Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн

"Наримандын кысымы күч алса пикетке чыгабыз"
Өлкөнү кыйынчылык басып, адамдарыбыз итке минген кедейге айланып, күн өткөн сайын үрөйдү учурган адам өлтүрүүлөр арбын болуп баратканы аз келгенсип, өкмөттөн бир тыйын сурабастан өз жандарын өздөрү багып жаткан жеке ишкерлерибизди чиновниктерибиз колдогондун ордуна кордоп жаткандары акылга сыйбаган көрүнүш. Бизге түшкөн кайрылуунун негизинде "Мега комфорт" курулуш материалдары сатылуучу базардын соодагерлерине барып, алардын арыз муңуна күбө болдук.

Албетте, ал жерде отурган ар бир соодагерлердин убалынан коркпогондор ушул ишке барып жатканы абдан өкүнүчтүү. "Мега Комфорт" базары 1999-жылы ачылган. Жаңы ачылган базарга кардарларды көндүрүш үчүн соодагерлер канча деген айлар соода жок бекер отуруп, эми минтип базар Кыргызстандагы эң алдыңкы базарлардын катарына кошулганда даяр ашты тартып алып жаткандарына эл нааразы болууда. Базардагы бир метр соода аянттарын 3 миң доллардан сегиз миң долларга чейинки акча менен сатып алышкан. Мына ошол бир метр жерге соода кылгандары үчүн ай сайын өкмөткө, башкача айтканда патентке бир жарым миң сомдон салык төлөшөт. Жерге деп айына төрт миң сомдон беришет. Кыскасы алар эч кимден эч нерсе сурабастан өз арабаларын өздөрү сүйрөп келишүүдө. Бул жерде "эки чиновниктин жеке кызыкчылыгынын негизинде башаламандык болуп жатат" дешет алар. Антип айткандарынын себеби, бул жерде мэриянын атайын чыгып келген мыйзамдуу токтому жок. 1-апрелге чейин базарды бошотуу үчүн таратылган кагазда эмне үчүн акимиаттын мөөрү, акимдин фамилиясы, аты жок? Бул жерде кызмат абалынан пайдаланылган чиновниктердин буйругу аткарылып жатканы ачык көрүнүп турат. Биздин жеке ишкерлерибизге, карапайым калкыбызга дүйнөлүк кризис таасирин тийгизбестен, бийликтеги кээ бир адамдарыбыздын кысымы таасирин тийгизип жаткандай. Башка мамлекеттин чиновниктери кризистен чыгуу жолун өз элине түшүндүрүп, колдоого алуу менен алдын алып жатса, биздин чиновниктер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн өз каалагандарын жасап жаткандыктары албетте өкүнүчтүү. "Мега Комфорт" базарынын соодагерлери Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевге абдан нааразычылыктарын билгизишти. Нариман мырза кызматына жаңы иштеп келгенде Баткен базары темир жолго жакын жайгашкан, талапка жооп бербейт деп башка жакка көчүрүлгөн. Бирок, Түлеев Баткен базарындагы соодагерлерди Дыйкан базарына, кайрадан темир жолдун боюна көчүрүп койгонуна элдин эси эки болуп, көп өтпөй талапка жооп бербейт деп алынып салынган Шадиевдин Баткен базарына жан кирип, "Мега Комфорт" базарын ал жакка көчүрүп жаткандары кандай? Н.Түлеев жаңы кызматка келгенде эл андан көп нерсени үмүт өтүп келсе, негедир азыр бардыгы тескери болуп бараткандай. Соодогерлер "Мега Комфорттун" кожоюну Кененбаевге кайрылышканда, ал адам "Түлеев базарды Баткен базарына көчүр же болбосо курулуш материалын эмес, башка товарларды саттыр" дегенин айткан. Эмне үчүн? Албетте эки базардын ортосунда өтө чоң сыр бардай.

