Элет көйгөйү

"Бүгүнкү күндө Өзбекстанга биздин малыбыз эмес, элибиз өтө албайт"
Жалалабат шаарына барган иш сапарыбызда Сузак районунун акими, жаңы шайланып, иш жүргүзүп жаткан Шаболотов Тажымамат Тайгараевич мырзанын кеңсесине баш багып, чакан маек курдук.
- Тажымамат мырза бүгүнкү күндө сиз жетектеген Сузак районундагы элдин турмушу кандай абалда?
- Менин бул районго аким болуп келгениме бир ай болуп калды. Бир айдан бери айылдарды кыдырып, эл менен таанышып, жолугушуу өткөрүп, арыз муңун угууга аракет кылуудамын. Азыркы учурда таптакыр көйгөй жок, баары жакшы деген туура эмес. Арыз-муңдар, чечилбеген көйгөйлүү маселелер көп. Элдик курултайларды өткөрүп, колдон келишинче эл менен болууга аракеттенип жатам. Эң негизгиси бүгүнкү күндө айыл чарбасы, жазгы талаа жумуштары, күйүүчү май маселеси, жаздык үрөн, техника дегендей түйшүктүү маселелер бар. Жер семирткич, суу, жол өңдүү көйгөйлөр өтө орчундуу маселени жаратууда. Бул маселеге көңүл бөлүүгө ар кандай чечимдерди кабыл алуунун аракетиндебиз. Менин байкашымча, буга чейин элде кандай гана маселе болбосун түздөн түз областка же болбосо жогору жакка арыз менен кайрыла беришчү экен. Мына ушул боюнча жалпы элге түшүндүрүп, түздөн-түз акимге кайрылуусун талап кылып жатам. Жакында Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жергиликтүү калк трансформатор маселесин көтөрүштү. Эки жумадан бери электр энергиясы жок жашап жатышыптыр. Мына ошол маселени ошол жерден эл менен чечип, трансформаторду калыбына келтирдик. Негизи элди жакшы багытка үндөп түшүндүрсө болот. Көбүнчө электр энергиясынан эл азап чегүүдө.
- Түштүктө жазгы талаа иштери эрте башталат эмеспи. Жазгы талаа иштерине даярдыктар кандай болууда?
- Биздин районго тиешелүү айдоо аянттарына кетчү үрөндүн, күйүүчү майдын, жер семирткичтердин эсеби белгилүү. Районго өкмөттөн 563 тонна күйүүчү май жакында келет. Баасы азыркы бааларга салыштырмалуу арзаныраак болот дешүүдө. Биздин дыйкандар майды кредитке сурап жатышат. Бирок тилекке каршы ал накталай акчага берилет.
- Эмнеге?
- Эмнеге дегенде өкмөттөн келген жардамдын накталай акчасын кайтарып беришибиз керек. Азыр үлүшкө бөлүнгөн жерлерди дыйкандар менен сүйлөшүп чогуу иштетели деп жатабыз. Себеби дыйкандардын кээ бирлери өз алдынча иштете алышпай түшүмдүүлүгү аз болуп, алган кредиттерин төлөй албай калууда. Жердин да кыртышы бузулуп жатат. Жер семирткичтерди айрымдары колдонбойт. Трактору жок, биринин үлүш жеринен экинчиси өткөрбөйт. Кичинекей жерге комбайн кире албайт. Мына ушуларды эске алып жеке дыйкандарга жакшылап түшүндүрүп жатабыз. Буюрса жакшы, бул сунушубузга макулдуктарын берип жатышат. Эгер ушул ыкка көнсөк бизде суу маселеси боюнча жеңилирээк болмок деп ойлойм. Эмне дегенде жеке дыйкандын айдоо аянттарына суу жетпей көпчүлүк учурда түшүм аз болуп калат. Негизи суу бизден жеткиликтүү эле көлөмдө берилип жатат. Бири жерин сугарып бүткүчө, экинчиси ортодон буруп алат дагы суу тартыш болуп калат. Ошондуктан жалпы дыйкандар биригип, кооперативдик жол менен эмгектенсе мындай көйгөйлөр аз кездешет го деген ойдобуз.
