Тарыхты бурмалаган өзү табылды
Ачык саясаттын үстүбүздөгү жылы 17- 20- 24- февралдагы сандарында тарыхчы, жазуучу, журналист Баяс Туралдын "Тарыхты ким бурмалап жатат деген?" дооматтуу макаласы жарыяланды. Анда Жантай Карабековду, Шабдан Жантаевди жерин саткан, элин саткан улуттук чыккынчылар катары ашкерелөөгө далбас урган узун сабак чубалган сөз жүрөт.

Макала уруу санжырачыларынын ой жүгүртүү деңгелинде өз оюна маашырланып, сабырдан тайып жазылган, тарыхый маанилүү жагдайлар кашкая бурмаланган. Окурмандар калыс болсун, автордун "маанилүү" тыянактарынын бирин чогуу окуйлу: "Ошол Жантайды, Шабданды мактап, даңктап, атагын ай-асманга чыгарган санжырачыларды угуп чоңойгон Турдакун Усубалиев, Аскар Акаев элин жасалма түрдө экиге бөлүп, жерин ар кайсы бурчунан кертип сатты. Аларды жолдогон чиновниктер жана аларды көрүп тарбияланган кыргыз балдары ал ишти бүгүн улантууда. Ошондуктан бүгүн кыргыз эли чачылып, жери кемип жатат" дейт. Автордун тыянагын улантуудан мурда "элин экиге бөлүп, жерин ар кайсы бурчунан кертип сатты" деген кылмыштуу жалаа үчүн мыйзам алдында жооп берерин эсине салып койгонубуз жөндүү болор. Жерин саткандарга, элин саткандарга нараазыланган автор "кечээ атабыз Манастын, андан кийинки улуу баатырлар эр Табылды, эр Солтоной, эр Эшимдин тушунда кыргыз улуу улутка уюп, айлана тегерегине көптөгөн элдерди бириктирип жашаган" дейт. (2009, 17.02, 3-колонка). Эргип чүргөлгөн автордун бул тыянагында эр Табылды, эр Солтоной баатырлардын тушундагы "казак кайың саап Букарга кирип, кыргыз Ысар көлөпкө бозгон маал" делип эл оозунда калган тарыхтын трагедиялуу учуру (1689-1741-жылда), эл чабылып - чачылып башынан кечирген трагедиялуу тарых тилкеси "улуу улутка уюган" маалга бурмаланып.
Кыргыз эли Памирдин Гиссар Куляб өрөөндөрүндө бозуп жүрүп кайра кайтып, күч жыйнап жергесинен калмактарды сүргөндө (1741-1758-жылдарда), Таласта, Чүйдө чабдар атчан Солтоной (эр Солтоной), карала атчан Каптагай (эр Каптагай), Эки Нарын башында Оорук тамда эр Табылды баатырлар кол баштап, ата конуштарын калмак баскынынан бошотууга өмүрлөрүн арнашкан. Эр Эшим династиялуу казак ханы, айтылуу Тооке хандын атасы, аны кыргыз баатырларынын катарына кошуп, тигил же бул урууга таандык кылып алууну көздөп, тарыхка спекулятивдүү сереп салып жүргөндөрдүн эсине тарыхый далилди жолдоп коелу. (Белек Солтоноев, Кызыл кыргыз тарыхы, Бишкек, 1993-жыл, 111-бет: "Казак ханы энчер бойлуу эр Эшим, Тооке хандын атасы"). 1625-1635-жылдарда кара таандай каптаган калмактын түмөндөрү казак-кыргыз жергесин басып келгенде эр Эшим кыргыздын Көкүм, Манап бийлери менен тил табышып, жоону күч бириктирип тоосуу үчүн казак-кыргыз хандыгын түзүп, эки элге хан болуп ата конуш коргогон элдик күрөштү жетектеген. Эр Эшим, Манап казак- кыргыздын жоокерлерин

баштап, Иледе калмактын түмөндөрүн өткөрбөй согушуп турганда Көкүм Ташкенде хан тактысында болгон.
Эр Эшимди 18-кылымдагы кыргыз баатырларынын катарына кошуп, казак-кыргыз элдеринин калмак баскынына каршы 1625-1635-жылдардагы ата конушчул күрөшүн - кыргыз тарыхындагы эң маанилүү тилкени көмүскөдө калтырып, эр Табылды, эр Солтонойлордун тушун - кыргыз тарыхындагы эл чачылып чабылган эң трагедиялуу тилкени (1689- 1758 -жылдарды) улуу улутка уюган маалга бурмалаган үчүн автор окурмандардан кечирим суроого тийиш. Тарыхты бурмалоо деген ушундай кашкайып турат. Эл кишилеринин тарыхтагы орду боюнча кайчы пикирлер тарыхты бурмалоо эмес, жүйөө салыштыруу, жүйөө салыштыруудан чындык табылат.
Жерин сатты, элин сатты деген оңду-солду калчай турган жеңил түшүнүк эмес, кечирилгис күнөө. Жантайды, Шабданды жер сатты деп күнөөлөөгө документалдуу далилдер керек. Санжыра маалыматтарына таянып тарыхты тактоого болбойт. Казак республикасынын элди жерге орноштуруу боюнча Мамлекеттик комитетине, Картография башкармасына, Мамлекеттик архивке кайрылып Чүйдүн оң жээгине Кара Булактан Мыканга чейинки аймакка казак эли качан орношконун, кыргыз жери кимден сатып алынганын тактоо зарыл. Документтер далилдесе жер саткан Жантай бий элине жат иш жасаган катары тарыхка калат.
Айтканы акыркы чындык өзүндө экенине күмөн санабаган амбициясы ашкере автор: "Менин жообум бирөө эле, элин-жерин саткандар, улуттук чыккынчылар Жантай менен Шабданды мактаган санжырачылар, тарыхчылар Кудайды караса боло!" деп Шабданга "жер сатты" деген кылмыштуу жалаа жабат. Тарыхый документке кайрылалы:
"Ответ Главного Управления землеустройства и земледелия военному министру
г. Санкт - Петербург
19 октября 1906г.