Асан Жолдошев, ишкер:
Бул базарда иштегениме он жылдын жүзү болду. Бир метр жерди сегиз миң долларга алгам. Былтыр күздөн бери тынчтык жок. Базарды бошоткула деп мэриядан, акимиаттан кишилер келип жатат. Эгер бошотпосоңор күч колдонобуз дешүүдө. Биринчи жолу базардын тегереги машинага толуп кетти деген шылтоо менен милицияларды алып келип, бизди базардын ичине киргизишпей жаап коюшкан. Бир жума базардын тегерегиндеги майда дүкөндөрдү, машинелерди тазалап анан кайрадан соодабызды баштаганбыз. Бирок, дагы деле тынчтык жок. Мындан бир жума мурда акимиаттын балдары келип, 1-апрелде чыгып кетүүбүздү талап кылышты. Биз үйлөрүбүздү күрөөгө коюп, чоң суммадагы акчалар менен иштеп жатабыз. Эгер биз соодабызды токтотсок, банкрот болобуз. Товарларды Кытайдан, Россиядан алып келебиз. Кышында соода жок отурдук. Эми кичине күн жылып, акырындап соода боло баштаганда кайрадан чоңдордун кысымга алганы жинибизди келтирип жатат. Биз эч качан Баткен базарына барбайбыз. Он жылдан бери иштеп, базарды бутуна тургузгандан кийин кайрадан башка базарга барат деп ойлошпосун. Биз бийликтен эч нерсе сурабастан кайра бийликтегилерди багып жатабыз. Негизи биздин өлкөдө акыйкаттык жок болуп калды. Чоңдорубуз уятсыз болуп, эл үчүн иштебестен карапайым калктын убалына калып жаткандары туура эмес. Эгер бизди күчкө салып көчүрө турган болсо, оппозицияга кошулуп, базардагы үч миң адам митинге чыгабыз. Чоңдордун кысымы биздин кокобузга жетти. Атайын жалданма адамдарбы же кайдан экени белгисиз беш алты адамды жиберишип, патентке, жерге акча төлөбөгүлө 1-апрелде базар жабылат деп агитация жүргүзүп жүргөн балдарды көрүп калып кууп чыктык. 27-мартта эки жарым миң киши, бала-чакабыз, ата-энелерибизди кошуп пикетке чыгабыз. Бийликтин бийлеткен буйруктарына тойдук.

Кумарбек Асанбаев, ишкер:
Биздин атка минерлерибиздин гезит окууруна мен ишенбей калдым. Өткөндө ушул маселе боюнча бир гезитке жазганбыз. Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Кайра ошол макаланы жазган кабарчыны телефон чалып, "Эмнеге жаздың? Бирди көрөсүң"-деп коркутушуптур. Негизи өлкөдөгү кырдаалды массалык маалымат каражаттары коомчулукка жеткирет эмеспи. Биздеги карапайым калктын көйгөйүн чоңдорубуз чечмек түгүл ишкерлердин жеп жаткан нанын талашып жаткандарын көрүп туруп, канчалаган элдин каргышына калып жатса дагы дүнүйө дегенде атасын тааныбай калаарына таң каласың. Кыргыздар бирибизди бирибиз басып, колдорунан келсе өлтүргөндөн да кайра тартпай калдык. Азыр биздин, бала-чакабыздын жеп жаткан нанын Нариман Түлеев тартып алууга аракет жасап жатат деп ачык эле айтаар элем. Бул базарда эки миңге жакын адам соода кылат. Базар жаңы ачылганда өзүбүздүн тамагыбыздан акча аяп эч нерсе ичпестен соода кылып базарды базар кылганбыз. Түштөн кийин келип бизди кубалап жаткандары туура эмес. Эгер базар жабылса канчалаган эл кредиттерин төлөй албай банкротко учурайт. Аны менен Түлеевдин кенедей дагы иши жок. Бир жолу басып келип биз менен жолугуп койгонго жарабады. Бул деген бийликтин алсыздыгы. Элди өкмөт бакпай эле өкмөттү эл багып жатат. Бул жерде түздөн түз эки чиновниктин кызыкчылыгы үчүн болуп жатканы бизге бештен белгилүү. Биздин оюбузча Нариман Түлеев Баткен базарын көчүрүп жатканда Шадиевге Мега Комфортту ордуна көчүрүп берем деген сөзүн берсе керек. Биз баарибир Баткен базарына барбайбыз. Аягына чейин өзүбүздүн укугубузду коргойбуз. Бүт документтерди сотко берүүгө даярдап койдук. 27-мартта митинге чыгабыз. Администрацияга кайрылсак, "бизде кызыл китеп бар, бул жер жеке менчик"-деп билдирди. Юристтерге кайрылганыбызда кызыл китеби бар жеке мүлккө эч кимдин кол салганга укугу жогун айтты.

