Т а г д ы р

Курманбек Осмонбеков
Чыңгыздын айымдары
Бисмиллахир Рахманир Рахим!
Он сегиз миң ааламдын жалгыз ээси, кудурети күчтүү Кудай Таалага гана чексиз мактоолор арналсын. "Алла Таалам өзү жар болуп, өзү колдосун" - деп ушу баянды баштадым. Жалган дүйнөдө мактоого татыктуу бир гана нерсе бар. Көзгө көрүнбөгөн ошол улуу нерсе Адам ата урпактарына насип үлөштүрөт. Болгону бирине баарын берип, бирин кур коёт. Эмне себептен ошондой экенин бир Кудай өзү билет. Ал жагы адамзат үчүн табышмак. Бардыгы жетиштүү, байманасы ашык адамдарды "Кудай сүйгөн пенделер" - деп коюшат. Ал эми караманча кур калгандарды акыретте бейишке чыгат же "өзүнө бербегенди бала-чакасына берет" деп жооткотушат. Кудайдын улуулугу ушунда.

Киришүү
Кудай таала 18 (он сегиз) миң ааламды жаратып, алардын баарына ар кандай сыпат берип, анын ичинен Адам атаны өзүнүн рухуна окшош кылган. Өзүнүн рухуна окшош пенделерден да айрымаланган адамдарды жараткан. Андай адамдарды Улуу Инсандар деп коёбуз. Ал адамдар өз доорундагы коомдук турмуштун бир өңүрүнөн, айталы, саясаттан, же искусство жаатында сүрөтчү, же жазуучу болуп таанылгандар. Өз заманынын ханы, ойчулу, сүрөткери катары таанымал болгондордун атак-даңкынын артышында, максат мүдөөсүнө жетүү жолунда өң келбетин өзгөчө сулуу кылып жараткан аялзатынын ролу өзгөчө болоорун Алла Таалам Адам ата менен Умай энеден тараган урпактарына эбак эле далилдеп койгон. Бир эле жолу эмес, бир нече кылымдар бою ташка тамга баскандай мисалдар менен карт тарыхка балпайта жазуу менен далилденген. Башкасын айтпаганда да, Чыңгызхан, Манас сыяктуу колбашчылардын иштеринин ийгиликтүү болушуна аялдары чоң салым кошкону тарых барактарынан белгилүү. Карт тарыхта мына ушундай сан миңдеген мисалдар турганына карабастан, адамзат баласы Улуу Инсан даражасына жеткендерди аял жандуулугу үчүн жаманатты кылуу өнөрүн таштабай келет. Кызыгың түшкүр, Улуу Инсан аталган пенделерге коркокту баатыр, сокурду көздүү, дудукту тилдүү кылган махабат лаззатынын тиешеси жокпу?
Албетте бар. Керек болсо Улуу Инсандардын калыптаныш, ачылыш жасап, шедевр жаратыш жолунда сулуулугу ай менен күндүн ширөөсүнөн бүткөндөй сүрөттөлгөн аялзатынын ролу өзгөчө болгон. Бүгүн да болуп жатат жана келечекте да боло бермекчи. Өткөнүнө эчен кылым болсо да аттары күнү бүгүн унутулбай айтылып келе жаткан мейли ханбы, колбашчыбы, ойчулбу, жазуучубу, айтор, кимиси болбосун, ааламды кооздукка бөлөп, эркектин жашоосуна көрк берип турган аялзатына ашык болушканын, анын ичинен арзуусуна жеткендер бактылуу өмүр сүрүү менен башкаларга үлгү болушса, сүйгөнүнө жетпей калгандар армандуу күн кечиришип, анын өктөөсүн сүрөтчүлөр сүрөтү, акындар ырлары, жазуучулар чыгармаларында өлбөстүккө айландыргандары жалганбы?
Сүйүү жаратылыш тарабынан берилүүчү кереметтүү сый. Сүйүү эки тараптан тең болгондо байлыгыңа, мансабыңа, өңү-түсүнө карабайт. Мындай шыбага табият талант оозанткан акын, жазуучуларга көбүрөөк ыйгарылган. Менин бул оюмду наристе кезинде ууз сүйүүсүн арнап, бирок ага жетпей калган арзуусунан улам дүйнөлүк алтын казына кенчине кирген акын, жазуучулардын ырлары, сүрөттөрү, кара сөз менен жазылган дастандары ырастап турат. Буга мисал дүйнөлүк шедевр жаратып кетишкен сүрөтчүлөр Айвазовский, Репин, алп акындар Жами, Саади, Хафиз, Рудаки, Хаям, Фирдоуси, Низамилердин ар биринин өмүр баянынан табылат. Алардын ашыгына болгон арзуусунан улам жаратылган сүрөт, ырларга суктанып да, таң калып да, тамшанып да жүргөнүбүз ырас. Карт тарых барагынын ар бүктөмүндө мындай мисал катылуу. Анын баарын санап отурсак барак түтпөс. Анын баарын тизмектөөнүн зарылчылыгы да жок. Бирок, макаланын ыңгайына жараша айрым бир мисалдарды келтирүү максатка ылайык. Кантсе да, кийинки жүз элүү жылдык тарыхыбыз өзөктөш өтпөдүбү, ошондуктан, мисалды да ошо орус элинен баштаганым туура болчудай.
