Курманбек Осмонбеков

Чыңгыздын айымдары
Бисмиллахир Рахманир Рахим!
Он сегиз миң ааламдын жалгыз ээси, кудурети күчтүү Кудай Таалага гана чексиз мактоолор арналсын. "Алла Таалам өзү жар болуп, өзү колдосун" - деп ушу баянды баштадым. Жалган дүйнөдө мактоого татыктуу бир гана нерсе бар. Көзгө көрүнбөгөн ошол улуу нерсе Адам ата урпактарына насип үлөштүрөт. Болгону бирине баарын берип, бирин кур коёт. Эмне себептен ошондой экенин бир Кудай өзү билет. Ал жагы адамзат үчүн табышмак. Бардыгы жетиштүү, байманасы ашык адамдарды "Кудай сүйгөн пенделер" - деп коюшат. Ал эми караманча кур калгандарды акыретте бейишке чыгат же "өзүнө бербегенди бала-чакасына берет" деп жооткотушат. Кудайдын улуулугу ушунда.

(Башталышы өткөн санда)

Неси болсо да, Мырзагүл үн катса Чыңгыз тарыхына дагы бир салым кошкон болоор эле. Чыгармада Султанмурат өзүнүн Мырзагүлгө болгон сезимин кат формасында билдирип жатса, реалдуу турмушта Чыңгыз андай батылдыкка бара алган эмес. Дал ушул Мырзагүлгө болгон ашыктык Чыңгызды делөөрүтүп, колуна калем кармоого түрткү берген. Чыңгыз иликтөөчү Гачев, Акматалиевдер деле "жазуучу окуучулук күндөрүндө эле күндөлүк, майда-чүйдө ыр жазган болуу керек"-деп жоромолдошот.
Бул жоромол чындыкка жакын. Анткени, күндөлүккө эч кимге айта албаган ички бук түшүрүлөт эмеспи. Анан да, Чыңгыздын элүү жылдык маарекесинде Сейталынын: "Чыңгыз ошо "карликовый класста" окуп жүргөндө эле бирдемелерди чиймелемиш боло койгонун байкаганым бар. Анысы ыр беле, кара сөз беле, Кудай акы билбейт экем" деп бир чечилген. Анда, арадан жылдар өтүп, Сейталы айткан бул маалыматка кайрылаарым менен ишим жок. Атаганат, ошондо артынан сая түшсөм күндөлүк изин табар белем? Анткени, Мырзагүлгө болгон балалык тунук сүйүү, ага айтылбай калган ашыктык арман Чыңгыздын адабият астанасын аттоо тушоосун кескен.
Мен бүгүн эч бир тайманбай туруп эле Чыңгыз турмушунда Мырзагүлгө жолукпаса, Жамийла жазылмак эмес, Жамийла болбосо кыргыз совет адабиятын ааламга тааныткан "Обон" шедеври жазылмак эмес деп ишенимдүү айта алам.
Улуу таланттарды ашыктык гана ааламга алып чыгып тааныткан. Биздин ойго авар элинин залкар акыны Расул Гамзатовдун "Менин Дагстаным" китебинен бир шиңгил мисал өзүнөн-өзү суранып туру.
"Абуталип башта кой кайтарган. Кийин устачылыкты каалап кетет, бирок мал четиндеги чоорун таштабай, бош боло калганда тарта коюп жүрөт. Устачылык кесиби аны бир айылдан экинчи айылга кыдыртып жүргөн кезде, бир күнү бирөөлөр Кумихиден дешет, бирөөлөр Кулиден дейт, айтор, Абуталипке тешилген кумура көтөрүп Хатимат деген бир бойго жеткен кыз келиптир. Абуталип бул кумураны каңдап эле бүтпөй коёт. Бирде аны тигиндей жылдырып салат да, шашпай тамеки чегип отуруп алат, бирде бери жылдырып салат да Хатиматка калпы-чынын аралаштырып, ар кайсы кептен айта баштайт. Акыры кыз аябай ачууланып киргенде Абуталип кумураны бүтүрүүгө аргасыз болот. Абуталип ушунчалык аракеттенген экен, кумура жапжаңы болуп жаркырап турат. Бирок кыз кичине суу куюп-куя электе кумурадан суу чууруп ага баштайт. Жини келип, ызалыктан ыйлай жаздап Абуталипке кайра келет.
