Ачылган сыр, катылган чыр
Өткөн жуманын этегинде Конституциялык Сот менен Жогорку Кеңеш жоо куугандай эмес, тоо кулагандай токтом токушту. Депутат Асылбек Жээнбековдун арызын бетке кармаган Конституциялык Сотубуз жаназасы эки жыл мурун окулган, Аскар Акаевдин убагында токулган эски баш мыйзамдын негизинде, жаңы президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктаган. Консоттун чечимге койгон чекитинин сыясы кургай электе, парламенттин комитети арыдан бери-бер карай салып, президенттик шайлоону 23-июль бейшемби күнгө белгилеп беришти. Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин мындай чечимин, "акжолчу" парламентибиз жапырт жактап беришти.

Ошентип, жаңы президенттик шайлоолор жөнүндөгү Консоттун жаңы чечимин парламент болгону жарым саат талкууламыш этип, жашыл жарыгын жагып беришти. Консоттун чечими чийки болуп калган жокпу? Парламенттин мындай бүтүмү шашылыш кабыл алынып калган жокпу? Кептин баары ушунда жатат. Мен эски менен жаңы Конституцияларды карап башымды оорутуп отурбай эле, ажобуз менен "акжолчулардын" буга чейин айткан сөздөрүн мисалга тартайын. Президентибиз Курманбек Салиевич өткөн айда журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтты эле, "Менин мамлекет башына келген күнүм, 2005-жылдын мартынан баштап эсепке кирет"-деп. Кечээ эле "акжолчулар" президенттик шайлоолор 2010-жылы өткөрүлөт" дешип өкүрүшкөн. Эми эмне болду? Жаш балдар айткандай, "немистер жөнүндө кино болду".
Өткөн парламенттик шайлоолордон кийин эле, бийликтин президенттик шайлоолорго камданганы билинип калган. Жаңы жылдан тарта, алдыдагы ажолук ат салышуулар ачыкка чыгып калган. Администрация башчысы менен ири кадрдык алмаштыруулар, президенттик секретариат менен коомдук парламенттин түптөлүшү бекер жерден чыкпаганы көрүнүп калды. Чындыгын айтышыбыз керек, саясий көрөгөчтөрдүн көпчүлүгү президенттик шайлоолорду күзүндө болоорун болжоп келишкен. Эмне үчүн бийлик шайлоолорду жай чилдесине которуп койду? Эмне үчүн бийлик президенттин биринчи мөөнөтүн бир жылга кыскартып койду? 2005-жылга дагы 5-жылды кошсок, 2010 болоорун кайсы акмак билбей калышы мүмкүн? Мен СДПК фракциясынын лидери Бакыт Бешимовдун, "кезексиз президенттик шайлоолор болмой болду" деген пикирине толук кошулам. Анткени, ажобуздун такка отурганына 5 жыл толо элек. Алтургай, ант берип ишке кирген күнү менен эртеңки шайлоолордун аралыгын эсептесек, 4 жылга дагы толбой калат. Анан кайдагы кезектеги шайлоолор жөнүндө кеп кылабыз? Эми эмне үчүн жай чилдесине жармаштырганын талдап көрөлү. Жай айларында калкыбыз кайда болот? Албетте, жан багыш үчүн жалданып иштөөгө Орусия менен Казакстандын курулуш иштерине кетишет. Калгандары эгин талааларында эптеп күн өткөрүшөт. Ырыстуулары Ысык-Көлгө эс алганы кетишет. Карапайым калкыбыздын жармысы жан бакканга жалданып кетишсе, шайлоолорго ким бармак эле? Көрдүңүздөрбү? Итин өлүгүнүн кайсы жерде көмүлгөнүн! Жайында шайлоолорго ким барат? "Мертвые души" барат. "Приписканы" кимдер жасашат? Коррупциялык бийликтин короосунда коргологон, жеп-ичкенден башканы билбеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жасашат.
