Бөрү замандын бөрүлөрү

Эне-бала укугун ким коргойт?
Ар күнү редакциябыздын босогосун ондогон адамдар атташат. Кутман очогубузга келген кесиптештерибиз, окурмандарыбыз ар жолкусунда жагымдуу кабарлары менен эле кубантып турушса экен деп тилек кылганыбыз менен жашоо жалаң эле жакшыдан куралбайт тура. Бизге баш баккан замандаштарыбыздын айрымдары жүрөк толкуган кубанычын бөлүшсө, айрымдары азаптуу тагдырын баян этет. Кээлери алакандай мамлекетибиздеги буйдамаланып жаткан мыйзамдар, атуулдардын укугунун тебеленип жаткандыгынын өбөлгөсү болгондугун айтып чырылдашат.
Күйүп-бышкан замандашыбыз Кулумбаева Гүлмира дагы бир топ убакыттан бери таманы жер жыттабай, өз укугун коргоо үчүн, чындык самап чуркап жүрөт. "Эч бир пендеге баласынын жамандыгын көрсөтүп, азабын тарттырбаса экен" тилегин улам-улам кайталаган эне азапка салган окуянын чоо жайын баяндап отурду:
- Мен 1993-жылы туулган кызым Назира менен "Жал" кичи районунда жашайм. Жалгыз бой экендигиме карабай, кызымды эч кимден кем кылбай, аталуудан артык кылып чоңойттум. Эмгегим текке кеткен жок. Назирам эстүү болуп, бой тартып келе жатты. Мектепте жалаң бешке окуп, ар кандай коомдук иштерге активдүү катышып, айтор кызым жөнүндө жалаң гана жакшы кептерди угуп, кубанганымдан канат байлап, телегейим тегиз эле. Бирок, биздин тынч жашообузга билинбей келип бүлүк түштү. Назира Бишкек шаарындагы №49 мектептин 7-классында окуп жаткан.
2007-жылдын 11-апрели болчу. Эртең менен жумушка барсам эле кесиптештерим кым-куут болуп бир нерсени талкуулап жатышыптыр. Көрсө, ошол күнү башында Ф. Кулов турган оппозициялык топ бийликке каршы элди үгүттөп, Алатоо аянтына чыгышмак экен. "Катуу кагылышуу болуп, кан төгүлүп кетпесе экен" деп кооптонуп жатышты. Негедир жүрөгүм бир жамандыкты алдын ала сезгендей болуп кызыма телефон чалып, "үйдөн чыкпай отур" - деп катуу эскерттим.
Бир аздан кийин кызым мага телефон чалып, "Апа, Бүбүсара аттуу дос кызым келиптир, дептеримди бердим. Ал ортоңку Жалда жашайт. Узатып келейинчи" деп суранганынан кыйылып жатып макул болдум. Арадан бир сааттай убакыт өтүп өтө электе, кошуналарым телефон чалышып, тез үйгө келүүмдү айтышты. Үйгө жеткенче ар кайсыны бир ойлоп жатып, жинди болуп кете жаздадым.
Үйгө келсем кызым Назира кийими тытылып, башы көзү жарылып, катуу абалда жатыптыр. Мурунтан чакырылган "тез жардам" дагы жете келди. Баш сөөгү, мээси катуу жабыркаган кызым бир топ убакыт ооруканада жатты. Көрсө,окуянын чоо жай мындайча болуптур:
Дос кызы менен көп кабаттуу үйлөрдү аралап бара жатып алар отургучка отурушат. Алардын жанында отурган 14-15 жаштагы эки кыз менен алардын жылдыздары келишпей калдыбы, айтор ким билсин, урушуп кетишет. Алдуу күчтүү кыздар ушул кичи райондогу мектепте окушкан Тунук Кудабаева менен Төлөнкан кызы Гүлайым экен. Кыздар заардуу тилин агытып, урушуп гана тим болушпастан, Назираны уруп-сабап киришет. Ошол жерде отурган улуу адамдар кыздарды ажыратып, ынтымакка чакырышат. Бирок, жаалданган кыздар Назирада эзелки кеги бар адамча, артынан түшүп алып сабашат. Чачынан тартышып, кулап түшкөндө минип алып, муунтканга чейин барышкандыгын көргөндөр айтышууда. Айтор, биз жашаган үйдүн подьездине жеткенче алар кызымды аеосуз уруп-сабашыптыр.
Катуу жабырланган кызым ооруканага түшкөн күндөн бери кызматка барбай калдым. Жумуштан биротоло бошоп, кызымдын ден соолугун калыбына келтирүүгө аябай аракет жасадым. Бирок, кызым жакшы боло албай мени азапка салды. Баш ооруу деген балакеттүү дарт жабышты. Жакшынакай отуруп эле заматтын ортосунда өң-алеттен кетип, ооруусу кармап калат. Аба ырайы кескин өзгөрүп, же болбосо кичине бир нерсени ойлонуп, капаланса, эс учун турган жеринде жоготуп, шалак этип кулап түшөт. Эптеп эл катарына кошулуп келе жатканда кызым экөөбүз азапта калдык.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин акыйкат издеп Ленин РИИБсинин эшигин жыртып бүттүм. Бул ишти тергеп жаткан тергөөчү Н. Райымбеков тергөөдөн баш тарткан. Мен райондук прокуратурага арызданып жатып, кошумча текшерүүгө жиберишет. Жороев аттуу тергөөчү ишти кичине кармаламыш этип, кайрадан жаап салат. Мен кайрадан ачтырдым. З. Алыбаев деген жигит тергеп жатып, ишти жоготуп жиберсе болобу. Көрсө, алар кызымды сабаган ээнбаш кыздардын ата-энелеринен акча жеп коюшуп, ал кагаздарды "жоготуп" салышыптыр. Кийин, тергелип жаткан иштин документ кагаздарын тергөөчү З. Алыбаев үйүнө катып алгандыгы калкып чыкты. Бул бүдөмүк иш күтүлбөгөн жерден эсептөө палатасынын адистеринин кийлигишүүсү менен калкып чыгып, прокуратурада териштирилүүдө. Бирок, биз адилет соттун өкүмүн күтүп жатабыз. Дагы канчага чейин бизди муңкантып, убарага салышат болду экен?
Ошентип, кызым кутулбас илдетке чалдыкты. Биздин шорубузга себепкер болгон тартипсиз кыздар ата энелеринин арты менен эч нерсе болбогондой, Жал кичи районунда чалчаңдап окуп, жашап жүрүшөт. Аларды көргөн сайын жанымды коёрго жер таппай кетем. Мыйзам негизинде алар качан жазасын алаары белгисиз. Анткени, бул кылмыш иши тергелип бүтө элек,сотко качан жетээри дагы белгисиз. Назираны баса калып урган Кудабаева Тунуктун атасы №5 гимназияда мугалим болуп иштээрин угуп, абдан таң калдым. Мугалимдин кызы ушинтип кимдир бирөөлөргө кайгы-касырет алып келгени коомубуздагы ылаң эмей эмне?
Алмончоктой кызынын азабын тартып, сарсанаа, убайымга баткан айым Гүлмира Кулумбаева менен сүйлөшүп отуруп, "укуругу узундардын" кесепетинин көптөгөн адамдардын укугу тебеленип жаткандыгына капа болдук. "Ак ийилет,бирок сынбайт", эртеби кечпи акыйкаттын аягына жетесиз деген жубатуу менен узатуудан башка арга болгон жок.
Раиса Дүйшөнбекова




