Курманбек Осмонбеков

Чыңгыздын айымдары
Бисмиллахир Рахманир Рахим!
Он сегиз миң ааламдын жалгыз ээси, кудурети күчтүү Кудай Таалага гана чексиз мактоолор арналсын. "Алла Таалам өзү жар болуп, өзү колдосун" - деп ушу баянды баштадым. Жалган дүйнөдө мактоого татыктуу бир гана нерсе бар. Көзгө көрүнбөгөн ошол улуу нерсе Адам ата урпактарына насип үлөштүрөт. Болгону бирине баарын берип, бирин кур коёт. Эмне себептен ошондой экенин бир Кудай өзү билет. Ал жагы адамзат үчүн табышмак. Бардыгы жетиштүү, байманасы ашык адамдарды "Кудай сүйгөн пенделер" - деп коюшат. Ал эми караманча кур калгандарды акыретте бейишке чыгат же "өзүнө бербегенди бала-чакасына берет" деп жооткотушат. Кудайдын улуулугу ушунда.

(Башталышы өткөн санда)

Баягы каардуу боордо ат чаап, сомдомо Анатай башка балдардан мыкты көрүнгүсү келип андан аркысы эмне болгонун Мырзагүл өзү көрбөдү беле, жиндилигинен Окторунун аксатып салганын эскерте кетиш керек. Анан ток этер жери, ошондо жоон топ окуучулардын ичинен Султанмурат (Чыңгыз өзү деп түшүнсөк болот) сүйгөнүн жазбай тааныганын, чындап сүйүүнү ошондо билгенин, балдар болсо ылдый чуркаганда Мырзагүл да кучагын жайып, учкан куштай боюн таштап жүгүргөнүн өмүр бою жүрөгүнө элес кылып батырып алганын жазмак болду. Кулачын жайып, дөңдөн ылдый жүгүрүп келе жаткан Султанмураттын сүйгөн сулуусу эле, сулуусу шаркыратмадай куюлган, жалындай алоолонгон, комуз күүсүндөй сезим өйүткөн сүйүүм деп жазмак болду. Акыры ал катын баштады. "Ашыктык кат" башына кооздоп жазды да, анан: "Ушул алакандай кагазга жүрөгүмдү ороп, сулуулугу караңгы түндөгү чырактай көзүмө жарык, көңүлүмө жылуулук берген айылымдагы "М" тамгага арнаймын"- деди. Андан ары:"Базарда миң киши ар ким жакынына кол берет"- деп улантты. Бул сөздөрдү Жаманкулдун катын жазып жатып эстеп калган. Анан дагы бүт өмүрүн сүйгөнүнө арнарына ант берди. Аягында Жаманкулдун ырын келтирди:
Аксай менен Көксайым,
Жер соорусу турбайбы,
Арзыдым сага деп айтсам,
Ашыгым сөздү тыңдайбы?!!
Эми ой жооруйлу. Жетинчи не сегизинчи класстын окуучусу ушундай мазмунда кат жаза алабы. Мен отуз жылдык педагогдук тажрыйбама таянып: "Окуучу түгүл жогорку окуу жайдын студенти мындай формадагы кат жаза албайт деп так кесе жооп бере алам. Мындай катты Айтматов гана жаза алмак. Арийне, Чыңгыз Мырзагүлгө кат жазып жаткан эпизодду Султанмураттын деңгээлинде берип жатам деген ишенимде болгон. Тилекке каршы кат жогорку деңгээлде жазылышы менен Султанмурат сүйгөн кыз катары көрсөтүлгөн Мырзагүл Чыңгыз жактырган биринчи айым болгону көрүнүп калды."
Чыңгыз Мырзагүл менен кайрадан бир да ирет көрүшпөгөн. Тагдыр андай жазмышты буйрубаптыр. Ошентип Жамиля жарыкка биринчи келсе да Чыңгыз жактырган экинчи айым болуп калган.