- Сузак районунда канча айыл өкмөтү бар?
- 13 айыл өкмөтү жана Көк-Жаңгак шаары бар.
- Мына ушул айыл өкмөтүндөгү техника маселесин айтып берсеңиз?
- Бүгүнкү күндө тех сервистерди жок деп айтууга болбойт. Албетте жетиштүү санда эмес, аз. Техниканын көбүнүн эскилиги жеткен. Жаңы Кытайдын техникалары келди. Бирок, саны аз. Андан дагы Кытайдын техникаларынын запастык бөлүктөрү бизде жок. Эгер бузулуп калса оңдоого мүмкүн эмес.
- Коомчулукта өзбек жарандары кыргыз жарандарынын жерлерин сатып алууда деген сөздөр жүрүүдө. Мына ушул маселеге чара колдонсо болобу?
- Азырынча бизде андай фактылар жок. Аларга жер сатылбайт. Айрым биздин жарандар үлүш жерлерин өзбектерге ижарага бергендери бар. Азыркы тапта мына ошондой адамдардын санын тактап жатабыз. Ушул боюнча айыл өкмөттөрүнө тактоо боюнча тапшырма берилген. Эми буюрса дыйкандар жерлерин өзбектерге эмес, өз элибизге берилишине талап коюп жатабыз. Мал маселеси дагы бар. Өзбекстандын малы бизге чыгат. Мына ушундан көптөгөн көйгөйлөр жаралып жатат. Мисалы чек ара маселесин жакшылап көзөмөлгө алып жатабыз. Бирок, андан деле жакшы жыйынтык болбой жатат. Буга өзүбүздүн кыргыз жарандары кошумча болушууда. Өзбектердин малын алып, биздики деп чыгарып жиберишүүдө. Мындай жакшылыктары үчүн өзбектер кыргыздарга акча төлөп беришет. Бул боюнча жалпы элге кайрылып эскертүү берүүдөбүз. Быйылкы жылдан баштап кимде ким өзбектердин малын алса, ал биздин чек араны мыйзам чегинде бузган болот. Мындай кылгандардын малын алып коебуз дагы ошол жаранга мыйзам чегинде чара көрүп, жоопко тартабыз. Бүгүнкү күндө Өзбекстанга биздин малыбыз эмес, элибиз өтө албайт. Керек болсо мыйзам чегинде да өтө албайт.
- Чек ара маселеси кандай болууда?
- Чек аранын айрым жерлеринде талаш жерлер бар экен. Чек аралардын бардыгын кыдырып келдим. Талаш жерлер Кудай буюрса жакшы жагына чечилет деген ойдобуз.
- Миграция айрыкча түштүктө күч алууда. Ушуга эмне себеп болууда?
- Миграция боюнча Оруссияда иштеп келгем. Биздин жарандар ал жакка баргандан кийин үч айдын ичинде Оруссиянын жарандыгын алганга мүмкүнчүлүгү бар. Жана ошондой эле жеңилирээк шартта ишке орношо алат. Ал жактагы ишкерлер башка улуттагы адамдардын ичинен эң биринчи кыргыздарды ишке алат. Биздин эл тилди жакшы билет жана иштерман болушат. Ал эми түштүк тараптан көбүрөөк кетип жатканынын себеби, өзүңүздөр билесиздер, бул жакта башка дубандарга салыштырмалуу жашоо кыйын. Жумуш ордулары жокко эсе. Ар бир үй бүлөгө берилген жер үлүштөрү аз.
- Мигранттардын укугун коргоо кандай болууда?
