Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын лидери:
27-мартта бүткүл өлкө боюнча саясий нааразылык акциясы өтөт
- Темир мырза, БЭКтин саясий бюросунун кечээги отурумунда кабыл алынган чечимдерди өз оозуңуздан уксак?
- Биз эки чечим кабыл алдык. Биринчиси, бул бийлик менен болуп аткан сүйлөшүүлөрдү токтотуу, анткени мындан ары анын кажети жок. Тилекке каршы президентти ал жерде угайын деген киши жок экен. Президент өзүнүн кайрылуусунда "мен конструктивдүү сүйлөшүүгө барам",- деп айткан. Ошонун негизинде биз комиссия түзүп адамдарды жөнөттүк эле. Биринчиден жанагы саясий куугунтук болуп атканды токтотуу боюнча. Бирок кечээ күнү Жекшенкуловду камагандан кийин мунун баары дайын болуп калды. Президент бирди айтат, анын жан жөкөрлөрү таптакыр башканы кылат. Бул абдан өкүнүчтүү. Президенттин сөзүн эч ким укпайт, эч ким аткарбайт. Тескерисинче аны уят кылып атышат.
Ошол үчүн биз бул сүйлөшүүлөрдү токтотобуз деп чечтик. Бул биринчи чечим. Экинчиден болсо 27-мартта бүткүл Кыргызстан боюнча нааразычылык акцияларын баштайбыз. Бир топ маселелер көтөрүлөт. Анын эң биринчиси - президент Курманбек Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда жумуштан кетирүү талабы. Экинчиси, шайлоо болсо Бакиевсиз шайлоо. Үчүнчүсү, абдан оор учурга келген экономикалык саясий акыбалды кескин түрдө оңдоо. Аны үй-бүлөлүк коррупциялашкан башкаруудан кетүүнүн негизинде гана бара алабыз деген чоң талаптар болот. Мына ушулар менен чыгабыз.
- Бул саясий акция бир эле күн болобу, же мөөнөтсүз болуп кетеби?
- Эми азырынча биз айтып атабыз, 27-мартта бир саатта бардык жерден чогуу чыгышат. Ар бир айыл өкмөтүндө, ар бир райондук администрациянын астында, облустук администрациялардын астында жана Бишкек шаарында болот. Мына биз бүгүн саясий партиялар өзүбүздүн арыздарыбызды ар бир администрацияга тапшырабыз. Ал кандай уланып кетет, кандай болуп кетет аны айтыш кыйын. Эми аны жакындаганда айтарбыз.
- 27-мартка чейин бийлик оппозиция лидерлерин, же айыл өкмөттөгү партиялардын, БЭКтин активдүү мүчөлөрүн камап коюу коркунучу жокпу?
- Андай коркунуч жок деп айталбайм. Анткени бийлик колунан келген нерсесин кылып жатат. Мен ойлойм, бийлик эмес бийликтин тегерегинде жүргөн, бүгүнкү учурдан пайдаланып байып жаткан адамдар ушундай чечимди кабыл алып жатышат. Мен ушуга бир мисал айтып кетсем болот. Мен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө жолугушуп келгенден кийин эртеси күнү УКМК адамдары барып, балдардын баарын прокуратурага чакыртып абдан убара кылган экен. Бир 80 жашка чыккан аксакалга барган экен. Ал мен барган жолугушууда Бакиевге абдан катуу сын-пикир айткан эле. Ошол кишини УКМКга чакырып жатат десе, ал киши айткан экен. "Ай балам, мени тетиги дөбө гана чакырат. Ошол жерде мүрзө бар, ошого барам. Калганынын баары мага келсин. Айтып кой Бакиевиңе дагы, УКМК башчысына дагы, биз өзүбүздүн билгенибизди жасайбыз", - деп. Мына азыр элдер айла жок ушундайга барып калды. Мунун төркүнүн түшүнгөн адам ошол кылып аткан иштерин тыят да. Эгерде түшүнбөсө алар док урунуп, "сени камайм, сени сабайм", - деп жүрө берет.
- Мына ушул мартта нааразылык акциясы башталат дегенден бери айрым талдоочулар ушул митингде кандайдыр бир чагымдар уюштурулуп, оппозция лидерлерине айып тагылышы мүмкүн деген божомолдорун айтып жатышат. Ушундай коркунучтар жокбу?
- Андай коркунучтар дагы бар. Биз аны жок деп айта албайбыз. Ошон үчүн биз 27-мартта келе турган адамдардын бардыгына айтып жатабыз. Аткени бул бир гана Сариев үчүн, же бир гана Текебаев үчүн, же бир гана Атамбаев үчүн эмес, бул биздин мамлекеттин, элдин келечеги үчүн, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн деп, ар кимдин өзүнүн жүгүн көтөрүп жатабыз. Анан ар бир кыргыз эли дагы ошол жүгүн көтөрүш керек. Эгер коркуп жата берсек, мына бүгүнкү бийликтин кылып атканын көрдүк. Эгерде ушундай темп менен кетсек абдан кыйын акыбалга келебиз. Мен айтып жүрбөймбү, экономикалык кризис азыр бизде баштала элек. Мына кризистин башын ушул апрель-май айларында биз көрүп, өзгөчө күз, эмдиги жылы абдан оор болот биз үчүн. Аны чечейин деген бүгүнкү бийликтин бир дагы планы дагы жок, оюу дагы, каалоосу дагы жок. Аны угайын деген киши дагы жок.




