, демек, бул ресурстар сатылыш керек"- деген энергобарондорду кызуу колдоого алган президент кышта кыргыз элине "тезек" тергизди. Энергоресурстарды "сатыкка чыгарганы" менен, анын "чыныгы ээси" табылган жок. Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин төмөндөп баратканын бийлик элден жашырып, бизге белгисиз дагы бир "сюрприздерди"камдоодо.
Ошол эле учурда Борбордук Азиянын Аму жана Сыр дарыяларынын бассейндеринде суунун тартыштыгы үчүн Тажикстан менен Кыргызстанга айыптоолор өз апогейине жетти. Кырдаалдын мындай татаалданышы бийлик тарабынан канчалык деңгээлде талкууланганы бизге белгисиз, бирок мамлекет башчысы К.Бакиев "Камбар-Ата ГЭСи башка тараптан жардам албастан , өз күчүбүз менен куруларын"- жарыялаган эле. Иш башталганы менен Кыргыз өкмөтү ГЭСтин курулушуна жетиштүү өлчөмдө каражат бөлүп бере албасын, ГЭСти Кыргызстан эч качан өз күчү менен кура албасын ошол учурда эле белгилегенбиз.
Жаңы ГЭСтерди куруудан мурда колдо турган энергетикалык булактардын стратегиялык маанилүүлүгүн, аны мамлекеттин гана менчигинде калтыруу зарылдыгын, менчиктештирүүнү токтотуу талаптарын коюп келгенбиз. Бирок, элдин үнүн бийлик уккан жок. Натыйжада, энергетика тармагынын эң кирешелүү бөлүгү - элди энергетика менен камсыз кылуу бөлүгү сатыкка коюлду.
"Суунун тартыштыгы" шылтоо болуп, иштеп жаткан ГЭСтер "чыгашалуу" болгон шартта, Камбар-Ата ГЭСинин курулушун баштоонун зарылдыгы бар беле? Өз күчүбүз менен курула турган бул ГЭС үчүн Россиядан 2 миллиард доллар карыз алуунун сыры эмнеде? Кана, бийликтин убадасы, кайда логика? Бийликтин кулагы мындайда укпайт, калкыбыздын канча какшаганынан майнап чыкпайт. Аргасыз ичтен сызасың да...

Саясий өңүттөгү жеңилүү
Эл дагы алданды. Камбар-Ата ГЭСинин курулушу эч качан өз күчүбүз менен бүтмөк эмес. Башталган ишти токтотууга болбой калган, анткени, президенттик шайлоо босогого кирип келди. Бийлик реванш алууга ашыкты. Ошентип, экономиканын башка тармагына эмес, ГЭСтин курулушу үчүн 2 миллиард доллар суралды. ГЭС бүтүп калса, К.Бакиев "мына, мен президент болгонго чейин Кыргызстанда эмне курулду эле? Мен ГЭСти курдурбадымбы?"-деп догурунууга өтөөрү турган иш.
Аттиң, чет элден алынган инвестициялар жалаң үстөгү менен берилсе гана? "Ишенген кожоң сууга акса, алды-артыңдан тал карма"- дегендей Россия берер ири кредити бул мамлекеттин биздин өлкөгө өзүнүн үстөмдүгүн орнотуу максатында берилип жаткандыгында болуп отурбайбы? Президент К.Бакиев акыры кайын-журтуна ак кызмат өтөп, алынуучу карыз акча үчүн өлкөбүздүн моюнуна оңой менен чыкпас сыйыртмакты салып берди.
Буга чейин кредит берип келгендер тузакты тымызын тартышса, Россия сыйыртмакты көз көрүнө, ачык ыргытты. Берилүүчү карыздардын үстөгүнөн тышкары Россия Камбар-Ата ГЭСи бүткөрүлгөндө андан иштеп чыгарылган электроэнергиянын 48 пайызына өзү ээлик кылаарына, 300 миллион доллар гранттан тышкары дагы 150 миллион доллар кредит берүү менен Кыргызстанда торпедо чыгарган "Дастан" өнөр жай ишканасынын акциясынын тең жарымына ээ болоруна басым жасады. Мамлекет башчыбыз Россиянын мамлекет башчысы менен тең ата сүйлөшө албады, алардын талабын аткаруудан башка арга таба алган жок. Ал гана эмес, НАТОнун учак базасы "Гансини" чыгаруу боюнча "Кыргыз өкмөтүнүн чечимине" Россия тоңмоюн, кайдыгер мамиле жасап койду. Ошентип, мамлекет башчыбыз өзү даярдаган саясий "трюкка" өзү түшүп, экономикалык жактан да, саясий өңүттөн да ири жеңилүүгө гана дуушар болду.

Ишенимдүү өнөктөш
боло алабы?
Россия менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын расмий жолугушуусу "наны бар бала сүймөнчүктүү" экендигин дагы бир ирет аныктап берген болчу. Өзбекстандын газын Европага сатууда ири кирешеге ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн улам, Россия Кыргызстандын Өзбекстанга сууну товар катары сатуу аракетин колдобосун, ал түгүл Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна Өзбекстандын каршы маанайына кабатыр экендигин билдирген. Россиянын бул туруксуз саясатын биздин бийлик өкүлдөрү эч ойлонбогондугу эмнени түшүндүрөт?
Борбордук Азиядагы мамлекеттердин ортосундагы карама-каршылыктардын чыгышына ириде суу ресурстары себепкер болуп келген. Мындай чыр-чатактар күч алган жерде Россиянын калыстыктан тайгандыгына төгүндөлбөс маалыматтар бар. Мисал келтирели. Тажикстан энергетикалык муктаждыктан Рогун ГЭСинин курулушун баштаган. Курулушту инвестициялоого Россия кызыкдар болгон. Мурдагы КМШ өлкөлөрүндө бирге болгондугу эске алынып, Тажикстан Россияны өнөктөш кылып, энергетикалык жабдууларды бирдикте кура баштаган.
Баарыбызга белгилүү болгондой быйыл Европа өлкөлөрү кыштын эң оор сыноосуна тушукту. Россия аларды газ менен камсыз кылууга тийиш эле. Демек, газы бар бул Өзбекстан Россиянын колдоосуна ээ болуп, ошол эле учурда Тажикстандын Рогун ГЭСин инвестициялоо келишиминин шарттарын одоно бузуулар башталды. ГЭСке берилүүчү каражаттар өз учурунда төлөнбөй, курулуш үзгүлтүккө учурады.
Ошентип, Өзбекстандын газын сатып алууга жетишкен Россия Тажикстандын Рогун ГЭСине берүүчү каражаттарын белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон. Бул болсо тажиктердин нааразычылыгын күчөтүүдө. Тажикстандын бийлиги ЕврАзЭс сыяктуу акчалуу жана таасирдүү уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган.
Дагы бир эскертүүчү нерсе, кийинки учурларда суу ресурстарына бай Кыргызстан менен Тажикстанга каршы мүнөздөгү "Суу-кан түспөлдөшүүдө", "Суу үчүн салгылашуу" деген ат менен таанымал интернет-сайттардын билдирүүлөрү жарыялана баштады. Тажикстан Рогун ГЭСине Россия убада кылган каражаттарды берүүнү создуктурганы жана орус интернет-сайттарынын Өзбекстанды колдогон маалыматтарына нааразы болуп, Россияны "ишенимсиз өнөктөш" катары эсептей тургандыгын билдирген эле.
Ушулардан улам, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу үчүн берүүчү кредитти Россия үзгүлтүксүз төлөп турабы, эртең дагы бир жыландын башын кылтыйтпайбы? -деген түпөйүл суроо туулуп отурат.

Бир адамдын амбициясынын кесепети
Орустун улуу тамсилчиси Иван Крыловдун "Карышкыр менен козу" чыгармасында:
"Алдуу алсызды ар дайым күнөөкөр кылат,
Ага мисалдар тарыхтан арбын табылат.
Бирок биз тарых жазып жатканыбыз жок,
А тамсилде мындай деп айтылат",- деген саптары аргасыз эске түшөт.Россиянын президенти Дмитрий Медведев Ташкентте Ислам Каримовдун талабын колдоп, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна каршы экенин билдирген. Арадан аз убакыт өтпөй эле К.Бакиевди Москвада кабыл алып, ГЭСтин курулушуна жетиштүү каражат берүүгө убада берип отурат. Мындай эки жүздүү мамиленин түпкү сыры эмнеде? - деген суроо карпайым калкты бекеринен түйшөлткөн жок.Алгач Өзбекстандын мамлекет башчысы Россиянын Камбар-Ата ГЭСин каржылоосуна кабатыр экенин жашырган эмес, бирок бул Россиянын эки стандарт саясатынан кийин ГЭСтердин курулушу экологиялык коопсуздукту түзбөсө, Өзбекстан да бул курулуштарды каржылоого даяр экендигин билдирип отурат.
Бул эмнени билдирет? КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Россия "карышкыр", ал эми Борбордук Азия өлкөлөрү "козу" экендигин, ич ара саясий мамилелерде туруктуу принцип сакталбасын, мурдагы СССР курамындагы өлкөлөр музыкага заказ берүү үчүн Россиянын макулдугун алууга тийиш экендигин дагы бир ирет айгинелеп койду.
