М а е к

Өмүрбек Текебаев, "Ата-Мекен" партиясынын төрагасы:
"...аларды кыйнап, өлтүрүп туруп тоого алпарып, өрттөп жиберишкен"
- Кыргызстанды туңгуюкка кептеген бийликке акаарат айтып, нааразычылыгы күчөп, өзгөрүүнү март айынан үмүт кылгандар көп…
- 27-мартта Бириккен элдик кыймылдын демилгеси менен Кыргызстандын бардык аймагында массалык нааразычылык акциялары болуп өтөт. Көпчүлүк жерлерде акция митинг түрүндө болсо, айрым митинг уюштурууга мүмкүнчүлүгү болбогон чакан шаарларда, айылдарда демилгелүү топтор пикет түрүндө же жыйналыш түрүндө нааразычылыктарын билдирсе болот. Бул акциянын максаты, үй-бүлөлүк кылмыштуу системага, жеке адамдын жүргүзгөн бийлигине, өз көмөчүнө күл тарткан саясатка жана эки жүздүүлүк менен алдамчылыкка бөгөт коюуга багытталат.
Бул митинг менен биз бийликке сес көрсөтүп, анын саясатын өзгөрткөнгө гана умтулбастан, элге дем берип, өз күчүнө ишендирүүнү максат кылып койгонбуз. Кыргызстанда саясий куугунтук колдон-буттан муунтуп турганына карабастан, эл ичинде чечкиндүү, бирдиктүү, тилектери бир патриоттор бар экенин далилдейбиз деп ишенем.
Эң негизгиси- эл көңүл кош болбой, өз күчүнө ишенсе, бийликти да, элге каршы жүргүзүлүп жаткан саясатты да алмаштырууга күчү жетет. Бийлик муну түшүнүп турат. Ошондуктан, акыркы ресурстарын колдонуп, чектен чыккан мыйзамсыз аракеттери менен өз бийлик абалын сактап калуу үчүн далбастап жатат.
- Бийлик өзүнө сын айткан, көз карашы туура келбеген күчтөрдү күч менен жоготууга бардык аракетин жумшаса да, эл коркпой калган өңдөнөт…
- Бийликтин биринчи чабуулу, эркин массалык маалымат каражаттарын тизгиндөөгө жана аларды жок кылууга багытталган. Анткени, бийликке сын айткан партиялардын ой-пикири элге маалымат булактары аркылуу жетпей калса, алар өлүк сыяктуу гана болуп калат эмеспи. Ошентип, акыркы үч жылда бийлик системалуу түрдө айрым телекомпанияларды жаап, калганынын менчик ээлерин которуп, редакциялык көз караштарын өзгөрткөнгө жетишти. Эркин гезиттерди куугунтуктап, ар кандай жолдор менен кысымга алды. Чөнтөк сот системасын пайдаланып, төө көтөргүс жүк сыяктуу обужок айып салып, эркин гезиттерди жапканга үлгүрдү. Ага моюн сунбаган көпчүлүк "сүймөнчүк гезиттерибизди бийлик барымтасынан куткарып алабыз"- деп акча жыйнай баштаганда, редакторлоруна иш козгоп, аларды камакка алууга аракет кылды. Элдин колдоосуна ээ болгон, нускасы көп, саясий идеологиялык салмагы бар "Де-факто" жана "Алиби", азыркы "Ачык саясат" гезиттерин айткым келип турат.
Жакында эле "Ачык саясат" гезитинин башкы редакторун болбогон шылтоону беттерине кармап, жеке адамдардын арызы менен экинчи жолу атайын март айында түрмөгө олтургузууга аракеттери күч болууда. Анткени, март айында элди ар кандай жол менен коркутуп-үркүтүү учурдагы бийликтин акыркы амалы болуп калды.
