П о э з и я

"Акын Тургунбек Бекболотовдун ырларын окубаган кыргыз аз болсо керек" - деп ойлойбуз бу кымгуут түшкөн заманда. Же "көр оокатка" баш-аягыбыз менен кирип кетип, жашоодо андан да улук, андан да ыйык - жан дүйнө байлыгы дегенди унутуп койдукпу? Боздогон акынга кулак төшөчү. Жакынкы күндөрдө басмадан Тургунбек акындын "Бурганак" ырлар жыйнагы жарык көрүү алдында турат. Ошондон 3-4 ырды тартуулап отурабыз.

12-декабрь, же Алыкулга айтылбай калган кошок

Кундуздан ичик кийбедиң,
Кадыр-сый көрүп жүрбөдүң.
Кыйылдың кырчын кезиңде,
Кызыгын көрбөй дүйнөнүн.

Булгундан ичик кийбедиң,
Булкунтуп буудан минбедиң.
Бала эле бойдон кетипсиң,
Бактысын көрбөй дүйнөнүн.

Алкынтып жорго минбедиң,
Аралап журтту жүрбөдүң.
Армандуу уулу болупсуң,
Азаптуу ушул дүйнөнүн.

Ар кимден сурап укканым:
Аракты деле жутпадың.
Атаны кокуй, а неге,
Алтымыш жашка чыкпадың?

Эзилип бала өппөдүң,
Элүүгө неге жетпедиң?
Эртелеп кетип калыпсың,
Эсебин таппай өпкөнүн.

Көтөрүп заман капшабын,
Кыйналган окшойт жаш жаның.
Кыргызга кылып кызматты,
Кырк жаштын кырын ашпадың.

Оттуу ыр чачып элиңе,
Олтурбай кеттиң төрүнө.
Опаасыз жалган дүйнөдө,
Отуз беш деген эмине?

Жазылбай канча ыр калды,
Жабылып ичте сыр калды.
Жаныңды ажал аларда,
Жараткан көзүн жумганбы?

Тагдырдын ченеп жыл, айын,
Тарыткан окшойт кудайым.
Түбөлүк кете берипсиң,
Таланттын көрбөй убайын.

Санаага батып жылдарың,
Сүйүүнүн татпай жыргалын.
Сулуулар таштап кетсе да,
Сүйүү деп какшап ырдадың.

Тагдырың кыйнап турганын,
Таарыныч деле кылбадың.
Тумшукка уруп жатса да,
Турмуштун ырын ырдадың.

Жашагың келген сен деле.
Жазмышың мынча кем беле?
Жармашты жаман бул кесел,
Жашыңдан сага эмнеге?

Жалпыга кылбай ашкере,
Жабыркап кайран жаш дене.
Жайрапсың отуз бешиңде,
Жакшыга өмүр аз беле?

Кантмекмин, минтип ыр курап,
Көзүмдөн жашым кылгырат.
Көөдөндө туйлайт жүрөгүм,
Көкүрөк тушту ургулап.

Жамынып жолборс терисин,
Жортуулга чыгып эл үчүн.
Журт билбей жүрүп кадырын,
Жоготуп алган Шерисиң!

…Асылган ооруу жеңиптир,
Арга жок, кантсин, көнүптүр,
Ал түндө акын үйүнө,
Аңдыган ажал келиптир.

Алыкул деген кимдигин,
Ал кезде чындап билди ким?
Акындын көзү жумулуп,
Армандуу кеткен күн бүгүн…

Адам болуу кандай кыйын

"Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу"
Ч. Айтматов

Март болуп, мейли чачсын сан байлыгын,
Жашасын эч бирөөгө салбай жүгүн.
Бары бир мүдүрүлүп, чалынуу бар,
Күн сайын адам болуу кандай кыйын.

Өзгөрүп турат экен ал-жай, туюм,
Чын эле, адам болуу кандай кыйын.
Кагышса көз караштар, кантип чыдайм,
Бирөөгө катуу айтып албай бүгүн.

Абийрим, ар-намысым - бар байлыгым,
Бирок да, өзүмө-өзүм канбай жүрүм.
"Канткенде адам болуу керек?" деген,
Суроого жооп табуу кандай кыйын.


Өкүт

Сактадымбы адамдык даражамды,
"Өкүт" - деген өзөктө жара калды.
Билбейм, кайдан, каякка баратамын,
Кылдыратып, кыйнабай арабамды.

Өкүнүчүм - билсем да келериңди,
"Убакыт бар, жетишем" - дебедимби.
Карыялар олтурган күн чубактан,
Мен өзүмдү бир күнү көрөмүнбү?

Шам алдындагы шамал ыры

Түнү бою сүкүт салып шамандай,
Шам алдында сапар келет шамалдай.
Таң аткыча дүйнө кезип кетемин,
Үйүм түгүл, өз денеме камалбай.

Түгөнбөгөн түйшүк келип күз менен,
Шам алдында шамал ырын изденем.
А бийлигиң бирин-бири аңдышып,
Иши болбой калган окшойт биз менен.

Эмне болот эртеңки күн - ал күдүк,
Эстегенде кетет ичтен кан жүрүп.
Шамал ырдын шапатасын күтөмүн,
Түнү бою тереземде шам күйүп.

Шам бүлбүлдөп, бүлбүл жанат үмүтүм,
Шакар сымал кайнап чыгам күнү-түн.
Башты сайып коюу керек болуучу,
Бакыт "келип берем" - деген күн үчүн.

Күндөрдүн бир күнүндө

Кой, курбум, кур кайгы жебечи,
Жеңишти алдырдым дебечи.
Кыл чайнаш күрөштөр алдыда,
Кайрылып, капталдан жөлөчү.

Кантели, акыйкат урады,
Жалганга жагынбай туралы.
Күлүстөн күндөрдү баштайбыз,
Күйгөндө чындыктын чырагы.

Бүгүнчө бүгүлүп, ийилбе,
Урунуп-беринип жүгүрбө.
Сабыр кыл, күндөрдүн бир күнү,
Той болот сенин да үйүңдө!

Деги, кандай адамсыңар?

Онтолоп жаткан жокмун оңгонуман,
Күйдүм мен өлкөбүздүн жолдорунан.
Таштанды сасып жаткан көчөлөрдөн,
Анан да, өпкөсү жок чоңдорунан.

Чыркырап жаткан жокмун жыргагандан,
Чайналып өтүп жаткан жылдар - арман.
Элимдин үмүт арткан жигиттери,
Этегин жаман жерден булгап алган.

Үйрүлүп, барбы бирөө абал сурар?
Жашагым келет мен да адам сымал.
Тентитип коюп журтун, тынч уктаган,
Капырай, деги кандай адамсыңар?

Эмиграция

Улуйт чөөлөр, ташта баарын, кеч эми…
Биз бул жерден эптеп чыгып кетели.
Эмнегедир сезип турат жүрөгүм,
Жүрө берсек жакшы бүтпөй этеги.

Чөөлөр улуйт, кабарыбы коогадан,
Кеттик ылдам, көтөрүнүп, жөө-жалаң.
Бир жерлерге батар биздин башыбыз,.
А сен кайда баратасың, оо заман?!

Тургунбек Бекболотов


Жазга жалынуу

Суктана жер шарына көзүн тигип,
Сулуу жаз келди мына, булут минип.
"Адилет, эл мүдөөлүү жаз бол!" - дешти,
Асыл ой, ак ниеттер улутунуп...

Карабастан баймынбы, жардымынбы,
Көз ачырбай төгө көр жамгырыңды.
Ээлигишет негедир бай-бийибиз,
Эч сезбестен элдеги кайгы-муңду.

Жалын десең, беш убак жалынайын,
Жарыл десең, агымдан жарылайын.
Токтогулдан уурдалган суунун ордун,
Толтуруп бер, жаз айы, кагылайын!

Өчпөсүнчү жарыгы үйүбүздүн,
Өкүмдардын өзүмчүл күнү бүтсүн,
Бир кудайга доошу угулса экен,
Чындык үчүн муңканган үнүбүздүн!

КОШМАМТИЛГЕ САНАРКОО

Сөзүм бар, кыргызымдын калыстары:
Барсыңбы, улутумдун намыс-ары?
Эмнеден кабар берет, кайда алпарат,
Элимде кошмамтилдин жарышканы?!
Ээнбаш бийлик билген эртеңки күн,
Эмеспи тагдырлардын табышмагы?!

Сестенем кыргыз тилдин ыйыгынан,
Чыкпасак ата-тектин чыйырынан.
Жарышкан кошмамтилдин ортосунда,
Жанчылып, ичтен сызып кыңырылам.
Дилине тили барксыз өлкө дешип,
Тигилер күлүп жатат мыйыгынан!

Бир жактан түртмөлөктөп ышкым улам,
Бир жактан жан дүйнөмдөн кетип чыдам:
Кыргыз тил орус тилге сиңип кетип,
"Ооматым оойбу?" - деп сызгырылам.
Ошондо бул бийликтин айтары чын:
"Кеч болуп калбадыбы, эмне кылам?".

"Жамандын акыл-эси түштөн кийин",
Дешпесин жаш урпактар бизден кийин.
Эс-акыл аз эмес го, жөнгө салсак,
Элим ай "расмийдин" үстөмдүгүн.
Келечек, ата-тектин туусу болуп,
Келгенсийт үмүт коштоп күткөн күнүм!

ӨКҮНҮЧ
(Эне тилин билбеген, сүйбөгөн уулуна энесинин арманы)

Өлөр пенде оболу тилден калат,
Тилсиз жанга ач ажал канжар малат.
Эгеменге жеткенде тилден калдың,
Өлгөн эмей бул эмне, атаганат!

Тилинет курган жүрөк көйгөйүмдө,
Тил билбес кебетеңди көргөнүмдө.
Кутпейлим: бир Кудайга ыраазы элем,
Кулунум, сени көрбөй өлгөнүмдө!

Аман Көчөрбай уулу,
Талас району,
Бердике баатыр айыл өкмөтү