С а я с а т

Күчтүү парламентпи же күлкүлүү парламентпи?
Ажобуз өткөн аптада Англиянын атактуу Би-Би-Си үналгысынын журналисттерине маек куруп берген. Аталган маекти өкмөттүк телеканалдардын баарысы көргөзгөнү аздык кылгансып, бийликчил гезиттердин баарысы ажонун ал маегин айтып түгөтө албай жатышат. Ажобуздун Би-Би-Синин журналисттерине берген жоопторун жомок кылып көргөзгөн кесиптештериме кенедей дагы таарынычым жок.

Анткени, алардын абалын аябай жакшы билем. Көңүлү башка болсо да, көргөнүн көргөндөй, ою башка болсо да, болгонун болгондой айта алышпайт. Ооздугу менен оттогон, тизгинин тартса токтогон кесиптештеримдин эркиндиги ээр токумдун астында калганын карапайым калкыбыз көрүп эле турса керек. Андыктан, алар ажосунун маегин мактап берсе, бизге окшогон эркин журналисттер тактап берет. Мен ошол маекти көрүп отуруп ажобуздун айткан жоопторуна эмес, журналисттердин берген суроолоруна суктандым. Ажобуздун алардын суроосуна такалганына, омоктуу оюн айта албай какалганына, көпчүлүгүбүз күбө болдук. "Америкалыктардын аскердик базасы тууралуу өкмөттүн чечимин башка өлкөдөн угузганыңызга эмне себеп болду?" деген суроого, "Бул жөн эле кокустук же дал келүүчүлүк болуп калды" деп жооп берди. Орусиянын насыясы тууралуу суроого дагы, "кокустукту" кошуп койду. Кокусунан бийлик башына келип калган ажобуз, ушул сөздү көбүрөөк колдонот. Кокусунан Сохко кол коюп алганын, кокусунан "Тайфун" операциясына кол коюп алганын айтпасак да, 2005-жылдын 24-мартында "эски парламент менен иштешем"-деп, кокусунан кол коюп алганын эстеп койгонубуз оң болот.
Ажобуз америкалыктардын базасы тууралуу канчалык актанбасын, анын төркүнү Москвада жатканын дүйнөлүк коомчулук эмес, дүлөй адам деле билип калган. Өкмөттүн андай чечими бар болгондон кийин, өзүбүздөн эле угузса болмок. Өкмөттүн эмне чечим кабыл алганын, кайсы маселени караганын, өкмөттүк интернет сайттар ошол замат эле коомчулукка кабарлап турушат. 3-марттагы өкмөттүн токтому үч күнгө чейин ачыкка чыкпай калганын, кандайча түшүнсөк болот? Ажонун база боюнча актанганын, сактанганын, убагы жеткенде тарых тастыктап берер. Ал боюнча маселени ачык калтыралы.
Ал эми, ажонун азыркы парламент тууралуу айткан пикири дагы, акыйкаттан алыс түштү. Азыркы парламенттин күчтүү экенине ажобуз өзү ишенбесе, көпчүлүктүн уккусу эмес, көргүсү дагы келбейт. Чала мыйзамдарды кимдер иштеп чыгат? Албетте, чала сабаттуулар. Мыйзамдардын чала иштелгенине ажобуз өзү күбө болуп, артка жөнөтүп, мароторий киргизип жатканын кимден жашырабыз? Төрт пансионат менен Каркыраны казактарга, энергетика тармагын менчиктештирүү укугун өкмөткө карматкан парламентти, күчтүү парламент дегенибиз күлкү сөзгө айланып калбас бекен? Анан дагы ажобуз ошол маегинде айтып жатпайбы, "азыркы парламент өкмөт башчыны өздөрү көргөзөт"-деп. Азыркы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун талапкерлигин ажого парламент сунуш кылган дегенге ким ишенет? Алыс кетпей эле, өткөн жумадагы парламент ичиндеги чатакты карап көргүлөчү? Ажобуздун парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев Айдарбек Керимкуловдун агент башчылыгынын бекитилишине макулдук берүү сунушу менен кайрылды. Аны парламенттин комитети арыдан бери карай салып, жактырып салышты. Эр болбосоң коё кал! Эртеси вице-спикер Чолпон Баекова парламент регламенти боюнча мындай нерсе жок экенин айтып, кайра ажонун өзүнө кайтарганга чакырды. Ага болбой эле, "Ак жол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов менен депутат Алишер Сабиров "карай берели" деп, каршы чыгып туруп алышты. Аягында эмне болду? Кыргызча айтканда, ит эле болушту. Ушул кезге чейин агенттик башчыларына парламент макулдук бергенин укпаптырбыз. Анда эмнеге Айдарбектин талапкерлигин парламентке айдашып, эки күн депутаттарды эзгилешти. Ажобуздун мактоосуна татыган парламенттин депутаттары, өздөрүнүн регламентин билбегени кызык. Эл башчынын эл өкүлдөр жыйынындагы өкүлү Эсеналиев билбей калган күндө деле, депутаттар билиши керек эле да. Коммунисттер фракциясы макулдук берип койгонго жетишиптир. Айтор, азырынча ажобуз айткан "күчтүү парламентти" көрбөсөк да, "күлкүлүү парламентти" күнүгө эле көрүп жатабыз.
Рыскелди МОМБЕКОВ




Ыңкылапты кайталап коюш оңой эле
- "Ыңкылап өз балдарынын боорун жей баштады" деп айтып калышат. Сиз да учурунда 24-марттагы окуялардын болушуна чоң салым коштуңуз эле. Бүгүн эми өлкөдөн качып, жашырынып жүргөнгө мажбур болуп олтурасыз. Ыңкылапты жасаганыңыз үчүн өкүнбөйсүзбү?
- Жок. Биз акты ак, караны кара деп айтып турганыбызга эмнеге өкүнүшүбүз керек? Акаев азыр ичип-жеп, жыргап жүргөн чиновниктердин "чоң-атасы" болчу. К.Бакиев да азыр эми "Акаевдин эң сүйүктүү окуучусуна айланып", анын ишин улантып жатат. Биз ошондо болгонун болгондой айтып турганбыз. Ыңкылапка аз эле убакыт калганда Бакиевге куугунтук болуп, Жаныш Бакиевди "акча жасады", "көз боемочулук кылды" дегенде, ага каршы оюбузду билдирип турдук эле. Биз ага эмнеге өкүнмөк элек?
- Бирок, эми арадан төрт жыл өтүп, азыр абал кайра эле ошол март окуяларынын алдындагы кырдаалды кайталап жаткандай. Азыр да оппозиция жазында эл толкуйт, демонстрациялар болот деп жатат. Чын эле ошондой болот деп ойлойсузбу? Ага негиз барбы?
- Саясатта негизи мындай толкундоолор эч качан токтобойт. Эл деле жашоо жакшырса экен, бийлик таза болуп, чындык, акыйкаттык орносо экен деп тилейт. Кылымдардан бери ушул үчүн күрөш жүрүп келген. 24-март окуялары кайталанышы мүмкүн, азыр бийлик да аны сезип турат. Бирок, азыр кеп анда эмес. Ошол ыңкылаптан бери эмне туура эмес жасалды? Кандай катачылык кетти? Ошону ойлонушубуз керек. Ыңкылапты кайталап коюш оңой эле. Биз Акаевдей Кыргыз Республикасын түптөгөн килейген инсанды Москвага кууп чыктык, анын алдында Бакиев ким эле? Аны деле кууп чыгуу кыйын эмес. Бирок негизги суроо бир адамды экинчиси менен алмаштырып коюуда эмес, жалпы системаны алмаштырып, аны жаңыртууда болуп жатат.
- 2005-жылдагы окуялардан кийин өлкө башына келген бийликтин негизги кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?
- Калп айтууда. Анткени Курманбек Бакиев "Мен таза бийлик курам, үй-бүлөмдүн мүчөлөрү коррупцияга малынбайт" деген эле. Буга элдин баары, анын арасында биз да, ишенгенбиз. Адам болгондон кийин, бири-бирибизге ишеним менен жашабасак болбойт экен. Ишенет экенбиз. Бирок, ал ошол ишенимди актабай, өзү берген антын бузду. Азыр эми айрымдар "Ушул 24-март жакшылыкка алып келбесин мурдатан эле билгем" деп айтып жатышат. Бирок мен жалпы элден сурагым келет: 24-мартта түштөн кийин "Акаевдин бийлиги кулады" дегенге кайсыл кыргыз сүйүнгөн эмес? Баарыбыз эле сүйүнбөдүк беле? Биз өз тагдырыбызды колуна берген киши эми антын бузуп олтурат. Эмне дей алмакпыз. Эң негизгиси - жаңы келе турган бийлик ыңкылаптан кийин кабыл алынган баардык Конституцияларды, андан кийин түзүлгөн легитимсиз парламент кабыл алган баардык мыйзамдарды жокко чыгарышыбыз керек да, керек болсо, 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтышыбыз керек. Бири-бирибизге ишеним менен гана чектелбей, системаны таза Конституциянын негизинде түзүшүбүз шарт.
- Эдил, сиз азыр "ишеним" деген өтө бир маанилүү нерсе жөнүндө айтып кеттиңиз. Эл аралык да, жергиликтүү да байкоочулар азыр кыргыз оппозициясында лидер кризиси бар экенин айтып жүрүшөт. Сиз өзүңүз бүгүнкү оппозицияда кимге ишеним артат элеңиз? Андай адам деги барбы?
- Бар. Ишене турган адамдар бар. Тээ "перестройка" учурунда эле килейген Советтер Союзунун чечимдерине каршылык билдирип, "легендарлуу парламентте" да кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп, анда активдүү иштегендер, кийин Акаевдин коррупциячыл саясатын сындап, Бакиев премьер-министр, губернатор болуп жүргөндө эле анын да ишин сындап жүргөн адамдардын ичинен Өмүрбек Текебаевди айта алам. Эмне үчүн биз Текебаевге ишене албайбыз? Ишенүүгө болот.
Анын жанында эле СССРдин тушунда чоң министр, элчи болуп, Э.Шеварнадзе, М.Горбачевдун жанында жүргөн Роза Отунбаева деген адам бар. Ал - жалпы дүйнөгө белгилүү инсан. Ал киши канча жыл министр болуп жүргөнүнө карабай, жөнөкөй эле колхоздун төрагасыныкындай мүлкү жок. Эмне үчүн ага ишенбейбиз? Эмне үчүн, мисалы, Бакыт Бешимовго ишенбейбиз? Биз көзүбүздү жакшылап тазалап туруп карасак, таза лидерлер бар. Биз байларга эмес, бүгүн бирди айтып, эртең анысын тангандарга, өз оюн ачык айта албаган коркокторго эмес, Бакиевге окшоп антын бузган митаам адамдарга эмес, таза адамдарга ишенишибиз керек.
- Сиз 2005-жылдын 24-мартында Франциянын "Liberation" басылмасына курган маегиңизде эртеңкиге чоң үмүт байлап, позитивдүү дем менен өтө көтөрүңкү маанайда сүйлөгөн экенсиз. Быйыл 25-мартты кандай маанайда тосуп аласыз?
- Биз азыр ал окуяларды "ыңкылап" дейбизби, "революция" дейбизби, 1991-жылдын 31-августу Кыргызстан үчүн кандай дата болсо, бул күн да ошондой эле мааниге ээ. Бул баарыбыз үчүн терең ойлоно турган күн. Ошол күнү Акаевдин бийлиги кулаганына баарыбыз сүйүнүп, эми жаңы бийлик орнойт, акыйкаттык орнойт деп ойлогонбуз. Азыр эми бири-бирибизди каралап, "сен мындай кылгансың, ал тигиндей кылган" деп олтура бергенде болбойт. Кеп ошол ыңкылапта ким эмне кылганында эмес, кеп ошол эле Акаевдин учурунда аны айга-күнгө теңеп жүргөндөрдүн бири да жоопкерчиликке тартылбаганында, кеп Бакиевдер мурдагы бийлик учурунда алган тажрыйбасын колдонуп, байлыгын азыр андан да көбөйтүп жатканында. Маселе революцияны жасаган элде эмес, анын шарапатын көрүп, бүгүн кайра элдин түбүнө жетип жаткандарда.
- Эдил, сиз дале менин суроомо жооп бере элексиз. Сиз быйыл 24-мартты кандай маанайда тосуп аласыз? Көңүл калуу, таарыныч бардай туюлат.
- Жок. Кадимки эле физикадагыдай, тарыхта да өзүнүн социалдык мыйзамдары бар. Менин оюмча, биздин республика өсүп-өнүгүп жатат. Элдин аң-сезими жогорулап жатат. Биз - кичинекей эле мамлекетпиз. Чоң мамлекеттик тажрыйбабыз деле жок. Ошондуктан бул окуя биз үчүн үлкөн сабак болду. Эми келечекте ал окуялар кайталанабы-жокпу - биз андан алган сабакты пайдаланышыбыз керек.
- Сиз азыр эмне иш менен алектенип жүрөсүз?
- Мен Швецияда саясат жаатында өзүмдүн билимимди тереңдетип, диссертациялык эмгегимди жазып жатам. Кыргызстандагы окуяларга да байкоо салып, ал жактагы коомдук ишмерлер, журналисттер менен байланышып, бул жактагы аналитиктер менен талкуулап турам.
- Биз сизди Кыргызстандын жаңы тарыхы жөнүндө китеп жазып жатат деп уктук?
- Ал китеп бир эле күндө жазылып калбайт экен. Ойлосом, өзүбүз да китеп чыгарбай калыптырбыз. Өзүбүздүн тарыхты, ага карата аналитикалык ойлорду Москвадан чыккан басылмалар аркылуу гана билип жатабыз. Кыргызстанын өзүндөгү мезгилдүү басылмаларда окуяларга карата үстүртөн гана назар салынат, терең анализ жасалбайт. Андыктан эмне болуп жатканыбызды өзүбүз да жакшы аңдабай эле калыптырбыз. Ошондуктан, мен бир топ саясатчылар менен кеңешип, биргеликте жаш муун үчүн китеп чыгаралы деп жатабыз. Анткени, азыр коомдун турмушуна активдүү кире турган 25-30 жаштагы адамдардын "легендарлуу парламенттин" дебаттарын, Конституциялык реформа боюнча дебаттарды, ал учурдагы атактуу инсандардын эмгектерин, Аксы окуясын түшүнбөгөн мууну жетилип калыптыр. Ошолорго арнап, текст жазып жатабыз.
Төрөкул ДООРОВ , "Азаттык"