…Управлением земледелия и Государственных имуществ признал приведенную просьбу манапа Шабдана Жантаева не подлежащею удовлетворению, при чем высказался, что он в принципе вообще против подобных отводов, в то время когда является крайняя необходимость в свободных землях для целей русской колонизации и для других государственных надобностей".

За управляющего землеустройством и
Земледелием Товарищ
Главноуправляющего (подпись)
За директора (подпись)
(Семейный архив потомков
Шабдан баатыра.
Подлинник)

Бул документке ылайык Шабдан жер сатты деп кылмыштуу жалаа жапкандардын баары мыйзам алдында жооп беришет.
Шабдан кайсы элди сактаптыр деген суроого жооп таасын турат. Орус империясынын он тогузунчу кылымдын экинчи жарымында кыргыз жерине басып кирүүсү эл аралык кырдаалдагы кайткыс катаал көрүнүш эле. Шабдан баатырдын алдында дилемма турду: эркиндик үчүн кыңырак кылыч, жыгач найза, түтөтмө мылтыкчан кыргыз элин Орусиянын беш атар пулемет, замбиректүү куралдуу күчүнө каршы көтөрүп, кыргынга учуратуу, же орус бийлиги менен алакага өтүү. Шабдан экинчи жолго орус бийликтери менен алака тутууга өтүп элди кыргындан сактап калды. Алайда Шот капчыгайында Ионовдун жазалоочуларынын өртүнөн айылды сактап, "олжого түшкөн малдан ал" деген генерал Скобелевдин ымаласына " мен элди барымталоого эмес кызмат кылууга келгенмин" деген жообу, Абдылдабекке, Курманжан даткага, Абдырахман аптабачы кол башыга жолугуп, орус бийликтери менен сүйлөшүүгө макулдатканы, миңдеген тоолуктарды кыргындан куткарганы 2008-жылдын 16-декабрдеги Ачык саясат гезитине жарыяланган "Тарых жана кедей токмок" деген макалада толук айкын, документалдуу берилген. Ал жүйөөлөргө көзүн жумган автор Шабдан "Кайсы элди сактаптыр?" деп кара өзгөй омуроолоп турат. Окурман журту калыс болсун.
Кыргыз эли Орус империясына баш ийип, анын жараны болуп, анын мыйзамдары боюнча жашоого өткөн. Мамлекетте жашап эч ким мамлекеттен тышкары боло албайт да, эл башында турган билермандардын баары орус бийлигине кызмат кылууга аргасыз болушкан. Орус бийлигине аралашпоо элди анын тыткынына салып берүү эле. Орус бийликтери менен алака түзүү кайткыс көрүнүш болгондуктан кыргыз эл башылары болушка шайланышып, Орус империясына кызмат өтөшкөн, сыйлык алышкан. Кыргыз элинин ойчул акылмандарынын бири бугу уруусунан Кыдыр аке он алты жашында болушка шайланып, көп жылдар орус мыйзамдарына кызмат өтөп бийлик сыйлыктарга ээ болгон. Кыргыз элинде болуш болбогон бир да уруу башчысы табылбайт. Жантай ошолордун алдыңкыларынын бири. Алтын медалды Орусияга көргөзгөн кызматы үчүн эмес, Ормон хандын жетегинде Кенесары хандын кыргынынан элди, жерди сактаганы үчүн алган. Орус бийлигине кызмат кылгандардын баарын элин саткан чыккынчы деп күнөөлөө тарых илимине бир жактуу маңыроо (орусча "наивный") көз караш. Элин-жерин саткан оор күнөө, андай күнөө коюш үчүн документалдуу далил керек.
Орус генералы Скобелевдин, Куропаткиндин "кыргыздарды тынчытуу канча баш кесилгенине, канча көп өлүм болгонуна байланыштуу" деген ырайымсыз цитаталарынын келтирип, Шабдандын сыйлыктарын санап, ушунча көп урматка ошол кыргынга аралашып жүрүп ээ болду деп аны күнөөлөө жогоруда айтылгандай тарыхка бир беткей, түркөй көз караш болот. Шабдан баатырдын Алайдагы эл сактаган иши жөнүндө жогоруда сөз болду. Эми илимий булактарга кайрылып тастыктайлы. Тарых илимдеринин кандидаты Дөөлөтбек Сапаралиев "Баатыр востребованный временем" деген эмгегинде: "Благодаря нахождению в экспедиции Шабдана и его брата Байбосуна появилась возможность дипломатического разрешения создавшейся ситуации между противоборствующими сторонами" дейт. Элди кыргындан сактап калуудагы бул сүйлөшүүлөрдө Шабдандын эл менен ымаласы жөнүндө көтөрүшчүлөрдүн башчысы Курманжан датканын уулу Абдылдабек Алымбековдун генерал Скобелевге жазган катына көз жүгүртөлү. Кат 1876-жылдын 27-июнунда алынган. Кат узун, үзүндү келтирели.
"Его превосходительству Скобелеву
Вы составили соглашение с уважаемым в народе Абдырахманом аптабачы, обещали его оставить в Коканде, но нарушили свое слово и отправили его и нескольких наших биев в Сибирь. Если Вы действительно желаете мира и намереваетесь сдержать свое обещание, то дайте задание Шабдану баатыру. Мы тоже выражаем ему доверие. Пусть Шабдан батыр решает наши проблемы. На все Ваша воля. Если Вы оставите Шабдан баатыра в Ошском уезде возможно, что между нами установится порядок."
Подпись
(Сборник документов и материалов
"Шабдан батыр. Эпоха и личность", Бишкек, 1999г.,стр.12)
Бул документ Шабдан баатырдын Алайга орус аскерлерин баштап кыргын салдырбай, тескерисинче элди сактап жүргөнүнөн кабар берет.
Шабдан баатыр да, Турдакун Усубалиев да тарыхтан өз ордун тапкан эл ишмерлери. Аларга жактоочунун кереги жок, ичи таарыган жазмакерлердин жазбайбыз дегени убарасы. Ошентсе да окурмандардын кадыры үчүн гезитке жарыялангандарга жооп берели. "Турдакун Усубалиев 25 жыл кыргызды башкарды. Бирок кыргыз улутуна кызмат кылган жок. Ал адегенде өз кызыкчылыгына. Анан совет бийлигине кызмат кылды. Совет бийлиги улуу орус улутунун бийлиги болчу. Турдакун Усубалиев улуттук духту басынткан, орус шовинистик саясатын жүргүздү" дейт да, андан ары "Акаев улуттук саясатты жүргүзгөн Исхак Раззаковго берилчү баатыр наамын улутсуз саясат жүргүзгөн Турдакун Усубалиевге берип отурат. (АС, 22.02.09, 14-бет, 3-колонка.) Бул сөздөр оозу бош, бекерпоздорго лаазым. Исхак Раззаков да, Турдакун Усубалиев да кыргыздын чыгаан уулдары, совет бийлигине, анын алкагында кыргыз улутуна кызмат өтөгөн мамлекеттик ишмерлер, бири-бирин толуктап турат. Ар кимисинин тарыхта, эл оозунда калуучу коомго сиңирген эмгектери бар. Эки ишмерди бир-бирине каршы коюу кыргыз элинин ынтымагына доо кетирерин түшүнүү калем элерине лаазым.
Улуттук саясат абстракттуу түшүнүк эмес, ал элдин экономикасына, маданиятына, материалдык рух байлыгына, илимине, искусствосуна кызмат өтөөчү бийик категория.
Жарык дүйнөдө өз колу менен иш бүтүрбөгөндөр бүткөн ишке катал сынчы, иш бүтүргөндөргө өч болушат.
1960 - жылы Турдакун Усубалиев кыргыз эл башына келгенде айыл калкынын 97-98% кара чырак менен отурган эле. Турдакун Усубалиевдин 25 жылдык эл менен иштеген өмүрүндө кара чырак менен отурган Кыргызстан жогорку чыңалуудагы электр линияларынын ишенимдүү тармагы курчаган, энергетика флагманы 1,2 мегаватт кубаттуу Токтогул ГЭСи башында турган миллиондогон киловатт энергияны камтыган энергосистемага ээ, бийик тоолуу, уникалдуу энергетика республикасына айланды. Экономика, илим, маданият, искусство өнүгүп, элдин кызматында болду. Эл акысыз билим алып, акысыз эс алып, айыгып, бекер турак-жай ээлөөчү. Азыркы Бишкектин ак мраморлуу архитектуралык ансамбли мамлекеттик бай тактынын ак сарайына төп келе, күн нуруна чагылышып, көкөлөгөн фонтондары көз жоосун алган гүл зарлуу аянттары эл бактысына жаралгандай көңүлдү тойгузат. Мамлекеттик филармония, Спорт сарайы, цирк, Көркөм искусство үйү. Тарых музейи азыркы замандын борборуна жарашык берип турат.

Жапаркул Токтоналиев,
Бишкек