  Өзүң эле кеткениң оң го, иним!

Талас областынын губернатору
Болотбек Бейшенбековго
Азыркы бийликтегилердин арамза оюн, каратып туруп калп айтып, карапайым калкты алдап, көзгө сайса көрүнгүс жөө сасык тумандай каптаткан былыңгыт саясаты эр жеткен уул кыздарыбыз гана эмес, бешиктеги наристеге да белгилүү болуп калды. Карапайым калктын турмуш-тиричилиги, жашоо-шарты жөнүндө ойлогон губернатордон тартып президентибиз, өкмөт башчыбыз жок. Толгон токой указдарды, токтомдорду чыгарышып, анын аткарылышына эч көңүл бурушпайт. Себебин аңдап көрсөк, калп эле элге, калайык калкка жакшы көрүнүш үчүн, ансыз да тунгуюкка капталып, жокчулук жонго минип, карбаластап калган элибизди жооткотуу экени айдан ачык эле көрүнүп, билинип турбайбы?
Талас областынын губернатору 25-февралда түз эфирден чыгып "Таласта бардык жагынан жетишкен, дыйкандарыбызга, ишкерлерибизге, малчыларыбызга баардык жагынан жардам берип жатабыз" деген апыртма сөзүн сүйлөдү.
Кымбаттуу иним, иштегениңе 2 жыл болсо да элди бир аралап көрдүңбү? Сенден бөлөк кыргыздын уяттуу жигити болсо, "кой, мен Талас элинин убалына калбайын, эсим барда этегимди жабайын" - деп арыз жазып, алда качан эле кетип калмак. Кана, Союздун убагында күтүрөп 1-класстагы кыш чыгарган завод, аны жана миллиондогон сомго алынып келген кант заводун өткөн жылы сентябрь айында оңоп, ишке киргизем деп убада бергенсиң.
Кылымдардан бери соолбой, толкуп ташып эле агып турган Талас дайрасы эмне себептен дыйкандарыбыздын эгин талаасына жетпей, эгиндер кана суу ичпей, начар түшүм алынып калды? Себебин сен жаап жашырсаң, биз эсиңе салып коёлу. Казакстандан 17 миң гектар жер арендага алынып, ошого кетпеди беле. Талас эли дыйканчылык жана мал чарбасы менен тирлик кылаары бештен белгилүү эмеспи. Быйыл элибиздин колундагы кой-эчкилери чечек оорусуна чалдыгып кырылганын сен беш колдун салаасындай билесиң. Анткени, сен базарды жаптырбадың беле. Ошол оорууга чара көрүлбөй жатат деп сага кайрылганбыз, бирок, сиз жетектеген ветврачтар тарабынан эч жардам болбой миңдеген кой-эчкилер өлүп, этин иттер жебедиби. Кана, сенин теледен мактанып, Бакиевге жагынган сөзүң? Ал эми өткөн жылы дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн өкмөт тарабынан Оро айыл өкмөтүнө 39 тонна май (солярка) бөлүнсө, анын 19 гана тоннасы алынып, аны да Казакстандын чегинде жайгашкан Маймак станциясына түшүрттүрдүң. Дыйкандар 100 чакырымга машина жалдап, 20 сомдун ордуна 1 литри 23 сомдон айланып, бир топ чыгаша болдук. Ушубу сенин Талас элинин дыйкандарына берген жардамың? Өз чөнтөктөрүнүн пайдасын көздөгөн улуктарыбыз турганда, жана алардын сага окшогон "жигиттери" барында калк турмушу оңолбойт. Кой оозунан чөп албаган карапайым калкыбызга зыян тарттырбай, өзүң да "баягы жагалданып кошомат кылган губернатор" атыкпай, өзүң эле арыз жазып кеткениң оң го, иним!!!
Набий Алтымышбаев




Шабдан саяктан
"шоколад"
Мен кыргыз элинин жараны катары, бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан тескери саясатына кайдыгер эмес экенимди билдирем

