Китептен үзүндү

"Аксы окуясы - март революциясы: документтерде жана фактыларда"
(Башталышы өткөн санда)
Бул күнү Аксы районунун Кара-Суу айылында "активисттер Ж.Курбанов менен А.Тостоковду камап коюптур", деген кабарды уккан эл таң эрте айыл өкмөтүндө топтоло башташат. Мына ошол жыйын жөнүндө Аксы РИИБнин башчысынын орун басары Р.Аширалиевдин Жалал-Абад ОИИБнүн начальниги К.Токобаевге жазуу жүзүндөгү атайын билдирүүсүнөн үзүндү берели:
"...2002-жылдын 11-январь күнү саат 12лер чамасында Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү имараттын алдында 300дөй адам чогулушка топтолушту. Ал чогулушта Жалал-Абад облпрокурорунун орун басары Момунов Д., Жалал-Абад ОИИБнүн КТББнүн начальниги, подполковник Мурзажанов И., Аксы райпрокурору Калдаров А. жана Аксы РИИБнүн начальнигинин орун басары, майор Аширалиев Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жашоочуларына мыйзамсыз чогулуштарды, митингдерди, пикеттерди өткөрбөө жагын түшүндүрүү иштерин алып барышты. Өткөрүү үчүн 10 күн мурда арыз бериш керектигин түшүндүрүштү...
Ал эми депутат А.Бекназаровдун ишенимдүү адамдары төмөндөгүлөр:
Кулназаров Карамырза, Мамыралиев Кудайберди, Курбанов Жаныш, Назарбеков Абдразак, Өмүрбеков Аттокур, Тостоков Амантай, Бокоев Кенжегул, Жунусбаев Табылды, Сейиткулов Кадыркул, Карамырзаев Борончу. (Булардын туулган жылдары, жашаган жерлери жазылган. А.К.)
Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү болгон чогулуштагы адамдар койгон талаптар:
1. Курбанов Жаныш, Мамыралиев Кудайберди жана энеси Бекназарова Наржан "депутаты А.Бекназаровду камактан бошотуп берүүнү" суранышты. Ошондой эле райондун акими жана прокурору тарабынан райондун борборунда пикетке чыгууга уруксат сурашты.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Сейиткулов Кадыркул депутат А.Бекназаров телевидениядан чыгып элге кайрылуусун айтсын деп суранды.
3. Ж.Курбанов жана К.Мамыралиев "атайын инициативный группа түзүп" пикетке чыгабыз деп райакимден суранышты.
Азыркы мезгилде Аксы районунда саясат кырдаалы туруктуу абалда".

12-январь
Башпрокуратуранын алдында турган отуздай пикетчиге милиционерлер келип провакация жасашты. - "Силер канча сомго чыгып жатасыңар, көп болсо 30 сом алып жатасыңар да?" -деп шылдыңдашты. Пикетчилер үн чыгарган жок. Милиционерлер тажаганда кетишти. Ачкачылык жарыялагандардын катарына А.Молдалиев, М.Шергазиев, С.Четинбаевдер кошулду.
Түштөн кийин Адам укугу боюнча кыргыз комитетинен М.Жакишевди, "Аалам" гезитинен Э.Кулуеваны Аксыга жөнөттүк. Абалды жеринде көрүп, чагылдырууну максат кылышты. Күн суук, кар оор болгондуктан ашуу ашып барууга эч бир айдоочу чыккан жок. Ошондо республикалык "А.Бекназаровду коргоо комитетинин" активдүү мүчөсү Жылдызбек Жайчыбеков бараткандарды алып барып келүүнү өз мойнуна алып, түштүккө барып келди. Ошондо абалдын өтө курчтугуна карабай, журналисттерден биринчи болуп Аксы районуна тартынбай барууга бел байлаган, "Аалам" гезитинин кабарчысы Элнура Кулуеванын бекем эркине баа бердик.

13-январь
Ачкачылык жарыялагандар 10 адам. Бул күнү Адам укугун коргоо жана чек ара боюнча беш коомдук уюмдун мүчөлөрү: "Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынан" Т. Акунов, "Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинен" А.Фоменко, "Мыйзамдуулукту сактоо жана адам укуктары бюросунан" З.Марат, "Граждандык коом жана демократия үчүн коалициясынан" Т.Исмаилова, "Мамлекеттик чек ара маселелери боюнча коомдук комитеттен" Б.Ааматов, Т.Сыдыковалар КР Президентине, Өкмөткө, Парламентке, кыргыз элине, ММКна, эл аралык уюмдарга А.Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, ИВСтен чыгаруу талабы менен кайрылуу кабыл алышты. Ачкачылыкта олтургандарга 72 жаштагы Александр Фоменко келип кошулду.

14-январь. 2002 - жыл
Эртең мененки саат сегиз. Кычыраган чилденин суугун айтпа. Жогорку Кеңештин имараты тегеренип милиция кызматкерлери менен тосулуп турат. 10-январдагыга караганда милициялар бир топ көп. Баш кийимин, үстүндөгү кийимдерин өзгөртүп кийинишкен башка укук коргоо кызматкерлери да көп жүрүшөт. ЖКнын борбордук кире беришинин маңдайында 150дөй адам А. Бекназаровдун бошотулуусун талап кылып турушат.
Залда Жогорку Кеңештин каникулдан кийинки расмий отуруму башталып, 42 депутаттын катышып жатканы таблодон белгилүү болду. Демек кандайдыр бир чечим алууга кворум жетиштүү. Тилекке каршы бүгүн маалымат берчү Башкы прокурор Ч. Абышкаев көрүнбөйт. Анын ордунда Башкы прокурордун орун басары К. Абдиев олтурат.
Алгач депутат А.Проненко сөз алып, төрагадан сыртта турган милиция кызматкерлерин алып салууну, шайлоочулардан депутаттарды коргоонун зарылчылыгы жок экендигин талап кылып суранды. Төрага каршы эместигин билдирди. Залда Баш прокурордун келбегенине бушайман болушкан депутаттар да байкалбай койгон жок. Алардын Баш прокуратуранын маалыматын угуу боюнча талабына жооп берүү үчүн борбордук микрофонго Баш прокурордун орун басары К. Абдиев басып келди.
К. Абдиев: -"Чубак Абышкаев Өкмөт үйүндө Коопсуздук Кеңеши болуп жаткандыктан бошобой калды. Андыктан ал киши палатанын ишине катыша албайт"-деди.
МЧЖнын "Адам укугу боюнча комитетинин" жыйыны болуп А.Бекназаровдун ишин териштирүү боюнча катарында депутаттар А.Масалиев, О.Малеваная, К.Байболов, И.Кадырбеков, А.Султанов, Т.Бакир уулу, Б.Гогаев, Ө.Текебаев, М.Султановдордон турган убактылуу комиссия түзүү үчүн МЧЖга сунуш кылуу чечими кабыл алынды. Депутаттар Б.Алымбеков, М.Күчүков, А.Мадумаровдор МЧЖнын атынан 15-январда Жалал-Абадка барып А.Бекназаровдун абалын көрүп келишмей болду.
Б.Асанов менен Д.Чотонов саат 10дон тарта саясий ачкачылыкка өтүп, эгер 17-январга чейин Башпрокуратура тарабынан жакшы жооп болбосо, кезерткен ачкачылыкка (суу да ичпей) өтөрүн билдиришти.
Ушул эле күнү эртең менен Жогорку Кеңешке Коопсуздук Кеңешине катышуу үчүн келе албаган Ч.Абышкаев "Кабар" маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда өткөн жумада ЖКдагы парламенттик угууда депутат А. Бекназаровдун камалышы боюнча кеңири маалымат бергендигин кабарлады. (Окуянын кандай болгондугу буга чейинки маалыматта айтылган) Андан кийин журналисттердин А.Бекназаров кайсыл жерде, кандай шартта кармалып тургандыгы, эгерде күнөөсү далилденсе кандай чаралар колдонулат деген суроолоруна жооп берди. Ч. Абышкаев: -"Депутат учурда Жалал-Абаддын жаңы салынган убактылуу кармоочу изоляторунда кармалып турат. Шарт боюнча А.Бекназаров арызданбай койсо деле болот. Шарт жакшы. Депутат күнөөсү үчүн эки жылдан сегиз жылга чейин кесилиши мүмкүн"-деди.
Бишкекте ачкачылык кармагандардын катары Ырыскелди Момбеков, Замира Сыдыкова, Асыран Айдаралиев (журналисттер), Р.Асанкулова, М.Сакеев, Б.Шабданова, Рахат Азимбаева, А.Карамырзаев, Т.Иманалиевалар менен толукталды. Ушул күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Б.Асанов, Д.Чотоновдор ачкачылык жарыялашты.
Аксыдан "А.Бекназаров бошотулсун!"- деген талабы менен 5343 адамдын колу коюлган кат Жогорку Кенештин МЧЖнын төрагасы А.Эркебаевдин атына келди.


Бул күнү Кара-Суу айылынын 200дөй тургуну А.Бекназаровду бошотуу талабы менен пикетке чыгууга райондун борборуна келишкен. Алардын колдорунда "Ак ийилет, бирок сынбайт", "Бекназаровго боштондук", "Азимбек акыйкат үчүн күрөшөт", "Азимбекке эркиндик" ж.б. плакаттар бар эле. Нааразылык акциясын уюштуруучулар менен бирге "Азаттыктын" кабарчысы Рысбай Абдираимов, "Аалам" гезитинин кабарчысы Эльнура Кулиева, Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинен Мамасадык Жакишевдер болду.
Аларга райондун прокурору Абдыкалык Калдаров, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Кулуев чыгышып, коркутуп киришкен. Алардын айткан-дегендерине эл көнбөй койгондо алгач уюштуруучуларды, пикетчилерди бирден администрациянын ичине сүйрөп кирип, статьяларды көргөзүшүп, жазага тартылаары тууралуу эскертишкен. Ушул күнү акимчиликтин биринчи кабатында жайгашкан А.Бекназаровдун коомдук кабылдамасында 6 адам ачкачылык жарыялашты. Алар:
Ысмаил Мамакеев
Тажибай Өмүрбеков
Ыманалы Мамбетов
Улан Мырзабеков
Майрамбек Батырбеков
Тажимамат Туралиев болгон.
Аксы районунун Кара-Суу айылында 2 мектепте сабак өтүлгөн жок. Нааразылык акциясын өткөрүп, 1300 окуучунун бири да мектепке басып келбей коюшту.
Аксынын Падыша-Ата айылында да депутаттын бошотулушун талап кылышып 300 адам пикетте турушту. Эгерде А.Бекназаров бошотулбаса пикетчилердин саны дагы көбөйөрүн билдиришти.

15-январь, 2002-жыл

Бишкекте ачкачылык кармаган депутаттар Д.Чотонов, Б.Асановдор Парламенттин имаратында түнөп калышты.
Аксыда депутатынын адилетсиз камалганына көзү жеткен адамдардын саны айыл-айылда көбөйгөнү, борборго агылган адамдардын саны арбый баштаганы байкалат. Нааразы болгон эл таң эртең менен эле акимчиликтин алдына келе башташты. Бирок, бул күнү аларды милиция кызматкерлери жолдон эле тосуп алышып, райондук ички иштер бөлүмүнө алып киришип камай башташкан. РИИБдин имаратына киши жолотпоо үчүн аны тегеретип милиция коюлду. Журналисттерди, укук коргоочуларды ал жакка өткөзбөй жатышты. Камалгандар менен алыстан терезеден кол жаңсап сүйлөшкөндө 25 адам камалганын билдирип жатышты. Камалгандардын арасында кары-картаңдар, кемпирлер да жок эмес.
Түштөн кийин кармалгандардын үстүнөн тергөө иши башталды деген кабар эл аралап кетти. Балтабаев Уланбек, Мамытбеков Тургунбек, Дубанаев Данияр, Коңурбаев Зарлыкбек, Шатманалиев Авазбек, Жамгырчиев Жанышбек, Жамгырчиева Базаргүл, Ташбаев Рысбек, Сыдалиев Эргешалы, Мамакеев Эркиналы, Сыдалиев Нурмырза, Абылгазиев Уланбек, Рыскулбекова Алима, Керимбекова Токтобүбү, Сыдалиева Сүйүмкан, Калыбекова Соня, Былжыбаева Гүлзар "башка пикетке чыкпайбыз" деп түшүнүк кат беришип, эскертүү алышса, Кенжетаева Айнура 1000 сом, Сыдалиев Жээмырза 1200 сом төлөө айыбына, Нээталиев Райымберди 10 күнгө, Тагаев Топчубай, Чалыбаев Айтымбет, Бостоналиев Өмүрзак 5 күнгө камакка соттолушкан. А. Кенжетаева "соцфондго акча төлөгөнү келдим эле", дейт. Буларды "митингге экинчи чыкпайм" деп кол койдуруп алгандан кийин гана кое беришти. 1937-жылга окшоп милиция, сот, прокуратура үчөөсү биригип алышып, өз иштерин жасап жатышты. Акимчиликтеги саясый ачкачылык жарыялап отурушкандарга Таш-Көмүрдөн Стамкул Камчыбеков келип кошулду.
(Уландысы кийинки санда)