Алдыдагы президенттик шайлоолор тууралуу "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттык" үналгысына аябай жакшы маек куруп бериптир. "Консот менен парламенттин чечими шашылыш кабыл алынып калган жокпу?" деген суроого Өмүрбек Чиркешович, "Чечим шашылыш кабыл алынып жатат. Анткени бул бийликтин шаштысы кеткендигинин белгиси. Күндөн-күнгө бийликтин абройу кетип баратат. Күндөн-күнгө социалдык-экономикалык, саясий абал начарлап жатат. Ошондуктан эрте шайлоо өткөрүү атаандаштары даяр болбой турган учурда бурчтан чыга калып маарага жетүүнү көздөгөн айла-амал" - деп жооп бериптир. Ал эми кабыл алынып калган чечим боюнча, "Конституциялык Соттун бүгүнкү чечими, мындан мурда Жогорку Кеңеш кабыл алган Конституцияны жокко чыгарган чечими эски, жаңы Конституциянын дагы нормаларына сыйбайт. Бул жерде жөн эле саясий тапшырманы аткарып, чечим кабыл алганы көрүнүп турат. Жана айтып өткөндөй 2003-жылкы Конституцияда "президенттик шайлоо октябрдын акыркы аптасында өткөрүлөт",- деп бадырайып жазылып турат. Азыркы Конституциялык Сот "25-октябрга чейин өткөрүлүшү керек", - деп жазып коюп атат, бул деген сөз бүгүнкү бийликке үстөмдүк берип жатат. Бийлик шайлоонун мөөнөтүн жарыялоо колунда болгондон кийин, булар эбак мурдатан даярданган" деген пикирин билдирген. "Ата мекендин" лидеринин айткан сөздөрүнө кошулбай коюуга негиз таппай отурам. Туруктуу саясатчы туура баасын бериптир. Саясий тапшырма болгону ачык эле көрүнүп турат. Парламент жаңы шайлоолорду октябрь айына койсо деле болмок. Анткени Консоттун чечиминде ошондой жазылган. Эмне үчүн "акжолчулар" шайлоонун мөөнөтүн эртелетип, ажосун эркелетип жиберди? Бул боюнча "Ак жол" фракциясынын лидеринин орун басары Автандил Арабаев,"Эгер президенттин ыйгарым укугунун бүтүү мөөнөтү 25-октябрь дей турган болсок, ушул күндөрдүн Конституциялык жана мыйзамдык каралган мөөнөттөрүн карап келгенде, 23-августка туура келет экен. Биз 23-августту карап көргөндө, биринчиден элдер отпускада болот, элдердин көпчүлүгү айыл-чарба, талаа жумуштарында болот. Ошолорду эске алып туруп, 23-июль деп чечтик" деген пикирин айткан. Автандил мырзанын айтымында, июль айында карапайым калкыбыз талаа жумуштарынан бош болуп турат имиш. Тескерисинче августь айында анча-мынча талаа жумуштары аяктап калаарын Автандил мырза билбей калдыбы? Айла жогунан күлөт экенсиң. Андан көрө ачыгын айтса болмок, "бизге ушундай тапшырма болгон" деп.
Апрель митингдеринен кийин саясаттан аутка кеткен "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов "Акипресс" маалымат агенттигине берген маегинде, 23-июлдагы президенттик шайлоодо азыркы президентибиз Курманбек Салиевич атаандашынан утулуп калса ортодо чоң укуктук талаш чыгаарын эскертиптир. Феликс мырзанын айтымында, Бакиевдин ыйгарым укук мөөнөтү 2010-жылдын августь айына чейин созулаары, 2005-жылкы шайлоо жана андан кийинки референдум аркылуу бекемделип калыптыр. Ушунчага жеткенден кийин ачык эле айтса болмок, "алдыдагы шайлоолордун даярдалышы мыйзамсыз"-деп. "Темир генерал" мындай божомолун эмнеге айтып жатат? Түшүнгөн кишиге, Бакиевдин бул шайлоодон жеңип чыгышына ишенбегендигинен айтып жатат.
Алдыдагы шайлоолордон чатак чыгаары, азыртан эле белгилүү болуп калды. Шайлоого элдин аз келиши бийлик үчүн өтө ыңгайлуу шартты жаратат. Каалаган санды жазышып, каалашынча бурмалашат. Экинчиден, шайлоодон чыккан чырга аз адамдар чыгаарын болжоп жатышат. "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев бекринен айтып жаткан жок, "чоң фальсификация болот" деп. Ошондой эле болот. Андыктан, шайлоонун сыры ачылды, чыры катылды десек болот. Эгемендиктен бери өткөрүлүп келе жаткан шайлоолордун бириси дагы чырсыз өткөн эмес. Азыркы бийликти жеңип чыгыш анчалык көп каражатты талап кылбайт. 2005-жылкы шайлоолордо элдин көпчүлүгү Акаевден кутулуш үчүн добуштарын берген болсо, азыр Бакиевден кутулуш үчүн добуштарын "оптом" беришет. Анткени, эл күткөн саясат алмашкан жок. Акаев кеткен менен, анын саясаты менен кадрлары калып калган. Орус гезиттери ачык эле жазып жатышат, "Американцы хотят засадить Киргизию тюльпанами"-деп. Тамашанын баары алдыда жатса керек.
Рыскелди МОМБЕКОВ