Күнүгө телевизордон, гезиттерден "дүжүр чиновниктер", "дүжүр депутаттар": "биздин улуу урматтуу президентибиз Бакиев Курманбек кыргыз мамлекети үчүн эгемендүүлүккө жеткен 18 жылдан бери биринчи жолу бекер эң чоң инвестиция алып келди" деп, жер дүңгүрөтүп даңазалап, жарыя салып жатышат. Россия мамлекетинин жетекчилеринин мамилесин да жерге, сууга тийгизбей мактап жатышат. Бул деген президентибиздин эмки президенттик шайлоого даярдыгы экенин тоо башындагы коктуда жашаган мен деле түшүнүп турам. Жазында коомдук демонстрациялар, митингдер башталат деп армиянын куралдуу күчтөрүн да тынчтык митингдерге каршы пайдаланууга мыйзам чыгарып беришти, дүжүрлөр.
Мендей караңгы адамга деле ой келет экен эгер чиновниктер 100 пайыз "дүжүр" болушса, депутаттар 90 пайыз "дүжүр" болушса, анда президентибиз деле дүжүр болсо керек деген. Болбосо, эмне үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 миллиард 700 миллион доллар алганы келишим түзүштү? Бул келишим боюнча Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтүп, ишке киришкенден кийинки түшкөн кирешенин 50 пайызын Кыргызстан, 50 пайызын Россия мамлекети түбөлүк алат экен. Демек, Россия мамлекети 50 жылда 17 миллиард доллар алса, 100 жылда 170 миллиард доллар алат дегендик. Андан аркы жылдардын миллиарддарын айтпай эле коёюн.
Кыргызстандын патриоттору болгондо, "Камбар-Ата-1 ГЭСинен түшкөн кирешенин жок эле дегенде 70 пайызын Кыргыз мамлекети алсын, 30 пайызын Россия мамлекети алсын, болбосо 49 жылга эле деп келишим түзөбүз" дешмек. "Дүжүрлөрдүн" балдары, жээндери "дүжүрлүк" кызматтарда иштеп турушканда ушундай тескери, зыяндуу келишимдер түзүлүп келген жана түзүлө берет. "Бөрү баласын канча баксаң да, токойду карайт" дегендей, алар ар дайым өз кандаштар тарабын карап иш кылат. Балким, Россия мамлекети алат деген 50 пайыз кирешеде булардын үлүшү болсо керек. Дүжүрлөрдүн бул жер жаңыртып сүйүнчүлөгөн келишимине сүйүнбөй эле, күйүнүш керек.




"Дүжүрлөр" менен "киргиздер" кыргыз тилин өлтүрөт
Быйыл кыргыз тилинин мамлекеттик тил болгонуна 20 жыл болду деп майрамдаганы жатабыз. "Дүжүрлөр" менен "киргиздер" кыргыз болмоюн дагы 20 жылда да кыргыз тили мамлекеттик тил боло албай, орус тилине тебеленип жата берет.

Республика боюнча иш кагаздары мамлекеттик тилге өтмөйүн, кыргыз тилине талап болмоюн кыргыз тили өнүкпөйт. "Дүжүрлөр", "киргиздер" кыргызча сүйлөмөйүн, башка улуттардын өкүлдөрү кыргызча сүйлөшпөйт, сүйлөгүсү да келбейт, текеберчилик кылып. Мисалы: башка улуттардын өкүлдөрү жана "киргиздер" балдарын англис тили курстарынан өз акчаларына эле окутуп жатышат, бюджеттен акча бөлгүлө дебей эле. Анткени, англис тили азыркы турмушунда да жана келечегине дагы кереги бар. Эгерде, иш кагаздары мамлекеттик тилге өтсө, Кыргызстанда жашаган башка улуттардын бардык өкүлдөрү кыргыз тилин тез эле убакытта өздөрү эле үйрөнүп алышат. Чет өлкөлөрдөн келген волонтерлор бир жылда эле кыргыздын түшүн жоруп жатышпайбы. Эртерээк иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрбөсө, бюджеттин миллиондогон акчалары башка өлкөлөргө кетип жатпайбы. Бюджеттин эсебинен билим алган башка улуттардын өкүлдөрүнүн балдары окуу жайларды бүтүрүшкөндөн кийин башка өлкөлөргө иштегени кетип жатышат. Эгерде ошолордун ордунда бюджеттин эсебинен билим алган кыргыздын балдары: Бишкектен кетсе Ошко, Оштон кетсе Таласка, Таластан кетсе Чүйгө, Чүйдөн кетсе Көлгө, Көлдөн кетсе Баткенге, Баткенден кетсе Нарынга, Нарындан кетсе Жалал-Абадга, Жалал-Абаддан кетсе кайра Бишкекке келип өз мекенинде тегеренип жүрө беришмек. Чет өлкөгө кетсе деле кайра келет. Кыргыздын "Бөрү баласы ит болбойт" деген лакабы туура экен. "Балык башынан сасыйт" болуп "киргиздер" кыргызча сүйлөбөсө анан ким кыргызча сүйлөйт?
Шабдан Жумалиев,
Жайыл району
Кожомкул айылы