п»ї


Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ali/09/0320_10.htm on line 8

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ali/09/0320_10.htm on line 8

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ali/09/0320_10.htm on line 8



◄◄◄
Курманбек Осмонбеков
Чыңгыздын айымдары
Бисмиллахир Рахманир Рахим!
Он сегиз миң ааламдын жалгыз ээси, кудурети күчтүү Кудай Таалага гана чексиз мактоолор арналсын. "Алла Таалам өзү жар болуп, өзү колдосун" - деп ушу баянды баштадым. Жалган дүйнөдө мактоого татыктуу бир гана нерсе бар. Көзгө көрүнбөгөн ошол улуу нерсе Адам ата урпактарына насип үлөштүрөт. Болгону бирине баарын берип, бирин кур коёт. Эмне себептен ошондой экенин бир Кудай өзү билет. Ал жагы адамзат үчүн табышмак. Бардыгы жетиштүү, байманасы ашык адамдарды "Кудай сүйгөн пенделер" - деп коюшат. Ал эми караманча кур калгандарды акыретте бейишке чыгат же "өзүнө бербегенди бала-чакасына берет" деп жооткотушат. Кудайдын улуулугу ушунда.

(Башталышы өткөн санда)
Биз тамак ичип жаткандабы, же кетебиз деп камынып аттык беле, айтор, ошо арада Аскар келип калып, туура эле Керез апасынын көчүрмөсү турбайбы деп аябай таңкалганым бар. Сүйүмбүбү апчем андан кийин деле Чыңгыздыкына келип-кетип турганына карабастан өмүрүмдө эстен чыккыс болуп калган эң урунттуу андай көз ирмем кайра кайталанбады. Эми ыңгайы келип турганда айта кетчү сөз, Исактын Осмонбектин баласы болуп туруп Отунбаев болуп калганында. Отунбайдан эркек бала жок. Анан да Осмонбек 38 (отуз сегиз) мүрт өлүп, анын төрт баласы Отунбайдын карамагында калат. Төрт баланын Сарымсагы он эки жашында көз тийип өлөт. Колунда үч баланын улуусун атым өчпөсүн деп өзүнүн атына каттатып коёт. Ошол себептүү Исак Осмонбектин баласы болгонуна карабастан Отунбаев болуп калат да, андан тарагандар дагы Отунбаевдер болуп келе жатышат.
Муну мен: "Таанымал саясатчы, дипломат, элчи, төрт жолу тышкы иштер министри болуу багына жетишкен Роза Отунбаева менин апчем болот" - деп мактануу үчүн эмес, санжырачылар биле жүрсүн деп тактоо үчүн айтып жатам.
Керезди деле тагдыр ааламдын алп таланты Чыңгызга эмес, башка бирөөгө кошо турган болсо медицина институтун кызыл диплом менен бүтүргөн Керез Жакупбай кызы деле илимдин доктору болбосо да кандидаттыгын сөзсүз баса жыгылмак. Академик болбосо да ардактуу профессор болмок!
Керездин эң мыкты сапаты - мүдөөсүнө караганда Чыңгыздын мүдөөсүн жогору коюп, ага жол бошотуп, камкордук көргөнүнөн заңкайган чокудай болуп көрүнүп турбайбы!
Дүбүртүнөн жер мары дүңгүрөгөн Чыңгыздын эң мыкты чыгармалары эксперименталдык ферманын эки бөлмөсүндө, Керез менен жашаган жылдары жазылган. Кыргыз совет адабиятынын поэзиясын ээлеген Аалы, прозасын менчиктеген Түгөлбай эки лөк, айыл чарба адиси Чыңгыздын жазгандарына маани бербей, качан гана түндүктөн түшкөндөй биринчилик тактыга отуруп калганында, алакандарын шак коюп, кыргыз данегинен өсүп чыккан жок, жазгандары жарамсыз деген чабуул башташканда Чыңгызды санаага батырбай, кайгыга чөктүрбөй жанында жөлөк-таяк болуп моралдык духун көтөргөн Керез турган.
Мен айткан пикирге кошулабы, же кошулбайбы, ал ар бир окурмандын өз иши, таңуулай албайм. Таңуулоо ниетим да жок, бирок, Чыңгыз повесттик доордун эң абройлуу сыйлыктары - Лениндик, Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, Социалистик эмгектин баатыры болушуна Керездин үлүшү чоң, салымы зор.
Чыңгыз менен эң жакшы үй-бүлөлүк катышта болушкан акындар Темиркул Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, драматург Токтоболот Абдымомуновдор: "Чыңгызды Чыңгыз кылган Керез, Керез болбосо Чыңгыз айыл чарба адиси бойдон эле кала бермек" - дешип коюшар эле. Кайран асыл адамдар: "Чыңгыз табиятынан токтоо, ар нерсени акыл калчап чече билген Керезге жолукпай, бир ажаан аялга тушукса кыргыз адабияты миңдеген жылдарда бир жаралчу улуу жазуучусунан кол жууп калмак" - деп өз ич ара сейил бакта кеп кылышып отургандарын далай эле ирет укканмын.
"Кул жесем дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту" демекчи адам тагдырын калчаган улуу Затка таң бербеске чара жок. Кудай таала керемет Керез менен Чыңгызга Санжар, Аскар деген эки уул берген. Санжар атасына, Аскар апасына түспөлдөш. Экөө тең бизнесмен. Мына ушул экөөнө тең татыктуу тарбияны Керез берген. Үй ичинде бардык шартты түзгөнү, Керездин үстүнөн үйүрүлүп түшүп, эки баласынын энеси болгонуна карабастан Чыңгыгдын ага болгон мамилеси муздап, солгун тарта баштайт. Командировкалап Москвага кетүүсү көбөйөт. Ал арада элита арасына Чыңгыз Керез менен ажырашып, Бүбүсарага үйлөнөт экен деген сөз тарайт. Ал каңшаар Керезге да жетет. Жеткенде жарымы төгүн, жарымы чын жомок болуп жетет. Керез эки бала төрөгөнү менен бой-келбети эми чырайына чыгып, көргөндүн сугун арттырган, толукшуган айдай чырайына чыгып, сен Чыңгыз болсоң мен Керезмин деп өзүнө жан теңебей турган учуру. Ушак кандай адамды болбосун эркинен тайдырган уу го. Ушакка ууккан Керез деле баарына кол шилтеп Чыңгыз менен ажырашып алмак окшойт. Өз тагдыр жолун чапмак. Бул үй-бүлөнүн чыныгы кожоюну, үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган адам Нагима болчу. Ал эми Нагима Керезди өз кыздары Люция менен Роза сыяктуу эле көргөн. Ушул жагдай Керезди да, Чыңгызды да кармаган. Ажырашып кетүүсүнө бөгөт болгон.
Нагима Керезди жакшы көргөнүн ушундан бил, Чыңгыз Бүбүсара менен болгон мамилесин билдирип, ортого салып, үйлөнөөрүн айтканда: "Дагы бир ирет ушинтип кайталай турган болсоң, топурагымды түйүп берем" - деген жообу менен бул темада ооз ачкыс кылган. Нагима канчалык аракет кылганына карабастан Чыңгыздын Керезге мамилеси солгундап, өчө берген.
Жаңы повестинин долбоору даяр болсо да, эргүү келбей, тормоздолгон. Буга чейин колунан чыккан аңгеме, повесттеринин өзүнөн-өзү дүңгүрөп аты чыгып баратканына канааттанган эмес. Бирде эч нерсеге көңүлү чаппай, бирде элеп-желеп учкусу келгенин байкайт. Кандайдыр бир нерсени эңсейт. Бирок, ал эңсөө эмне экенин өзү түшүнбөйт. Бул кубулуш улуу жазуучуларда болгонбу деп Пушкин, Толстой, Дюма, Лондон, Хемингуейлердин өмүр баяндарын казып окуп чыгып, иликтейт. Аларда деле мындай кубулуш болуп өткөнүнөн кабардар болот. Антсе да көкшүнү суубайт. Көрсө ал дегдөө улуу сүйүү экен. Көкө Теңир Чыңгызга эми жаңы сүйүү, жаңы тагдыр камдап жатыптыр...

Бүбүсара
Чыңгыздын адабият айдыңындагы алгачкы аңгемелери советтик Кыргызстан жазуучуларынын съездинде жылуу сөзгө жаңыдан алына баштаганда Бүбүсара, Бүбүсара болуп бийчилик өнөрүнүн даңкы союзга дүңгүрөп, табият тартуулаган тал чыбыктай өң келбети да адамды арбап, тамшандырып турган болчу. Бүбүсарага Кудай керемет бийчилик өнөрдөн бак бергени менен жеке үй-бүлөлүк тагдырында таалай бербей жашоо деңизинин толкунунда тиги жээктен бул жээкке ары чайпалтып, бери чайпалтып, калчап турган учуру болчу.
Чыңгыз анда "Обон" повестинин эскиздерин даярдап койгону менен жазууга илхам келбей түйшөлүп турган.
Кудай Таала керемети менен эки өнөр боюнча жаратып, кыргыз багына энчилеп берген эки улуу талант - бири чыгармачылык толгонуудан, экинчиси үй-бүлөлүк турмуштун көйгөйүнөн жабыр тартып жүрүшкөндө жолуккан.
Эки өнөр боюнча бир мезгилде чыгышып, кыргыз калкын дүйнө элдерине эки түрдүү жол менен тааныткан эки улуу талант, эки улуу инсан адеп "Аврора" крейссеринде жолугушуп, таанышканда эле, бул кездешүү экөөнүн эңсөөсүнө дал келген Улуу Махабат экенин жеземдебей туюшкан. Эки улуу таланттын бул махабаты жөн пенде эмес, адамзаттан башкача сыпатта жаралган, сөздү чечмелеп, гүлүн терген, зергерлик менен узанышса да не бир дүйнөлүк алп калемгерлер чечмелеп бере албаган ажайып керемет махабат эле.
Бул махабат сүрөтчүлөр сүрөтүндө, акындар ырында, дастанында кылымдар бою даңктап, муундан-муунга мурастап, тамшануу менен угуудан жадабай келген Олжобай менен Кишимжан, Акмөөр менен Болот, Кызжибек менен Төлөгөн, Тахир менен Зухра, Шахсенем менен Гариб, Руслан менен Людмила, Тристон менен Изольда, Ромео менен Жульеттанын махабатындай акындар дастан, калемгер жазуучулар роман токуса жараша турган махабат эле. Маданияты өнүккөн элдерде чыгаан уул-кыздарынын мындай махабат көрүнүшү табият мыйзамы менен боло берчү бир көрүнүш катары эле кабылданмак. Сыртыбызды жалтыратып, өзүбүздү-өзүбүз өйдө санап, көтөр чалып, интеллектибизди Америка, Англия, Германияга тең санаганыбыз менен, ички маданиятыбыз али жарды, төмөн экени ушунда бир көрүндү окшойт. Атаганат, Чыңгыздын алпейим, аппак махабатын катардагы окурман, жөн салды жазуучулар эмес, Социалисттик реализм методу агымына жамынуу менен бири - поэзияны, бири - кара сөздү энчилеп алышкан Аалы менен Түгөлбай көшөгө артынан уюштуруп, шыкак берип турушкандыктары менен өкүткө салат. Ленин түзгөн партиянын кыраакы акыны Аалы, кыргызды кара кыргыз боюнча көргүсү келген Түгөлбай кырдаалды колдон чыгарып жибербеш үчүн Кыргызстан Коммунистик Партиясынын Борбордук Комитетинин экинчи, биринчи катчыларына аноним кат жолдоп жиберишкен. Союздук республикалардын биринчи катчылары көбүнесе маселелерде Москвадан түшүрүлгөн десант экинчи катчыларга көз каранды болушкан. Аноним жазуучулар Кыргызстан ККП БКнын өздөрү жазган арызга баасын берип, жообун күтпөй он беш союздун атасы, ушак менен анонимге (жалганга) да олуттуу маани берген Советтер Союзунун Генералдык Катчысы Леонид Ильич Брежневге да жазып, жөнөтүүгө жетишкен.
"Миң бир түн" жомогундагы Харун ар Рашиддей айкөл, ааламда теңдеши жок жаралган падыша Леонид Ильич Брежнев ошо ченемсиз айкөлдүгүнө салып, ал арыздарды өз бөлмөсүнөн ары чыгарбай токтотуп, басып коюптур.
Леонид Ильич сөз кадырын түшүнгөн, Чыңгызды жакшы тааныган. Кылт эткенди көз жаздымында калтырбаган, катаал системадагы социалисттик режимдин лидери Леонид Чыңгыздын атына шек келтирчү ал арыздарды териштирбей, бөлмөсүнөн ары чыгарбай токтотуп коюсу менен кыргыз элинин энчисине Манастан ондогон кылымдар кийин кайра бир айланып келген дүйнөлүк Улуу Инсанын сактап калган. Илгертеден эле чоң үйлдөгүлөр каткырса, кичи үйдөгүлөр ыржайып күлө келген эмеспи. Бул ирет да, Москвадан ак деген да, көк деген да жооп болбогон соң, Бишкектегилер (анда Фрунзе) да эки жазуучунун түкүрүгүн да алтын катары баалаган баалуу билдирүүсүн сандыкка сала турууга мажбур болушкан. Арийне, ал арыздар сыр сандыкка салынып, териштирилбей токтотулганы менен Чыңгыз менен Бүбүсаранын махабаты кыргыз интеллигенциясынын баштары бириккен жерлерде, жазуучулардын, маданият ишмерлеринин, айыл-чарба кызматкерлеринин чогулуш, жөн салды жыйындарында ушак-айыңдын чордонун түзүп, уу-дуу кепке айланып, ал кептер алакандай Кыргызстандын төрт тарабына зымы жок телефондор аркылуу желдей тарап, жетип турган. Мындай бүйүр кызыткан кептердин чыгышына башка бирөөлөр эмес Бүбүсара менен Чыңгыздын өздөрү себепкер болушкан.
(Уландысы бар)












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan