У к у к

Жайылдагы жаңжал
Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты Жолдошбек уулу Эркинди өлтүргөндөр алигиче табылбай, шектүү делип камакта отурган Максат Базарбаев, Рустам Иманалиев, Бахтияр Өмүрзаков, Абазбек уулу Алымбектердин күнөөлүү же күнөөсүз экендиктери далилденбей келет. Төрт жигиттин камакта отурганына сегиз айдын жүзү болду. 2009-жылдын 6-февралында саат 3:00 до Жайыл райондук сотунда судья У.Чырмашев кылмыш иши чийки тергелгендиктен ишти кайра тергөөгө жөнөтүү чечимин окуп бергендиги тууралуу "Тергөөчү…менин бөлмөмө арак, радио киргизип берген" аттуу макалабызда жарык көргөн.
Тергөө иши Жайыл райондук прокуратурасында каралып, тергөөчү Закиров ишти 14-мартта аяктап, камактагы балдарды убактылуу бошотуу токтомун чыгарыптыр. Бирок, 16-март та прокурордун чыгарган чечимине жабырлануучу тарап каршы болуп, айыпталып жаткан тарап чыгарган чечимин ошол бойдон калтыруусун талап кылышып, прокуратуранын алдына чогулушту. Ал жердеги чогулган эки тараптын пикирин уктук.

Бурмажан Абазканова,
жабырлануучу тараптын жактоочусу:
Бул балдар башында кылмыш ишти мойундарына алышкан. Алты айдан кийин ал ойлорунан баш тартып жатышат. 14-мартта прокуратура чечим чыгарып камакта калтырып, же болбосо мурдагы камакта калтыруу чечимин кайра өзгөртүп, аны убактылуу камактан бошотуу чечимине алмаштыруусу зарыл эле. Ал боюнча 112-беренеде ким кантип өзгөртөөрү тууралуу көргөзүлгөн. Андай кылбастан тергөөчү Закиров өзүнүн жеке пикири менен токтом чыгарып жатат. Башкача айтканда, айыпкерлердин камактан бошотулуусуна тергөөчү өзү токтом чыгарып койгон. Жайыл районунун прокурору Бейшекеев анын чыгарган токтомуна макулмун деп колун коюп берген. Эгер балдардын күнөөсүн далилдей албаса, камактан чыгарыш керек болсо, анын себебин билдириш керек. Мисалы, прокурор ишти кыскартып, башка айыпкерлер табылды деп айтыш керек. Жок дегенде "кылмыш иши далилденген жок", "айыпкерлер камактан бошотулсун"-деп айтыш керек болчу. Закиров андай кылбастан, эч кандай себеп жок эле балдарды камактан бошотуу жөнүндө токтомун чыгарган. Азыр иш сотко өткөн. Соттун чечимин күтүп жатабыз. Сот аныктамайынча эч ким бирөөнү кылмышкер дегенге акысы жок.

Эрмек Нургазиев,
Жолдошбек уулу Эркиндин байкеси:
Биздин күткөнүбүз акыйкаттык. Бирок, негедир акыйкаттык болчудай эмес. Биз ушул кезге чейин унчукпастан адилеттүү соттун чечимин күтүп келгенбиз. Азыр дагы соттун адилет болушун күтүп жатабыз. Эгер калыс чечим болбосо биз дагы кайрыла турчу жерлерге кайрылабыз.
Биз эч убакта күнөөсүз балдардын соттолушун каалабайбыз. Кылмышты кайсы кылмышкер жасаса өз керт башы менен жооп берсин. Эгер шектүү делип камакта отурган төрт бала күнөөсүз болуп акталып чыкса, милиция кызматкерлери чыныгы кылмышкерлерди тапсын. Менин жеке оюмда ушул төрт бала күнөөлүү деп эсептейм. Себеби тергөө иши башында жүргүзүлгөндө бул балдар кылмыш ишти мойундарына алышкан. Ар кимиси бирдей, окшош көргөзмө беришкен. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бул ишке кайдыгер мамиле кылгандыктан, өздөрүнүн кызматына милдеттүү түрдө жооп бербегендиктеринен улам, сот процессине терс таасирин тийгизип жатат. Орган кызматкерлери кылмыш болгон жердеги айыпкер төрт баланын ичкен пиволорунун идиштеринен кол тамга алышкан эмес. Керек болсо, пивонун идиштерин дагы издешкен эмес. Кылмыш болгон күнү Эркиндин жанында Эсен деген милиционер болгон. Ал Максат Базарбаев кылмыш болгон күнү маркум Жолдошбек уулу Эркинге телефон менен байланышып, "Сен мага келесиңби же мен сага барайынбы?"-деп сүйлөшкөнүн айткан. Ал боюнча далилдер бизде бар. Ал дагы каралган эмес. 14-мартта эртең менен биз тараптан Сегизбаев Намат, Сегизбаева Кымбат прокуратурага барганда, прокурордун тергөөчүсү Закиров "Бүгүн тергөө иши бүттү.16-марттта Жайыл райондук сотуна тергөө ишинин жыйынтыгын өткөзүп беребиз" деген жообун айткан. Ошол эле күнү кечинде тергөөчү Закиров өз токтомун чыгарып, прокуратуранын төрагасы Бейшекеевге кол койгузуп, камакта жаткан балдарды чыгаруу боюнча чечимин, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги, Б.Борбиевге жөнөткөн. Эгер ошондо Борбиев телефон менен байланышып айтпаганда, биз билбей калып, балдар бошотулуп кетмек. РИИБүнүн начальниги өзү инимдин өлүмүнө ушул гана балдар күнөөлүү экендигин билгизип, бирок, тапкан далилдерине жооп бере албай жатат. Ал прокурордун чыгарган чечимине каршы болгондуктан, камактагы балдар бошотулбай калды. Борбиевдин кылмыш ишине карата тапкан далилдерине биз да ишенебиз. Биздин оюбузча прокурор бул иш менен ойноп жаткандай сезилүүдө. Прокуратура менен РИИБүнүн ортосунда чоң тирешүү бар экени байкалып турат. Себеби алардын бири-бирин "эшек, өгүз" деген сөздөр менен сөгүшүп жаткандарына күбө болдум.
Айнакул Сегизбаев, Эркиндин байкеси:
Биз милицияга барганда милициянын начальниги Б.Борбиев "прокурордун балдарды камактан бошотуу жөнүндө чыгарган чечими жазылган кагазда исходящий номери жок, мөөрү басылган эмес"-деп айткан. Ошондуктан прокурор кайра чыгарган чечимин бузуп, сотко өткөрүп берди. Прокуратурага жана сотко нааразыбыз. Айыпкерлердин далилдери болсо дагы соттобой жатышат. Сиздин гезит аркылуу айтаар элем Молдомуса Конгантиев бүгүн сиздин милицияңызды атып кетсе, эртең сизди атып кетиши мүмкүн.

Медер Сегизбаев, Эркиндин иниси:
Мен милицияларга гана ишенем. Анткени алар байкемдин чогуу иштешкендери. Алар кармаган камактагы төрт бала башында баардык күнөөнү мойундарына алышкан. Анан кантип бул балдардын күнөөсүз экендерине ишенебиз? Азыр эми прокурор башканы, сот башканы айтып жатат. Ортодо башка эки бала өлтүргөндүгү тууралуу көргөзмө берип жатат. Мен буга ишенбейм. Бирок, бизге чыныгы кылмышкер керек. Актай болгон балдарды соттотуп ийип, биз андан эч нерсе таппайбыз. Чыныгы кылмышкер табылып, далилденип, колу менен кылганды мойну менен тартсын. Менин жеке оюмда камактагы төрт бала өлтүргөн деп ойлойм. 14-мартта кечинде прокурор балдарды бошотуу жөнүндө санкция бериптир. Ошондо начальник РИИБ Бекболот Борбиев бизди чакырып айтпаганда укпай калмакпыз. Молдомуса Конгантиев башында бул ишти өзүм көзөмөлгө алам деген. Министрдин сөзүнө абдан ишенгенбиз. Бирок, анын бул ишти көзөмөлдөгөнүн деле көргөн жокпуз. Ушул кезге чейин эч жакка кайрылган эмеспиз. Бизди да уга тургандар бар. Эми бардык жакка кайрылабыз.

Эркин Алымкулов, айыпталуучу
Максат Базарбаевдин жактоочусу:
КР КЖК 112-берененин з-пунктунун негизинде тергөөчү жана сот абактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртө алат. Кылмыш ишин Жайыл райондук прокуратурасы тергеп, тергөөчү Закиров токтомун чыгарган. Токтомдо, "Камактагы балдар бошотулуп, аларга эч жакка кетпөө чарасы колдонулсун"-деп жазылган. Ал токтомду Жайыл райондук РИИБүсүнө жеткирип беришкен. Бирок, балдарды ИВСтин начальниги камактан бошотпой койду. Себеби, милициянын начальниги Бекболот Борбиев балдарды бошотконго макулдугун берген эмес. Борбиевдин прокуратуранын чечимин аткарбай коюуга укугу жок. 14-марттан баштап балдар ИВСте мыйзамсыз отуруп жатышат. Начальниктин кылган ишине биз түшүнбөй жатабыз. Менин жеке оюмда Борбиевдин бул ишке кызыкчылыгы бар экени көрүнүп турат. Ал бир нерсени билет окшойт? Эгер андай болбосо эмнеге жанталашып жатат? 14-мартта РИИБүдө саат түнкү 12:00 го чейин турдук. Борбиев эмне себептен чыгарбай койгонун айтып, түшүндүргөн жок. "Күтүп тургула"-деп, 3-4 милиция кызматкерлерин каска кийгизип, автомат карматып туруп, бизди дарбазанын сыртына чыгарттырып койду. Ошол бойдон Борбиев бизди кабыл алган жок. Анын айтымында прокурордун чечими жазылган кагазда мөөрү жана номери жок болгондуктан, балдарды камактан чыгарбай койгон. Бул деген болбогон сөз. Тергөө учурунда Максат Базарбаевди катуу сабашканын жактоочусу катары жакшы билем. Ал боюнча соттук медициналык экспертиза аркылуу аныктаганбыз. Бардык далилдерибиз бар. Азыркы учурда Базарбаевди тезинен ооруканага жаткызыш керек. Себеби анын абалы абдан оор. Оперлер сабаганда бөйрөгүнө жана чат жагына катуу сокку болгондуктан, ооруга чалдыккан. Келечекте тукумсуз болуп калуу коркунучунда. Базарбаевдин ооруканадан дарыланышына дагы Борбиев каршы болууда. Бул жерде Борбиев билген сыр бар.

Жандар Мамытбеков,
Абазбек уулу Алымбектин жактоочусу:
Абазбек уулу Алымбектин жашы жете элек. Ишти Жайыл райондук прокуратурасы карап, тергөө иштерин жүргүзүштү.14-мартта тергөө иши аяктап, тергөөчү өзүнүн токтомун чыгарып, айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, "камактан бошотулсун" деген чечимин чыгарган. Бирок, прокуратуранын чыгарган чечимине милициянын начальниги Б.Борбиев, жабырлануучу тараптын өкүлү Н.Сегизбаев каршы болуп, 15-мартта прокуратуранын алдында митинг өткөргөнгө чейин барганын уктум. Тергөөчү Закиров ишти дагы бир айга узартканга мажбур болгонун айтты. Себеби сот процесси жүрүп жатканда "биз өлтүргөнбүз"-деп көрсөтмө беришкен Өзгөрүш Кыдыралиев менен Саид-Али Ибрагимов, РИИБүнүн начальниги Б.Борбиевге "Жолдошбек уулу Эркинди биз атып өлтүргөнбүз"-деп экинчи ирет жазып жиберишиптир. Ошол себептен тергөө иши бир айга узартылат. Закировдун 14-мартта чыгарган чечими туура болчу. Бирок, ал РИИБүнүн басымынын астында өз чечимин аткара алган эмес. Начальник Б.Борбиев тергөөчүнүн чечимин аткарбай коюуга укугу жок. Кайра аткарууга милдеттүү. Камактагыларды бошотуш керек болчу.

Кадырбек Базарбаев, айыпталуучу
Максат Базарбаевдин чоң атасы:
Максат Базарбаев менин неберем болот. Биз Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Борбиевдин кылган ишине таптакыр түшүнө албай жатабыз. Аны бирөөлөр коркутуп жатса керек. Же болбосо эмнеге күнөөсү жок балдарды бошотпой жатат? Себеби ал өз керт башынан коркууда. Жабырлануучу тарап жок жерден менин неберемди күнөөлөп, башка балдар "биз өлтүргөнбүз"-деп жатса да менин небереме асылып жатат. Ал кылганы туура эмес. Аларга чыныгы кылмышкер керекпи же Базарбаев соттолсо эле көксөөсү сууп калабы? Мен буга түшүнбөй койдум. Сегиз айдан бери унчукпай койсок, менин балдарыма жакшы эле асылып, айтпаган сөздү айтышты. Сотту, прокурорду, керек болсо журналисттерди сатып алган деген сөздөрдү айтканын уктум. Ушул сөздөрүнүн далили бар болду бекен? Жайыл райондук ички иштер бөлүмү эмне кылып отурат? Чыныгы кылмышкерди издесин. Жанагы Эсен деген милиционерди эмнеге суракка алышпайт. Ал бала көптү билсе керек. Мыйзам деген нерсе кайда калган? Министр Молдомуса Конгантиевге ушул иш башталганда келиним арыз таштаган. Бирок, ал адам карап да койгон жок. Биз Конгантиевге нааразыбыз. Чыныгы кылмышкерлерди тапсын. Эгер чыныгы кылмышкерлерди тапканга аракет кылышпастан күнөөсүз балдарды соттоп жиберишсе, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын үстүнөн жогорку сотко арызданам. Милиция кызматкерлери балдардын ден соолуктары үчүн жоопко тартылсын. Мына ошондо ИИМдин калыс иштеп жаткандарына эл ишенет.
М.Конгантиев элдин укугун коргогула дегенин угуп калабыз. Бирок, иш жүзүндө андай нерсени көрбөй келебиз. Калыс чечим чыкпаса жогорку жактарга арызданып, ак үйдүн алдына боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз. Прокурор Бейшекеев "балдарды чыгаралы, күнөөсү аныкталган жок"-десе жабырлануучу тарап каршы болуп жатыптыр. Алардын бул кылгандары өтө уят. Чыныгы кылмышкерлердин табылышына алар кызыкдар эмес.

Курманбек Өмүрзаков,
айыпталуучу Бактияр Өмүрзаковдун атасы:
Күзүндө Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн он эки милициясы үйүмдүн чаң тополоңун чыгарып, талкалап, колдорунан келишинче тинтишти. Кемпирим ичип аткан дары чөптү "нашаа"- деп алып кетишкен. Айры, кетмен, күрөк, үйдө эмне болсо баарын жүктөп кетишкен. Кайра кайтарып беришкен эмес. Эки мүшөк цементим жок. Төрт шиферим бар эле аны талкалап салышкан. Абийирди кетиришкен. Мен ал балдарды көрсөм тааныйм. Аларды жөн койбойм. Менин баламды күнөөсүз ак жерден камакка алгандыгы үчүн РИИБүнүн кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазам. Бул деген ИИМдеги тартиптин жоктугу. Үйүмдү милициялар тинтип кеткен күнү кечинде кемпирим каза болуп калды. Кемпирим милиция кызматкерлеринин тартипсиздигинен каза болду. Баарын баштаган тергөөчү Бакир Кулжановдун, милиция кызматкерлеринин кылган иштери кокомо жетип отурат. Молдомуса Конгантиев теледен деле, башка жерден деле укук коргоочуларга жакшы эле акыл айткансыйт. Ал адам деле карыйт го. Силердин гезит аркылуу М.Конгантиевге кайрылаар элем. Айланайын Молдомуса балам акыйкаттык менен Жайыл райондук укук коргоо кызматкерлеринин иштеген иштерине көзөмөл жүргүзүп кой. Биз Сизден Кумарык айылынын аксакалдары абдан суранып, үмүт кылабыз.

P.S. Эки тараптын оюн билген соң, РИИБүнүн начальниги Б.Борбиев эмне себептен прокурордун чечимин аткарбай, балдарды камактан бошотпой койгонун, прокурор Бейшекеев 14-мартта чыгарган чечимин эмне себептен кайра бузганын, судья У.Чырмашев кандай чечим чыгарганын билүү максатында алардын кеңсесине баш бактык. Борбиев балдарды камактан бошотпой койгонунун себебин, прокуратуранын жиберилген чечиминде мөөр жана исходящий номери коюлган эмес деп билдирди. Тилекке каршы, прокурор Бейшекеев жок болгондугуна байланыштуу бул туурасында андан жооп ала алган жокпуз. Такталбаган маалыматтарга караганда, Бейшекеев 14-мартта балдардын убактылуу камактан бошотуу жөнүндөгү чечимин чыгарганда, аны кимдир бирөөлөр телефон чалып, коркуткан экен. Ошол себептен чыгарылган чечимди кайра бузганга туура келген деген сөздөр айтылууда. Биз судья Урмат Чырмашевге жолугуп, айыпталуучуларга чыгарган чечимин уктук. Ал кылмыш иши дагы бир айга 16-апрельге чейин узартылып, шектүү делип камакта отурган төрт баланын баш коргоо чарасы өзгөртүлбөстөн камактагы бойдон калтырылгандыгын айтты.
Бул иш боюнча биздин журналисттик иликтөөбүз уланат. Мындан ары иштин кандай багытта жүрүп жаткандыгы тууралуу коомчулукка билдирип турабыз.
Назгүл Мамытова,
Карабалта-Бишкек-Карабалта