- Качантан бери ушу кумураны каңдап отурасың, кыйратып койгонсуп, мунуңдан болсо мурдагыдан бетер суу шаркырап агып жатат.
- Сен эмне ачууланасың. Хатимат, сени дагы бир жолу кайрылып келсин деп, сени дагы көрүп турайын деп, атайылап кумураны тешик калтырбадымбы.
Хатимат бурк эткен боюнча чыгып кетет да, кайрылып келбей коёт. Абуталипти сары санаа басат. Хатиматка болгон махабаты улам алоолонуп, жалындап көтөрүлөт. Кусадар болгон Абуталип Хатиматка болгон сүйүүсүн даңазалап ыр жазат. Адегенде биринчисин, экинчисин, андан көксөөсү канбай онунчусун, жыйырманчысын жаратып, ошентип Абуталип устадан Мажнунга, сүйүүнүн акынына айланат".
Мындан Абуталипти акын кылган Хатимат болгон экен деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Себеби, Абуталипте Хатиматка жолукканга чейин эле Алла Таала тарабынан ыроолонгон шык, жөндөм болгон, талант болгон. Абуталиптеги ал талантты Хатимат ойготкон. Ошондон соң, Абуталип махабат ырларынын устатына айланып, дагы далай аялзатынын жүрөгүнө чок салып, өзү да бир далай айымга ашык болгон.
Хатимат Абуталиптин талантын кандай ойготсо, Мырзагүл Чыңгыздын талантын ошондой ойготкон.
Талант өзүнөн-өзү эле ойгоно койбосу, ага махабат түрткү болору тууралуу ушул эле Расул өз өмүрүнөн мындай мисал келтирет: "Менин атам айтты эле. Мен өзүмдүн алгачкы ырымды жазган кезде атамдын эски досу, Дагстанга өтө белгилүү, кадыр-баркы чоң бир адам минткен экен: "Ушул кезде Расул кимдир бирөөгө ашык болсо болоор эле. Ал сүйүү бактылуу болобу, болбойбу, ордунан чыгабы, чыкпайбы, анысында кеп жок. А турсун кыз сүйбөй коюп, ашыктык ага жалаң азап алып келсе, андан бетер сонун болмок". Көрүнүп туру, ачык эле "ашыктык ага жалаң азап алып келсе абдан сонун болор эле"-деп жатпайбы. Чыңгыз да наристе, ууз сезимин Мырзагүлгө арнаган. Арийне, Мырзагүл Чыңгызга муюган эмес. Керек болсо өйдөсүнгөн. Мырзагүлдүн өйдөсүнүп, текеберлениши Чыңгызды туталанткан. "Мырзагүлгө арнаган ой тилегин күндөлүккө түшүргөн"-деген жоромол жасоого болот. Биздин жоромолду классташ курбусу Сейталы Бекманбетов деле ырастап жатпайбы.
Мырзагүл Чыңгыз менен бир класста отуруп окуганына карабастан жашы да, классы да төмөн болгон. Чыңгыз жетинчи болсо, Мырзагүл бешинчи класста болгон. Анда алар бир класста окушканын чечмелеп берейин.
20-кылымдын 1917 - жылынан кийин пайда болгон СССР империясында "карликовый класс"-дегени боло турган. Класс комплекке балдардын саны жетпей калган учурда, ар бир класстын балдарын топтоп, класс комплектелген соң 5-6-7- класстын балдарына бир эле мугалим сабак берип, болгону ар бир класстын окуучусуна ошол класстын сабагы өтүлүп, ошол класстын тапшырмасы берилчү. Ушул себептүү Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында Мырзагүл Чыңгыз менен бир класста отуруп окуп калган. Жашы да, классы да төмөнүнө карабай "карликовый класс" комплектин лидери Мырзагүл болгон. Жоромолдосок, Мырзагүл бой келбети жагынан да эрте жетилсе керек. Анан да сулуулугу эстен тандырып турса, кантип ашык болбой коймок?
Биринчи ууз сүйүү эч убакта унутулбайт эмеспи. Чыңгыз да ошондуктан Мырзагүлдү эч убакта унута албай койгон. Бардыгы унутушса дагы Чыңгыз унуткан эмес. Ошо себептүү чыгармага да өз аты менен киргизген. Ага карабастан анын прототиби Асылкан деп чаташтыргандар бар. Муну мага Асылкан өзү да 2003-жылы маегинде ырастаган.
"Чыңгыз "Эрте жаздагы турналар" повестине сени жазыптыр, бирок атыңды Асылкан дебей Мырзагүл деп өзгөртүп бериптир"-дешип Анатай, Эркинбек, Кубаттар айтышкан. Менин мындай дегенимдин жөнүн чыгармадагы менин прототибимби же Мырзагүлдүн өзүбү, аны жазуучудан сурап, тактоо керек го. Себеби, дал ошол кан күйгөн согуш жылдарында, жаңылбасам, 1942-жыл болсо керек эле тамы Арчагулда, өзү Шекерде бригадир кызматын аркалаган, согушта бутунан жаракат алган адам бар эле. Аты эсимде жок. Ошо кишинин биз менен окуган, Манас эпосунда Каныкей айымга берилген, "карды көр да бетин көр" дегенчелик сулуу, кебездей үлпүлдөгөн кызы бар эле. Билишимче бир үйдүн эрке кызы болчу. Андан башка балдары болбогон сыяктуу. Согуш аяктагандан кийинки жылдары эле ата журтуна көчүп кетишти. Көлбү, Чүйбү мунусун мен билбейт экем:
Кептин ток этери, Чыңгыздын кайсы ат менен кимди жазганында эмес, ошол аттуу айымга ашык болгонунда. Таза, тунук сүйүүнүн ширесин татканында, ошо сүйүүгө жетпей арманда калганында.
Наристе кезинде ким ашык болбойт? Баары эле өздөрү түшүнүп-түшүнбөй ашык болушат. Карасаң, бир аз убакыттан кийин ал ашыгын унутуп коюшат. Ал эми чыныгы ашыктык дартка чалдыккан адам эч убакта унута албай, азаптанат. Балким, Мырзагүл деле Чыңгыз үзүлүп түшкөндөй сулуу эместир. Бирок, Чыңгыз үчүн өтө сулуу сезилген.
Балким, Мырзагүл муну бала чактагы өмүрдүн көз ирмеми сыяктуу унутуп да койгондур. Маани да берген эместир. Ал эми Чыңгыз Мырзагүлдү такыр унута алган эмес. Окуя кандай өнүгөт эле айтуу кыйын, Чыңгыз Мырзагүлгө чыгынып оюн айткыча ал класстын сөөк-саактуулары Аксайга кош айдап, эгин айдоо үчүн жиберилет. Аксайда да Мырзагүлдүн элесин Чыңгыз унута албаган. Акындык шыгы барбы, жокпу, Чыңгыз Мырзагүлгө арнаган ыр түрмөгүн чиймелеши мүмкүн. Мына ушул ыр түрмөктөрү Чыңгыздын тырмак асты чыгармалары болуп калганын сезбесе да, туйбаса да керек. Аксайда палатада жатып алып Мырзыгүл менен мамилесин талдаган. Чыңгыз Мырзагүлгө далай ирет кат жазууга белсенип, бирок бир да ирет жаза албай койгон.
"Эрте жаздагы турналарда" Чыңгыздын прототиби катары Султанмурат жазган кат, Чыңгыз, Чыңгыз атка конуп, атагы жер эмес космоско жеткенде жазылган кат. Ал эми, реалдуу турмушта Чыңгыз Мырзагүлгө кат жаза алган эмес. Мырзагүлгө болгон ашыктык Чыңгызды сары зилдей эзип, дүйнөнүн кай бурчунда жүрсө да коштой жүргөн. Чыңгыз Жамийланы жазып жатканда наристе сүйүүм Жамийла деп ойлогон, ишенген. Бирок, Жамийла дастанын жазып салгандан кийин деле кандайдыр бир боштук калганын туюп, кыжаалаттанган. Чыңгызга туңгуч сүйүү болуп жолуккан Мырзагүл "Обондогу" Жамийла , "Гүлсараттагы" Бүбүжан болуп жашагысы келбей, өз алдынча жашагысы келип, жазуучунунн мазесин алып, кыйнай берген. Акыры ал мүдөө "Эрте жаздагы турналар" повестинде ишке ашырылган. Чыңгыз Мырзагүлдү сыдыргыга салып, иликтөө менен, качанкы бир өткөн балалык сүйүүсүнө кездешкен.
"Бир күнү ушинтип ат сугарып жаткан учурда Султанмурат Мырзагүлдү көрүп калды. Аттамчыктан аттап өтүп келаткан экен, ээси ооду. Мырзагүл жалгыз эмес, үч кыз менен келатыптыр. Күнүнө бу аттамчыктан аттап, нечен киши өтөт. Бирок, Мырзагүлдү жолуктурам деп үч уктаса түшүнө кирбеген. Таалай жолуктурат деген ушубу? Көрөр замат тааныды, тааныр замат Чабдарын тарткан бойдон нес болуп калды. Аттамчык аттап келе жаткан кыз да аны көрдү, аттамчыкта сыңар бутуна чайпала түштү, кулачын жая таканчыктай калып, бери аттады, анан жээкке чыкканда кылак эте бир карап алды. Курбулары менен сайдан чыгып баратып, дагы бир-эки кылчайды. Кылчайган сайын Султанмурат атын теминип, учуп жеткиси келди, калтаарыбай, жашырбай, сүйөөрүн айтып үмтөттүргөн бактысын сурагысы келди. Сенсиз мага жашоо жок, өлөм деп айткысы келди. Бирок даабады, кыз кылчайган сайын ал өлүп, кайра тирилип турду. Султанмурат Чабдардын башын кейкейте тартып, суунун ортосунда тура берди."
Чыңгыз Мырзагүлдү ар бир көргөн сайын мына ушундай абалда болгон. Арадан канчалаган жылдар өткөндөн кийин да, ошол учурдагы сезимин жашырбай жазган. Ал сезими күчтүү экени Мырзагүлгө жазган катынан да байклат. Окуйлу. "Катты болсо үйдөгүлөрдүн баары уктагандан кийин жазды. Баштаар алдында аябай толкундады. Карап турган жан жок, жолтоо болгон эчтеме жок, бирок толкундай берди. Эмнеден баштаарын ойлоп бир топ отурду. Андай баштайын десе да, мындай баштайын десе да ылайыгы жок, бөтөнчө баштагысы келет. Таш түшкөндө көлчүктүн бетине жымырап, чачыраган толкундар сымал ойлору карматпай туш-тушка качат. Мурдатан ойлоп жүргөндөрүн жазмак, бирок кагазга үңүлөр замат сөздөрүнүн байланышы үзүлүп-үзүлүп кетет. Баарыдан мурда Мырзагүлдүн сулуулугун жазайын деди, бул айылда, атүгүл, бүт дүйнөдө Султанмурат жактырган сенден башка сулуу жок деп жазмакчы болду. Бирок, азыр шарт башка, десант болуп мектепке бара албай калдым, качан бараарым белгисиз. Ошон үчүн сени кээде көрүп калсам да, кайра көргүчө сагынып, кыйналып жүрөм деген ойлорду жазмакчы болду. Сагынганы ушунчалык кээде каңырыгы түтөп ыйлагысы келет.
Кээде каңырыгы түтөп кетмеги чын болчу, бирок аны катка жазып, жашыктыгын моюнга алыш эркектин иши эмес да. Ал эмес окуп жүргөн кездеги кай бир оройлугун, кээде олдоксон тийишип өткөн учурларын түшүндүрүү керек эле. Андай учурларда Мырзагүл бекер эле жаа бою качып жүргөн, себеби Султанмурат сыртынан ойлонгону менен ичи жылып, жүрөгү элжиреп келип тийишчү. Мына ушуну жазыш керек эле.

(Уландысы кийинки санда)








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan