Айтылбай калган кеп жесир

Убайымга упураткан саясат
Улгайган чакта дүйнө жыйнап, бийлик эле байлык эле деп, көр окаттын ыракатын эмес, ата журттун, жер-суунун, эл тагдырын ойлогон орошон ойлордун кучагында алпурушуп калат экенсиң. Бул дүйнөнүкүн тиги дүйнөгө сүйрөп кеткен ким бар?
Мекемени менчиктесе болот, бирок жер-сууну бөлөк элге өткөрүп берерде, эл менен акылдашпай, оңду-солду, жети атасынан калган журттан бетер, кудуреттүү коңшу элек деп, кертип-бөлчөктөп сатууга эч бир мен зор деген улуктун укугу жок. Жерди улкуп-жулкуп бере салмай адат кыргыздын аттуу-баштууларына өнөкөт дарт болуп калды. Илгери Кеминдин күн батышын Шабдан казактарга кырк байталга эле берип койгон экен. Андан бери "сыныктан башкасынын баары жугуштуу" демекчи, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Орозбеков тасмал толо коюлган ала допучандардын сый тамагына эреркеп кеткенби, Шахимарданды өзбектерге кармата берди. Андан бери келсек, кыргызды чейрек кылым башкарган аксакалыбыз Турдакун Усубалиевдин тушунда Совет-Абад, Маданият, Кемпир-Абадка окшогон стратегиялык жерлер өзбектерге өтүп кетти.
Мына кечээ жакында баарыңар көрүп калдыңар элинен качкан, жеринен безген Аскар Акаев кытайларга мөңгүсү көп, суусу мол Үзөңгү-Куушту себетине салып, коон-дарбыз менен соодалашкансып кертип бергенине жаның кашаят. Эми эгемен болдук, эл болдук, жаңы бийлик келди, жерге этият мамиле болот десек, азыркы Президент К.Бакиев жылкы теппей, жылан чакпай Манастан мурас калган, кылымдар бою төрт түлүк малын жайлатып келген жер соорусу 620 га Каркырабызды каратып туруп казактарга "подаркалап" жиберди. Эй, эл сураган зорлор, бу жерди белектеген саясатты качан токтотосуңар! Силерге ким уруксат берди?
Баягы дөөлөр келсе, шаалар көчүгүн кыскан кыямат заман болду.Ушул тапта коңшу-колоңго эмес, керек болсо кыргыздын өзүнө да бербеш керек. Жерди керек болсо өзүңдүн элиңе да ижарага бербеш керек. Мисалы, Израилде жөөттөр да жерди сатыкка койгон эмес. Жер-сууну кумурскадай каптаган, жердин майын чыгарып, дыйканчылыкты дыкат өздөштүргөн кытайлар да соодага салып, жеке менчикке чыгарбады. Жер дегениң мамлекеттин гана ээлигинде болуш керек. Жер наркын, насилин, касиетин кыргыздын философиясын семичкедей чаккан Чоюн Өмүралиев деген иним кан какшап айтса да, төрдөгү төрөлөр кулак салбаганы бул жакшы симптом эмес. Жер дегениң сатып, белекке бергидей анделек, же анжир эмес кармата бергидей.
Жашың өр тартып улгайган сайын мамлекетти түптөөдөгү залкарлардын тарыхый ойду камтыган китептерине кадимкидей кызыгып калат экенсиң. Казак лидери Нурсултан Назарбаевдин "В потоке истории" деген китеби көзүмө урунуп калды. Нурсултан мырзанын мага бир чукугандай көзгө сайган учкул кеби жакты. "Өлкөнүн бүтүндүгү бул-жер. Жердин бүтүндүгү бүлүнсө, демек мамлекеттин кыйроосуна өбөлгө болгон кечиримсиз кадам", - дептир. Абдан туура айткансыз. Муну бизди бийлеген журт башчыларына таамай айтыпсыз.
Биздин доорго чейин 209-жылы "ышкырган жебени" ойлоп тапкан Хунн державасынын аскер башчысы, акылгөй Шаньюй Модэ "Жер деген мамлекеттин негизи. Аны кантип берүүгө болсун. Кимде ким жерди бөтөн элге берсин деп кеңеш берчүлөр болсо, аёосуз башын кылыч менен кыя чапмакмын",- дептир. Мына мекенге күйгөн атуулдун сөзү.
Кыргыздын накыл сөзүндө "акыл жаштан, асыл таштан" деп коет. Жакында колума Жыргалбек Касаболотовдун "Самурай кылыч-жүрөгүм" деген китебин алып, чыгармачыл курч, батыл ою жакты. Ушул жигиттин жүрөктүн түпкүрүнөн оргуп чыккан мына бул сабы көкүрөгүмө кыттай уюп, көөдөнүмө мөөр болуп басылып калды.

Сандалтып далай кыргызды
Сатам деп сартың тырмышты
Сакталып калган кайран жер
Самындай колдон жылмышты
Алтымыш бешиң кылдыңар
Атууга кетчү кылмышты

Айланайын, Жыргалбек өмүрүңө кудай-таала береке берсин. Ыраматылык апаң абдан чыгармачылыкка дээрин койгон аялзаты эле. Өнөрлүүнүн тукумунан экенсиң. Каркыраны каратып туруп казак баурдастарга кетиши азыркы бийликтин кечиримсиз саясий катасы. Тарых өз убагында өктөм өкүмүн берет. Каркыра деген Манас бабабыздан калган, он сегиз ааламдан келген элге Көкөтайдын ашы өткөн кутман жер эмес беле. Каркыра кыргыздын колунан жылмышып кеткенде, ыйык Көл эне ыйлап, көлгө кошулуп мүлдө кыргыздын мекенчил эли ыйлады го, кысталак. Каркыра боюнча келишим качандыр бир убакта пенденин мөөрү менен кетсе да, жыртайган Жогорку Кеңештин эки тараптуу келишимдери жокко чыгарылар деген үмүт али өчөлек. Өткөн жылдын он жетинчи апрелинде Ө. Алмакүчүкөвдүн "Акыл ордосу", М. Чолпонбаевдин "Ыйык жерди коргоо" комитети коомдук терс пикирди түзүүдө итапкан чоң салым кошушту.
Кой аксагы менен миң дейт. Жаналекки коррупция менен күрөшөм деп агентчиликтин башына барган Садыр Жапаров, садагасы көлдүн кулунусуң го, көлдүн кусуру уруп кетпесин, оозу-мурдуң кыйшайбай "Каркыра менен жер айрыбаштоодо, 200% уттук деп күпүлдөйсүң. Кайдагы утуш , кыргыз малын жакага жайбайт. Мал менен жашаган элдин жашоосун куруттуң. Андан көрө анклав кылып, ошо Санташты кармата берсеңер болмок. Мына кечээ "Аки-пресстин" сайтынан окудум, казактар Япония менен келишим түзүп, кымызды экспорттоого макулдашыптыр. Казактар эмне сөксөөл өскөн ээн талаа, эрме чөлдө, же буудай өскөн аңыздан бээнин саамалынан кымыз алмак беле? Айтпаса да белгилүү, Каркыранын бетегесине жылкыны жайып казынасына карандай валюта толтурат. Ошол оокатты Кытайда жарма, максым саткан "Шоронун" кожоюну Табылды Эгембердиев, же "Дордойдо" кытайдын ириген-чириген товарын саткан депутатыбыз Аскар Салымбеков өңдүү тыйын-тыпыры бар жигиттер шугулданса жарашпайт беле. Кайсы бирин айтайын, сөз жебеген, кеп жебеген БИРӨӨГӨ күйөсүң да, күйөсүң.
Былтыр гезитте Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев: "Ушу тапта казактардын Ысык-Көлдө 70 пансионаты бар",- дейт. Болсо болгондур. Ошол 70 пансионатка кошуп, 4 пансионатты, Каркыранын 620 га жайлоо жерин кармата бергенге сенин да кошкон үлүшүң чоң. Мекенчил, улутчул болсоң бул нерсеге барбас элең, Аксы элинин үмүтүн актабадың, жигит. Эсиңдеби, жигит, Үзөңгү-Кууш үчүн Аксынын 6 жигити окко учкан. 4 пансионат демекчи, Айтуганов жазып чыкпадыбы, көрсө 4 пансионат СССРдин учурунда социалдык страховкалардын эсебинен курулуптур го.
Депутат боло электе Бакиевди катыра сындап, "гайкасын бураган обрусевший киргиз" Зайнидин Курманов илгери КДК да жүргөн, анан эле бейиши болгур М. Садыркуловдун "Моя странасына" көчтү, а-бу деп ооз жыйгыча "Ак Жолго" бүргөдөй секирип, баягы Үзөңгү-Куушту Акаев казакка берчүмүн деп чыкканда, Бекназаров бере турган сен бекенсиң, Ажо эмес машаяк болсоң да, башымды баталгага коём деп, эки жээк чайпалып турганда, ушул оңбогур Зайнидин "мен тарыхчымын, Ысык-Көл эли жери менен Кытайга карачу дегениңде, сага окшогон тарыхчынын барынан жогу жакшы эле деп аябай кейип, үйдө олтурган аксакалдар баары сага наалат айтты. Каркыранын кетишине сенин да добушуң бар.
Өзгөндө депутаттык жарышка түшкөндө, атаандашы: "Мен Өзгөндүн кулунумун" десе сөздү жыра талашкан, кепке тапан Адахан Кимсанбаевич ал кулун болсо, мен атмын, минсеңер ат болуп берейин, кошко салсаңар жериңерди чийген ат болоюн" дептир. Туягы туйлаган тулпар эмес эле, нака чобур ат экенсиң. Кечээ эле спикер кезиңде даң салып Жогорку Кеңеште Каркыранын тагдыры чечилээр кезде, кайын журтуңа жер айрыбаштаганыңды кыргыз тукуму кечирбейт, урматтуу Коопсуздук Кеңешинин Катчысы. Жогорку Кеңешти жаңгактын уюлу менен жасайм деп атырылып отставкага кеткенче, Каркыраны бөтөн элге бербейм деп кызматтан кетсең алдаканча абийирдүүрөк болмок. Мына Россиядагы Ессентуки, Сочи курорттору казактын акчасына курулуптур, орустар ал эс алуу жайларын казактарга өлсө да бербейт, анткени СССР тараганда "нулевой вариант" деген токтом кабыл алынган, ал вариант боюнча кайсыл өлкөдө кыймылсыз мүлк, завод, фабрика болсо, ошол өлкөнүн менчигинде биротоло калган. Мен "Ак Жолго" лидер болгон эмесмин деп, партбилетин таштап кеткен А. Мадумаровго президент ушул кызматты кантип ишенип тапшырды экен? Ошко Ибрагим Жунусов экөөңөр барып, "Ак Жол" деп айгай салып үндөгөнүңөрдү өзүңөр унутсаңар да, эл унута элек, жигиттер! Атаганат, кыргыздын билимдүү көзү канык жигиттердин кылар иши ушул болсо, кыргыздын шору али көпкө уланат. Чайлашып-сыйлашып жүргөн мамилелеш агаң Мирослав Ниязов айтмакчы, "ач адам тойот, ачкөз адам тойбойт" деп туптуура айткан. "Өсөөр калк өзүм дейт, өчөөр калк өзүн жейт" ушинтип.
Бийликтин туу чокусунда олтурган билермандар жөнүндө чыккан сын макалаларды казак туугандар тытып окуйт экен. Казактар өз өлкөсүнүн жерин кеңейткен журт башчысын кантип эле жаман көрсүн. Үлкөн экономикалык реформалар жүрүп, бүгүн казактардын ордо калаасындагы архитектуралык ансамбль заманбап өзгөрдү. Россиянын аттуу-баштуу жоон топ саясатчылары, айрыкча Солженицын Казакстандын түндүк жагы Россияга тиешелүү, Байконурдагы космодромду ээликтөө боюнча ич ара дипломатиялык расмий сүйлөшүүлөрдө Н. Назарбаев көшөрүп "уступкага" барбады, бүгүн орустар олчойгон валюта берип, космодромду ижарага алып пайдаланышууда. Нуракенин "Нурлуу көш" деген мамлекеттик программасы аркылуу бөтөн элде мусаапыр болгон улутташтарын чогултуп, чек араларын бекемдеп жатат. Нурсултан Абишевич, жакында ЕврАзЭс мейкиндегинде бирдиктүү дүйнөлүк валютаны сунуш эттиңиз, Россиянын Тышкы Иштер министри Лавров да колдоду. Буйруса 20 лөк мамлекет колдосо жаман болбос эле.
1960 - жылдары СССРдин убагында Н.С. Хрущёвдун биринчи катчы кезинде Кытайга расмий визиттин делегациясына Андропов, Казак Республикасынын Совмин төрагасы Ташенов да барат. Кечки сый тамакта Андропов, Ташенов менен пикир алмашып, алардын интеллект деңгээлине Кытай лидери Мао Цзэ Дун тан берет.
Союз учурунда орустар Казакстандын түндүк тарабын Түндүк крайком катары реорганизациялоого чамынат. Д. Кунаев Москвадагы бул маселеге дароо кол койот. Бирок Өкмөт башчысы Ташенов мырза бул чечимге кол койбой койот. Кунаевге ачык эле минтип айтат: "Мен бул саясий авнтюрага кол тамгамды коё албайм, Казакстандын жарты территориясы орустарга өтүп кетсе, жаамы казак журту, келечек мени кечирбейт. Мен тарыхта булганыч ат менен калгым келбейт. Менин жети атама, тукумума доо кетет",- деп сыртка чыгат. Бул туурасында Н. Хрущёвго төкпөй-чачпай маалымат жеткенде, ал: "Жоготкула Ташеновду, бизге акыл үйрөткөндөй ал ким экен?". Эртеси эле тил албас премьер-министрди көздөн далдоо деп, Чымкенттин областтык аткаруу комитетинин орун басарлыгына кетиришет. Өзү Алматынын кулуну болсо да, Ташенов көз жумганда тууган-уругу сөөгүн Алма-Атага коюлсун деп өтүнгөнүнө карабастан, жасааты Чымкентке коюлган экен. Баягы биздин И. Раззаковдун трагедиялуу өлүмүнө үндөшүп кеткен. Көрсө улуттун эсинде улут деп күйгөндөр калат экен. Азыр ордо калаада анын аты көчөгө берилип, китеп жазылып, музей уюштурулуптур.
Ельцин, Путин деле өз элинин патриоту экен. Тооктун кепесиндей болгон Япониядагы Күнсү, Сикоку, Хонсю, Хоккайдо деген төрт аралда бүгүн 120 миллионго жакын калк жыш жашап турат. Орус жетекчилигине Итуруп менен Кунашир деген аралдарды башын ачып, бергиле дегенине окемдер ынабай турат. Болбосо дүйнө жүзүндө территориясы эң көп орустар алакандай эки аралды берип койсо болмок. Алар жер сатып жагымсыз прецедент түзгүсү келбейт. Илгери падышалык Россия 1867 жылы Америкага Алясканы 100 жылга ижарага бере коём деп, алалбай калды. Орустар ушул тарыхый факттан аябай жакшы жыйынтык чыгарган.
Сөз соңунда айтаарым: "Улууну укпаган узабас" дейт, катуу айтсам таарынбагыла, сөөктөн өтүп чучукка жетсе, ойлонгула. Алыска барбай эле Ташенов деген баурдасыңардан үлгү алгыла, ушуну менен сөз тамам.
Оморбай Нарбеков,
Академик