Себеби, өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу гана болбостон, оппозициячылардын үй-бүлө, тууган-урук, жоро-жолдошторуна чейин куугунтуктоо ыкмасы март айында күч алды. Ал эми Бабырбек Жээнбековдун уулу Равшан Жээнбековго оппозициялык "Ата-Мекен" партиясы АКШга визитин уюштуруп жатканда декабрь айында экинчи кылмыш ишин козгоду. Ошол эле учурда "Акыйкат үчүн кыймылынын" лидери Аликбек Жекшенкуловго иш козгошту. Жекшенкуловго козголгон кылмыш иши далилсиз болуп, суу кечпей калган соң, мындан эки жыл мурда каза болгон түрк ишкеринин өлүмүнө Жекшенкуловдун тапанчасынын тиешеси бар деген жалган жалаа менен камакка алынды.
Жалган жалаа деп ишенимдүү айтып жатканымдын себеби, мен Варшавага жөнөп жатканда багажыма кыянаттык менен матрешкага наркотик салып карматкандары көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Ошол мага салынган наркотик нак наркотик болбостон, радикулит, малярияга каршы порошоктордун аралашмасы болуп чыккан. Анын арасына аз-маз гана героин салып коюшуптур.
"Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт"- дегендей, ошого да таза героин салгандан сараңданышыптыр. Милициялар кармагандан кийин, мыйзам боюнча сот өкүмү күчүнө кирген соң кармалган наркотиктер өрттөлүш керек. Бизде болсо, сот өкүмү күчүнө кире электе эле ун же башка порошоктор менен алмаштырып, наркотиктин өзүн сатып жибермей илгертен эле көнүмүш адатка айланган. Көрсө, мага милициянын өрттөөгө чыгарган героинин салышыптыр.
Польша соту өз тыянагын чыгараарда жасалма "наркотик" көп негиздердин бири болуп берди. Себеби, соо адам сатууга сомапал наркотик алып барбайт да.
Кыргызстанда Афган героининин бир дозасы 2 доллар турат. Өзбекстанда 40 доллар, Казакстанда 15 доллар, Афганистан менен чектеш Тажикстанда да Кыргызстандан эки эсе кымбат. Эмне үчүн Афган героини Кыргызстанда эң арзан? Анткени, бизде бул бизнес жакшы жолго коюлган. Милиция кызматкерлери өздөрү кошо аралашкан үчүн наркотик менен шугулдангандардын крышасы бекем.
Бакиев баштаган бийлик өлкө башкарууга келгенден бери, бардык товарлар жада калса кызматтар 2-3 эсе кымбаттады. Бир гана наркотик кымбаттаган жок.
- Акыркы мезгилде табышмактуу кырсыктар көбөйдү. Бирок, милиция кызматкерлери тарабынан бирөөнүн да бети ачылбай келүүдө. Мында бир мандем бар деп шек саноого болобу?
- Бизде саясий жана экономикалык күрөштө күндөн күнгө криминалдык ыплас жолдор пайдаланууда.
Март айынын башталышы менен элдин жүрөгүнүн үшүн алган көрүнүштөр башталды. Мисалы, "Репортер Бишкек" гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевге мыкаачылык менен кол салып, белгисиз адамдар 21 жерине бычак сайып кетишти. Эгер милиция кызматкерлери оппозициячыларга, алардын урук-тууганына жалган жалаа жапкандын ордуна, Сыргакка кол көтөргөн кылмышкерлердин сары изине түшсө, балким кылмыштын бети эмдигиче ачылып калмак.
Өткөн жумада Казакстандан келе жаткан президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду, Президенттин алдындагы стратегиялык изилдөө институтунун мурдагы директору Слепченкону айдоочусу менен кимдир бирөөлөр уурдап кетип, кандайдыр бир сырларды угуш үчүн аларды кыйнап, өлтүрүп туруп тоого алпарып, өрттөп жиберишкен. Кокусунан жол кырсыгынан чыккан өрт сыяктуу түр көрсөткүлөрү келгени менен аткаруучулар сабатсыз жасашкандыктан, тескерисинче, шек саноону ого бетер күчөттү.
