С а я с а т

Өткөн аптанын этегинде, Аламүдүн капчыгайынын кире беришинде орун алган каргашалуу жол кырсыгы, кыл чайнаш кырдаалына жеткен кыргыз саясат майданындагы тирешүүлөрдү кыйла оорлотуп жиберди.

Эсиңиздерге сала кетсек, 13-марттын таңында Бишкектен анча алыс эмес жерде эки автоунаа сүзүшүп, толугу менен өрттөнүп кеткен. Кырсыкка кабылган "Лексус 470" автоунаасында отурган үч адам толугу менен күйүп кеткен. Алардын бириси, ажонун мурунку администрация башчысы Медет Садыркулов экени айтылууда. Ал эми, кырсыкка себепкер болгон "Ауди-100" автоунаасынын ээси, 27-жаштагы Токмок шаарынын тургуну Өмүрбек Осмонов учурда Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмдөрүнө сурак берүүдө. Үч адамдын өлүмү менен коштолгон кырсык кандайча пайда болгон? ИИМдин маалыматы боюнча, жол жээгинде турган "Лексус" автоунаасын "Ауди" маркасындагы автоунаа сүзүп кеткен. Кагылышуудан өрт чыгып, үч адам толук күйүп кеткендиги айтылууда. Тактала элек маалыматтарга таянсак, күйүп кеткен адамдын экинчиси эл аралык стратегиялык иликтөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко, үчүнчүсү Медет Садыркуловдун айдоочусу экени божомолдонууда. Күйүп кеткен адамдардын ким экендигин аныктоочу аппарат Кыргызстанда болбогондуктан, аябай күйүп кеткен адамдардын дене калдыктарын Медет Садыркуловдун туугандары Алматы шаарынан ДНК экспертизасын өткөрүүгө алып кетишкен.
Эртең менен ээн капчыгайда пайда болгон табышмактуу каргаша тууралуу маасалык маалымат каражаттары ар кандай маалыматтарды таратууда. Ушу тапта укмуштуудай ушак сөздөр жүрүп кетти. Айрым маалыматтарга ишенсек, күйүп кеткен адамдардын баш сөөгүнөн октун изи чыккан имиш. Эмнеден көз жумгандарын экспертиза аныктап берет дечи, бирок, кайтыш болгондордун ким экендиктери азыртан эле белгилүү болуп калды. Күйүп кеткен мамлекеттик номери В15-95 R "Лексус" автоунаасы парламент депутаты Эрик Арсалиевге таандык экени аныкталып, Эрик Арсалиев өз автоунаасын Медет Чокановичке бергени такталып калды. Алтургай, оппозиция өкүлдөрү Медет Садыркуловдун автокырсыктан курман болгондугу тууралуу шашылыш жыйын өткөрүшүп, саясий курмандык болгонун жарыя кылганга үлгүрүп жиберишти. Айрым саясатчылар менен саясат талдоочулар Медет Чокановичтин курман болгондугун айтып гана тим болушпастан, саясий буюртма болгонун белгилешүүдө. Бийлик өкүлдөрүнүн билгени барбы, айтор, "бир жактуу тыянак чыгарууга али эрте" дегенден башка эч нерсе айта алышпай жатат.
Табышмактуу кырсык боюнча азырынча көп нерселерди билбесем да, таңгалыштуу бир нерсени билгендей болдум. Ал, орустар жаман көргөн "13" саны. Кырсык 13 дө орун алып, жума күнгө туш болгон. Муну дагы орустар жамандыкка жорушат. Медет Чоканович 1953-жылдын 13-декабрында төрөлүптүр. Узак жылдар бою кыргыз бийлигинин ар кайсы кызмат бутактарында эмгектенген Медет Садыркулов, ушул жылдын 13-январында кызматынан кетиптир. Таңгалыштуу сан менен табышмактуу кырсыктын тарыхы көпкө уланат окшоп калды. Бул кырсык тууралуу кыргыз саясатчылары эмне деп айткандарын төмөндөн окуп алып, ой жүгүртө берсеңиздер болот.





