Жүзүң канча, Жүзүмкан?

Чындык кайда, барсыңбы же жоксуңбу,
Алсызсыңбы, ачкасыңбы токсуңбу?
2005-жылдын 11-мартында Мыйзам чыгаруу жыйынынын чукул чакырылган кезексиз сессиясы болуп өткөн. Жогорку Кеңештин имараты милиция тарабынан курчоого алынып, ремонт иштери жүрүп жатканына, чайыр эритүүчү челектердин боркулдап кайнап атканына карабай, ошол кездин орошон депутаттары чаңга аралашып, ачык асман астында жер казган, таштанды ташыган тракторлордун дырылдаган шоокумунун коштоосунда чукул чакырылган жыйынды өткөрүшкөн. Бакылдап сөз сүйлөгөндөрдүн арасында Бакиев да бар болчу…

Оо анда көктөм эле…
Курманбек Бакиев:
-Бүгүн республикада болуп аткан окуяларды укуктук "беспредел" катары гана мүнөздөөгө болот. Ылайыктуу башка сөз табылбайт. Борбордук, регионалдык бийликтер өз элин киши ордуна көрбөй калды. Бардык региондордо, облустарда "беспредел" болуп атат. Облустардын көпчүлүгүндө эл шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, суткалап райондук, облустук акимчиликтердин имараттарынын алдында турушат. Бирок бийлик ага карата эч реакция жасабай, турмуш бир калыпта, өз нугу менен өтүп аткандай, эч кандай мыйзам бузуу болбогондой түр көрсөтүүдө. Минткендеринин максаты- парламентке бийликке жаккан кишилерди гана сүйрөп өткөрүү. Бийлик болсо эч нерсе болбогондой, кой үстүндө торгой жумурткалап аткандай түр көрсөтүүдө. Эмне үчүн президент, өкмөт үн катпайт. Бүгүнкү бийлик кризиске туш болду. Тымпыйып, маселе качан өзү чечилип калаар экен деп күтүп отурушат. Мындай маселелер өзүнөн-өзү чечилбейт да. Мен үчүн ачыгын айтканда, пезиденттин да, өкмөттүн да, жергиликтүү бийлик органдарынын да бүгүнкү кылык-жоругу түшүнүксүз.
"Агым"№19 (312) 11-март, 2005-жыл

Ишенген кожобуз…
Нурлан Мотиев:
- Президенттике Бакиев татыктуу… Ал эми Куловго караганда Эшимканов көп жерден татыктуу. Үсөновго караганда Мадумаров татыктуу… Агым №28 (32) 12-апрель
2005-жыл
Мактап эле тургум келет талыкпай…
Нурлан Шакиев КР президентинин экс-басма сөз катчысы:
- Бул кишиде Чынгызхандын көп мүнөздөрү бар экен. Айкөлдүгү, кечиримдүүлүгү, ЖАНЫНДАГЫЛАРДЫ САТПАГАНДЫГЫ ж.б. Бир карасаң, Чынгызхан кээде коркоктой да сезилип кетет да, кайра эле аягында эң сүрдүү, каардуу, бакубаттуу жол башчы болуп чыга келет. Байкасак Курманбек Салиевич да ошондой жүрүштөрдү жасайт. Курманбек Салиевич барган жеринде даярдап койгон дүжүрлөрдү жактыра бербейт. Кээ бир жерлерде спич-райтерлердин даярдаган эмгектери текке кетет. Анткени, ал киши тексттен көп чыгат, а тургай кээде баракты таптакыр карап да койбойт.
"Де-Факто" №1 (36) 17-январь 2008-жыл

Үмүттүн шооласы…
Адахан Мадумаров:
- Кечээ түнү мага бийлик жиберген "жуучулар" келип "жалгыз тазасы эле сенсиң ошол үчүн тиги аксакал абдан күйүп атат; "каалаган бир областы жетектеп берсе, мындан Мадумаров да, эл да утат эле" деген сунушун айтты" дешти. Бийликтин бүт аракети биздин ортобузга чагым салып, кээ бирөөбүзгө сөөк ыргытып, эптеп арабызды бөлүп-жаруу. Бийликти өзүңөргө эле кут кылсын! Мен бирөө менен кол алышып, сапарга чогуу чыккандан кийин акыры аягына чейин ошолор менен болом.
"Асаба"13.07.1999-жыл

- Адахан Мадумаров 2004-жылы парламентте "Мите курттай акырын күлүп коюп, бир жерден сайып коюп, бир жерден кытыгылап коюп, бири-бириңерге жылмайып коюп, эмне жеңишке жетишип атасыңар? Мен ушуну түшүнбөйм"-деп депутаттарга безилдеп кай жерден кытыгылашты түшүнбөгөндүгү үчүн оппозицияда жүрүптүр да. Эми болсо кытыгылап жылмайганды Мадумаровдон үйрөнсө болчудай.
2003-жылы январь айында Мадумаров эл менен жолугушуу учурунда Гүлгаакы Матраимова деген Токмок шаарынын тургунунун "качан токтолосуз?"-деген суроосуна жооп.
Адахан Мадумаров:
- Кыргыздын жүз миңдеген кыздары, денесин сатканын токтоткондо, жүз миңдеген кыргыздын балдарынын көз жашы токтогондо, миңдеген кемпир-чалдар таштанды чукуганын токтоткондо, жүз миңдеген кыргыздын атуулдары Казакстанда, Россияда, андан алыс өлкөлөрдө кул болуп кор болгонун токтоткондо гана мен токтойм. Ага чейин токтобойм.
"Агым" 19-январь 2003-жыл

Үмүтү үзүлгөндөр
- Адахан депутат болуп жүргөндө, Акаевди сындап, өзүнчө демократ болумуш болуп жүрчү эле, ошондо Акаевдин меттоддорун үйрөнүп жүргөн тура. Ал кезде Адаханды акылдуу деп ойлоп жүргөн элем, Госсекретарь болгондон кийин акылынын тайкы экени көрүнүп калды, андан көрө депутат болуп жүрө берсе болмок экен, "сүйлөбөй койсо акылдуу болуп көрүнөсүң"дегендей. Акаевдин "Кыргызстан-наш общий дом"- дегенин сындап жүрчү эле, эми "Кыргызстан наш ошский дом"-болмок болду, эми эмне дээр экен. Же Адаханда да бар болсо керек "присущий всем южанам комплекс неполноценности".
Окумуштуу 3-январь 2008-22:18
"Де-Факто" №1 (36) 17-январь 2008-жыл

- Мадумаровду просто курсак тойгузган эрке балага салыштырам. Анын популистенген, акылдуу көрүнгөн акылсыздыгынан тажады эл. Тилинен башка колунан кокон тыйын келбеген Адахан сыяктууларды кыргыз тарыхындагы арбын жегичтердин катарына гана кошуп коюу зарыл.
Жазгүл 7-январь 2008-14:51
"Де-Факто" №1 (36) 17-январь 2008-жыл

Өзгөрбөгөн кез эле...
Данияр Үсөнов
Убактылуу өкмөттүн вице-премьер министрлигине дайындалган Данияр Токтогуловичтин бул ишке келишине өзгөчө толкундануу менен үмүт арткан, белгилүү журналист Алым Токтомушев менен болгон маегинде өзүнүн эмес элдин өзгөргөнүн божураган…

Данияр Үсөнов:
- Эл азыр таптакыр өзгөрдү. Өздөрү көзөмөлдөп алар даражага жетти. Экинчиден, шайлоо комиссиясы, сот системасы, мамлекеттик чиновниктер коркуп калышты, баштагыдай бурмалап, баштагыдай түздөн-түз кийлигише албайт. Менимче, эски адатка салыштыруу жөнсүз.
"Агым" №26 (319) 5-апрель 2005-жыл

Өзгөрүп кетти
тез эле
Жантөрө Сатыбалдиев:
…Биз Данияр Үсөновдун сөздөрүнө ишенип шайлоочуларыбызга калпычы болдук.
Цементтин сырьесу бар жерге цемент завод курабыз деген соң Өкмөт тендер түзүш керек болчу. Үсөнов өз сөзүндө айтып жибербедиби, курула турган заводду кийин казактарга сатып жиберебиз деп. Жер байлыгын бир мамлекеттен экинчи мамлекетке сатыш эң туура эмес. Данияр Үсөнов бийлигинен пайдаланып өз кызыкчылыгын чечип алды деген менде ой калды.
"Апта" №23 (39) 16-ноябрь 2005-жыл

Исхак Масалиев:
- Даниярдын кээ бир учурларда жалган сүйлөгөн фактылары учурайт. Мисалы, жеке мага "Кудайга шүгүр, мен Казакстандын тургуну болдум" деп айткан эле. Эми ал айтканын жокко чыгарып атат. Эң негизгиси Кызылкыядагы цемент кенинин 40%ын өзүнүн аялы ээлеп атса, "ничего страшного" дегени мага аябай катуу тийди. Андай киши бийликте иштебеши керек.
"Апта" №23 (39) 16-ноябрь 2005-жыл

Өмүрбек Бабанов:
- Туура. Бийликке ички дүйнөсү таза, ой-пикири белен, элге айткан сөзүнө турган, эң негизгиси жалган сүйлөбөган адам келиш керек. Данияр Токтогулович бийликке келген биринчи күндөн бери кылган иши айткан сөзүнө айкаш болбой жатат. Бийликтеги адамдар оюн жана жасаган ишин чын жүрөктөн айтпаса анда биз өнүгө албайбыз. Мен ойлойм Данияр Токтогулович бир эмес көп жолу жалган сөздөрдү айткан.
"Апта" №23 (39) 16-ноябрь 2005-жыл




Теригүү температура кылат…
1. Курманбек Бакиевди президенттикке шайлоо убагында канчалык деңгээлде ишенич көрсөттүңүз эле? Азыркы учурдачы?
2. Коомчулуктун учурдагы кыйын кырдаалына, саясий курч абалга бийлик реакция кылып атабы, же турмуш бир калыпта өз нугу менен өтүп жаткандайбы?
3. "Курманбек Бакиев барган жеринде спич-райтерлердин даярдаган эмгектери текке кетет, текстен көп чыгат, баракты карап да койбойт"- дешет?
4. Адахан Мадумаров менен Данияр Үсөнов убагында калпты катыра айтышкан дешет. Азырчы?

Ташболот Балтабаев:
1. Бакиевге ишенич көрсөтмөк түгүл президенттикке көтөрүп эле биз алып келгенбиз. Ошол кезде берген убадасын өзү дагы, эл дагы унутту.Пайда жок болуп калды.
2. Бүгүнкү Бакиевшина Акаевшинаны ат чабым артка калтырды. Реакция кылып элдин убалынан коркуп коюшкан жок.
3. Ой даяр тексти эле окуп жүрбөйбү. Баракты карайт эле.
4. Данияр Үсөновдукун анчалык билбейм, бирок Мадумаров "эл үчүн жанымды берем, чындык үчүн чыркырап күйүп кеткенге даярмын"-деп кыйкырып жүрчү эмес беле. Кана чындык? Кана эл алдында берген убада? Кана чындык үчүн бир сөз айтып койгону? Кана?


Мирослав Ниязов:
1. Бакиев президенттикке шайланаарда убаданы берип, элдин батасына ээ болуп келген. Мен дагы, эл дагы алданыптырбыз. Алдашты. Алдандык.
2. Реакция кылганы ушул-четинен камап атат.
3. Тексти караганды айтасыңар, жазып даярдап бергенди так окуш керек.
4. Булар байлаган иттей болуп иштеп атышат. Булар эле эмес бийлик толугу менен эле элди алдап келатышпайбы.


Топчубек Тургуналиев:
1. Курманбек Бакиев убагында карганып атып барыбыздын ишеничибизге кирген. 2004-жылдын 10-сентябрында да, ошол эле жылдын 5-ноябрында да ресторанда чогулган кезде сөз берген. Президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев 90% элдин ишеничине ээ болгон. Шайлоодо бурмалоо болгон эмес. Мына эми ошол 90% элдин ишеничин таш каптырып жатат.
2. Азыркы абал авторитардык режимден тоталитардык режимге, өтүп баратат. Саясий куугунтук репрессияга айланып баратат. Бирок бийлик билмексен болушат.

Эркин Булекбаев:
1. Ошол ишенич көрсөтүп алып анан ушул иш болуп атпайбы.
2. Бүгүнкү бийлик баш көтөргөндөргө зордоп, күчкө салып, кылмыш ишин мойнуна илип коюп, "биз мыйзам чегинде иш алып барып жатабыз" кыязында түр көрсөтүп атышпайбы.
3. Бакиев окуп жаткан текстин эл эмес, өзү түшүнбөйт. Ошол жерде угуп тургандар "Түшүндүңөрбү? жок дегенде өзү түшүндүбү?"-деп сурашат.
4.Адахан Мадумаров менен Данияр Үсөнов экөө калптын атасын таанытат да. Бул достор калпты өкүртө айтышат. Өкүртүшөт.
Айсулуу ЭСЕН кызы