- 2005-жылы Оруссия-Казакстанда биздин өкүлчүлүк ачылып, мен ошол кызматтын төрагалыгына барып иштеп келдим. Элчилик менен бирдикте иштөөгө барып жаткан биздин жарандарга жардам көргөзүп жаттык. Биринчи жолу барып, эч нерсени түшүнбөй, бизге кайрылган кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылып бердик. Жалпы Оруссия боюнча региондордун жетекчилерине жолугуп, эгерде силерге жумушчу колдор керек болсо айткыла деп, ошол боюнча мигранттарды жумуш менен камсыз кылып жаттык. Мына ошондо өзбектер, тажиктер бизге кайрылып жатышты. Андан сырткары ишкананын жетекчилеринин бардыгы бирдей болбойт да, айрым адамдар мигранттарды иштетип алышып, акчаларын бербей кууп жибергендери кездешет. Ошондой учурларда бизге кайрылган жарандарга жардам бердик. Дайынсыз жоголгон мигранттардын жакын туугандарынан көптөгөн издөө каттары келип түшөт. Мына ошого колдон келген аракеттерди жасап, таап берчүбүз. Ар бир шаарда биздин диаспора түзүлгөн. Ошонун негизинде көптөгөн жарандарыбыз табылып жатты. Айрым учурларда мыйзамдуу түрдө бүт документтери бар болгон күндө да, россиялык милициялар акча алыш үчүн кармап алган учурлар кездешет.
- Тажымамат мырза, эми кичине саясаттан да кеп козгосок. Кыргыз оппозициясына болгон пикириңиз?
- Эми оппозициясыз бийлик болбойт да. Бүгүнкү кыргыз оппозициясы сөз түрүндө сүйлөп койбостон элди кыдырып, эл менен иштешсе деген оюм бар. Жалпы саясий партиялар элдин алдына чыгып, элдин көйгөйүн, арыз муңун угушуп, жардам беришсе эл деген мына ошондо аларды колдойт.
- Элге жолугууга чыгып эле жатышпайбы. Бирок, жергиликтүү бийлик аларга бут тосуп жатканы кандай?
- Эми айрым жерлерде ошондой болсо керек. Менин жеке пикиримде андай эмес. Мен оппозициянын ишине бут тоспойм. Эгерде келебиз, эл менен иштешебиз, жолугуп элдин көйгөйүн тең бөлүшөбүз дешсе мен даярмын. Мен акиммин, мага келишип, силердин районуңарда мына ушундай маселе бар экен чогуу отуруп чечели дешсе, мен алардан качпайм. Эгер алар келишсе, мен кабыл алам. Менин эшигим баарына ачык.
- Азыркы учурда коомчулукта президентибиздин иниси Акмат Бакиев түштүк аймагында "не штатный губернатор" деген статуска ээ болуп калгандыгы жөнүндө кептер жүрүүдө. Мына ушул боюнча сиздин жеке пикириңизди уксак?
- Бул жалган сөз. Мен жеке пикиримде бул сөзгө кошула албайм. Ал адам менен жакындан болбосо да анча-мынча тааныштыгым бар. Менин үстүмөн мындай кыл, андай кыл деген буйруктары азырынча түшө элек. Бүгүнкү күндө менин жеке принцибим тууганчылыкка, таанышчылыкка карабайм. Келгенден бери бул сөздү мен баарына ачык айтып келем. Бир тууганым болуп, туура эмес иш кылса, мен аны иштен алып коюууга эрким жетет.
Маектешкендер
Назгүл МАМЫТОВА,
Эрнис БАЛБАКОВ,
Жалалабат-Бишкек-Жалалабат

P.S. Биз Тажымамат мырза менен маектешкен соң, анын "таанышчылыкка, тууганчылыкка карабайм" деген сөзүн абдан жактырдык. Бирок, акимдин айткан сөзүн иш жүзүндө эл таразалап билээр. Бекеринен "эл тараза" деген сөз айтылбаган чыгаар. Бардык эле атка минерлерибиз (президент баш болуп) жаңы ишке киришкенде "эл үчүн иштейм, тааныш-билишке карабайм, жебейм-ичпейм" деген өңдүү "дежурный" убадаларды беришет эмеспи. Тажымамат мырза ошондой убадачылардын катарын бир санга болсо да азайтат деген терең ишеничтебиз.