Наталя Каримова, ишкер:
Биз базар жаңы ачылгандан бери иштеп келе жатабыз. Товарларды Кытайдан, Россиядан карызга алып келебиз. Чоң суммадагы кредиттерди алганбыз. Эгер базардагы ишкерлерди таратып жиберсе миңдеген адамдар банкрот болушуп, үй жайсыз калат. Бийлик бизге жакшылап көз салса болот эле. Мамлекетке зыяныбыз жок болгондон кийин жайыбызга тынч койсун. Үй бүлөбүздү алар багып берип жаткан жок да. Биз да жашашыбыз керек. Бул базарды кардарлардын келип соода кылышына көндүрүш үчүн эки жыл пайда көрбөй иштегенбиз. Эми кайда барабыз?
Мега Комфорттун ишкерлери бийликке нааразы болуп, улам бири сөз талашып сүйлөп жатышты. Алардын ар биринин сөзүн уксак гезит бетине батчудай эмес. Эгер бул маселе жогоруда айтылган эки чиновниктин жеке кызыкчылыгы болсо, ойлонуп көрүшүп, азыркы ойлорунан кайтышаар деген ойдобуз. Базардагы миңдеген адамдын убал сообунан коркпосок болбойт. Митинг болсо эле бийлик оппозицияны күнөөлөп калышат. Көрсө элдин көйгөйү көмүскөдө калганда эл өзү толкуйт тура. Базардын кожоюнуна жолугуп өз оозунан базарды көчүрүүнүн себеби эмнеде экендигин билүү максатында кеңсесине баш багып, ордунан таба алган жокпуз. Бирок, бул боюнча дагы тереңирээк иликтеп коомчулукка билдиребиз.
Назгүл Мамытова


Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевге,
"Ачык саясат" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековго
"Мега Комфорт" соода комплексине караштуу ярмарканын
жеке ишкерлеринен
Кайрылуу
Урматтуу Курманбек Салиевич жана Бабырбек Субанович, биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби, биз 1999-жылдан бери "Мега Комфорт" базарында курулуш материалдарын сатып иштеп келебиз. Бирок, 2008-жылдын ноябрь айында мэриянын өкүлдөрү келип, базардан чыккыла деп милиция менен кубалап, бир жумага базарды жаптырып салган. Себебин сураганыбызда, базардын тегерегиндеги машиналар көбөйүп кеткендиги, жолдор жабылып, пробка болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн. Биз алардын суроо талабын канааттандырып, базардын тегерегин оңдоп, светофор коюп, айланабыздагы жайнаган камок, павилиондордон тазалап койгонбуз. Андан бери тынч эле иштеп жаткан элек. Бирок, мындан бир жума мурда Свердлов райондук акимиатынан кишилер келип, "1-апрелде базар жабылат"-деп эч бир мөөрү, штампы, чыгыш номери жок, акимдин аты жазылбаган бирок, колу коюлган эскертүүнү бардыгыбызга таратып берген. 1-апрелде өз эркиңер менен чыкпасаңар күч колдонуу менен чыгарабыз деп коркутуп жатышат. Түлеев "Мега Комфорттогу" ишкерлерди Шадиевдин Баткен базарына көчүрүлүүсүн көздөөдө. Бирок, биз ал жакка барбайбыз. Урматтуу Курманбек Салиевич, сизден суранарыбыз ушул базардын ызы-чуусун көзөмөлгө алып, биздин көйгөйүбүздү туура түшүнүп, жардам берип коюуңузду суранабыз. Эгер Нариман Түлеевдин кысымы күч алса оппозицияга кошулуп, пикетке чыгабаз. Урматтуу Бабырбек Субанович, жогорудагы айтылган көйгөйдү "Ачык саясат" гезитинен журналисттерди жиберип, гезит бети аркылуу коомчулукка жана тиешелүү кызматтагы адамдарга жеткизип берүүңөрдү өтүнөбүз
Бул кайрылууда 380 адамдын колу бар