"Кара жумадагы" каргаша же "13" сандын табышмагы
Бакыт Бешимов,
Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери:
- Болжол катары айткым келет. Бул жалпы бийликке болгон абалга байланыштуу. Себеби бийликте эки саясий багыт болуп жатат. Биринчиси бул - күч менен бардык маселени чечүү. Албетте, мындай саясат өткөрүлгөндөн кийин жалпы саясий чөйрөндөгү бүт абалды тескери жакка бурат да. Учурунда өтө криминалдашкан, коррупцияга батып кеткен режимди колдосо, акыры барып анын курмандыгы болот. Бул тарыхта болуп өткөн нерсе. Мен Медет Садыркулов менен бир курста окуган элем, өтө өкүнүчтүү. Айрыкча бала-чакасына туугандарына. Азыр Кыргызстанда күч органдары жалпы элдин көзөмөлүнөн чыгып кетти. Өзүнчө эле мамлекет болуп алды. Кийин Медет Садыркулов бийлик адамдарынын курмандыгы болгону аныкталып калса, мен таң калбайм.

Мукар Чолпонбаев,
Бириккен Элдик Кыймылдын юридикалык бөлүмүнүн башчысы:
- Мен Медет Садыркуловдун өлүмүн буюртма деп эле эсептейм. Биринчиден, мындан бир жарым жыл мурда ага өлгөн кишинин кулагы менен сөөмөйүн жаңы жылга белек кылып бербеди беле. Ошондо эле бул кишиге куугунтук башталган болчу. Бирок ошого карабай ал Бакиевге чын ниети менен бүт күч аракетин жумшап иштеп берген. Садыркулов өтө көп нерсени билет. Ал кийинки парламенттик шайлоонун, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун кандай жүргүзүлгөнүн бүт билген. Андан сырткары мамлекеттик чиновниктердин, бүгүнкү үй-бүлөнүн кандай аракеттерди жасап жатканын бүт билет. Үчүнчүдөн, акыркы он күндүн ичинде оппозициянын лидерлери менен бир нече жолу байланышып, Бириккен элдик кыймылы менен биримдиктүү аракет кылуу жөнүндө сөз жүргүзө баштаган. Мына ошонун бардыгы ал жигиттин өлүмүнө себеп болуп отурат деп эсептейм. Ошондуктан бийлик адамдарынын колунан курман болду деп ачык айтсак болот.

Токтогул Какчекеев
Саясат талдоочу:
- Бул окуя бийлик менен оппозициянын ортосунда тирешүү болуп жаткан учурда болгонун эске алып, айрымдар аны атайын жасалган иш деп жатышат. Бирок иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкканга чейин андай бир жактуу жыйынтык чыгарууга эртерээк. Бирок, кыргыз тарыхында белгилүү саясий ишмерлердин ичинен премьер-министр Насирдин Исанов, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган генерал Анарбек Бакаев да автокырсыктан каза болушкан. Аларды да учурунда "киши колдуу болушту" деп айтылганы менен, ал толук далилденбей калды. Эми Садыркулов да ошондой жагдайда каза болгону айтылууда. Кыргызстанда Акаевдин тушунан бери эле канчалаган бийликтеги адамдар, бизнесмендер атылып кетти. Ошолордун изи табылбай калган учурлар бар. "Буюртма жолдор менен адам өлтүрүү" көрүнүшү Кыргызстанда бар. Бирок, азырынча М.Садыркулов да ушундай жол менен өлтүрүлдү деп айтканга негиз жок болуп жатат.

Касымбек Райымкул уулу,
Бишкек шаардык МАИ башкармалыгынын мурдагы жетекчиси :
- Дүйнө авто индустриясы эң коопсуз деп тааныган унаалардын бири "Lexus 470" cүзүшкөндө дароо өрттөнүп кетиши, акылга сыйбаган көрүнүш. Бул мүмкүн да эмес. Эгер мотор жагынан зымдар тийишип өрт чыга турган болсо, ичиндеги тирүү эркек адамдар кантип жок дегенде терезени тээп чыгып кете албасын? Токтоп турган машинени сүзгөндө мынчалык өрт чыгып, ичиндеги адамдар таанылгыс болуп өртөнүп кетмек эмес.

Улукбек Ормонов,
"Ак Жол" фракциясынын жетекчиси, депутат :
- Өтө кайгылуу окуя болду. Биз азыр бул маалыматтарга ишенип, ишенбей турабыз. Бул маселе толук такталган соң, Жогорку Кеңеште атайын жыйын өткөрөбүз. Учурда биздин фракция комитеттерге да айтып жатат. Бул кырсыкпы же башкабы азыр айтыш кыйын. Кимге болсо да мындай окуялар Кыргызстанга тынчтык каалабагандар үчүн керек болгон. Тынчтык каалаган адамдар мындайга барбайт.