Орус элинин классик акыны А.С.Пушкинди кимдер гана билбейт? Ушул классик акындын өмүрүнүн трагедия менен аякташына себепкер болгон, акын аябай урматтап сүйгөн, баскан изине чейин кызганган Наталья Гончаровадан башка дагы көңүл кушу түшүп, махабат лаззатын козгогон белгилүү он айымы болгонун бардык эле окурмандар биле бербесе керек. Алар Пушкиндин атайы ыр арнаган айымдары. Ал эми ыр арнабай эле ашык болгон айымдарын орус адабият изилдөөчүлөрү күнү бүгүн таап, ачыкка чыгарышууда.
Ал изилдөөчүлөр Пушкин эң туңгуч махабатка тушугуп, ыр жазганында он эки жашта болгон деп белгилешет.
Эми, орус адабиятын аттап, Чыгыш адабиятына келели. Чыгыш адабияты чынында эле өзүнчө бир керемет! Дегеним, махабат, сүйүү тууралуу чыгармалары, дастандары менен дүйнө элин тамшандырган жети жылдыз, жети Керемет акын дал ушул Чыгыштан чыккан эмеспи. Бул жети жылдыз: Жами, Саади, Хафиз, Хаям, Рудаки, Фирдоуси, Румилер болушкан. Булар багынткан ыр бийиктигине күнү бүгүн эч ким жете элек. Булардын мындай бийиктикке жетүүсүнүн башаты да улуу махабат болгон.
Кыргыз совет адабиятында Чыгыш акындарына үзөңгүлөш Алыкул Осмоновдун жылдызы жанды.
Алыкулдун туңгуч сүйүүсү - Айдай башка бирөө менен турмуш куруп кеткени белгилүү. Айдайга болгон арзуу Алыкулду Чыгыштын жети кереметинин катарына алып чыккан.
Албетте, никеге туруу, үй-бүлө күтүү, бала-чакалуу болуу дени-карды соо ар бир адамдын парзы. Андыктан, махабат менен үй-бүлө күтүүнү чаташтырбоо керек. Чыныгы махабатка чалдыккан адам баарына кайыл. Мисалы, Чыгыштын керемет жети жылдызынын бири Рудаки ашык болгон айымына жетүү үчүн кан тактыдан баш тарткан. Мындай эрдик Рудакиден кийинки доорлордо да кайталанса да тарых барактары алар жөнүндө көп чечилип айтпайт.
Поэзияга Алыкулду берген улуу Жараткан прозада дагы бир улуу талантты - Чыңгызды жаратты. Сыртынан караган адамга суктанаарлык көрүнгөн Чыңгыз Айтматовдун жеке пенделик тагдыры оор болгон. Чыңгыз социалисттик система доорунда калыптанган жазуучу. Ага карабай, социализм идеологиясына туура келбеген "Обон" повестин жаратып, адабий журтчулук түгүл совет империясынын жетекчилигин бүлгүнгө түшүргөн. Кызыгы, "Обон" повестинин баш каарманы Жамийла күйөөсү согушта жүрсө Даниярды жетелеп кеткен тагдыр өз башына түшүп, никелешкен жары Керез турса да Бүбүсарага ооп, эси эңгиреп, махабатка мас болуп жүргөн. Ал эми социалисттик система мындай мамиле менен эч келише алмак эмес. Биздин ойду жетимиш жыл жашап оо дүйнө салган, карт тарыхта СССР империясы деген ат менен белгилүү болгон мамлекеттин адабиятынын баштоочусу эсептелген Алексей Максимович Горький (Пешков) бекемдейт.
Ленин өлгөндөн кийин чет өлкөгө жашоого ык алган Горькийди ден соолугуна байланыштуу деп жазып келишкен. Хрущев доорунда Сталиндин запкысынан улам деп жымсалдашкан. Горькийди изилдөөчүлөрдүн баары бизди ушундай деп ишендирип келишкен. "Чын эле Сталин куугунтуктаганбы?" - деп иликтеп көрсөм, Горькийди эч ким деле куугунтукка албаптыр. Керек болсо, Сталин Горькийге социалисттик реализм багытында чыгармаларын узануу үчүн Москванын эң көрүнүктүү жеринен там, өкмөттүк дача берип, камкордукка алыптыр. Ал гана эмес, Сталин Горькийдин өзүнө түз кирип чыгуусу үчүн атайын буйрук чыгарып, Власикке көрсөтмө берген экен.