Бүгүн мамлекет башчысы К.Бакиевдин Камбар-Ата ГЭСи үчүн каражат бөлдүрүп келишин дипломаттык жогорку жөндөмдүүлүк катары баалоо бери болгондо акылсыздык. Азыркы учурда экономикасы өнүккөн ар бир күчтүү мамлекет өзүнүн капиталын бизге окшогон начар өлкөлөргө чыгарып, өзүнүн таасирин орнотууга аракет жасап жаткандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Россия кыргыз бийлигин кабыл алганда тоң моюн мамилесин жашырган жок. Анысы КМШнын башка өлкөлөрүнүн карыздарын "боордоштук" кылып жөн гана кечип жиберсе, биздин өлкөгө кандай "табак тарткандыгынан" эле көрүнүп калбадыбы!
Маселе бир гана мында эмес эле, Россияга карыз болгон 180 миллион доллар үчүн "Дастан" өнөр жай ишканаларынын 48 пайызын, Камбар - Ата ГЭСинин тең жарым акциясын Россияга өткөрүп берүүгө макулдугу Кыргыз бийлигинин "эң ири жеңилиши" экендигин моюнга алсак жарашат. Кыргыз дипломатиясында биздин бийликтин эл аралык мамилелерде түркөйлүгүн дагы бир далилдеди десек болот.
Россия "Ганси" учак базасын чыгарганы үчүн анын эсесине биздин мамлекетке кандай жардам көргөзөрү сырдуу табышмак катары кала берди. Камбар - Ата ГЭСи үчүн берилген каражатты Россия ансыз да төлөп бермек, анткени, дүйнөлүк геосаясатта Борбордук Азияда, анын ичинен Кыргызстанда таасирдүү байланыш түзгөн мамлекеттер Азияга үстөмдүгүн жүргүзөрү белгилүү эле. Ошону менен катар Россиянын Канттагы учак базасын, Ысык-Көлдөгү торпедо сыноочу полигонун узак мөөнөттө колдонуу максатында жана капиталды тышка чыгарууда ыңгайлуу өнөк катары инвестиция берүүгө аргасыз болгон. Экинчиден, келишимде, Камбар - Ата ГЭСи иштеп чыгарган электроэнергиянын тең жарымына ээлик кылуу учугун акырындык менен кеңейтип, кийин жалпы Сыр дарыя бассейнинде сууга чейин ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүнөн Россиянын баш тартышы мүмкүн эмес болчу. Ал эми "Гансини" чыгарганы үчүн берилүүчү 300 миллион грант акчаны кайыр-садага катары санасак болот. Себеби, америкалык тараптар тарабынан жылына 130 миллион доллар грант катары каражаттар бөлүнсө, анын 63 миллион доллары "Манас" аэропорту аркылуу өтөрүн белгилесек болот. Демек, өлкөгө агылып келип жаткан бекер жардамдын тең жарымынан ажырап калуу коркунучу түзүлөт.
Ал эми "Ганси" учак базасынан Кыргызстан жыл сайын 80 миллион долларга жакын киреше алып турганы америкалыктар тарабынан ачыкка чыгарылып отурат. Анын ичинен 17,5 миллион доллары ижара акысы, 2,64 миллион доллары жергиликтүү кызматкерлердин эмгек акысын түзгөн. Авиабазаны кетирүүдөн Кыргызстан кол жууган каражаттарды Россия эске алып, жогорудагы 300 миллион грант акчасы сыяктуу мамлекетибизге үзгүлтүксүз жардам көргөзүп турар бекен?..
Же болбосо, өз максатына жеткен Россия Тажикстанга жасаган мамилесин биздин өлкөгө да көргөзөбү? Же өзүнүн саясий, экономикалык үстөмдүгүн Кыргызстанга орнотуп, мамлекетибиз "карышкыр күнөөлөгөн козуга" айланабы? Дүйнөлүк геосаясаттагы оюнда азыркы бийликтин ойлонбой жүргүзгөн жаңылыш жүрүштөрү өлкөбүзгө кандай зыян алып келеери алдын ала эсептелинбегендиги өкүнүчтүү...
Албетте, биз дагы мамлекетибиздин аймагында "тирешкен эки державанын" аскер базаларынын орногондугуна каршыбыз, ал гана түгүл нейтралитет мамилени жактайбыз. Бирок, бул максаттарды ишке ашырууну мамлекетибизге кирип жаткан кирешелердин булактарын сактап калуу жолдорун табуу менен ишке ашырсак болмок.
Ачык айталы, азыркы учурда Камбар-Ата ГЭСинин курулушу мамлекетибизге канча пайда алып келери белгисиз, бирок бул курулуш бир адамдын жеке амбициясына кызмат кылып калганы өкүнүчтүү. Анын натыйжасы "чатактын ээси- Камбар-Ата ГЭСи" болуп калбаса экен демекчимин...

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"