М а д а н и я т

"Ноорузум"

Нооруз майрам мусулмандар жалпыңа,
Ырыс-кешик, ынтымак бер калкыма.
Ыйман менен ырыскыга жетишип,
Алгалай бер, алга карай талпына.

Орус бийлеп "он беш союз" курганда,
Жоголуптур коммунисттик жылдарда.
Тыюу салып, кысым менен токтотуп,
Динди дагы куугунтукка алганда.

Жыл ажырым, жазда жылы жаңырат,
Дүйүм даамын кое бьерет жаңылап.
Шампан ачып, жардырчусун аттырбай,
Бейкут өтүп, шарап четке кагылат.

Ойлон элим, ой сеники ар кандай,
Шарап менен жыл тозгонго мактанбай.
"Он эки" соң түн бейпилин чочутуп,
Кадимки эле согуш жүрүп жаткандай.

Ошол отту чоңдор чыгып атпайт ээ?
Ошондойдо балдар түндөп жыргайт де.
Ансыз деле тентекчилик көбөйдү,
Буйрутмалуу, ак атышуу, бычак же.

Жөрөлгөнү жакшы жакка баштасак,
Башка эөлдерге жамынууну таштасак.
Кош тил кылып чайналышкан сыяктуу,
Кантип элим, кош майрамды таштасак?

Эгемени кайрып берди Ноорузун,
Айта берсе, айтыла элек ой узун.
Даана кыштын каатчылыгын узаткан,
Жаңы жылым, жаз майрамым - Ноорузум.

Кымбат көрөм кыйыры көрк жеримди,
Жазгы жыпар жел ойнотуп сезимди.
Кыялымда "Нооруз гүлдөй" ийилип,
Куттуктаймын кутман кыргыз элимди.

Абдрахманова Айгүл,
Карабалта шаары
№10 Макаренко гимназия
Мектебинин мугалими





Күлкү
Автобуска араң түшкөн арык студент жигит алдыңкы орундагы отурган аялга:
- Эже, орун берип коесузбу?-дейт. Боору ооруган аял орун берсе колуна илип алган плащын отургучка коюп коет. Ачуусу келген аял:
- Плащыңды алып, өзүң отурбайсыңбы! Алдагы кебетең менен бир жума тамак ичпеген көрүнөсүң?
- Эч нерсе эмес, бул Марат бир айдан бери тамак иче элек,- деп плащты көргөзүптүр.


Дагы бир студент аялдамадан эси ооп калат. Башын жөлөгөн аял:
- Айланайындар, суу апкелгиле, суу!-десе, студент көзүн ачып:
- Нан дагы,-дептир.

Жаныбарлар кафеде көңүл ачып отурса коен кирип келип:
- Ким мага чыгат?-дейт. Арстан ордунан туруп:
- Мен!
- Жүр эшикке,-деп коен алдыга түшүп чыгып кетет. Коенду жакшы көргөндөр "баатыр эле, байкуш"-деп ыйлап-сыктап отурса, коен кабагын бүркөп кирип келип:
- Эми ким чыгат?-деп, кыйкырат. Уятынан ордунан араң турган аюу артынан жөнөйт… Кимиси кирип келээр экен дегендердин эсин оодарып, дагы коен келет. Артынан канга боелуп, араң баскан аюу:
- Каке, абайласаң! Бул шүмшүк чычырканак аралап качат…

Коенду кубалап, жетпей калган аюу ой жүгүртөт:
- Тобоо, эгер коендор аюу жей турган болсо, заматта бизди тукум курут кылмак экен…

Кичинекей Тилектин эжелери жыл сүрүштүрүп жатат дейт:
- Эжем доңуз.
- Жездем да доңуз.
Чычалаган Тилек:
- Жок, атам карышкыр, апам түлкү,-деп баарын күлдүрүптүр.

Тилек төрт жашында чоң кишидей болуп, эки колун төбөсүнө алып, бутун учкаштырып, телевизор көрүп жатса бир эжеси келип:
- Тилек, сени менин балам Телек дейт го…
- Оо, акмак десе,-деп каадаланып коюптур.
Жылдызай Израилова





Көнөктөп улам, көктөмгө кошуп авазын
Комуздай чертип, козгогон жүрөк жарасын.
Тамчылап ойноп, барикти аяр сылаган,
Жамгырды сүйөм, сүйгөндөй эне баласын.

Булутту минип, буулуккан ырды жаратчу,
Буурадай кирип, дайралар толкуп салат чуу.
Дарамет жетпейт аңкыган гүлдү сүйбөскө
Жаштыкпы көктөм, карайган дилди агартчу?