Айтса арман, көрсө көйгөй көп

Жергиликтүү калк кимден коркушат?
Жалалабат шаарына журналисттик иликтөө иштери менен барып, ал иштерибизди бүтүргөн соң, шаар ичин аралап, шаар тургундарынын азыркы күндөгү абалын, бийликке болгон көз карашын билүү максатында айрым адамдардын пикирин уктук.
Бирок, көпчүлүк адамдар эмнеден экендиги белгисиз биздин сурообузга жооп берүүдөн баш тартышып, гезитке чыксак эртең эле кимдир бирөөлөрдөн кысым көргөзүлүп, коркушаарын айтышты. Ошентсе да, тайсалдабай ачык сүйлөөгө жараган жалабаддык мекендештерибиз да табылып, өз ойлорун ортого салышты.

Ороз Абдрахманов
Көйгөйлөрүбүз көп эле. Жарыгыбыз таңкы алты-жетилерден, кечки сегизге чейин жок. Ун арзандаганы менен наныбыз кымбат. Күйүүчү май арзандаганы менен жол кире кымбат. Айран-сүт дегендер 25-30 сом. Ушунун баарын жөнгө салып, тартипке келтирип коюшса жакшы болмок. Болбосо, ортодо баягы эле алып сатарлардын, сүткорлордун күнү тууп жатат. Ал эми карапайым калк дагы деле кыйналып, жашоосу оорлосо оорлоп, жакшырганы анча байкалган жок. Баш айланткан саясаттан колдорун бошотушуп, карапайым элдин камын ойлогон бирөө жок. Эптеп эле креслосун сактап калыштын аракетинде.

Жакыпов Кадырбек
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда, анын ичинде Жалал-Абад областында саясий кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратат. Бийликке болгон элдин ишеничи барган сайын начарлап отуруп, эң төмөнкү деңгээлге түштү. Себеби мамлекетибиз азыркы бийликтин жолу менен оңолуп кетпесине элдин көзү жетти. Мына Россиядан карыз алып жатабыз. Карыз алгандын ордуна ал жактагы куурап жүргөн кыргыздарга шарт түзүлсө абдан пайдалуу болмок. Алар жылына бир миллиард эки жүз миң доллар, башкача айтканда мамлекет алган карыз акчадан үч-төрт эсе көп жиберип жатышат. Биздин мамлекет мына ошону дагы нормалдуу уюштура албастан, үстү-үстүнө карыз алып, мамлекеттин келечегин туңгуюкка алып келүүдө. Ушул боюнча ар кандай сөздөр айтылганы менен, карапайым калк бүгүнкү агымды түшүнүп жатат. Карыз алып жашаган мамлекет эч убакта мактанбашы керек. Азыркы биздин башкаруу системасы мындан ары ишти жакшы жолго алып кете албасын көргөздү. Азыркы тапта эл арасында нааразычылыктар өтө көп. Мурда бийликке нааразычылык аз санда болсо, азыр жалпы эл ачык эле айта баштады. Бирок, өкүнүчтүүсү азыркы бийлик калктын пикири менен эсептешпестен өз билгендерин жасап жатышат. Эл бүгүн айтат, эгер ошол айткандарынан жыйынтык чыкпаса таасир бере турган аракеттерге өтүшү мүмкүн. Жалалабадда бир топ саясий партиялар бар. Жакында эки-үч жолу тегерек стол болуп өттү. Мына ошондо бардык партиялар бир системада иш алып барганга өтүштү. Азыркы тапта мамлекетибизди, элибизди артка тартып жаткан нерсе бул коррупция. Бүгүнкү бийликтин коррупциясы Ниязалы айткандай "Күндө туусам, күндө жок, күндө жылан жеп коет" дегендей эле болууда.

Тынычбек Доолдаев
Башкасын билбейм, бирок, бизге окшогон студенттердин жашоо шарты эң мыкты деп айта албайм. Эми албетте, Бишкектеги студенттердин жашоо шарты, жалалабддык студенттердикине караганда бир кыйла оор экендигин ал жерде окуп, билим алып жүрүшкөн туугандарыбыздан, тааныштарыбыздан угуп жүрөбүз. Бирок, ошентсе да, бизди окуудан кийин ар кандай жумуш менен камсыз кылып, жаштарга жетишээрлик көңүл бурулса, эң жакшы болмок. Тилекке каршы, азыркы бийлик башындагыларыбыз жаштар эмес, өздөрүнүн саясий иштеринен колдору бошобой жатат.

Байсал Кадыралиев
Эми көйгөйүбүздү айтып отурсак, өтө эле көп. "Айта берсек, арман көп"-демекчи, алардын кайсы бирин айтып бүтөбүз. Бул жөнүндө канча жолу айтылбасын, бирок, баары бир эч кандай майнап чыкпай келет. Мына өлкөбүздөгү жарыктын жалпы өчүрүлүшү боюнча, элибиз арыз-армандарын айтып отуруп, акыры мындай караңгы жашоого кантип көнүп кетишкендиктерин өздөрү деле билбей калышты.
Жалал-Абаддагы, бул жерде гана эмес, негизинен түштүк аймагында дагы бир көзгө көрүнгөн эң эле өкүнүчтүү жагдай-бул элибиздин өзбектешип бара жатканы. Мен өзүм Токтогулдун Кара-Көлүнөн болом. Бул жакта өзбектер көп экен. Акырындап буларга тилибиз да бурулуп баратат. Кийинчирээк дилибиз да өзбектешип кетсе, бул-Кыргызстандын келечеги үчүн өтө чоң трагедия. Ошондуктан, улут келечегине балта чабуучу ушундай өтө опурталдуу маселеге мамлекет башындагыларыбыз олуттуу мамиле жасап, тийиштүү чараларды көрбөсө, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

