С а я с а т

Темир Сариев:
"Выделенные Россией средства не должны побуждать рост инфляции"
По объему налог на недвижимость в год может принести в казну от 500 до 700 млн сомов - это не такая большая сумма, чтобы поступать так недальновидно и безответственно и взимать его по всей республике.
Второй момент по Налоговому кодексу - это сокращение количества патентов. Патент - это упрощенная форма взимания налога и вводится в тех государствах, где очень сложно проходит администрирование налогов, где очень низкая культура исполнения законов. Если говорить объективно, то мы как страна, переживающая переходный период, как раз так и являемся таким государством. Поэтому нельзя было сокращать патенты, а напротив надо было расширить перечень патентов в тех сферах, где государство затрудняется собирать и администрировать налоги.
И, конечно же, в период продолжительного мирового кризиса, а все эксперты говорят о том, что он затянется на 3-4 года, ни в коем случае нельзя было повышать стоимость патентов. Сейчас надо давать возможность нашим гражданам прокормить хотя бы самих себя.
Поэтому, я думаю, что стоимость патентов стоит вернуть на прежний уровень, при этом расширив патентную базу. А с крупными налогоплательщиками надо заключать контракты.
Третий момент: в Кыргызстане швейная отрасль кормит и создает рабочие места для 200-300 тыс. человек. По данным Ассоциации швейной отрасли Казахстана, ежегодно из Кыргызстана к ним ввозится изделий швейной отрасли на 1 млрд. долларов. А это значит, что почти 20-25% ВВП нашей страны создается именно швейной отраслью, и государство должно их поддерживать и развивать. А что наше правительство делает в ответ? Перекрывает кислород. Это абсолютно недальновидная политика и я считаю, что правительству сегодня надо объявить налоговые каникулы для швейной отрасли на 3 года.
Четвертое - нам сейчас надо оживить торговлю, которая составляет около 30% ВВП. Сегодня в этом секторе из-за кризиса идет спад, который будет продолжаться. Для того чтобы оживить торговлю надо прекратить все незаконные сборы, прежде всего, это касается таможни. Президент и близкие ему люди должны отказаться от таких сборов. Мы все знаем и это достоверная информация, что машины, которые въезжают в Кыргызстан из Китая, помимо налогов платят с каждой машины от 1 до 1,5 тыс. долларов. При чем эти деньги идут не в бюджет, а в карман чиновников. Далее, я считаю, что есть целесообразность и вовсе снизить таможенные платежи для оживления сектора торговли и тем самым оказать им реальную помощь.
- Но ведь скоро в бюджет придут российские деньги, которые помогут нашей стране преодолеть вызовы, связанные с кризисом?
- Россия хочет оказать помощь нашей стране из геополитических интересов. Это их дело и поэтому было бы глупо их не использовать. Но боюсь, что в нашей стране почти нет таких менеджеров-профессионалов, которые смогли бы по уму управлять такими деньгами. Ведь до сих пор Кыргызстан не получал такую большую сумму единовременно. Хочу подчеркнуть, что 450 млн. долларов - для бюджета это огромная сумма.
Можно с уверенностью сказать, что 300 млн. долларов российского кредита будут использованы неэффективно, поскольку выделяются без какой-либо конкретной программы. Ведь предыдущий опыт показывает, что даже когда мы получали меньшие средства от международных финансовых институтов и стран доноров под конкретные программы, часть денег все равно куда-то "исчезала". За примерами не надо далеко идти: это проекты строительства автодорог, проекты "Таза суу", "Гималаи" и т.д.
И тот факт, что Россия дает Кыргызстану такие деньги, не предусматривая при этом никакой программы, и зная степень коррумпированности нашей власти, я считаю, является поощрением и побуждением коррупции в нашей стране.
Информационное Агентство АКИpress




Конгантиев мырза журналисттерди "агынан жарылып" сыйлады
27-февраль күнү Ички иштер министри М. Конгантиев министрликтин имаратында жалпыга малымдоо каражаттарынын журналисттерин өтүп кеткен 23-февраль - Ата-Мекенди коргоо майрамы менен куттуктап, алар үчүн бир "ачылып", колдон келген сый-урматын көрсөттү. Бул салтанатка бийлик дайыма "өгөйсүнтүп" келген, карапайым калктын таламын талашып, чындык деп чыркырап, "чындыкты күндүзү чырак менен издеген", элдин колдооосуна ээ болгон "Ачык Саясат" гезитин "унутуп калышпай" чакырышкандыгы үчүн төбөбүз көккө жетип калды.