Убагында Медет Садыркулов Бакиевдин бийлигин түптөп, аны бекемдеп берген адам. "Улуу Биримдик" партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев билдирүү жасаганда "Садыркулов өлөөрүнөн бир күн мурда мени менен сүйлөшкөн. Ал "Мен Курманбек Бакиевдин жеке бийлигин түптөгөнгө эбегейсиз салым кошком. Бирок, ал эл үчүн эмес, жеке өзүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштей баштаганда нааразычылыгымды билдирип отставкага кеттим. Эми эл алдындагы күнөөмдү акташ үчүн мен ачык күрөшкө чыгам. Мен оппозициялык Бириккен элдик кыймылга өзүм гана кошулбастан, бир нече орто звенодогу жетекчилерди кошо ала барамын. Бүткүл Кыргызстандагы конструктивдүү күчтөр жакын арада биригет" -деген оюн айткан"- дейт. Ошентип, Садыркулов көз-ачып жумганча, белгисиз адамдардын колунан оо дүйнөгө узап кетти.
Тарыхый процесстерди токтотууга аракет кылган күчтөр курал да, ыкма да тандабай калды. Мүмкүн болгон жол менен токтотууга аракет кылып жатышат. Муну биз саясий террор башталды деп билебиз. Уруп-соккон, түрмөгө олтургузуу ыкмалары элди коркута албай калды. Мына ошондон кийин кай бир күчтөр радикалдуу коркутууга ачык өтүштү. Бирок, бул дагы бизди коркута албайт. Мындай ыкманы тандаган күчтөрдүн күнү саналуу. Балким, өзүнүн келишкис 2-3 адамын жоготуп тынаар. Бирок, тарыхый процесс токтобойт. Биз ал үчүн өз өмүрүбүздү тобокелге салгандан коркпойбуз. Эгер биз жок болсок, артыбызда эл калат. Жаңы саясий патриоттор бар. Ар бир Кыргызстандыкта мен күрөшөм, балам, неберем күрөшөт деген ишеним болуш керек.
"27-мартта бул бийлик кетпей калса эмне болот? Улам-улам чыгып убара боло беребизби"- дегендерге "Жок, кыргыз тууган! Тынымсыз күрөшүү зарыл. "Мен көрбөсөм, балам көрөт" деген кыргыздын принцибин тутуналы"- деп айткым келет.
- Кыргыздын каада-салтына шек келтирген бийликтин айрым жоруктары жолдо калсын. Мисалы, өлүк коюу аземине да адам тандап чакырып, айрымдарды "келбей эле койсун"- деген обужок эрегишүү менен салт бузган мисалдарын айтсак болот. Мындай ыплас оюнга сиздин да күбө болуп калганыңызды билебиз.
- Ооба, жакында эле Коргоо министрлигинин мурдагы министри генерал Исмаил Исаков, экс-баш прокурор Азимбек Бекназаровдор Кара-Сууга Анвар Артыковдун үйүнө конокко барып калса, 50 чакты албуут аялдар Анвар Артыковдун дарбазасын такылдатып тынчтык бербей "Буларды үйүңө эмнеге киргиздиң, кетиргин"- деп жаңжал салат. Мынакей, бүгүнкү бийликтин элге сунуштаган үлгүсү жана жашоо эрежеси. Кыргыздарда же жалпы эле мусулманчылыкта үйгө келген конок кол тийбес ыйык, сыйлуу. Душманың да конокко келсе, жаңжал салуу жат көрүнүш. Ата-бабабызда мындай салт жок.
Оппозиционерлер, аялдар уктап калганда, түн жамынып чыгып кетип, Алайды көздөй жөнөшүптүр. Алайда Исмаил Исаков көзү өтүп кеткен туугандарына, досторуна куран окутканы мал союп, кафеге тамак даярдатып койсо, кафенин ээси тамак бышканда эшигин жаап "Мени аким жап деди, сөзүмдөн, келишимден кайттым"- деп бышкан тамак-ашты сыртка чыгарып койгонго чейин барыптыр.
Мына, кыргыз бийлигинин анык жүзү, күч колдонуп ата-бабадан келе жаткан салтты бузууга буйрук берип, элди да эки жүздүүлүккө түрткөн жаңы салты. Буга окшогон окуя Таласка Кара-Буурага барганда да болгон. Биз заказ берген кафенин эшигин жаап, акими өзү той өткөрөм деп олтуруп алган.
Мындай адатка жатпаган адепсиз жол кыргыз элин туңгуюкка алпарат. Кеч боло электе мындай арам салтты токтотушубуз керек.
Кыргыздын аттуу-баштуу эл баатырлары, илимге, маданиятка эмгеги сиңген аксакалдар профессор ИАбдуразаков, академик М.Мамытов, академик О.Нарбеков, академик Д.Маматканов, академик К.Осмонбеков, профессор А.Сарыбаев, Кыргыз эл жазуучусу Б.Жакиев, Кыргыз эл жазуучусу М.Байжиев профессор Т.Балтабаев жана экс-премьер министр А.Муралиев жана башкалар КР президент Кубанычбек Бакиевге кайрылуу жолдошкон.
Алар бийликке жөн кайрылган жок "уулум"- деп ата-баба салтынан аттап тескери жолго кетип баратканын эскертип, илгертен кыргыз бири-бири менен жаңжалдашып эле келген эл. Бирок, алар сырттан келген душман менен чабышканда да кытмырлыкты, арамзалыкты, пастыкты колдонгон эмес. Ачык чыгып күрөшүп, өлгөн же өлтүргөн. Бүгүн силер ыплас ыкмага, жалган жалаа жаап, артынан бычак сайган саясатка өттүңөр. Эгер минтип олтурсак, кыргыздын асыл салты бузулуп, тукумубузга доо кетип, келечегибизге балта чабасыңар. "Эсиң барда этегиңди жый"- деп кайрылды.
Аксакалдардын бул кайрылуусу абан күчтүү нравалык документ , тарыхый факты болуп калды. "Өңдү көрсө жүз тайыйт" болуп, аксакалдарга "хоп"- деп коюп, бийлик кайра эле кытмыр жол менен өз билгенин кылууда.
Бийлик токтоно албай калды. Бир гана жол бар - бул бийликти алмаштырыш керек.
- Балким, 27-март Кыргызстандын тарыхый күндөрүнүн бирине айланаар, ал күнгө саналуу гана убакыт калды. Эл-журтуңузга айтаар кебиңиз барбы?
- Демилгелүү активисттер бардык жерде айылда, кварталда, эмгек жамаатында, райондун борборунда, шаарларда нааразычылык акциясын өткөрүш керек. Ошол күнү жолдо жүргөн жүргүнчүлөргө кайрыла кетсем, эгерде сиз бүгүнкү адилетсиздикке, эки жүздүүлүккө, кылмыштуулукка каршы көз карашта болсоңуз, 27-мартта саат 11-12ге чейин жол катар жолуккан машиналарга сигнал берип бири-бириңиздерге тиектештигиңиздерди билдирип, жолдо турган адамдарга сигнал берип өтсөңүздөр "биз сиздер менен бирдиктебиз"- деген түшүнүк бересиздер.
Мекендештер! Өлкөнүн тагдыры сиздердин колуңуздарда!
Сиздердин ниетиңиздерге, күжүрмөн аракетиңиздерге көз каранды. Жер-жерлердеги акцияларга активдүү катышып, тилектештигиңиздерди билдириңиздер. Биз сиздердин жардамыңыздарга муктажбыз. Ушундай кыйын кезде түптүү эл жардам берет деп үмүттөнөбүз!
Маектешкен,
Гүлниза МОЛДОКУЛОВА