Кремлге эч кандай пропускасыз кирип чыгууга татыган жалгыз гана Горький болгон экен. Атүгүл, Сталиндин эң жакын адамдары Молотов, Берия, Ворошилов, Калинин, Маленков, Жуков, Хрущевдор да Кремлге пропуска менен кирип-чыгышчу экен.
Көрсө, Горькийдин да чет өлкөгө ыкташы - махабатка байланыштуу турбайбы. Горькийди эстен тандырган айым итальянка Мата Хари болуптур.
Мындан улам, андай болсо пролетариаттын улуу жазуучусу, Сталиндин сүймөнчүк эркеси Горький "Мата Хариге эмнеге үйлөнүп алган эмес?" - деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Ага дүйнөдө жаңы коом идеясын баштаган Ленин, аны уланткан Сталиндин коммунизм идеологиясы жолтоо болгон. Сталинди айтпай ак коёлу, анын негиздөөчүсү Лениндин өзү деле Горькийди канчалык урматтаганына карабастан, анын биринчи аялы менен ажырашып, экинчи аялга үйлөнүшүнө жол бербейт эле. Анткени, коммунизмди куруу кодексинде ушундай деп көрсөтүлгөн.
Мындай тагдыр кыргыз элинин багына 20-кылымда бир келген адамды, алп калемгер Чыңгыз Айтматовду да кыйгап өтө албады.
Чыңгыздын айымдары катары Керез, Бүбүсара, Таттыбүбү, Мариялар аталып жүрөт. Булардын катарына Мухтар Ауэзов "Обон" повестинин каарманы Жамийланы кошуп, "Чыңгыз сүйгөн биринчи айым" деп баалаган. Мен деле ошондой ойдо болчумун.
Анткени, Чыңгыз агабыз "Эрте жаздагы турналар" повести жарык көргөндөн кийин берген интервьюларынын баарында: "Бул чыгармада мен үчүн баалуу бир каарман бар" - деп баса белгилеп жиберди. Адабият журту ал каарманды Султанмурат деп жоромолдогону Чыңгыздын купулуна толбоду. Жандырмагын жандыра албай кыйналгандарга жазуучу аны ашыктык жагдайынан кароо керектигин кыйытты. Бир ирет "Жамийланын образынын күчтүү чыгышына ошо каарман себепкер болгон" - дегенин уктум. Ушул сөздүн учугу мени ойго салды. Айткандай, ушул учук аркылуу түйүндү чечтим. Менин оюмча, "Эрте жаздагы турналар" повести "Обон" повестинен мурда жарыкка келсе, "Чыңгыздын биринчи ашыгы Жамийла болгон" деген бүтүм чыгарышкан Луи Арагон, Мухтар Ауэзовдор да иштин жагдайын туура түшүнүп, наристе сүйүүсү Мырзагүл болгон деген менин оюмду колдошмок деп ойлойм. Катардагы көптөгөн окурмандардын бири мен байкаган нерсени улуу таланттар байкабай коё алышмак эмес. Чыңгыздын бир өзгөчөлүгү-дээрлик бардык чыгармаларынын каармандары азан чакырылганда коюлган аттары менен берилген. Айталы, Дүйшөн, Жамийла, Данияр, Толгонай, Субанкул, Танабай, Инкамал, Мырзагүл.
"Эрте жаздагы турналар" повестиндеги Мырзагүл повестке өз аты менен киргенине карабастан, "анын прототиби Асылкан"- деп жүргөндөр бар. Чыны, Мырзагүл өз аты менен эле киргенин, Чыңгыз жактырган айым болгонун төмөндө байкайсыңар.

Мырзагүл
"Эрте жаздагы турналар" повестинин баш каарманы Мырзагүл тууралуу чындыкты Арчагулдук Бектай мергенчиден уккан элем. Тактоо иретинде азыркы ардагер пенсионер, ал кезде мектеп директору Сейталы Бекманбетовдон сурамжыласам, Бектайдын сөздөрүн ырастаган. Булар берген маалыматтар боюнча түпкү жердиги Чүйбү же Көлбү, айтор, ушу экөөнүн биринен болгон бир бүлө 1942-жылы Шекер айылына отурукташып келиптир. Согуштан алган жарааты боюнча бошогондуктан, аны колхоздун бригадирлигине дайындашыптыр. Кеп анын бригадир же башкарма болгонунда эмес, кептин оролу дал ушул согуш майыбынын Чыңгыз курдуу гана балдар эмес, алардан улуу боз уландардын көзүн кычыштырган Мырзагүл деген кызы болгондугунда. Бул адам Шекерге көпкө байырлабай, согуш бүткөндөн кийин эле кичи Мекенине көчүп кетип, артында Мырзагүл бийкеч жөнүндө аңыз калган экен. Андан бери далай жылдар аккан суудай өтүп кетти. Непадам, Мырзагүл да азыр балпайган байбиче болгондур. Кэзде-кэзде Шекерди эстейттир? А балким унутуп койгондур?
(Уландысы бар)








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan