У к у к

(башы 5 - бетте)
"…Чоң жегендердин алкымын бууса, Баатыр Энеге бир үй келет"
- Алмаз Казыбекович, айыл өкмөтү тарабынан Баатыр энеге берилген үйдү эмнеге ээси талашып жатат?
- Менин бул кызматта иштегениме жарым жылга жакындап калды. Мага чейин иштеген айыл өкмөттөрү жакшы тилек менен көп балалуу үй бүлө катары Дубанаевдерге үй салып берүүгө убада кылышкан. Бирок бул маселе эч жерде катталган эмес, айылдык кеңеште да каралган эмес. Убада кылган үйлөрү салына элек болгондуктан, үйдү сатып беребиз деген ойдо Титов көчөсүндөгү №5-барак тибиндеги үйгө батир катары киргизип коюшкан. Үйдүн ээси менен "акчасын үч-төрт айдын ичинде беребиз" - деп кыргызча сүйлөшүп, ортодо эч кандай кагаз түрүндө документтештирилген эмес. Бюджетте ар бир чыгым каралат. Биздин бюджетибизде ал маселе каралган эмес жана андай чоң суммадагы каражат жок. Бул сөз болгону жакшы үмүт менен оозеки берилген убада. Эгер, айыл өкмөтүнүн чечимине кирсе, анда төлөөгө туура келмек.
- Эмнеге ушул убакытка чейин бул маселени чечүүгө аракет кылган жоксуңар?
- Албетте аракет кылдык. Айдаке байке менен сүйлөшкөнбүз, жазында бөлүнгөн жер тилкесине үй салып берели дегем. Бирок, Айдаке байке салына турган үйдөн баш тартып жатат.
- Эмнеге?
- Эмнеге дегенде, ал жакта азырынча үйлөр курула элек. Ээн талаа. Суу жок, электр энергиясы тартыла элек. Бирок, ушул жаздан баштап ал жерге үйлөр салына баштайт. Акырындап бардыгы болот да. Москва деле бир күндө курулган эмес да. Биз үй салып бере алабыз, бирок сатып бере албайбыз. Атайын ушул жылы он үй салып, үйү жок көп балалуу үй бүлөлөргө берели деген оюбуз бар. Спонсорлор курулуш материалдарын беришкен. Айдаке байке салына турган үйдөн баш тартып жатканынын себеби, үйдүн ордуна төрт баласына 15-мартта бөлүнчү жерден төрт жер тилкесин берүүбүздү сурап жатат. Кудай буюрса берилет.
- Үй салынат деген убада беш жылдан бери ишке ашпай жатса, сиздин берген убадаңыз канчалык деңгээлде аткарылат? Бул дагы жел сөздүн бири эмеспи?
- Жок. Бул маселе айылдык кеңеште каралып, кагаз түрүндө чечилген. Айдаке байке сунушка макул болгон. 15-мартта жер тилкесин алгандан кийин жашап жаткан үйүн бошотуп, ээсине тапшырат. Октябрь айынан баштап мартка чейинки батирдин акчасын айыл өкмөтү төгүп келди.
- Сиздердин айыл өкмөтүндө каражат жок болсо, Баатыр эне он эки баласы менен сиздердин айылга караса, эмне үчүн акимге же болбосо жогору жактагыларга кайрылып, жардам сурап, чечим чыгарып бере алган жоксуңар? Бул маселени биринчи силер көтөрүшүңөр керек го?
- Биз колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Көмүр берилди. Ал эми үй боюнча тийиштүү жерлерге жардам сурап кайрылганбыз. Ошол кайрылуубуздан кийин спонсорлор табылып, үйдүн курулуш материалдарын беришкен.
Айыл өкмөтү А.Каракеев менен сүйлөшүп убадасын угуп чыктым. Анын айтканы да туурадыр? Эмне дегенде, кичинекей айыл өкмөтүндө үйдүн ээси сурагандай чоң сумма бар болушу күмөн. Үйдүн ээси Т.Дүйшөновдун айтканына караганда үйүн эми өкмөткө сатпайт. Ал "Президент талап кылып, чоң жегендердин алкымын бир аз бууса, Баатыр энеге бир үй келет"-дейт.

P/S. Бул маселеге түздөн-түз Чүй областынын губернатору Т.Кумаров, Аламүдүн районунун акими Т.Биримкулов киришип, ишти оң жагына чечип берет деген ойдобуз. Салык кызматында иштеген кызматкерлерге, атасы Жогорку Кеңеште иштеген үч эм балдарга президент К.Бакиев өз колу менен элиталуу, жаңы салынган үйлөрдүн ачкычын тапшырганын КТР кайра кайра көрсөттү эле. Ал эми Кыргызстандагы эң жаш Баатыр эне, он эки баланын энеси Дубанаева Айнурга мына ошондой үйдүн ачкычын берүүгө эмне үчүн болбосун? Он эки бала он эки мамлекет болот эмеспи. Өлкөбүздө 5000000 калк болсо, анын ичинен кыргыздар араң гана 2000000 дон ашыгын түзсө, минтип көп балалуу үй бүлөлөргө колдоо көргөзө албасак, анан кантип кыргыздын саны көбөйөт? Бул олуттуу маселеге жаңы кызматка келген Чүй областынын губернатору Т.Кумаров көңүл буруп койсо ашыкча болбос.
Назгүл Мамытова





  Коңгуроо

Таластагы "кулчулук" доор
Баш-аламандык өкүм сүргөн бүгүнкү кыргыз коомчулугунда "Заманың бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол"-деген принципти "ыйык" тутуп, жеке кызыкчылыгы үчүн адамгерчилик, боорукердик, уят-сыйыт ж.б сапаттарды уруп ойнобогон мекендештерибиздин саны аз эмес экендигине өлкөбүздө болуп жаткан бир катар "шумдуктуу" окуялар мисал болууда.

"Төбө чачты тик тургузган" ошондой "шумдуктуу" окуя Талас областына караштуу Кумарык айылындагы акыл-эси кем балдардын көмөкчү мектеп-интернатында болуп өткөн. Бул көмөкчү мектеп-интернаттын директору Жоробекованын кызмат абалынан пайдаланып жасаган мыйзамсыз бир топ иш-аракеттери тууралуу ушул мектеп-интернатта иштеп кеткен Осмонкулова Гулнара аттуу айым жымсалдабай "Ачык саясатка" келип, баяндап берди.
Талас областы боюнча акыл-эси жетишпеген балдарды тарбиялаган Кумарык айылындагы бул көмөкчү мектеп-интернатты 2000-жылдан бери жетектеген Ш.Жоробекова мектеп-интернатка "аты бар, заты жок" б.а бул мекемеде иштебеген "кароолчу", "психолог" сыяктуу кызмат орундары үчүн мамлекет тарабынан маяна катары төлөнүүчү акча-каражаттарын бир нече айдан бери сол чөнтөгүнө кымырып келген.
Ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардан, кайрымдуулук фондуларынан бөлүнгөн акчалай жана материалдык жардамдардын мектеп-интернаттын муктаждыктарына пайдаланылбаганы, "тарбиялануучулардын тамак-ашына" деп мамлекет тарабынан каралган ири суммадагы акча каражаттарды оң-тетири жумшагандыгы сыяктуу Жоробекованын жосунсуз жоруктарын сөз кылсак, сөз учугу бир топ эле узарып кетчүдөй.
Кумарык мектеп-интернатында болуп жаткан ушундай жосунсуз жоруктарга макул болуп, кайдыгер карап турууга адамдык абийири жол бербеген бир катар мектеп мугалимдери 2008-жылдын 14-сентябрында Талас райондук прокуратурасына Жоробекованын үстүнөн арыз жолдошкон.
Мектепте тарбия завучу болуп эмгектенген Гулнара Осмонбекова баштаган мугалимдердин коллективдүү арызы боюнча Талас райондук прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүп, арыздагы көрсөтүлгөн жүйөөлөр негиздүү экендигин аныктаган жана аныкталган фактылар боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн ошол кездеги Билим берүү министри Болжуровага атайын кайрылуу жөнөтүшкөн.
Билим берүү министрлигине жолдонгон, район прокурору Сыдыков тарабынан кол коюлган, 11 пункттан турган ошол расмий документтеги Жоробекованын мыйзамсыз жоруктарын, сол чөнтөккө соломойлорду айтпаганда да, төмөндөгү жосунсуз жоруктары чындыгында "төбө чачыңды тик тургузат".
Мисалы, 2003-жылдын 1-сентябрында Бакай-Ата районуна караштуу Акдөбө айылынын тургуну, 1995-жылы туулган Айтахунов Раимжан аттуу өспүрүм мектеп-интернатка кабыл алынган. Бирок, аны 2007-жылдын 1-сентябрында мектеп директору Жоробекова Жумашалиева Гүлбүбү аттуу таанышынын кароосуна эч себепсиз берип салган. "Үйдөн жок, же Чүйдөн жок" бир жылдан бери бул өспүрүм Жумашалиеванын короосундагы малын багып, отунун жарып, айтор бардык чарбалык иштерин жасап, мектеп босогосун бир жылдан бери аттаган эмес.
Ошондой эле, энесинен ажыраган, атасы абакта отурган Раимжандын бир тууган агасы Мухаммеджан дагы ошол эле Жумашалиева Гүлбүбүнүн кызы Арашан айылынын тургуну Жумашалиева Жамийланын короосунда ар түрдүү жумуштарга колдонулуп келген. Ал эми алардын эжеси Айтахунова Наргиза Талас районунун Аксай айылынын тургуну Алыбаев Майрамбектин "кароосуна" өткөрүлүп берилген.
Бирөөнүн баласын менчик буюмундай көрүп, ар кимге кармата берген Жоробекованын дагы бир тарбияланычуусу, 1993-жылы туулган Молдокулова Айзада 2008-жылдын 25-августунда Доскеева аттуу аялдын "кароосуна" тил каттын негизинде берилген. Бүгүнкү күндө бойго жетип калган Айзаданын дайын-оту белгисиз.
2004-жылдан бери интернатта иштеп келе жаткан Гулнара Осмонбекова жогорудагыдай жүрөк титиреткен окуяларды чукуп чыгып, 2008-жылдын 14-сентябрында күч органдарына кайрылган күндөн баштап, Жоробекованын каарына калып, ар кандай кысымдарга дуушар боло баштаган. Аны менен пикирлеш, санаалаш болгон мугалимдерди да мектеп директору коркутуп-үркүтүү менен райондук прокуратурага жазышкан арыздарын кайра кайтарып алууга жетишкен. Ал эми Гулнара Осмонбекованы чогулуштан-чогулушка салып отуруп, акыры жумуштан айдап тынган.
Бул директор айымдын "ишенген кожосу, таянган тоосу" чын эле күчтүү белем, айтор "уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" болуп, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринде жогорудагыдай мыйзам бузуу фактылары аныкталып жатса дагы, төрт айдан бери Жоробекова эч кандай жоопкерчиликке тартылбай келген.
Жагымсыз абалда калган жамааттын коррупцияга каршы Улуттук агенттикке жолдогон экинчи арызынан кийин Талас областтык прокуратурасы 2009-жылдын 17-февралында Жоробекованын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү боюнча, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген күнөө менен кылмыш ишин козгогон. Бирок, "кызмат абалынан пайдаланып" бирөөнүн карачечекей балдарын бирөөгө "урунганга" кармата берген мыйзамсыз иш аракеттери эмнегедир эске алынбай калган. Жоробекованын үстүнөн кылмыш ишин козгогон Талас областтык прокуратурасы башканы ойлобосо дагы, жогорудагы балдардын тагдырына кайдыгер карабай, бул ишти адилет, акыйкат териштирет деген ойдобуз.
Эрнис Балбаков