"Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн"

"Кыраакылар"
Кыргызстандын электрондук мейкиндигинде таанымал россиялык "Эхо Москвы" радиостанциясы мындан ончакты күн илгери бүтүндөй президент К.Бакиевке арналган 48 мүнөттүк берүүсүн эфирге чыгарган эле. Ошондо "Эхонун" башкы редактору А.Венедиктов кызыктуу бир пикир айтты. Көп жагынан жүйөөлүү пикир. Ой тутумуна сактап койсо ашыктык болбос эле.
Чыгышта мамлекет башына жаңы келген адамдын балдары капысынан ашкере жөндөмдүү бизнесмен болуп чыга келишет. Кийин, ата-энеси кызматынан кеткенден кийин карасаң, катардагы эле бир киши дейт А. Венедиктов.

Айтса-айтпаса жалганбы, К.Бакиев президент болгончо бар же жок экени байкалбай жүргөн, мурда кийин ишкерлер журтуна белгисиз уулу Максим Бакиев атасы президент болгондон кийин капилеттен эле постсоветтик өлкөлөрдүн масштабындагы бизнесмен болуп чыга келбедиби. Болгондо да, латвиялык ишкер Белоконь деген өнөктөшү менен бирдикте ири капиталды талап кылган портфелдик инфестиция менен алпурушат экен. 2007-жылы М.Бакиевдин журналист А.Дубнов менен болгон маегине карап баксаң Кыргызстандын экономикалык саясатын семичкадай чаккан ишкер экенине күбө болуп, ага таң бербей койбойсуң. Максимдин бир гана рыноктук либерализм менен өлкөнүн келечеги аныкталат деген бекем пикирде экени да кызыктуу. Пикири куру айтылган эмес экен- айткандары ишке ашып, Кыргызстандын стратегиялык обьектилери туташ приватизацияланып жатпайбы. Алдын ала, билип тургандай айтыптыр, тобоо, дейсиң.
Президенттин уулу гана эмес, анын үкелери, үкелеринин үкелери, үкелеринин балдары, бир сөз менен айтканда бүт үй-бүлөсү бири биринен калышпаган таланттуу адамдар экени байкалбадыбы. Эгер бизнесмен болушпаса, анда мамлекеттик деңгээлдеги мыкты менеджерлер экен. Бирок, алардын менеджерлик жөндөмдөрү, негедир эле кийин, кландын башчысы президент болгондо билингени таң калтырат. Алып айтсак, президенттин үкеси Бакиев Ж.С. - мамлекеттик күзөт кызматынын начальниги, 104 миллион сом менен багылган, чанда эле кишиге ишенип бере тургандай жооптуу кызматты жетектейт. Дагы бир үкеси Бакиев М.С. - Европадагы эң таасирдүү мамлекет болгон ФРГда Кыргызстандын чрезвычайный полномочный посолу. Нары жооптуу, нары бийик кызмат. Дагы бир үкеси Бакиев А.С. - тышкы иштер министирлигини кеңешчиси. Дагы бирөөсү Бакиев М.К. - ГКНБнын председателинин кеңешчиси. Айта кетүү керек, мамлекеттик кызмат статусундагы кеңешчилердин баары бирдей эмес, жагдайга жараша кеңешчиден өткөн кеңешчи болоору белгилүү эмеспи. Алардан деле өзгөчө жөндөм, коом ичинде өтөгөн эмгек, демек, чоң ишеним талап этилет. Тажрийба-таалим, билим, интеллект дегендер керек. Акырында дагы бир чырымтал кезинде эле "такшалган" таланттуу инсан - Салиев К.Ж. (Курманбек Салиевичтин үкесинин уулу) - президенттин протоколунун эксперти. Калгандарынын деле алакандары кур эмес баары тегиз ийгиликтүү "бизнесмендер". Кыскасы, үй-бүлө кланына бу жараткан талант дегенди эч аябаптыр. Мол берген экен.
Ал эми, оппозицияга келсек, тескерисинче, баары тегиз "кудайдан жөө качкандар" экенине күбө болосуң. Аларга талант, жөндөм, интеллект дегенди таптакыр буюрбаган. Баары тегиз же коррупционерлер, же мыйзам бузуучулар, же каррикатуристтер. Кызмат абалынан кыянат пайдалангандар десең. (Азыркы учурда эмес, качандыр өткөн бир кездерде). Конструктивдүүлүккө таптакыр жөндөмсүз адамдар. Кичине эле кылмыш ишин ачып койсоң болду, чурулдашып чыгышат - "репрессиялык куугунтук уюштуруп жатышат" - дешет. "Саясый куугунтук" - дешет. "Заказ" - дешет. Чынына келгенде, бул жерде эч кандай куугунтук жок. Болгону, прокуратуранын "кыраакылыгы" гана бар. "Кыраакылык" болгон жерде, оппозицияларга карата иш болушу керек да, туурабы? Оппозицияга келгенде айрыкча кыраакылык талап этилет. Аларга иш козгоп турбаса болбойт. Керек босо, жерден чукусаң иш таап козгошуң керек. Жоктон бар кылыш керек, бардан жок кылышың керек. Мына ошон үчүн прокуратура көзөмөлдөөчү орган деп аталат эмеспи. "Надзор" деген сөздүн түпкү теги "зоркий" ("көрөгөч") деген сөздөн келип чыкканы жалганбы? Элдин салыгынан түшкөн бюджеттин акчасына жашап жаткандан кийин ишиңде айрыкча сак болбосоң болбойт. "Кыраакылардын" ишинин методунда бир өзгөчөлүк бар, аны эске алуу, т.а. жетекчиликке алуу кажет. Ал ыкма "селекционный ыкма" деп аталат. Башкача айтканда, ар бир кылмыш иши тандалып, иргелип ачылышы керек. Ыкманын баа берүү критериялары жөнөкөй: бийликтин сөзүн сөздөбөй, кебин кептебей турсаң, кызматта жок оппозицияда болоң анда аларга каршы иш ачылышы керек, бийликке келип "Ак үйдүн" оозун карап турсаң, анда иш жабылышы керек.Мындан сырткары, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр таба билген табышкер болуу керек. Элге жаман көрүнсөң көрүнөөрсүң, анткен менен "Ак үйдүн" сага болгон "ишеними" артат. Түз карай баштайт. Кызматыңдан көтөрүлөсүн. Жалыйнаң чоңоет. Орден аласың. Ошо керек да сага акыры, туурабы?.
"Агым" деген "Ак үйдү сагалаган гезит баягыда жазып жатпайбы - оппозициядагы Равшан Жээнбеков "акмын эле, акмын" ? дейт, а эгер чындап эле ак болсо анда Америкада качып жүрбөй Кыргызстанга келип актанып албайбы деп. Заматта келесоо боло калат десең. Артист кудум эле. "Ак үйдүн" кыраакы репрессиялык органдары цивилизациялык жол менен, актанып алганга мүмкүнчүлүк бере кое тургансып. Бийлик Интерполго издетүү жибербегенсип. Кадырбековдун тагдыры сабак болбой тургансып. Мына так ушунтип "Агым" сыяктуу алеки заматта маңыроо боло калсаң, итиң чөп жейт.
Оппозициянын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов тышкы иштер министри болуп жүргөндө Кытай тарап менен келишимге (Договор об осуществлении проекта отделки административного здания МИД КР) кол койгон экен, "кыраакы" орган териштирип отурган жок, иш козгоп жиберди. "Кызмат абалынан кыянат пайдаланган" - деген иш. Кийинчерээк тактай келгенде, А.Жекшенкуловдун болгон айыбы - министрликтин имараты жакшы болсун деген ниетте экени, "кыраакылар" койгон айып боюнча жарыяланган тендерге, ага корогон каражатка, имараттын кантип ремонт болгонуна анын тиешеси эч жок болуп чыкпадыбы. Иш ыдырап түштү. Асиресе, "кыраакылар" козгогон кычаш иши, дилетанттыгы, компетентсиздиги, профессионалдык деңгээлинин төмөндүгү үчүн жооп берүү деген болгон жок, жазыксыз жерден күнөөлөнгөн А.Жекшенкулов моралдык компенсацияга татыган жок. (Бул жөнүндө Акин Токталиевдин "Кто сказал мяу?! Джекшенкулов и "китайский сыр в мышеловке"("Открытый Кыргызстан" 20- февраль, 2009-жыл) деген макаласында кеңири сөз болот). Адаттагы боло жүргөн билмексендикке салып коюшту.
Непадам, Аликбек Жекшенкулов өзү эле жалгыз "кудайдан жөө качкандардан" эмес экен. Президентин үй-бүлөсүнөн айырмаланып анын туугандары-балдары, ага-инилери, эже- карындаштары бири калбай жөн жүрбөгөн адамдар , б.а. таптакыр талантсыз эл экен. Туташ "коррупционерлер", "криминалга аралашкандар" (тагыраак айтканда, "аралашты" деп шектелгендер). Мисалга алсак, баласынын (тагыраак айтканда А.Жекшенкулов мезгилинде сыйлыкка алган куралдын) журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелген эле, эми Таластагы түрк бизнесменин атылышына да тиешеси бар деген күнөө жабыштырылышы буга күбө. Кээ бир Интернет ресурстардын тапандары "кыраакылар" айтып жаткан курал "универсалдуу", жүрбөгөн, болбогон жери жок неме экен, болду болбоду Рыспек, Баяман, Сурабалдиевдин, Алиевдердин өлүмүнө, ал гана түгүл Джон Кеннеди, Улоф Пальме, Киров, принц Фердинанддын атылып өлтүрүлүшүнө да кандайдыр бир тиешеси болуш керек, казып көрбөсө болбойт деп күлүп жүрүшөт. А.Жекшенкуловдун бир иниси болсо Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда мыйзамсыз тендер өткөрүп, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген күнөө тагылып, түрмөгө отуруп чыкты. Кан басымы көтөрүлүп, түрмөдөн чыгарылгандан кийин анын айтканына караганда "кыраакылар" иш козгогон тендерге эч тиешеси жок экен, анткени ал кезде мэр болуп иштебептир. "Кыраакы" органдар ошентип жабышпаганды жабыштырып, иштебегенди иштетип, барды жок кылып, жокту бар кылып жибергенге, аттанып түшөөр жөндөмдөрү оппозицияга карата чабуулун уламдан улам күчөткөн сайын ошончолук өнүгүп өсүп баратканы айдан ачык байкалууда.
"Кыраакылардын" колу менен бийликтин оппозицияны куугунтуктап жатканынын себеби алаканга салгандай ачык дечи-каяша кылгандарды, бийликтин кемчиликтерин тартынбай бетке айтып сындагандарды, ошону менен иштин оңолуп кетишин көздөгөндөрдү түккө турбаган куру шылтоо таап болсо да оозун басуу, артынан куугунтук уюштуруп, чүнчүтүп отуруп баш көтөргүс кылуу. Экинчи жагынан, башкаларга сабак болсун да.
Асиресе "кыраакылар" бир маанилүү жагдайды эске албай жатышат. Кыргызстан канткен күндө кландык коом. Тууганчылык, ууручулук деген күчтүү. Элдин менталитеттин да кландуулук аныктайт. Кыргызстан унитардуу өлкө дегенибиз менен саяк, сарбагыш, кушчу, саруу ж.б. уруулардан, Талас, Алай, Аксы,Сузак деген жерлерден турат. Ошондуктан, Кыргызстанда бийликте болобу, бизнесте болобу кылдат баланстын сакталышынын мааниси чоң. Совет доорунда коммунисттер тарабынан регионалдык тең салмактуулукка өтө чоң маани берилгени бекеринен болгон эмес. Баланс бийлик кызматында эле эмес, саясый күрөштө да сакталышы абзел. Өз учурунда Екатерина экинчи Чаадаевке карата: нарк-насилден мыйзамды бийик коюп, акылсыз иш жасап таштады деген экен. Эл мыйзамдын тебеленишине, балким, чыдамдуулук менен мамиле кылышы этимал, асты кландык ар намыс кордоло баштаса, эзелтен келе жаткан кландык топтордун ортосундагы тең салмактуулукка зомбулук жасалып, күч колдонула баштаса, анда калк чыдамынан чыгып кетиши оңой. Эгер, бийлик "кыраакылардын" колу менен каяша кылгандарды репрессиялык жол менен ак жерден насыя куугунтуктай баштаса, ал оркоюп көрүнүп калат да, элдин ичинде нааразычылыкты жаратат. Айтпаса жалганбы, чоң кызматта турган кишинин үй-бүлөсү тегиз таланттуу болуп, калгандары мукураган талантсыз болуп калбайт эмеспи. Ошентип, кыраакылардын өздөрү, "бөрк ал десе баш алган" иштери менен, күнөөсүздөрдү күнөөлөгөн олдоксон зомбулуктары менен, 24-марттагы "революциядан кийин" жарака кеткен элдин ичине андан бетер бүлүк салып, ынтамыгына зак тийгизип, нааразылыктарга тамызгы болуп берип жатканы анык.


Үсөн Касыбеков,
эркин журналист