Жамийла
Чыңгыздын "Тоо жана талаалар" повестинин жарыкка келери менен кыргыз коомчулугун гана эмес, бүтүндөй дүйнө элин дүрбөткөн каарманы Жамийланы бүгүнкү окурмандар ойдон чыгарылган ат менен киргизилген каарман катары ойлоп жүрүшөт. Ал ойдон чыгарылган ат эмес. Атасы азан чакырганда коюлган аты менен чыгармага киргизилген, чыныгы турмушта жашаган, Чыңгыздын жеңеси, Мырзагүлдөн кийин ашык болгон айымы.
Жамийла повестте Чыңгыз жазгандай, турмушта сүйүүнү баалаган, кокусунан эле ала качып кетип, махабат дегенден түшүнүгү жок Садык менен жашагысы келбей Даниярдын колун кармап, казак жерине кирип кеткен, өзүнүн баркын билген айым.
Өз бактысы үчүн күрөшкөн айымдар кыргыздарда болуп келген. Айтылуу Курманжан датка биринчи күйөөсү жөн чыгып калганда төркүнүнө баса бериши, Олжобай менен Кишимжандын ашыктык дастаны биздин ойду бекемдеген мисал болуп берет.
Чыңгызга согуш жылдарында ар кандай кызматтарды аркалоого туура келген. Ошонун бири "Шекер" колхозунун Маймак станциясындагы пунктка эгин ташуу болгон. Ошондо Даниярдын Мекенге, энеге, балага жана аялга болгон тунук сезимден турган мукамдуу арген обонун уккан. Ошол арген үндүү обон менен созолонгон ыр Жамийланы, Даниярды адабиятка алып келген. Ырас эле, ошол кереметтүү обон болбосо, ал обонду Чыңгыз укпаса, акактай тунук керемет үн менен сүйүүмдү ширеткен, дүйнөлүк жазуучулардын классикасына кирген Луи Арагон менен Мухтар Ауэзовду тамшандырган "махабат тууралуу эң сонун баян" эч убакта жазылбас эле. Дүйнөлүк адабияттын алп калемгерлери, көзү барында эле окурмандарды тамшандырып, легендага айланып, жазганы түгүл, катуу жөтөлгөндөрү да жылуу кабыл алынган Луи менен Мухтар повесттин баяндоочусу, лирикалык каарман Сейитти ойдон чыгарылган каарман катары эмес, Чыңгыздын өзү деп кабылдоо керек деп жазып чыгышыптыр.
"Чыңгыз бул окуяга катышып, өз башынан өткөрбөсө, наристелик таза сезими менен ашык болуп, бирок, ал ашыктыгын туйбай калгандыктан, кийин кагазга түшүрүп жар салган" деген ойду айтуу менен Жамийла Чыңгыз жактырган биринчи аялзаты болгон деген бүтүм чыгарышыптыр. Дүйнөлүк адабиятта чоң салмактары бар Луи, Мухтардын айтканын кабыл алган окурмандар дагы ушул ойго муюшуп "Обон" жарык көргөн күндөн бери Жамийланы Чыңгыздын биринчи ууз сүйүүсү катары кабылдап келишет. Жалпы окурман журт албетте эки лөктүн айтканына муюган. Эки лөк таасын белгилегендей, Чыңгыз Жамийланы сүйгөнү чындык. Аны автор эч убакта төгүндөгөн эмес, берген маектеринде бекемдеген. Айткандай эле Жамийла эки үйдүн эрке келини болгон. Чыңгыздын аталаш агаларынын келинчеги. Бул чындыктар мени "Сейит ким болду экен?" деген ойго түртүп, прототибин издөөгө түрткү берди.
Данияр менен Жамийланын окуясы чын эле болгонун, бирок ал окуяга Чыңгызчалык эч ким кызыкпаганын, балким Чыңгыз өзү аралашпаганда бул окуя деле унутулуп калмак беле, ошо Чыңгыз жазгандай Данияр менен Жамийла кол кармашып, Тараз шаарына, андан Алматыга кетишкенин, биротоло казак жерин мекендешип, ошентсе да "Күркүрөөдөн" кол үзүшпөй, киндик кан тамган айылы Бакайырдагы кабырга туугандарына, төркүнүнө катышып жүргөндөрүн Көк-Сай айылынын тургуну Отунбай кызы Сүйүмбүдөн, Арчагул айылынын тургуну, санжырачы, мергенчи, Чыңгыздын туугандары Бектай аксакалдан уккамын. Атаганат, ошондо бир энөөлүк кылган экенмин. Болбосо, Данияр менен Жамийланын өздөрүнө жолугуу мүмкүнчүлүгү болуптур. Сексенинчи жылдары жыйнаган материалдарымдын негизинде 2000-жылдан кийин Арчагулга атайы барсам жүзгө таяган Бектай аксакал бу дүйнөдөн өтүп кетиптир.
"Ал окуяны Чыңгыздын замандаштары, классташтары биз деле, биз эле эмес, Шекерге жамаатташ айылдар деле билчү. Кошуна-колоң район элине деле желдей тарап, ушак болгон. Жамийла Чыңгыз жазгандай бир эле Чыңгыздын жеңеси эмес, бүтүндөй шекерликтерге жеңе болот. Шекерликтердин баары он жетинчи атада биригип, бир атанын уулу болуп чыгышат. Мен деле Данияр менен Жаимийланын окуясын билчүмүн. Бирок, мага караганда, табият жаратканда эле сезимтал, көргөн-билгенин көкүрөгүнө кыттай уютуп, аны андан бетер көркөмдөп, ийне жеткире айтканга маш Чыңгыздай жаза албайт болчумун" - деп ырастайт Чыңгыздын классташы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмер мугалими Сейталы Бекманбетов.
Чыңгыз жеңесин адеп көргөндө эле жактырып, сүйүп калган. Биздин оюбуз "Обон" повестинин башталышында Чыңгыздын өзү жазган: "Ооба, мен жеңемди эч кимге ыраа көрбөй кызганам, анын иреңдүүлүгү менен, өзүн эркин алып жүргөн мүнөзү менен ичимден сыймыктанчумун. Билбейм, эмне үчүн экенин, бирок, биз өтө жакын элек. Жамийла жеңемди мен чын ниетим менен жакшы көрчүмүн, бир жагы жеңем, бир жагы ал менден азыраак эле улуу, тең курбу сыяктуу эле" деп лирикалык каарман Сейиттин атынан тааныштырганда эле Жамийлага болгон өзгөчө симпатиясын билдирген сүйлөмдөрү аркылуу бекемделет. (Ч.Айтматов "Жамийла" 7-бет, Фрунзе, Кыргызстан, 1958-жылы жарык көргөн "Обон" повести боюнча эч өзгөртүүсүз экинчи ирет басылышы, Фрунзе, Кыргызстан, 1977-жыл).
Лирикалык каарман Сейит, реалдуу турмуштагысы Чыңгыз өзү Жамийланы жакшы көргөнү, ортосундагы бир аз айрымага карабай оюн-чындап жулмалаша кеткени ууз сүйүүнүн башаты экенин туя элек. Бул арада Аксай десантында Мырзагүлгө болгон арзуу оту жалындап, махабат торунун биринчи азабынын илеби өчө элек. Бала кездеги тез өзгөрмөлүүлүк оту акырындап кайтып, Маймак станциясына эгин тартуусунун алегинде калып, Жамийланын жанында такай болуусу, анын эки өрүмгө батпаган олоң чачы, шыңгы бою, балбылдап оттой жанган көздөрү, эч нерседен тартынбаган шар жүргөн мүнөзү Чыңгызды магниттей арбап, торуна ала берген. Маймак станциясында фронт үчүн эгин даярдоочу пунктуна дан төгүп, кайтып келе жаткан жолдо батына бербей, кыйналып, кысталып, бара-бара таңшый чыккан Даниярдын обону улам жаңы ыргакка алмашып отуруп, Жамийланын бүтүндөй жан-дүйнөсүнө бүлүк салып, арбап алгандай эле, Чыңгыздын да турмушка, айлана-чөйрөгө болгон дүйнө таанымын өзгөрткөн. Катар отурса да арзуусун айта албай калган Мырзагүлүн эстеген. Көөдөндү тепкен ышкы Данияр менен Жамийланын сүрөтүн тарттырган. Мырзагүлгө болгон арзуу Даниярдын обонун түшүнүүгө таасир берген. Чыңгыздын жүрөгүндө махабат учкуну жатпаса Даниярдын обонуна маани берилбей калмак. Обон таасир бербесе Жамийла жазылмак эмес. Согуш мезгилинде Данияр менен Жамийладай жетелешип баш кошкондор ар бир айылдан чыккан. Аларды бүгүн эстеген деле жан жок. Анткени, ал айылдардын Чыңгызы болгон эмес. Мырзагүл бийкечке карата болгон күчтүү арзуусунан Жамийла жаралган. Жамийланы жазып жатып ага ашык болгонун өзү түшүнгөн.
Жамийла деле Даниярга кыпынча маани бермек эмес. Теңсинбей шылдыңга алган. Эч убакта теңине деле албайт беле. Балким, Садыктын каты Жамийланы ойготкон. Садык Жамийланы кыз куумайда жетпей калып ала качып алган. Жамийла деле таш түшкөн жеринде болуп отуруп калган. Бири-бирине көнө электе, жакшылап билише электе Садык фронтко кеткен. Фронттон Садыктан келген ар бир каттан өзүнө арналчу сөздү күткөн. Садык чын эле Жамийлага кош көңүл болгонбу, же сезимин билдирүүдөн айбыкканбы, айтор Жамийланы бир ооз сурап койгону болбосо, сезиминин четин да чыгарган эмес. Алардын кошулганына эки-үч күн толбой Садык фронтко кеткен. Садык үчүн балким, кат маанилүү болгон эместир. Жамийла Садыктан сагындым, барам, күт маанисинде каттарды күткөн. Тилекке каршы, андай кат келген жок. Чыңгыз дал ушуну таамай көрүп, таамай жазган.
"Каптарды ташып бүтүп, биз жөнөгөнү жатканда, жонунда асма кабы бар, уйпаланган эски шиленчен бир арык, жарадар солдат короого кирип келди. Ошондон бир аз эле мурун, станцияга эшолон келип токтогон, жанагы солдат эки жагын каранып, кубанычтуу күлүңдөп турду да, бир убакытта: "Күркүрөө айылынан ким бар?" деп кыйкырып жиберди. Бул ким болуп кетти деп тааный албай жатып анан: - Менмин Күркүрөөдөн дедим. Солдат сүйүнүп кетти: - Сен кимдин баласы элең? Ал аңгыча Жамийланы көрө салып, делбейип эле туруп калды

(Уландысы кийинки санда)








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan