У к у к

Абактагы аялдар да адам
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери менен Коомдук Кеңештин мүчөлөрүнөн түзүлгөн мониторингдик топ абактагы аялдардын абалы, жашоо шарты менен жакындан таанышуу үчүн Степное айлында жайгашкан №2 аялдар түзөтүү колониясында болуп келди.
Мурда жүргүзүлгөн мониторинг менен салыштырмалуу камакта кармоо азыр жакшы жагынабы же жаман жагына өзгөрдүбү, медициналык жактан тейлөөнүн, тамактануунун жана азык-түлүктүн сакталышынын, барак үйлөрдө жашоонун абалын көрүү - негизги максат эле.

Колонияда иштеген кызматкерлердин коопсуздугу, алардын эмгектенүүсү үчүн түзүлгөн шарттар жана социалдык маселелер да мониторингдик топтун көңүл борборунда болду.
Бүгүнкү күндө темир тор артындагы аялдардын жалпы саны 228 болсо анын ичинен бешөө жашы жетелектер, ону улгайып калгандар. Эркинен ажырагандар эмес, ээн-эркин басып жүргөн айрым адамдар өз саламаттыгына кам көрө албай калган азыркы кыйын кырдаалда абактагыларга медициналык жардам кандай көрсөтүлүп жатканын билүү үчүн адегенде эле медпунктка баш бактык. Өзүнчө имаратта жайгашкан медициналык жайда адис дарыгерлер менен катар тери оорулары боюнча врач жана тиш дарыгери да иштешерин айтышты. Жабык түрдөгү бул атайын мекеме жалаң гана аялдар үчүн болгондуктан дарыгер-гинекологдун да бар экендиги албетте жакшы. Бирок алардын бирин да өз ордунан көрө албаганыбыз бизди өкүндүрдү.
Кесиби врач, кесилип келген айым өзүндө дары-дармактери, медициналык жабдуулары болбосо да, айрым бир зарыл учурларда муктаж болгондорго кеп-кеңешин айтып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө ар дайым аракет кылып келет.
Бул жерде иштеп жаткан медперсоналдын штаттык саны боюнча сурообуз колониянын жетекчилиги тарабынан жоопсуз калды. Тиш дарыгери гана контракттык негизде иштеери белгилүү болду.
Бардык эле камак жайларындагыдай мында да кургак учук менен жабыркагандар жок эмес. Эркинен ажыраган эки аял кургак учуктун өтүшүп кеткен түрүнө жетип, түзөлө албай айласы кетип турган чак. Дагы экөө ВИЧ инфекциясына чалдыккандар экенин жетекчилик эсине алгысы жок. Жугуштуу бул ооруларды бөлөкчө жайгаштырыш керек болсо да алар башкалар менен чогуу жүрүшөт. Этикалык эреже талаптарды эске алып, алардын эч биринин атын атабоону эп көрдүк. Анткени алар дагы АДАМ.
Аттары айтылып эл-журтка билинип калуудан уялышат, бул биринчиден. Экинчиден - алар бул ооруларды сот процессин күтүп УКЖ (убактылуу кармоочу жай), жатып эле жугузуп келерин колониянын медкызматчылары ишенимдүү түрдө ырасташты.
Алкоголизм жана бангилик менен жабыркагандар жок эмес. Көпчүлүгү жүрөк кан тамыр оорулары, жана жатындын миоматоз дартынан жапа чегишет. Бул жагынан дарылоого дагы эле болсо дары-дармектер менен медикаменттердин жетишсиздиги - көкөй кескен көйгөй маселе.
Акыркы жылдарда "Кызыл крест" жана "О, кудай" эл аралык уюмдарынын ресурстарын тартуу кургак учукту дарылоого анча-мынча жардам болуп жатканы маалым болду.
Кечиктирилгис жардамга муктаж, стационардык медициналык жайларда дарылоону талап кылгандарды жалпы жарандык ооруканаларга коштоп алып баруу жана алып келүү абак кызматчыларынын пикиринде, алардын иши үчүн "тоодой" эле тоскоолдук.
Оорулууну жетелеп-кайтарып баруу үчүн убакыт, атайын унаа керек. Андан сырткары коштоп-кайтарып калуу колониянын ички оперативдик кырдаалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн дешет.
Колониядагы аялдар арасында эркинен ажыраган энелеринин эмчек сүтүн эмген 2 айлык бир жана 6 айлык бир наристе болсо, дагы бир ымыркайдын "ыңаалап" ыйлап жарык дүйнөгө жакын арада келиши күтүлүүдө.Ал үчүн атайын орун да алдын ала даярдалган.
Балдарга зарыл керектүү дары-дармектер бар. Энелери жакшы тамактануусуна шарт түзүлгөн. Түзөтүү колониясынын көмөкчү чарбасында өрдөк, тооктор жана 2 эшек, 1 жылкы бар. Жакында тууп калышы ыктымал деген жалгыз чочконун торопойлору торолуп чоңойсо көмөкчү чарбанын майда жандыктары көбөйүшү күмөн эмес.
Бул жердеги кичи-фабрика эл кеңири керектөөчү кийимдерди тигүүгө адистешип, коммерциялык компанияга таандык. Абактагы аялдардын айрымдары аталган компания менен келишимдик негизде иштеп, өздөрүнө тиешелүү эмгек акыларын алып турушат.
Жалаң гана аялдар жашагандыктанбы мындагы ашкана ар дайым таза жана жарык. Меню бир жумага түзүлөт. Тамактардын сапаты жакшы да эмес, өтө начар да эмес. Идиш-аяктарды жаңыртуу зарылчылыгы бар экендиги байкалат.
Өздүк гигиенага өтө зарыл шампунь, бет жуучу самын жок болсо да кир жууй турган каражаттар менен камсыздоо канааттандыраарлык деңгээлде.
"Барак" үлгүсүндөгү эски үйлөрдүн дааратканалары, андагы унитаз, раковиналардын эскилиги эчак эле жетип ашмалтайы чыккан.
Жашы жетелектер менен чоңдор чогу жатып, чогу жүрүшөт. Мыйзамга карама-каршы келген бул көрүнүштү жетекчилик туура деп эсептейт. Алардын пикирлеринде чоң аялдар менен жашы жетелек секелек кыздардын бирге болушу ар кандай күтүлбөгөн чыр-чатактарга, тартип бузууларга бөгөт болуп, абак кызматчыларынын коопсуздугуна коркунуч туулбайт экен. Мындай кырдаал №5 отряддарда орун алган.
Ал эми №4 жана №3 отряддардагы абал зээнди кейитип, кабырганы кайыштыра турган денгээлге жеткен. Бөлмөлөрдөгү тактайлар чирий баштаган. Бөлмөлөрдүн жарыгы араң-араң бүлбүлдөйт. Мештерден чыккан ыштын жыты мурунду өрдөйт. Желдетүү жагы жетишсиздигинен бөлмөгө адеп башбаккан адам кенен дем алуусу кыйын. Ал эми мында дайыма жашагандар буга көңүп бүтүшкөн, ыңгайлашып калгандай.
Адам укуктарынын мыйзамдуу талаптарына ачык каршы келген көрүнүштөрдүн дагы бир далили - бул алгачкы ирет кесилип келгендер менен узак убакытка соттолгон кылмышкерлердин "камыр-жумур" болуп аралашып жүрүшү. Жеңил-желпи кылмыштар менен эки жылга соттолгондор менен оор кылмыштарды жасап 20 жылга кесилген коркунучтуу кылмышкерлердин бирге болуусуна Жазык-аткаруу Кодексинин 52-беренеси жол бербей тургандыгы түрмө жетекчилерине дагы бир жолу эскертилди.
Соттолгондордун бири бири менен кагылышууларына жана колония кызматчылары менен тез-тез кайталанып туруучу тирешүүлөрүнө жол бербөөнүн, эрегишүүлөрдүн алдын алуунун механизмдери толук кандуу иштелип чыкпаган.
Тышкы дүйнө менен байланыш абактагылардын абдан эңсеп, тилегени жана зарыгып күткөн мезгили катары бааланат. Туугандары, жакындары менен жолугушуу жана кат алышуу мүмкүнчүлүгү бардыгы үчүн бирдей. Жеңилдетилген режимдегилер бир жылда алты, өзгөчө режимдегилер эки жолу туугандары менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү бар. Колония кожоюндарынын "алтынга тете" убактысынын тардыгынанбы же башка да себептери барбы, айтор "сырткы дүйнөгө багышталган" каттар текшерүүдөн өтө албай көпкө чейин колониянын ичинде "камалып" жата берген учурлар да жок эмес.
Үлгүлүү жүрүш-турушка ээ болгон эрксиздер бала-бакыра, тууган-уругу менен графиктен сырткары кошумча жолугушуу мүмкүнчүлүгүн утуп алышат.
Сырткы дүйнөдө болуп аткан акыркы кабарлар булагы болуп үналгы менен сыналгы кызмат кылат.
Аялдар аялдарды кайтарып, көзөмөлдөйт, текшерет жана аларга кызмат көрсөтөт. Анткени бул жерде иштегендердин көбү аялзаты. Колонияны каржылоонун денгээли анчалык деле алымсындырбайт.
Жаза өтөө башкы башкармалыгы тарабынан мында иштегендердин жашоо-шарттарынан социалдык жактан коргоону колго алуу маселесин кайра карап чыгуу зарылчылыгы бар экени белгилүү болду. Кызматтык автоунаанын жоктугу көп иштерге кедергисин тийгизип келет. Айрым бир кыйчалыш кырдаалдарда өздөрү өз чөнтөгүнөн акча төлөп унаа жалдаган учурлар аз эмес. Абакта иштеш аялзаты үчүн анча жеңил эмес экенин жашырбайын. Абак күзөтүш аялдарга өтө эле оор. Анткени соттолгондордун баарынын кулк-мүнөзү жакшы, бардыгы жипке тизген шурудай деп айтуудан алысмын. Соттолгондор менен иштегендер ортосунда пикир келишпестиктер, кагылышуулар болбой койбойт. Ошондуктан мында эмгек өтөп жаткан аыймдар көп учурларда коомчулуктун колдоосуна, психологиялык жактан жардамга муктаж.
Соттолгондордун 15 эле пайызы мурдагы кадимки жашоосуна кайтып келүүгө даяр болуп, азаттыкта Адам катары жашап кетүүгө жөндөмдүү. Тагыраак айтканда эркиндикти эңсегендердин сандык көрсөткүчү өтө эле төмөн дегенди туюндурат. Ал эми түрмөнүн негизги түйшүгү, башкы максаты соттолгондордун айын санап, күнүн эсептөө эмес, аларды тарбиялап оң жолго салып, түзөтүп узатуу экенин дагы бир жолу эскертсек деген ой.
Казак Мусабеков