Спорт
дүйнөсүндө
Криштиану Роналду жумасына 200миң айлык алат

"2008 - жылдын дүйнөнүн эң мыкты футболчусу" наамынын ээси англиялык "Манчестер Юнайтеддин" намысын коргоп жүргөн, португалиялык Криштиану Роналдунун оюн талаасындагы кызматы дээрлик эки эсеге кымбатташы мүмкүн.
Жогорку футболдук чеберчилиги менен айырмаланган Криштиану Роналдунун "Манчестер Юнайтед" менен түзгөн келишиминин мөөнөтү Англия премьер-лигасасынын 2008-2009-жылкы сезонунун акырында аяктайт.
Бирок, "МЮнун" башкы машыктыруучусу сер Алекс Фергюссон чанда кездешүүчү өзгөчө талант Криштиану Роналдуну башка командага ыраа көрбөй, футболчуга жумасына 200 миң фунт стерллинг төлөп берүүгө макул болду . Буга чейин ири суммадагы акчасын сунуштоо менен Криштиануну сатып алууга өтө кызыкдар экендигин ачык жарыя кылып келген "Реал Мадрид" да Криштиану үчүн болгон "трансфердик согуш" акырына чыга электигин билдирди.
Эгерде Криштиану Роналду эски командасында эле калууга макулдугун берсе, Англиянын эң көп айлык алган футболчусу болуп калмакчы.
Учурда бул тизменин башында лондондук "Челсинин" чабуулчусу Джон Терри турат. Анын маянасы жумасына 135 миң фунт стерллингди түзөт. Ал эми 125 миң фунт стерлинг алган "Ливерпульдун" оюнчусу Стивен Джеррард бул тизмеде экинчи орунда.

Зинедин Зидан
чоң футболго кайтып келет
Франция курама командасынын экс-капитаны Зинедин Зидан кайрадан футболго кайтып келүүнү көздөөдө.
Бирок, атактуу Зизу оюн талаасына дүйнөдөгү миллиондогон анын күйөрмандарына көнүмүш болгон чабуулчу катары эмес, футболдук кеңешчи катары кайтып келиши мүмкүн.
Дүйнөнүн жана Европанын чемпиону наамына татыган Зинедин Зиден өзүнүн акыркы маектеринде "Мен футболду ушунчалык сагындым. Футболдук карьерамды бүтүргөнүм менен баары бир футболдон алыстай албаарымды түшүндүм"-деген мааниде оюн билдирген.
Бирок, көпчүлүк күткөндөй Зидандын Франция курама командасынын машыктыруучусу эмес, алты жыл талантын тартуулап келген испаниялык "Реал Мадридге" барсам деген ою бар. Себеби, бул королдук клубдун экс-президенти Флорентино Перес менен жакын мамилесин сактап келген Зидан "Перес жакын арада кайрадан "Реал Мадридди" жетектеп калышы мүмкүн. Эгерде, ал кайтып келсе, мен чын дилимден анын жардамчысы болууга даярмын"-деген эле.
Европалык бир катар кадыр-барктуу спорттук басма сөз беттеринде Зинедин Зидандын жакын арада Франция курама командасынын башкы машыктыруучусу Раймонд Доменекти алмаштырат деген имиш кептер байма-байма айтылып келген.
Бирок, бул кептерди четке каккан Зидан "Менин мыкты оюнчу болгондугум, автоматтык түрдө мени машыктыруучулук же жетекчилик кызматка жарайт деген туура эмес. Мен көп нерсени үйрөнүшүм керек. Ошондуктан, алгач футболдук кеңешчилик кызматтан баштасам деген ниетим бар"-дейт.

Бир жылдан кийинки гол
2000-жылдары атак-даңкы таш жарган бразилиялык футболчу Роналдо оюн талаасындагы 13 айлык тыныгуудан кийин алгачкы голун киргизди.
Учурунда дүйнөнүн ири футболдук клубдары талашып келген Роналду акыркы жылдары ашыкча салмакка ээ болуу менен, кайра-кайра алган жараттарынан улам футбол дүйнөсүнөн четке сүрүлүп калган эле. Европалык ири командалар көзгө илбей калган соң, мекени бразилиялык "Коринтиас" клубунда "күн кечирип" келе жаткан "Зубастик" Сан Паулу штатынын чемпионатынын алкагында "Палмейрас" командасы менен болгон беттеште гол жаратып, эсеп тактасын теңөөгө жетишкен.
Убагында мындай голдордун далайын жараткан Роналдонун бул голуна өзгөчө кубанышкан күйөрмандарынын секиригинен стадиондун ылдыйкы катары кулап түшкөн. Эсеп тактасынын теңелгенине эмес, сүйүктүү оюнчусу Роналдонун голун сагынышкан миңдеген анын күйөрмандары бактыга жараша олуттуу жарат алган эмес.
Акыркы жолу 2008-жылдын 13-февралында "Милан" "Наполи" беттешинде гол киргизген Роналдо "Бул башталышы гана. Мен спорттук формама али келе элек экендигимди билем, бир аз салмагымды түшүрүшүм керек. Бирок, баары жайында болооруна ишенем"-деген оюн билдирген.

Кыргыздар казактарды
4:1 эсебинде утуп алды
Казакстан футболунун алдыңкы саптарында жүргөн костанайлык "Тобол" командасы нарындык "Дордой-Динамо" командасы менен болгон беттеште 4:1 эсебинде багынып берүүгө аргасыз болду.
Жолдоштук бул беттеште негизинен нарындыктар оюн талаасында өздөрүн эркин сезишти. Алгачкы голду "дордойлуктардын" капитаны Руслан Сыдыковдун илип берген тобун Амиров текке кетирбей казактардын дарбазасына алгачкы голду "тартуулады".
Экинчи голду Сергей Князев 25 метр аралыктан таамай тээп, бул беттештеги эң кооз голдун автору болуп калса, үчүнчү голду казак туугандар өз дарбазасына өздөрү кийрисе, төртүнү голду Амиров киргизген.