М е й м а н м е н е н м а е к

Бекболот ТАЛГАРБЕКОВ - Экс - министр, губернатор:
"Убагында Бакиевде ой-пикир бар экенин укпаптырбыз"
Акаев бийлиги: жетишкендиктер жана каталар
- Бекболот мырза, учурда Акаев бийлигине кандай баа бересиз?
- Акаев доорун мен эки мезгилге бөлүп караар элем. Алгачкысы 1991-2000 жылдар. Бул мезгилде эл, мамлекет үчүн кыйла үзүрлүү иштер жасалды. Калыстык үчүн фактыларга токтололу. Жалпы СССР 90-жылдары зор кризиске кептелген. Башкасын коелу, дүкөндөр аңгырап бош калып, талон менен жашап калбадык беле. Кыргызстанда экономика толук банкрот абалга жеткен. Бюджеттин кирешеси 2 миллиард рубль, ал эми чыгашасы 8 миллиард рубль болчу. Бир эле 90-жылы колхоз-совхоздордо эки миллион (!) кой кырылган (Анда Акаев Москвада депутат эле).
Акаев президент болгондон баштап экономикалык реформалар жүргүзүлдү. Макроэкономика, финансы сектору турукташтырылды. Бюджет балансы жаралып айлык, пенсия, пособиелер убагында берилип калды. Рыноктук инфраструктуралар жакшыртылды, мисалы "Бишкек-Ош" жолу. Учурунда улуттук волютабыз киргизилди. Жер реформасы жүрүп, дотациялуу айыл чарбасы өзүн актаган тармакка айланды. Эгемен кыргыз мамлекетин дүйнө тааныды. Кыргыз рухун даңазалаган "Манас-1000" сыяктуу иш-чаралар өттү. Элибиздин ынтымагы чыңдалып, улуттук, регионалдык бөлүнүүгө жол берилбеди. Табыгый кырсыктардын кесепеттери учурунда жоюлуп турду.
Дегинкиси, тарых ал мезгилди өз ордуна коеруна, Акаев да келечекте Раззаков сыяктуу реабилитация болооруна мен ишенемин.
Акаев бийлигинин экинчи мезгили 2001-2005-жылдар. Соңку президенттик жеңиштен кийин. Акаев негедир демократиядан тайып авторитардык бийлик жолуна түштү. Андагы жогорку саясий фигуралар: мамкатчы Ибраимов, администрация жетекчиси Карыпкулов, өкмөт башчысы Бакиев, көмүскөдөгүсү Керексизов болгон. Булардын ролу канчалык, же Акаев авторитардык жолго өзү түшүп кеттиби - учурунда ачыкка чыгаар. Ал жолдун жыйынтыгы 2005-жылдын март окуясы болду.
- Алгач авторитардык бийликтин маани-маңызына токтой кетсеңиз?
- Авторитарлык бийликтер түрдүү формада болгон менен маңызы окшош. Түпкү максаты - элдин укугун азайтуу, мамлекеттин (же жеке адамдын, үй-бүлөнүн, кландын) бийлигин көбөйтүү. Башкы эки куралы бар. Биринчиси - каршы ой-пикирде, позицияда болгондорду куугунтуктоо. Экинчиси - коомдо маалымат үстөмдүгүн орнотуу. Жакынкы тарыхка көз салалы. Сталин эки куралды тең аеосуз колдонгон. Куугунтук, репрессия деген жогорку катаал деңгээлге жетип, каршылаштар "эл душмандары" атыгып, атууга кетишкен. Маалымат үстөмдүгү зордоп толук орнотулган. Ооба, мамлекеттик да, өзүнүн да бийлиги абсолюттук деңгээлге жетти. Бирок, акыры ал жол СССРди ураганга алып келбедиби. Гитлерге келсек, ал репрессияны согушка айлантып, башка элге багыттады. Маалымат үстөмдүгү Геббельстин кубаттуу пропагандасы катары дүйнөгө таанымал. Гитлер да жамандык менен бүттү. Соцлагерден Румынияны алалы. Чаушеску да репрессия менен маалымат террорун кеңири колдонгон. Акыры "кыңк" эте албай калды деген эл Чаушескуну асып өлтүрүштү. Ельцин да өзүн демократмын деген менен авторитардык жолдогу жетекчи болчу. Ал каршылаштарды көбөйтүп парламент мүчөлөрүн аткылаган акыбалга жетти. Маалымат майданында да тынымсыз "согуш" жүргүзүлчү. Бирок Ельцин бийликти убагында мураскерине өткөрдү. Путин болсо, авторитардык бийликтен баш тартты. Ал көзү май баскан олигархтарды саясий майдандан сүрүп салганы болбосо, каршылаш, душман күтүү жолуна түшпөдү. Коммунисттер, оңчулдар, айтор, бардык саясий күчтөр менен иштешип келатат. Маалымат үстөмдүгүн да орнотподу. Өлкө деңгээлине арамза, куйту саясатты жолотпой, ачык, калыс иш алып баратат. Ошон үчүн мамлекет бутуна туруп, эл турмушу оңолуп, Путиндин курсу өз жемишин берүүдө.
- Акаевге кайрылсак. Анын авторитардык башкаруусу кандай өңүттө жүрдү?
- Алгачкы он жылда сөз эркиндиги өсүп, өлкөбүз "демократия аралчасы" деген баага жетишкен. Кийин маалымат үстөмдүгүн орнотуу аракетинде өкмөттүк эмес каражаттар да бийликтин колуна өтө баштады. Мисалы, "Вечерний Бишкек" гезити, КООРТ телеси. КТР бийликчил пропагандага толуп, элдин кыжырын кайнатып, "кара жащик" атка конду. Авторитардык башкарууга каршылык көрсөткөн саясатчылар, журналисттер куугунтукка туш болушту. Мындай саясат өз "жемишин" берип, бийлик Аксы окуясына кабылды. Андан ары оңоло алган жок. Авторитардык башкаруу экономикалык өсүштүн басаңдашына, жакырчылыктын көбөйүшүнө, коррупциянын жайылышына, акыйкаттын азайышына алып келгенин мурдагы бийликтин өкүлдөрү моюнга алуубуз зарыл деп эсептейм.

Бакиев бийлиги: мүмкүнчүлүктөр жана жыйынтыктар
- Бекболот мырза, азыркы бийлик төрт жыл башкарууда. Сиздин да ой-пикир, бааңызды угалы?
- Март окуясынан кийин өлкөдө жаңы кырдаал жаралды. Оппозиция бийликке келди. Акаевдин айрым кадрлары жаңы бийликке өттү, көбү саясаттан четтеди. Демек, бардык ишти "таза барактан" баштоого, авторитардык башкарууну түптамырынан реформалоого, өткөндүн жакшысын улап, кемтигин түзөөгө жагымдуу шарт түзүлдү. Бирок жаңы бийлик акыл-эсин, күч-кубатын башка нукка бурганы бүгүн жалпы элге маалым. Ал нуктагы башкы маселе - өлкөдөгү байлык, менчиктерди кайра бөлүштүрүү болду. Көбүрөөк мүлк топтоого ашыккан бийлик өкүлдөрү бул нукка криминал чөйрөсүн да кеңири тартты. Бийлик ошентип бир жыл аралыгында өзүнө жаңы оппозиция жаратты. Аны АКШ, же Россия, же Акаев түзгөн жок. Мурдагы эле тилектеш соратниктери каршы позицияга өттү. Алар 2006-жылдын апрелинде бийлик менен криминалдын жылуу мамилесине каршы митинг баштап, аягы ноябрда жаңы Конституцяны кабыл алдыртышты. Декабрда бийлик реванш алып, өзүнүн Конституциясын өткөрдү. Кийинки тирешүү 2007-жылдын апрелинде "фронтчулардын" кубаланышы менен аяктады.
Толук жеңишке жеткен бийлик ичине каткан ой-кыялын, түпкү максатын жүзөгө ашыруу үчүн 2007-жылы жайында москвалык саясий технологдордун жардамы менен атайын план даярдады. Саясатчылар "Барбаросс" деген наам берген ал план Кыргызстанда күчтүү авторитардык бийлик орнотууга багышталган. Планды натыйжалуу аткарыш үчүн ашынган адис жетекчи керек эле. Агезде администрация жетекчиси түз сүйлөп, түз жүргөндү жактырган Мыктыбек Абдылдаев болчу. Ошондо президент ага "сен бул кызматка жарабайсың" деп ачык айтып кетирген. Бийликтин асмандан издегени жерден табылып, "Барбаросс" планын аткаруу Медет Садыркуловго жүктөлдү.
"Барбаросс" планынын урунттуу иш-чараларын эске салалы. Эшимканов менен Карабековдун Консотко кайрылуусу, Консоттун 2007-жылдагы ноябрь, декабрь Конституцияларын жокко чыгарышы, жаңы Конституциянын референдумга коюлушу жана анын ийгиликтүү өтүшү, президенттин "Ак жол" партиясы түзүлүшү жана анын парламенттик шайлоодо жеңишке жетиши - "Барбаросс" планынын жемиштүү аткарылышынын далилдери. Жыйынтыгында авторитардык мамлекеттик башкаруу күчүнө кирди. Бардык бийлик бир колго, президентке топтолуп, ага катар чөнтөк парламент, күнкор сот системасы, колбала өкмөт, жергиликтүү акимчиликтер мамлекеттин жаңы түзүлүшүн аныкташты.
- Демек, күчтөнгөн авторитардык бийлик башкы куралдарын жаңы дем менен колдоно баштады да?
- Албетте, мамлекеттик маанилүү саясат нугунда. Өлкөдө саясый куугундук катаал формага - репрессияга айланып жатканын коомчулук тынчсызданып көз салып турат. Саясий качкындардын тобу пайда болду (Абдрахманов, Байсалов, Орозобекова ж.б.) Оппозициянын жетекчилерине, алардын туугандарына үстөккө-босток кылмыш иштери ачылууда. Айрымдары түрмөгө отургузулуп, көбү эч жакка чыкпоо тил катын берди. Оппозициянын жүрөгүнүн үшүн алып коюу үчүн Ноокатта акимчиликтин айнегине таш ыргыткандар 8-20 жыл эркинен ажыратылды. Андан да кызыгы, жакында өлкөнүн урмат-сыйлуу адамдары президентке кайрылуу жолдоп жатышпайбы: "саясий куугунтук күчөп жатат, ошону токтотконго жардам берсеңиз" дешип. Албетте, маңызы туура кайрылуу, бирок дареги туура болбой жатпайбы. Бул "өзүң тууган баланы өз колуң менен мууздап берчи" деген кеп да.
Жаңы бийлик маалымат үстөмдүгүн орнотууда эбегейсиз аракет жасады. "Вечерний Бишкек" гезити, КООРТ телеси бийлик кожоюндарына менчиктелди.
ММКлардын ичинен өзгөчө ролду телерадио ээлей турганын жаңы бийлик мыкты түшүндү. Аягында эркин "НТС" каналын, "Азаттык" берүүсүн жаап, бул айдыңда бийликтин толук монополиясы орнотулду.
Гезит майданында бийликтин маалымат үстөмдүгү зор. Өкмөттүк гезиттерден тышкары "Вечерний Бишкек", "МСН", "Агым", дагы көп менчик гезиттер бийликтин ийгиликтерин айтып бүтө алышпай, оппозицияны "көрдөн алып жерге, жерден алып көргө" чаап келатышат. Эл ичинде "Бакиевдин жойпу түлкүлөрү" атыгышкан эр-азаматтар өлкөнүн идеологдоруна айланышкан. Аларда энтузиазм зор, чарчашпайт. Бийлик гезит майданында да монополия орнотууга далалаттанды. Бирин-экин гезиттерди сот аркылуу жаптырды, журналисттер соттолду, чет жакка качышты. Бирок, айрым эркин гезиттерди эмнегедир ооздуктай албады.
Азыркы ММКларды анализдеп бир жагдайды белгилегим келет. Акаевдин идеологдору көбүнесе маалымат демилгесин тарттырып жиберер эле. Эске салсак, Бакиев өкмөт башы кезинде анын орун басары Танаев "мы, власть, проиграли информационную войну" деп ачык айтканы бар. Башкы идеолог Ибраимов өкмөттүк ММКлардын жетекчилерин жыйнап "бир ууч" оппозиция гезитчилерге тең боло албайсыңар деп зекип жатчу. Ооба, азыркы бийликтин деле өкмөттүк гезиттери, "кара жащиги" (КТР) мурдагыдай эле элдин кыжырын кайнатып обон созуп келишет. Бирок, "ноу-хау" да жаралды. Ал - 5-канал. Буерде күчтүү менеджмент, алдыңкы саясий технология, чыгармачыл коллектив, таланттуу, жылдыздуу жаштар бар.
(Уландысы кийинки санда)