Көрсө, министр мырза ажо агасы Бакиевден айырмаланып, ММКлардын багытына (оппозиция, бийлик дебей ) карап бөлүп-жарып өгөйсүнтпөй, "башкалар менден үлгү алышсын"-дегендей, калыстыкка кадам таштаган экен. Балким, министрибиз коомчулукта ар кандай "атмосфераны" жаратууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар журналисттердин көңүлүн алып, курчуп турган саясий кризистин учурунда, "бир ууч" болсо да, өзү жетектеген министрлике упай топтогусу келгендир? Айтор, салтанатка ар кайсы ММКлардан 79 журналист чакырылган экен. Ошондой эле айрым областтардын ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери да келишти.
Министр мырза өзүнүн куттуктоосун океңдердин "Лучше поздно чем никогда"- деген сөзү менен баштап, журналисттик кесипти өтө бийик баалай тургандыгын баса белгилеп, буларды айтты: "Мен коллективиме дайыма журналисттер менен тыгыз иштешкиле, алар силерге караганда алда канча оперативдүү иштешет, кылмыш болгон жерге биринчи болуп алар жетип келишет деп айтып жүрөм. Биздин ишти коомчулукка кеңири жеткирип жатышкан журналисттер экенин эске алып, аларды биз менен кесиптеш жана максатташ деп ойлойм. 2008-жылы республикалык 50дөн ашуун ММКлар ички иштер министрлигинин жүргүзгөн иштери боюнча 1000ден ашык материалдарды басып чыгарышты. Биз журналисттер менен канчалык тыгыз байланышта иштешсек, ошончолук ишибиз ийгиликтүү болуп, алдыга жыларлыгын дайым баса белгилеп турушубуз керек. Бул чындыкты эч качан жокко чыгара албайбыз. Анткени, "ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат"- деген абдан таамай айтылган сөз, журналисттик кесиптин кадыр-баркы кандай экенин билгизип турат."
Министр жарым саатка жакын созулган сөзүн ушундай дүйнөгө дүң болгон сөз менен аяктады.
Салтанаттын жүрүшүндө Камбаралы мырза 21 журналистти (басымдуу көпчүлүгү жетекчи журналисттер) Ички иштер министрлигинин Ардак граммотасы менен, 25 журналистти төш белги (ИИМдин 80-жылдыгынын медалы) жана 31 журналистти миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйлады. Сыйлык тапшырып бүткөн соң, министр журналистердин ар кандай суроо, сунуштарын угууга даяр экенин билдирди.
"Кыргыз Туусу" гезитинин редактору К. Молдокасымов биринчи болуп министрге абдан ыразычылыгын билдирип, "мындай иш-чара боюнча, башка министрлер сизден үлгү алышса болот"-деп баса белгиледи. Кыяз мырза, 2006-жылдын аягында жер басып алуучу (захватчиктер) ажаан аялдардын КТРдин 50 миң долларга сатылып алынган видекамерасын талкалашканын жана операторду талуу жерге катуу тебишип, ал азыр "балалуу болобу, болбойбунун үстүндө түйшүк тартып жүргөнүн, күнөөлүүлөр эмдигиче жоопко тартылбай жаткандыгын айтып, министрден бул маселе боюнча тезирээк тийиштүү иш чараларды көрүүсүн өтүндү. Министр "бул ишке абдан дыкаттык менен көзөмөл жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгы сөзсүз чыгат"- деп кыска гана жооп берди.
Экинчи болуп биздин башкы редакторубуз чыгып "Ачык Саясат" гезитине үч,төрт жолу жарыяланган Кара- Балта шаарында милиционер Эркинди өлтүрүштү деп күнөөлөнүп, 6-7ти айдан бери соту болуп жаткан төрт адамга козголгон кылмыш иши жакшы текшерилбегенин, аларга милициянын кызматкерлери адам көрбөгөн кордукту көрсөтүшкөнүн, кызыгы, бүгүнкү күндө ал төрт адамдан таптакыр башка эки жигит "Эркинди биз өлтүргөнбүз"- деп моюндарына алып жатышканын айтты. Редакторубуз өзү Кара-Сууга барып, иликтеп жазып келген милиционерлердин жер басып алуучуларга карата болгон одоно мамилеси, алардын жетекчилик тараптан эч кандай буйрук болбосо да, уруп-согуусу чагылдырылган "Кара-Суу капсалаңы" макаласы турулуу да министрге суроо узатты. Ушул эки макала боюнча ИИМ тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөнүн, мына ушуга окшогон материалдар "Ачык-Саясатка" көп жарыяланганын, бирок ошол материалдардын бирине да министрлик тарабынан баа берилбегенин айтып, "мындан ары көпчүлүктү кызыктырган макалалардан министрлик жыйынтык чыгарып турса"- деген пикирин билдирди.
Редакторубуздун бул суроолоруна ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси "министрлик сиздердин гезитке чыгып жаткан материалдар боюнча сөзсүз жыйынтык чыгарат. Бирок, биз кыска убакыттын ичинде эч кандай жыйынтык чыгара албайбыз."- деген кыска гана жооп узатты.
Кара-Сууда болгон окуяга бери болгондо жарым жыл, Кара-Балтада козголгон кылмыш ишине да ушунча убакыт болуп баратканын Камбаралы Ташболотовичтин эсине салып коёлу. Ушунча убакыттан бери толук жыйынтык чыгарышпаса да, эмне үчүн ИИМдин басма сөз кызматы өз пикирин бир жолу да айтууга жарабады? Же, ал кылмыш-окуялары боюнча ооз ачканга болбойбу?
Мына ушуга окшогон суроо-жооп, пикирлер бүткөн соң Камбаралы мырза журналисттерди министрликте өзү ишке ашырып жаткан жаңылыктар менен тааныштырды. Алардын бири, бул- кыргыз милицияларынын жана МАИ кызматкерлеринин жаңы үлгүдөгү формалары экен. Аларды жаңыртууга бир топ каражат сарптап, Кызыл-Кыяда тигилгендигин министр баса белгилеп айтты.
"А. Жекшенкуловго козголгон кылмыш иши саясий кысым эмес, ал чындык экени жакында далилденет"
Камбаралы Мырза ушундай билдирүүсүн салтанаттын урматына атайы даярдалган ИИМдин ашканасындагы досторкондо, журналисттер менен бирге түштөнүп жатып, кенен-кесири түшүндүрдү. "А. Жекшенкуловго козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий кысым жок. Муну коомчулук туура түшүнүшү керек. Жекшенкуловко таандык табелдик курал (Макаров пистолети) журналист А. Саиповдун өлүмүнө тиешеси жок экени аныкталды. Бирок, ал куралдын азыр Таласта өлтүрүлгөн түрк ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар экендигин атайы эксперттердин тобу аныктап жатат. Буйруса, бул иштин жыйынтыгы 3- мартта колубузга тийет. Биз ошондо журналистерге кенен маалымат беребиз. Ага чейин бул боюнча сиздер ооз ачпай турсаңыздар"- деп өтүндү. (Бүгүн 3-март экендигин эске алып, маалыматты ачыкка чыгарып отурабыз). Айтмакчы, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан, белгилүү саясатчыга байланышкан "саясий теманы" , ал жерде журналисттер эмес, өзү козгогонун айта кетели. Менимче, министр мырза баарын түшүнүп, баарына көзүнө жетип турса да, "бул боюнча ооз ачпай туруңуздар"- деп өтүнгөн болуп койду окшойт. Болбосо, андай маалыматты убагында жазбасак, ал өзү белгилеп өткөндөй, журналисттердин "кызыл шапкечендерден" айырмаланган оперативдүүлүгүнө шек келип калбайбы .
Бул тема кызуу талкууланып бүткөн соң, журналисттер министрге журналисттик шашылыш ишке байланыштуу бараткан сьемочный топтун автоунааларын кээ бир учурларда жөн эле токтотуп алып эзгилей беришерин айтышты. Министр буга сөзсүз чара көрөөрүн, мындан ары журналисттердин автоунаасын МАИ кызматкерлери тосушпай тургандыгын билдирди. Албетте, бул журналисттер үчүн жакшы жаңылык. Бирок, министрдин берген убадасы канчалык деңгээлде, качанга чейин аткарылат? Аны мезгил көрсөтөр. Кандай болгон күндө да, министрликтин "анча-мынча" тыйынын аябай, журналисттер үчүн уюштурулган бул салтанат чынында эле алкышка татырлыгын айтпай коюга болбойт. Министрдин сөзүн улай "биз да укук коргоочулар менен дайыма тыгыз иштешсек, ийгиликке жетишебиз" - деп айткыбыз келет. Албетте, эгер министрликке тиешелүү бардык кылмыш иштер, жүргүзүп жаткан негизги иш багыттары тууралуу өз убагында маалымат алып турсак. Анан дагы министрлик биз жазган материалдарга сын көз менен карап, агын ак, карасын кара деген принципте иштесе, министрликтин короосундагы "мусорлордон" кутулууга өз салымыбызды кошууга биз даярбыз.
Айбек Шамшыкеев
"Ачык Саясат"