Аким Токталиев, укук коргоочу:
"Бакиевдин катачылыгы анын тукумуна доо кетирет"

Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышы бийликтин эң алсыздыгын көрсөтүп турат. Бийликтин алы тайып, күчү кеткенден кийин эмне кылаарын билбей оппозициянын атагы чыккан лидерлерин Ишенбай Кадырбеков, Аликбек Жекшенкуловдорго окшогон күчтүү жигиттерди камакка алышты. "Силер бизге тең ата боло албайсыңар, биз силердин досторуңарды камап атабыз!"-деген эле сөз. Ушундай жол менен бийлик элди өзүнө душман кылып жатканын билишпей жатышат. Экинчиден сөз эркиндигин жоготууга алып келип жатышат. Элдер көп сөз сүйлөбөгүдөй болушсун деп атат. Ар кандай анекдоттор айтылбасын деп жатат. Аликени камаган менен ар бир кишинин артында тууган-туушкан, жоро-жолдоштору бар экенин, алар өзүнчө бир күч болуп чыгышаарын бийлик сезген жок.
Ишенбай Кадырбеков, Аликбек Жекшенкуловду камап ийбей эле, эркин коюп эле жеп-ичкендерин суроо үчүн тергөө амалдарын жүргүзсө болот беле?! Булар эч жакка качпайт эле. Аликбек Жекшенкулов кача турган болсо эчак эле качып кетмек да. Эмне үчүн качкан жок ? "Мен акмын"-деп эч нерседен коркпой жүрдү. Булар сотко, мыйзамга ишенип келишти, ишенбегендер качып кетишкен.
Акаевдин убагында куугунтукталгандар Бакиевдин убагында акталып чыгышкан. Эртеңки күнү Аликбек Жекшенкулов менен Ишенбай Кадырбеков деле акталып чыгышат. Мына ушуну ойлонуп коюшса болмок. Бакиевдин катачылыгы анын тукумуна доо кетирет. Эртең ошолор да куугунтукталат.

Качкын Булатов, укук коргоочу :
"Бакиев бийликке келгени 89 буйрутма киши өлтүрүү болду"
Бийлик Аликбек Жекшенкуловдон эч кынтык таба албай койгондуктан анын туугандарын камакка ала баштаган. Өзүнүн бир тууган инисин, карындаштарын кошуп бир туугандардан бешөөнө кылмыш ишин козгоп, камакка алууга даяр турушат. Аликбекке коюлган күнөө чындыкка коошпой турган иш. Күзүндө шайлоого таасири тийип калат деп бийлик акылы жеткенди жазай баштады. Бакиев деле түбөлүк президент болбойт. Акыйкат акыры келет. Коомдук ишмер, коомдук лидер, саясий ишмерлерге акыркы күндөрү аесуз мыйзамга төп келбеген иштерди жазай башташты. Өлтүргөн деле болуп жатат. Бакиев бийликке келгени 89 буйрутма өлтүрүү болду. Ушунун негизинде биздин мамлекет авторитардык режимден тоталитардык режимге толук өттү десек болот. Сталиндин репрессиялык системасы бизге анык орнотулду. Сапармурат Ниязов дагы мамлекетин маңкуртка айлантып ушундай кылган. Дал ошондой бизде дагы маңкуртка айлантуу саясаты келе жатат. Саясий лидерлердин баарын камап, өзүлөрү билгендей үй-бүлөлүк башкаруу менен кыргыздын экономикасын саясий кризиске учуратып, граждандык согушка жакындатып келе жатат.

