К ы р г ы з т а р ы х ы

(Башы өткөн санда)
Кыргыз элинин
Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөшү жана
өз алдынча мамлекет түзүү аракеттери
Кокон хандыгында көтөрүлүштөр биринин артынан бири болуп турган. Өзбек тарыхчысы Х.Н.Бабабековдун эсеби боюнча 1709-жылдан 1876-жылга чейин Кокон хандыгында 33 чоң көтөрүлүш болуп, анын ичинен жетөөсүн кыргыздар уюштуруп, ал эми дээрлик калганына алар активдүү катышкан.
Ар бир элде өз элин күрөшкө баштап чыга турган жана жеңишке жеткире турган жөндөмдүү, көрүнүктүү инсандардын боло тургандыгы белгилүү. Кыргыз тарыхында эл арасында андай баатыр адамдар аз эмес. Алардын бири - Кубат бий.
Кубат бий эмнегедир мурда тарыхта эскерилбей калганы өкүнүчтүү. Ушул убакка чейин анын туулган жана көз жумган жылдарын ачык билбейбиз. Бирок, таржымалына тийиштүү негизги учурлар жетишээрлик түрдө маалым. Ал чоң феодал болгон, кушчу уруусун башкарган. Дайыма кыргыз урууларынын эркиндигин жана көз каранды болбостугу үчүн Жингар, Кокон баскынчылыгына катуу каршылык көрсөтүп турган. Аны таланттуу дипломат жана саясий ишмер деп айтууга болот. Ал кыргыз урууларынын өзүнчөлүгүн бекем сактап туруу максатында каршылашкан эки тараптын ортосундагы келишимдерди билгичтик менен пайдаланган. Кубат бий өзүнүн эр жүрөктүгү, душмандар менен болгон салгылашуудагы билгичтиги, оор басырыктуулугу менен гана эмес, ак ниеттүүлүгү менен да уруулаштарынын арасында кадыр-барктуу болгон.
Ал Бухара эмири Мухаммед-Рахим, Кокон эгеси Ирдана бий менен да теңата сүйлөшүп,өз абройун жогору кармаган.
Исардын беги Мухаммед Эминбай айла-амал салып алардын ортосуна от жагат. Айлакер бектин көксөгөнү ишке ашып, көп өтпөй шериктер бири-биринен кол үзүп, туш тарапка кетишет. Ошол кезде Кушчу уруусунун журту Анжияндын айланасындагы кеңири өрөөндү кучагына алган. Ирдана менен мамилени үзгөн соң Кубат бий өз алдынча элдин улугу, мырзалардын чыгааны катарында Актоолук кожолор тарабында Кашкардагы саясий окуяларга катышат.
Кубат бий Кушчу уруусунан тышкары Анжиян-Аксы тараптагы башка урууларга да баш-көз болуп, жалпы кыргыз калкы, анын келечеги үчүн жана Фергана, Тянь-Шань, Чыгыш Туркстандагы бардык кыргыз урууларын бириктирүүгө багытталган чечкиндүү жана демилгелүү иштери, борборлоштурулган кыргыз мамлекетин түзүүгө жасаган аракети менен да атагы чыккан.
Ал Кокон, Бухара, Кашкар акимдерине эч качан баш ийген эмес, алар менен тең ата катары өз элине өз бетинче сурак жүргүзчү. Коңшу өлкөлөр менен каалагандай достошуп, каалагандай касташчу. Анын эр жүрөктүгүн, албарс кылычтай курчтугун адилет баалаган өкүмдарлар кезинде ага "Бахадур бий" наамын ыйгарышкан.
Кокондун "Тарыхи - и Рахим-хани" деген булагында Кубат бий "Кыргыздын падышасы" деп да аталган.
Кокондуктардын жанга баткан салыгына чыдабаган Борбордук Теңиртоодогу черик уруусу 1859-жылы көтөрүлүш чыгарып, аны тынымсейит уруусу колдогон. Чериктердин башында Турдуке, тынымсейиттердин башында - Табылды турган. Бирок, бул көтөрүлүш максатына жеткен эмес.
1862-жылы Чүй өрөөнүндө солто уруусунан чыккан Канай уулу Байтик (1820-1886 ж.ж.) баштаган кыргыздардын көтөрүлүшү чыккан. Көтөрүлүштө Пишпек чебинин беги Рахматулла Чойбекти жана Көкүм, Дуулаттарды жок кылган. Чүй өрөөнүндө өкүм сүргөн саясий кырдаалды туура баалаган Байтик баатыр жигиттери менен Пишпек чебин курчап алган. Артиллериясы болбогондуктан, курчоого алууну туура уюштура билбегендиктен, Пишпек чебин алуу мүмкүн эмес эле. Чабуул коюп, курчоого алуу ыкмасын көчмөндөр билген эмес. Ошондуктан, Байтик баатыр аталаш тууганы Өзүбек Бошкой уулун кат аркылуу (айрым маалыматтарда бир тууганы Сатылган аркылуу деп жүрөт) Верныйдагы орус генералы Г.Колпаковскийге жардам сурап кайрылган.
Орустар ошол замат солто элине жардамга келишет. А сарыбагыш манабы Шабдан болсо шамдагайлык менен кол салып, Токмок чебин басып алат. Бул күрөштө Байтикке кеминдик сарыбагыштардын чоң манабы Жантай да жардамдашкан.
Ушул эле жылы 300 адамдан турган орус отряды Байтиктин 500 жигиттери менен бирге Пишпек чебин талкалашат. Андан соң Мерке чебин каратышат. Бардык операцияга Байтик баатыр жигиттери менен Россиянын аскерлерине кошулуп, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнөн Олуя ата, Чымкент чептерин бошотууга катышкан. (Бизге жеткен маалыматтарга караганда кыргыз ополчениеси 200-300 атчан адамдан турган, экинчи бир маалыматта ал 3000 кишиге чейин жеткен).
Согуш аракеттерине катышкандыгы үчүн Байтик Канай уулуна баркыт чепкен жана башка бир кыйла сыйлыктар берилген. Андан тышкары ага "капитан" деген наам берилген.
1867-жылы Алай кыргыздары кайра көтөрүлөт. Алар Кызылкоргондогу хандын төрөсү Кул датканын зомбулугуна чыдабай чыгышкан. Садык саркер баштаган көтөрүлүшчүлөр Кызылкоргонду курчап, аны ээлегенден кийин төрөнү өлтүрүшөт. Кокон ханы көтөрүлүштү басуу үчүн жазалоочуларды жиберип, алар көтөрүлүшчүлөрдүн жалынын араң басат. Бирок, үч жылдан кийин, 1870-жылы Алайдан андан да чоң көтөрүлүш чыгат. Кудаяр хан Бухара эмирине жардам сурап кайрылып, эки күч биригишип, көтөрүлүштү убактылуу токтотушат.
18-кылымдын экинчи жарымында Кокондуктарга каршы көз каранды эместик үчүн күрөштө эл башында туруп, даңкы далайга кеткен кыргыз мыктыларынын бири - Ажы бий болгон. Кытайлык географтын жазган маалыматына караганда, кыргыздардын адигине уруусунун чыгааны Ажы бийге Бухарадан күн чыгышты көздөй кеңири аймакты жердеген 20 000 (жыйырма миң) кыргыз баш ийчү.
Кокон хандыгы күчөгөндөн-күчөп, Мадали-хан (1822-1842 ж.ж.) түндүк кыргыз урууларынын - сарыбагыш менен солтонун ортосундагы чыр-чатактардан пайдаланып, 1825-жылы Чүй өрөөнүнө Лашкер кушбеги баштаган 4 000 (төрт миң) адамдан турган кошуун жиберет. Чүй өрөөнүнө бекемделип алыш үчүн кокондуктар ошол эле жылы Аламүдүн суусунун жээгине топурактан Бишкек чебин курушуп, горнизон коюшат. Кокондук наместник бул жерден Ысык Көлдүн тегерегиндеги кыргыздарга хандын бийлигине баш ийүүнү, тиешелүү салык төлөп турууну талап кылып кат жиберет.
Бирок, Кокондун жиберген өкүлдөрү куру кол кайтышат. Мадали хандын ачуусу келип, 1831-жылы жазында Ташкендин акими Лашкер кушбеги аскерлери менен Чүй өрөөнү аркылуу Ысык Көлдүн жээгине барат, экинчи тараптан Борбордук Тянь-Шанды алуу үчүн Ферганадан чыгып Көкарт ашуусун ашып, Хакулу миңбашынын кошууну жөнөйт. Хандын кол башчылары кыргыз урууларынын арасындагы келишпестиктерди билгичтик менен пайдаланып, каршылык көрсөткөндөрдү оңой эле басып алышат.
Ошентип, кокондуктар Борбордук Тянь-Шанды, Ысык Көлдүн тегерегин басып алышып ал жерлерге Тогузторо, Куртка, Жумгал, Барскоон, Коңурөлөө, Каракол жана башка чептерди тургузушат.
Жолдон чыккандарды оңой-олтоң эле каратып бара жатышкан кокондуктар, саяк жана черик урууларынын катуу каршылыгына дуушар болушат. Багынбаган кайраттуу тяншандыктарды эки бир тууган Тайлак баатыр менен Атантай баатыр баштап чыккан.
Хакулу миңбашынын кошууну менен Атантай, Тайлактын кошуунунун күчү бирдей эмес эле. Кыргыздардын колу согуш даярдыгы, тажрыйбасы жок, начар куралданган ополчениеден турган. Анын үстүнө, саяктар сан жагынан да кокондуктардан алда канча аз болчу. Хакулу миңбашынын жазалоочу экспедициясында такшалган 7 000 (жети миң) сыпайы бар эле. Чечүүчү салгылашууда көтөрүлүшкө чыккандар жеңилип калып, алардын кол башчылары Атантай менен Тайлак туткунга алынат. Бирок, көп узабай эле ал экөө тең качып чыгышат да Тайлак баатыр кайра ханга каршы чыккан көтөрүлүшкө башчылык кылат.
...Куртка чеби Нарын суусунун оң жээгиндеги тик жардын башына курулган, анын үч тарабы топурактан урулган бийик дубал менен курчалган. Замбирек - чептин эки дарбазасы, артиллериялык мунаралары, тегеректи кароо керек болгондо ата турган тешиктери болгон. Ичинде коменданттын үйү, анын гареми, мечит жана зындан-түрмө жайгашкан.
Тайлак чепти курчоого алганда анда анжияндык кыргыздардан топтолгон (арасында 50 (элүү) гана өзбек болгон) 200 (эки жүз) атчан-сыпайлардан турган) гарнизон бар эле. Сепилдин коменданты- колунан эч нерсе келбеген Ташмат деген хандын чиновниги болчу.
Кыргыздын уламыштарына караганда чепти курчоого алуу көпкө созулган эмес. Сепилдеги кыргыздар дароо эле Тайлак тарабына өтүп кетишет. Ташмат качып чыгып, эптеп Коконго кетет да, Мадали хандын бутуна жыгылып: "багынбаган кыргыздарды кыйратып келгенге аскер бериңиз", - деп суранат. Ачуусу келген хан Ташматты дарга астырып, кыргыздарга каршы жибере турган аскерлерге башчы кылып далай салгылаштарга катышкан, тажрыйбалуу полководецин жиберет. Мыкты куралданган кокондук аскерлер начар уюшулган жана аз сандагы кыргыздарды оңой эле багындырышат. Ошентип, Тянь-Шанда Мадали хандын бийлиги кайра орнойт.
Тайлак баатыр табып кейпин кийген кокондук тыңчы тарабынан кырк эки жашында, 1838-жылы көз жумган.
18-кылымдын 80-жылдарында Кокон хандыгы ферганалык кыргыздардын кыйласын, Чырпык суусунун аркы тарабындагы кыргыздарды багындырып алууга үлгүргөн. Бирок, Ферганадагы тоо этектерин жердеген кыргыз уруулары менен алайлык кыргыздар өз алдынчалыктарын сактап кала беришкен. Аларды кокондуктар 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башы ченде ар кандай айла-амал, күч колдонуу менен араңдан зорго өз таасирине имере алды. Ал эми кыргыз калаасы Ош аймагы багынгандан кийин Анжиян вилаетине кирген. Кийинчерээк Ош аймагы өз алдынча вилает болуп бөлүнүп чыгат.
Кокон хандыгы Нарбото бий (1770-1800 ж.ж.), Алим хан (1800-1809 ж.ж.) бийлик кылган жылдарда Кетментөбө өрөөнүнө тез-тез жортуул уюштуруп, бул чөлкөмдү жердеген кыргыздарды кыйла жыл баш ийдире албай турду. Кокондук баскынчыларга каршы көтөрүлүштө Сатык деген кайратман, чечкиндүү киши жетекчилик кылган.
1821-жылы кышында, көчмөндөр үчүн өтө оңтойсуз мезгилде, Омор хан Кетментөбөгө аскер жөнөтөт. Баскынчылар Кетментөбөдөгү Сейиткулбек кол башчылык кылган кыргыз чегине капысынан кол салып, жеңишке жетишет.
Кокон хандыгынын Кыргызстанды басып алуусун кыргыз феодалдарынын өз ара кагылышуулары, биримдиктин жоктугу кыйла жеңилдеткен. 1821-жылы күзгө жуук Омор хан кыргыздардын кутлук-сейит уругунун башчысы, ошол кезде Кокон шаарынын акими катары ханга кызмат өтөп жаткан Бекназар бийди Ош-Кашкар аралыгында көчүп-конуп жүрчү сарыбагыштарга тукурат. Ал хандын ишенимин ойдогудай актап, боордошторун аёосуз кырып, аксым хандын ичин жылыткан.
Чүйдөгү солто-сарыбагыш урууларынын ич ара чыры, талаш-тартыштары күчөп, кыргыздар улуу жүз казактарынын чатагы тынбай турганда, кокондук хандар мындай абалды оңой пайдаланган. 1825-жылы Чүйгө Лашкер Кушбеги башчылык кылган аскер жөнөтүп, ички биримдиги жок чүйлүк кыргыздарды каратып алган.