(башы 8 - бетте)
Исмаил Исаков - "Жаңы Кыргызстан" партиясынын баш катчысы
"Оппозициянын күчү - бул чындык жана аны колдогон эл"
- Сиз азыркы бийлик Акаевдин заманынан да ашып түштү дедиңиз. Деги Акаев менен Бакиевдин бийлигинин айрымасы эмнеде?
- Кыргыз жерин башка мамлекеттерге бергендиги, кыргыз элинин байлыгын өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеткендери боюнча эч айрымасы жок, бирөөнүн үй-бүлөсү аз, бирөөнүкү өтө көп, бирок оппозиция менен күрөшүүдө айырмасы чоң. А.Акаев интеллигент катары өзү күрөшчү. Анын тегерегиндегилер, бизнесмендер, "бөрк ал десе, баш ала тургандар эмес", турмуштук тажрыйбалары бар, акыл менен иштегендер болчу.
К.Бакиев (чындыкты айтканга капа болбосун) бир эле өзү эмес, анын инилери, балдары кошулуп оппозицияны жок кылганга болгон күчтөрүн жумшап, ыплас жолдорду тандап алышты. Буга кошумча жакын тууган-уруктары, жоро-жолдоштору укук коргоо, күч органдарын башкарышып, аларды да колдонуп жатышат. Айырмасы ушунда.
Бул, кыргыз элинин келечегине болгон өтө чоң коркунуч. Бул тоталитардык бийликтин орнотулушу. Бул элдин трагедиясы.. бул элге каршы репрессия. Бул Конституциялык нормаларды тебелеп-тепсегендик. Ошондуктан, биз - жалпы эл ынтымакка келип, биригип, тикеден-тике туруп, президенттин мындай ыплас иштерин токтотуп, башкаруунун башка системасын орнотушубуз керек. Таза бийлик, таза коом курбасак, эртең кеч болуп калат.
- Жакында боло турган саясый окуяларда, сизди Ошко барып, түштүк регионун жетектейт деген маалыматтар айтылууда. Сотуңуз болуп жатса, ал жакка кантип, качан барасыз?
- Түштүккө барганда, элдин мага болгон көз карашын, мамилесин көрүп, штаб башчыбыз Азимбек Бекназаров сунуш кылды. Менин оюмча, аны БЭКтин бюросунда карайбыз. Чындыгында, мени кармаган, мага койгон жасалма доомат жана сот процесси болбосо, бүт регионду эчак эле кыдырып чыкмакмын. Кандай болбосун, биз бюронун, улуттук кеңештин мүчөлөрү бардык регионду координациялоого аракет кылабыз. Жер-жерлерде БЭКтин региондук округдары түзүлдү, алар өздөрү жетектегенге кудуреттери жетет. Биз өзүбүз барабызбы, барбайбызбы, баары бир биз ойлогондой болот. Себеби, көпчүлүк элдин бүгүнкү бийликке кыжыры кайнап турган учуру. Мына оппозициянын лидерлеринин бири А.Жекшенкуловду "камап коёбуз" деген аракети, тетирисинче, өздөрүнө каршы болуп отурбайбы.
Учурдан пайдаланып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, аскерде кызмат кылган атуулдарга кайрылып кетер элем. "Куралсыз тынчтык жол менен өтүп жаткан митингдерге, пикеттерге, жүрүштөргө катышкан ата-энеңерге, ага-инилериңерге тоскоолдук кылбай, курал көтөрбөй, кайрадан алардын коопсуздугун провокациялардан сактап, тынч өткөргөнгө жардам бергиле. Аксы окуясын эч качан унутпагыла. Ар дайым эл менен болгула! Силер элден алган салыктын эсебинен үй-бүлөңөрдү багасыңар, алардын каргышы эч качан тийбесин! Элин кордогон үй-бүлөлүк бийликке кызмат өтөбөй, элге, мамлекетке кызмат кылгыла". "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" - деген кыргыздын улуу сөзүн эсиңерден эч качан чыгарбагыла!
- Кээ бир саясатчылар "Оппозиция күчсүз, Бакиев кийинки шайлоодо дагы шайланат. Өлкөдө анын үй-бүлөлүк бийлиги мындан да катуу күчөйт" - дешүүдө. Буга эмне дейсиз?
- Албетте, оппозицияда мамлекеттик ресурстар жок, күч органдары баш ийбейт, мыйзамсыз ар кандай жолдор менен акча каражаты түшпөйт.
Оппозициянын күчү - бул чындык жана аны колдогон эл. Эгерде, эл канчалык жакшы колдосо, ошончолук алар күчтүү болот. Келечек, Кыргызстандын тагдыры, жакшы, адилеттүү турмуш, өнүгүү бир эле Бекназаровго, Текебаевге, Сариевге, Жекшенкуловго, Жээнбековго, Тургуналиевге, Чолпонбаевге, Каптагаевга, Булекбаевге жана мага эле керек эмес. Жалпы Кыргызстандын элине керек. Ошондуктан, элибиздин бийликке болгон ою, көз карашы, талабы канчалык ачык болуп, алардын мыйзамсыз жолдоруна убагында жол бербей, тикеден-тике турса, оппозиция да күчтүү болот. Бүгүн ошондой талапты коё турган убакыт келди.




Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевге
Кайрылуу
Алай элинин И.Исаковго "козголгон ишин" токтотуу жөнүндөгү февраль айындагы талабыбыз ушул күнгө чейин жоопсуз калды. Сизден жооп албаганыбызга кандай түшүнсөк болот? Биз, сизди, Баш мыйзамдын кепили катары мамлекетибизде мыйзамдуулукту сактайт десек, бардыгы тескерисинче болуп жаткандыгына биздин көзүбүз жетти.
Бүгүнкү Гүлчөдөгү болгон окуя, кыскасын айтканда 07.03 жума намаз күнү, түлөө өткөрүп, кудайы берип, элден бата алып берүү үчүн И.Исаковдун 85 жаштагы апасынын, туугандарынын жана жоро-жолдошторунун аракеттерин басмырлап, тамактарын бышырып жаткан жеринен чыгарттырып, жеке менчикте болгон кафени жаптыртып, анын кожоюнун коркутуп качырганы далил болду.
Мусулманчылыкты басмырлап, мындай кадамга барган жетекчилердин иштерин Кудай кааласа жөн калтырбайбыз, аларды Кудайга койдук. Эң негизгиси, алар, Сиздин буйругуңузду аткарып жаткандыгын тастыктады, жөн жаткан элди козголтуп, дүрбөлөтүп, бөлүп, элдин бийликке болгон нааразылыктарын Сиз койгон райондун акими, анын биринчи орун басары, укук коргоо жана коопсуздук комитетинин кызматкерлери ого бетер күчөттү. Биз, карапайым эл, И.Исаковдун үстүнөн болуп жаткан - иш саясий куугунтук экенин ачыктан-ачык түшүндүк. Сизден И.Исаковдун үстүнөн болуп жаткан саясий куугунтукту токтотушуңузду жана сотто толук акталышын талап кылабыз!
Ошону менен бирге биз Бириккен элдик кыймылдын саясий акцияларына активдүү катышып, акыйкат-адилеттүү бийлик системасынын курулушуна көмөктөш болобуз.

532 Алай районунун
тургундары




Шалаакы бийликтин шамы өчөөрүнө аз калды
Өткөн аптанын соңунда, "Акшумкар" партиясынын мүчөлөрү, Панфилов районуна барып, Кум-Арык, Орто-Арык, Тельман, Бухара жана Эркин-Сай айылдарынын тургундары менен жолугушуп кайтышты. Жолугушууга 300гө чукул адам катышып, "Акшумкардын" лидери Темир Сариев учурдагы саясий-социалдык жана экономикалык кырдаал туурасында ой бөлүштү. Мындан тышкары, Бириккен Элдик Кыймыл тарабынан уюштурулуп жаткан март айынын экинчи жарымында башталуучу, жалпы Республикалык масштабдагы акциялар жөнүндө маалымат берди. Жолугушуу башталганга чейин Орто-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Мураталиев Сагынбай, жыйынга катышууга келе баштаган жаш активисттерди, "ар бириңди милицияга каматам, чогулушка катышпагыла"-деп коркутуп, кубалаганга аракеттенген. Бирок, тайманбаган жигиттер баары бир топтолуп, жолугушууга катышышты. Жергиликтүү бийликтин бут тосууларынын айынан, "Акшумкар" чогулушун имаратта эмес, ачык асман алдында өткөрүүгө аргасыз болду. Сариевдин келээринен 2 саат мурдараак, коңшу айылда эл чогулуп айылдык жыйналыш уюштурулуп, суу, электр маселесин көтөрүшүптүр. Бирок, ал жыйынга жергиликтүү атка минерлердин бири да басып барган эмес. Ал эми "оппозиция, эл менен жолугушуу уюштуруп жатат" дегенде, жетип келишиптир. Мураталиев Сагынбай деген аксакал, калың элдин арасына билинбей аралашып кирип, айтылган сөздөрдү тыңшап турду эле аңгыча, атчан жаш жигиттер, айыл өкмөтүн байкап калып, "Сиз эмне бизди коркутуп, милицияга каматам деп, бут тосконго аракеттендиңиз. Биз карапайым, караңгы адамдардан эмеспиз, биздин артыбызда да эл бар, журт бар, антип коркутпай жүрүңүз. Эмне, өзүбүздүн жердешибиз, сыйлаган адамыбыз, чындык үчүн күрөшкөн, болгонду болгондой айткан Темир байке менен жолугушканга болбойбу? Мындайыңарды койгула..."-деп айбат көрсөттү эле, Сагынбай аксакалдын "сакалы өрттөнүп" кирээрге тешик таппай, кайсалап калды. Анан элдин сөзүн бөлүп, ортодон Панфилов райондук кеңешинин төрагасы Кожалиев Каныбек деген жигит чыга калып ар кайсы сөздүн башын бир айтып, Сариевге каяша кылайын деди эле, эл деген эл экен, "биздин мүдөөбүздү чечүүчү жыйындарга келбей, бул жерге эмне келдиң, сени ким чакырды эле?"-деп, ага сөз бербей, бир заматта оозун басышты.
Чогулган эл, учурдагы бийликке, абдан нааразы экендерин айтышып, марттагы боло турган акцияларга катышып, керек болсо өз жандарын да аябай тургандарын билдиришти. Жыйын бүтүп, "акшумкарчылар" Бишкекти көздөй кайтып келатканда, жолдо катар МАИ-нин кызматкерлери Президентти күткөнсүп, тизилип алышыптыр. Панфилов районунан чыга бергенде, эч кандай себепсиз, негизсиз эле Темир Сариевдин машинесин токтотушуп, документтерди текшеримиш болушту. Инспекторлордун бири, бизге акырын шыбырап, "абайлагыла, бизге жогорудан , "Сариев Жайылда жүрөт, эптеп бир шылтоо менен аны кармагыла" деген буйрук берилди " - деп айтты. Анан Беловодский айылынан өтө бергенде, дагы бир жолу МАИнин инспекторлору тосуп, "катуу баратасыңар"-деген шылтоо менен милициянын капитаны Дүйшеев Кубан, Сариевдин айдоочулук күбөлүгүн алып койду. Эң кызыгы, инспектор Дүйшеев же шашкалактаганынанбы, же жогору жактагылардын көрсөтмөсү боюнчабы, же кыргызча "жөн элеби" айтор, убактылуу күбөлүктү өтө эле туура эмес толтуруп салыптыр. "2009-жылдын 4-марты" деп жазгандын ордуна 2008-жылдын 4-февралы деп жазып калган. Кокус андан кийин, дагы бир жолу МАИ текшерчү болсо, "ой бул праваңды былтыртан бери көтөрүп жүрөсүңбү, бас, машинеңди токтотуп кой"-деп шайды оодармак экен. Бийлик ушундай шалаакы инспекторлорду, шалаакы, милицияларды, шалаакы прокурорлорду пайдаланып, өзүнүн шалаакы иштерин көз көрүнө жасап жаткан заманда жашап калдык. Бирок, бул шалаакы бийликтин шамынын өчөөрүнө да аз калды.

Акшумкар партиясынын пресс-борбору