Айсулуу Эсен кызы,
Афина Бакирова



Тойгонбек Калматов, экс-депутат:
"Кыргызгаз" элдин эсебинен 2 млдр 626 млн пайда табат
- Азыр саясий кысым күчөп атканы айтылууда. Сиздин баамыңызда кандай, чынында эле Кыргызстанда саясий куугунтук күч алдыбы?
- Менин жеке пикирим, сиздин айткан сөзүңүзгө мен толук макулмун. Чынында эле Кыргызстанда саясий тапшырмалар акыркы маалдарда абдан күчөдү. Бул бүгүнкү бийликтин аброюн эл массасында кадыр-баркын түшүргөнгө биринчи жөрөлгө болуп атканы ачуу чындык.
- Бүгүн оппозиция менен бийликтин жолугушуусу күтүлүүдө. Мындан бир натыйжа болобу?
- Мен мындан чоң натыйжа чыгышына анчалык ишенбейм, күмөндөрмүн. Анткени эки тилде, эки ой пикирде сүйлөшкөн инсандардын эл, өлкө үчүн чоң жыйынтыкка келиши татаалырак. Бул жөн гана эл көзүнө көрүнүш үчүн жолугушуу, сүйлөшүү болушу мүмкүн.
- Оппозициянын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун камалышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып атат. Ушул Жекшенкуловдун тапанчасынан атылган ок Таласта түрк ишкеринин өлүмүнө байланыштуу деп камалышына сиз кандай карайсыз?
- Мен ачыгын айтканда туура эмес деп эсептейм. Себеби Аликбекти абдан көп жылдардан бери аябай жакшы билем, анын комсомолдук кызматтарда иштегенден бери, тышкы иштер минисрлигинде, чет өлкөдө элчи катары иштегендеринин бардыгы менин көз алдымда болгон. Ал жигитти жакшы билем. Андай ишке барашына мен анчалык ишенбейм.
- 2005-жылдын 24-мартындагы убадаларды азыркы бийлик аткарбай калды деген дооматтарда негиз барбы?
- 24-мартта чынында бийликке Курманбек Салиевичтин келишине түздөн-түз жардам берген, жандоочулар кийик аттырат дегендей эле президенттикке келишине жардам берген инсандардын бири катары мен бүгүнкү кетип аткан саясатты, бүгүнкү экономикалык-социалдык республикадагы абалдардын баардыгын көз алдыга алып келип, анализдеп туруп айтаарым, андагы үмүттөр, андагы макулдашылган сөздөр, андагы пландардын басымдуу көпчүлүгү аткарылбай калды десем жаңылыштык болбойт.
- Мындан мурдагы маекте "Ак жол" фракциясынан депутат Ажыбай Калмаматов айтып өттү, эл арасында бийликти колдоочулар көп деп. Мына сиз дагы эл аралап жүрөсүз, бүгүнкү күндө элдин бийликке ишеними кандай?
- Мени абдан түйшөлткөн маселе, бүгүнкү бийлик, анын ичинде парламент бийликтеги, жер-жердеги бийликтеги инсандар топтоп берген гана дүжүр кишилер менен жолугушуп, туура эмес ой-пикирде жүргөндүгү мени абдан өкүндүрөт. Ал эми элдин ичинде эл менен сүйлөшө келсеңиз, бүгүнкү күнү жалпы калкыбыздын басымдуу көпчүлүгү бийликтин жүргүзүп аткан саясатына, айрыкча экономикалык коррупция менен натыйжалуу күрөш жүргүзө албай атканына абдан нааразы, бул талашсыз маселе. Мен бул боюнча бир-эки мисал келтирет элем.
Биринчиси, электр энергия боюнча, адамдарды түшүнбөйт деп ойлогон абдан туура эмес. Мына бүгүнкү өлкөнүн башчылары айтып атат, кыш оор болгондуктан суу көп кетип калды деп. Бирок биз жакшы билебиз, улуттук статкомитеттин берген маалыматы боюнча, 5-10 жылдан берки орточо электр энергиясын иштеп чыгуу 14 млрд. 200-300 миллиондун айланасында.
Эгерде суу элдин электр энергияга болгон талабын канаттандырганга сарпталса, анда электр энергия көбүрөк иштетилиши керек эле. Башкача айтканда, 18-20 млрд. киловатт электр энергия иштеттик, ошон үчүн суу кетти десе бул туура болмок. Ал эми электр энергия мурунку эле калыпта, ал эми суу мурункуга караганда 4-5 млрд. куб көп кетиши бул абдан ойлонто турган маселе. Жеке менин пикиримче, суу дагы, суу иштелип чыккан электр энергия дагы сатылып, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына, кимдир бирөөнүн чөнтөгүн толтурганга кеткендиги - бул талашсыз маселе.
Экинчи, газ маселесин алалык. Өзбекстан чынында 240 доллардан сатып атат азыр, башкача айтканда 165 пайызга көтөрдү. Бирок элге кызмат кылган Кыргызгаз өзүнүн кызматын 221 пайызга көтөрдү, башкача айткандай 650 млн. кубду элге таратканга кеткен кызматы мурунку баа менен 1 млрд. 189 млн. сом болсо, азыр ошол 650 млн. кубду элге таратуудан алган пайдасы "Кыргызгаздыкы" 2 млрд. 626 млн.
Муну кайсы өкмөттүк чиновник анализдеп атат, кайсы өкмөттүн чиновниги ушуну тескеп жөнгө салууга аракет кылып атат. Менимче ушуларга тергөө ишин козгоп, ушуларды жоопкерчиликке тартса эл абдан ишенет болчу жана колдойт болчу.
Аманбек Жапаров
" Азаттык"