Медет Чаркозов
Өзүмдүн кесибим тил багытында болгондуктан, Жалабадда кыргыз тил маселеси эң орчундуу маселелердин бири. Өзүңөр байкагандай көпчүлүк элдин тили бурмаланып калган. Себеби, мамлекет бул боюнча эч кандай келечектүү саясат жүргүзбөй келет. Түштүк жергесиндеги кыргыз улутундагы калктын дээрлик көпчүлүгү өзбек тилиндеги телеберүүлөрдү көрүшөт. Себеби, алардын көрсөтүүлөрүнүн деңгээли, сапаты, өтө эле жогорку деңгээлде. Канчалык тилибиз үчүн жүрөгүбүз ооруп, канчалык мамлекетибиз үчүн күйүп-бышып турсак дагы алардын каналдарын көрбөшкө бизде арга жок. Аң-сезими калыптанып калган жогорку курактагы мекендештерибиз го көрүп-көрүп тим болобуз, бирок, кийинки муундагы, мектеп курагындагы жаш кыргыз балдар өзбек тилине кантип берилип кетип жаткандыктарын алар түшүнүшпөйт. Мындай кайдыгер мамиле улана берсе, кийинчирээк мамлекетибиздин келечегине чоң эле сокку болот.

Айнура Рысбаева
Бүгүнкү күндө биздин жаштардын көйгөйлөрү өтө эле көп. Аларды чечүүгө же, көмөктөшүүгө бийлик өкүлдөрүбүздүн көңүлдөрү жок. Мисалы, студенттердин чөнтөгүнө оорчулук туудуруп жаткан коомдук транспорт маселесинде бизге эч кандай жеңилдиктер көрүлгөн эмес. Күйүүчү майлардын арзандап жатканына карабастан, маршруткалар кымбат бойдон калган. Күнүнө бир студент жок эле дегенде коомдук транспортко 15-20 сом коротот. Мындан тышкаркы чыгымдарыбыз канча? Бизде эч нерсеге жарабаган студенттик билеттерибиз бар. Алар биздин жөн гана студент экендигибизди далилдеген документ. Негизи студенттик билеттерибиз аркылуу бизге кандайдыр бир жеңилдиктер болушу керек эле. Бирок, бизге андай мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Орозбай Кубатбеков
Чындыгында акыркы жылдары абалыбыз абдан эле оор болуп калды. Жалалабад шаарында негизинен жумуш жокко эсе. Жалгыз базарлар гана элдин кем-карчын анча-мынча жабууга жарап берүүдө. Бирок, базарларды негизинен өзбектер ээлеп алышкан. Соода кылууну каалаган кыргыздар өзбектерге ижара төлөп, соода-сатык иштерин жүргүзүшөт. Айла жок, өз жерибизде кичинекей жер үчүн өзбектерге ижара төлөп отурабыз.
Жакында президентибиз Орусиядан олчойгон акча алып келип, чоң эрдик жасагансып, аны мактанып бүтө албай жатат. Бирок, кийин океңдер доолай баштаганда ал акчаны Бакиев же анын туугандары төлөбөйт, аны баягы эле карапайым кыргызстандыктар төлөйт.

Ильяс Кудайбердиев
Эми жашообуз эң сонун, баары жайында деп айтыштан алысмын. Жарыктын бат-бат өчүрүлүп жатышы, шаардагы жумушсуздук албетте, көйгөйлүү маселелерден болуп эсептелет. Башка айыл-кыштактарды айтпаганда да, ушул эле Жалал-Абад шаарын алсак, жумуш орундары дээрлик жокко эсе болуп турат. Көпчүлүгү тыш жактарга барып, ар кандай соода-сатык, курулуш ж.б иштер менен алек болуп, үй-бүлөлөрүн багууга аргасыз болууда.

Советбек Дүйшөбеков
Мен өзүм Бишкек шаарында аскердик кызматымды өтөп жатам. Жалалабадга үйгө отпуска алып келгем. Менин оюмча шаарда кыйынчылык анча билинбегени менен айылда абдан эле оор болуп калыптыр. Бирок, азыр эл менен эч кимдин иши деле жок. Эл деле айтып отуруп тажап калгандай. Азыркы тапта айылда жазгы талаа иштерине даярданып, "эптеп эгин айдап алсак"-дешип аракет кылган эле адамдар. Саясатка кызыгып, бийлик менен баш ооруткан деле жан жок.

Жусуп Назаров
Саясат жагын айтсам бийлик, оппозиция менен ишим жок. Экөөнө тең кошулбайм. Көңүлүм абдан калды. Башында өтө кызыгып, аралашкым келген. Бирок, биздин өлкөдө акыйкаттын жоктугунан, өз оюңду коомчулукка ачык билдире албагандыктан саясатка аралашып кереги жок экендигине көзүм жетти. Азыркы тапта маданий иштерге басым жасаганга өттүм. Шаарда байкалбаганы менен айылдарда жашоо кыйын.
Назгүл Мамытова,
Эрнис Балбаков